Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 2
  Партиянын атына жамынган уюшулган кылмыш тобу (ОПГ)

"Идеалисттик" партиянын "идеалдуу" портрети
К.Бакиевдин үй-бүлөлүк кланы 2005-жылдын март айында мамлекеттик төңкөрүштүн негизинде бийликке келди. Ошондон кийин ат тезеги кургабай тез эле криминал менен бийликтин ашташуу процесси башталып кеткени белгилүү. Балыкчы балыкчынын алыстан көрөт демекчи К.Бакиевдин криминалдашкан үй-бүлөсү уюшма кылмыш топторун, наркобарондорду бооруна тарта баштаган эле. Максим Бакиевдин тегерегин эл аралык аферистер курчап алып өлкөнүн бүтүндөй банк системасын, финасылык-экономикалык секторун толук көзөмөлгө алды. Максимдин уруксатысыз бир дагы бизнес легалдуу иш жүргүзүүгө мүмкүн эмес болчу. Кирешелүү менчик бизнести рейдерлик жол менен басып алуу, заказдык өлтүрүүлөр кадыресе көрүнүшкө айланган. Заказ менен киши өлтүрүүлөргө үй-бүлөнүн тиешеси бар экени жашыруун болбой калган болчу. Мындан сырткары каяша кылып баш көтөргөн журналисттер аесуздук менен сабалып же өлтүрүлө баштаганына күбө болдук. Көз каранды эмес газеталарга кысым жасалып четинен жабыла баштады. Бара-бара бийлик үй-бүлөгө жакпаган Интернет сайттарды блокадага алууга чейин өсүп жетти. Мындай кысымчылык тоталитардык өлкөлөрдө гана болору жөнүндөгү эл аралык уюмдардын эскертүүлөрүнө К.Бакиевдин режими кабак кашым деп капарына алып койгон жок. Коомдук пикирлерди эске алууну мындай кой, ага маани бербей кулактан тыш өткөргөн мезгил да келип жетти. Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупцияланган өлкөгө айланды. Эл аралык Transparency International уюмунун чыгарган баасы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү жогорку деңгээлде коррупцияланган өлкөлөрдүн катарына кирген эле. Республикадагы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча (бул көрсөткүч бизнесмедер, аналитиктерден сурамжылоо өткөрүүнүн негизинде чыгарылат) 2009-жылы 180 өлкөнүн ичинен 166-орунга татыды. Бул болсо Кыргызстанга ыйгарылган рейтинг боюнча Гвинея-Бисау менен Венесуэланын ортосунда жайгашканын көрсөтөт. Ошентип, Кырыгызстан туташ коррупцияга белчесинен батты. Бакиев ушуну менен ыраазы болуп калган жок. Бекемдешип алгандан кийин т.а. бекемделдим деген чечимге токтолгон соң конституциялык нормага оңдоо киргизип бийликти атадан балага мурас катары өткөрүп берүү ошону менен орто кылымдагы хандыкты калыбына келтирүү, демократиялык шайлоо инстититун Президенттин алдындагы "демократиялык кеңеш" деген суррогат уюм менен алмаштыруу аракетин баштады. Эгер 7-апрелде жамгырдай жааган окко карабай эл К.Бакиевдин режимине каршы көтөрүлүп чыгып аны ит кубалагандай кылып кубалап таштабаса, ким билет, бийликтин алдыга койгон максатын ишке ашыраары кадиксиз болуп калган эле. Бакиевдин криминалдык-коррупциялык жана кландык-үй булөлүк системасынын бекемделишине анын коррупцияланган криминалдык чиновниктери кол кабыш кылып көмөк түзгөнү, тирек болуп бергени айкын. Мына ошол алдым-жуттум кылмыштуу иштерге шыктуу бакиевчилердин азыр деле тамыры кыркыла элек. Кайра алар саясый партия деген аттын алдