Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Жол ачкыла, жол ачкыла: Ороңгу партиялар келетат ороңдоп, Сороңгу партиялар келетат сороңдоп...
Биз кайра келебиз !
"Ата - журт", Реваншист, байлар уюгу
Жерге сиңип кеткен жети ата, жетимиш ата эмес, жети жүз ата өтсө да, учтан түпкө өрүлүп, жебе болуп жеткизер учугубуз, уучубуз ушул; атуул, бүлө, үй, түтүн, урук, уруу болуп, улут, эл катары мамлекетибиздин келечек тагдырын аныктаар шайлоого аттанышты бардаркерлер, жигердүүлөр. Күлкүсү күн батырып, тамашасы таң атырган бир айлык сыноо башталды. Аркы жумада Президент алдында го партия төбөлдөрү "шайлоонун талаптарын бузбайт" деген этика кодексине кол коюп жатып, айталы, аркы беркиден тажрыйбалуу Темир Сариев, Өмүрбек Бабановго түз "атылды"- шайлоо баштала электе эле элге акча чачып баштадың" деп. Ушинтип туш-туштан тиреш, күрөш тике башталды.

Кыргыздын саясый жаңы тарыхынын азыркы тилкеминде реваншисттик, кыргызча айтканда, өч алуучулук болот го, саясый партиялар аз канакей убакытта уюшуп - тирелип чыга келди. Өзүн мамлекеттин келечек эгеси катары сезине баштаган Текебаев токуган текебер мыйзам уруксааты менен кыргыздар тайлуудан таяк калбай 149 партия түзүп, калтасында акчасы аз партиялар ирилерине сиңишип, азыр 29 партия шайлоого чыкты.
Акыркы жумада гезиттерге да чыгып кетти - тезарада уюшулуп, пробийликтики деп эсептелген партия баштыктарынын убайын козгоого тез арада жетишкен "Ата Журт" саясый партиясынын теңтөрагалары А. Келдибеков, К. Ташиев жана С. Жапаров өз ара "каңкылдаша" кеткенин жазышты. Эл түгөл билет, бул үч жигиттин ачуусу тумшуктарынын учунда экенин. Ошондон го, тар чөйрөдө "силер келечеки спикер менен олтурасыңар, так что?" деп мактанып жатат" деген сөз илеешкен. Садыр Жапаровду Ахматбек мырза "Биз түштүктүн элин бүт өзүбүзгө буруп жатабыз. Силер кыймылдабай олтурасыңар" деп "сөккөн" экен, ачуусу андан да чукул Садыр мырза "Эмитен эле төш кага бербе, кыс" деп "кырылыша" кетишкенин өздөрүнүн эле чоролору сыртка чыгарып беришти. Ар партияга мүнөздөмө түзгөнүбүз шайлоочуларга тоскоол эмес, тыянак багыт болот го дейм. Анын үстүнө бул саясый партиянын лидеринин бири К. Ташиев мурда "Немецкая волна" радиосунан: "Эгер бийлик партиялары административдик ресурстарга таянып, жеңет десе жаңылышат," биз аларга каршы чараларды колдонобуз, балким митинг балким жаңжал болушу мүмкүн" деп кыйкырып чыкты. Ушул саясый уюшмадан сөз баштаган эп го дейм. Эмитеден эле жаңжалды каңкуулап атпайбы?!.
Өлкөдө реваншист маанайындагылар аз дейсизби, жок арбын. Кечээ эле бийликте туйтунуп олтуруп, ал ырыскысынан алекисаатта кол жууп калгандар көп, ушулардын баардыгы түгөлү менен кайра ошол жыргализм турмушуна баргысы келет, көксөп турушат. Анткени булардын колунан арык казып, картошка чабыш деген иш келбейт. Булар бийликте булаңдап, парламентте чунаңдап, теледен теминип турганга гана маш. Бул кастанын колунан башка иш келбейт.
Тизме башына ИИМ ардагери Мыктыбек Абдылдаевди чыгарышканын түшүнбөгөндөр бар. Партиянын чыныгы эгелери-Бакиев тарап, анын түштүктүк экөө - А.Келдибеков менен К. Ташиев аймактык тең салмактыкты сактаганы дешет. Бул партияда бакиевчил, акжолчул түндүктүктөр жетишерлик; теңтөрага С. Жапаров, экс-вицемэр Э. Иманалиева экс - губернатор А. Кангелдиев (4), экс депутаттар Ж. Кудайбергенов (9), Д. Исаева (12), Н. Молдобаев (13) ж.б бар. Мыктыбек мырза - К.А. Керимкуловдордун кичүүсү, Бакиевдин Администрациясынын башчысы, Баш прокурор боло келген, Үсөнов "түбүнө жеткен" бул мыкты парламентте болочок жүз жыйырма "хандын" бири болуп олтуруп калаары көрүнөө.
Тизмеде экинчи, Ташиев Камчыбек 42де. Мунай бизнеси бар, анысы иштейт. МЧС министри кезинде миллиондорду жеп үстүнөн кылмыш иши козголуп, эси оогон. Бакиевдик (бригаданын) туу мүчөлөрү К.Ташиев, М.Султанов, А. Жапаров учурунда Жанышка кулдук урушуп, ач күсөн Максимдин каарына калып, кызматтарынан кол жуушкан болучу. Камчы мырза интеллеги ирээнжитип тураарын депутат кызматында өзү аныктап көрсөткөн. Начар депутатты министр кылышкан бийлике ал ушуга чейин ыраазы. Бакиевдердин (шестеркасы) катары 7- апрелден кийин жаңы бийликти "кулатып" жиберчүдөй "сүзгүлөп" атыр. "Жалалабадда эки тарапты элдештирдим", "20 миң кыргыз чогулганда мен ыйлап, алардын өзбек тарапка барбоосун сурап, БТРге тизеледим" деп упай топтоп, "Байболов бул жакта чоочун, аны эчким укпайт" деп убактылуу бийликтегилерди кемитип сүйлөп, "герой" болуп чыга келген жигит. Азыр агасы Сузакты "тейлеп", жинине тийген экен , Таластык "Республикачылар" булардын штабын өрттөйбүз деп ызырынып отурушат. Үчүнчү Ахматбек Келдибеков. 44 жашта. Борбордо бир канча эс алуучу жайлары, менчик кабат үйлөрү, виллалары бар дешет. Партиянын "мозговой көзүрү". ЖКнын бюджет, финансы комитетин башкарып турганда депутаттарга 75 "Тойота-Камри" машинесин сатып берип, ортодон түшкөн ири "магарычты" мыкчыганда, депутаттар аны "мыжып" киргенде, Бакиев аны Салык комитетинин төрагасы кылып олтургузуп койгон. Бул жерде да далай "иштери" ачыка чыкпай калды, Максим Борборуна деп АУБ банкына которгон 71 млн доллардын дайынын иликтеп көрсө, Келдибековдун "керегеси" кулап түшөөр эле дешет. Чоңалайлык үчөө: Акматбек, "акшумкарчы" А. Эркебаев жана "Ата Журттан" тизмеде 14- чү Марат Султанов алакандай кичи мекенинен кимиси канча добуш алышаары кызык.
Тизмеде 5-чи болуп Маскөөдө качып жүргөндө эле "Ата Журтка" катталган, акыркы убакта коомчулуктун бүйүрүн кызыткан экс-мэр Нариман Түлеев шайлоого аттанды. Эң бай адамдарын бири. 47де. Ал бизнесин Кытайга калай, алюминий, темир сатып баштап, байып, кийин Бакиевдин тушунда эки ирет "Кыргызтемиржолуна" башчы болуп медаль тагынып Бишкек мэрлигине олтуруп "маарып, Курманбек Бакиевди - Закиржанды атамдан артык көргөн атам деп атап айтып, уккан элди уят кылган, өлкөнүн борбордук аянтына Коңурбайдын, Шыпшайдар,Жолой,Нескара душмандарыбыздын айкелин орнотуп, анын маанисин азыркыга дейре маңыроопоздонуп түшүнбөгөнүн, "ЦУМдун тегерегин тазалаганында дүкөн ээлери 150 миң долларлык машине тартуулаганда албаганын" айтып, калпты ышкыртканын, көп көмүскө иштеринин бири, Кытайдан Бишкек шаардык МАИсине патрулдук 25 автомашина сатып алууда мыйзамсыз тендер жасап, 84815 доллар "навар" жасаганы билинип прокуратура кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райсоту аны камакка алууга чечим чыгарганда өлкөдөн качып жоголгон болчу да, "Күнөөсүз болсоң эмнеге качтың?" дегендерге "7-апрель түнү үйүмдү криминалдар аткылаганынан качкам" дейт. Ал Президенттин "экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс", жарлыгы менен Бишкекке түшүп, ИИМде үч саат бою А. Бекназаров экөө калып, Нариман Минскиден ала келген Батьканын арагынан "сахарым бар эле" дегенине болбой Азимбекке ичирип, Азимбек аз өтпөй ууланып ооруканада. Наримандын арагы ууландырганы, эмнегедир жашырылып айтылбай турат. Түлеевдин "ажалы" жок экен - шайлоо кодексинин 28- статьясы аны соттон сактап калды. Кодекс боюнча ал каттоодон өткөн талапкер катары шайлоо жыйынтыгы чыкканча жоопко тартылбайт, камакка алынбайт. Ошентип ал кечээ райсоттон кадимкисиндей мыйыгынан күнөөсүз кыйтыр жылмая басып, шаардын чоң ортосундагы тирелген жаңы "Ата Журттун" офис штабына төрт жан сакчысын тегеректете кирип кетти...
Таза кандуу кыргыз тайгандарын эркелетип эс алган бай жигит экс-скипер, экс- министр Марат Султанов илгери Жайсанбаевге жанашып, казынанын 18,5 млн долларын жиксиз "жоготкону" эмдигиче эл эсинде. Ал эки режимде тең майлуу кызматтарда олтуруп, майкандап жашай келди. 50 жаштагы Марат мырза форель бышыртып саткан кафеси, ар кимге бактырган түмөн малынан башка жок деп, коюшат. 12чи орунда экс-ак жолчу депутат, Данчиктин бизнеси бирге иштеткен келинчеги Динара Исаева. Араб өлкөлөрүнөн, Түркиядан тынбай товар ташып байыган. Менчик "Асман тур" авиаагенттигинин кожейкеси. Күйөөсүнүн бардак бизнесин ирээтке салып турат. Ансыз Данчик куруп калат дешет. Бул өжөр айым мыйзам токугандан көрө акча токуганга эптүү. Бакиевдин таламын талашары турукту иш.Азыркы бийликтегилерге атаандаш чириген байлар бул партиядан жетишерлик топтолгон. Кезинде "Кыргызалтындын" президенти кызматында оорудан көз жумган Камчыбектин уулу "акжолчу" Жаныш Кудайбергенов бай жигит Автобазары, бир нече соода түйүндөрү бар. Мунай сатат.Акчасын калың төлөп 9-катарга илинген. ЖК депутаттыгын жедеп кесип кылып алган карачай Хаджимурат Коркмазов(30) өткөн үч чакырыкта кыргызга күйгөнүн көргөнүбүз жок. Корейлерден курулуш материалдарын ташып иштетет.Бийликке жагынгандын классикалык амалдарын терең өздөштүргөн.Тизмеде 19чу Роман Шин.Пайгамбар жашына барып калган бул ири көпөстүн бир нече казиносу, ресторандары бар. Кытайдан шулерлерди жалдап келип иштетип, эскертүү алган. Парламентте ал өз кызыкчылыгын көздөгөн мыйзам долбоорун өткөрүп ала келди. Ушунун айынан казына казино тармагынан жылдар бою миллиондогон сом салыктан куру калып келатат. Ал Коммунисттер партиясынын катарынан кабагым кашым дебей чыгып Бакиевчилер тарабына ооду. Үстүндө Рысбек Акматбаевге байланышкан кылмыш иши илинип турганына карабай ал шайлоо кодексинин "калканычы" менен шайлоо талашына чыкты.
Дагы бир чылк бай, транспорттун экс-министри 17чи кезектеги Нурлан Сулайманов элүүнүн кырына келгенче коммуникация жана Бакиев режиминин аркасы менен байып алганга үлгүрдү. Коммуникация жана транспорт тармагынын бюджети эң ири, жалган отчет жазып балкылдата жегенге өтө ыңгайлуу. Күйөө баласы Н. Акматов бажы тармагын башкара келген. Ал ичип-жеген 204 млн. сомду бюджетке толук төгүп бере элек. Экс-министр Курманбек Осмонов (22) кызы Нурзат (28) коштоп, экс-министр Курмантай Абдиев (26) жана дагы 20га чукул жеке менчик ири ишкана ээлери алдыңкы сапта каттоодон өткөн. Демек, партия акча жагынан карк, интрига, чыр чыгаруу жагына белен бул саясый топ чийинден чыга агитацияга өтсө, чекесинен чертип коё турган, ооздуктама күч көрүнбөйт. Реваншисттик маанайдагы "Ар намыс", "Бүтүн Кыргызстан", "Республика", "Содружество", ж.б. өчү өтүндө кайнаган топтор мандат талашта азыркы расмий бийликти жамандап, элди экиге бөлүп атып, акырында мамлекетибиздин жашашына кооп туудуруп жибериши мүмкүн. Шайлоо тынч, калыс тейинде өтүп кеткен күндө да анын жыйынтыгын, мисалы "Ата Журт", айталы К. Ташиев моюндап, макул болооруна шегим бар. Өткөндө бир салмактуу гезит Камчыга анекдот чыгарыптыр. "Ташиев чач тарачка кирип олтурса, кыз:
- Ака, могу эмне моюн? - дейт таңдана.
- Ал деген, карындашым, учурунда "Бригада" түзүп, парламентти титиреткен моюн, дейт.
- Жо-ок, ака, мобу не моюн дейм?
- Бул моюн, карындашым, Максим кызматтан алып койсо, эл чогултуп жол тороп бийликке кыр көрсөткөн моюн!
- Ака мен мобул моюнду айтып атам!
- Бул моюн "Ата Журт" деген партия түзүп, убактылуу өкмөткө тап берип аткан моюн!
- Ай, ака, эмне моюн болсо да, бир жууп албайт белеңиз!"
Муну эскерген себеп мойну кыска Камчы мырза да элчилеп саясый тазалыкты сактай алабы деген кеп.
Партиянын саясый кеңеши.т.а. А.Келдибеков К.Ташиев жана С.Жапаровдун Роза Отунбаевага кат жөнөтүп анда алар Пезидентти коркутуп-үркүтүүнү көздөшүптүр. Бакиевди ушулар кубалашкансып Р.Отунбаевага булар "Бакиевдин тагдырын кайталап калбаңыз" деп айтканы адеп күлкүңдү келтирсе, арысында ойго салат. Эл бул үчөө тең таза эмес жигиттер экенин билгендей эле, бирок үчөө "Ата Журттан" депутаттыка атсалыша турган дагы эки эренди - Н.Түлеев менен Р.Шинди коргоп, алардын акчүштө-апакай адалдар экенин айтышат.
Экономиканы өстүрүү унутулуп, эки көзү бийликтен агып аткандарга Президент "чатак чыгарсаңар шайлооңорду жаап салам" деди, К.Байболов акча берсең атасынын өкүмүн да баса берген гезиттерге кулак кагыштап, "шайлоодо бөлүп-жарма чырбаштарга 6-8 жылга чейин камак статьясы бар экенин" эскертти. Кесиптешибиз Р.Момбеков өз гезитинде ("Форум" 07.09.10) "Шайлоо деген бул -саясый майрам. Ал майрамдык маанайда өтүшү керек" дейт. "Бүтүн Кыргыстандын" лидери акыл айтат: "Я исповедую совет одного древнего мудреца - историка: "Если осел тебя лягнул, не отвечай ему тем же". Дурус акыл. Кудая тобо, эмне деген элбиз. Карапайым шайлоочулар аман-эсен калар бекенбиз?..

Жолдошбек
Зарлыкбеков




кыргыз тилиндеги гезит "Айыл турмушу"




Яндекс.Метрика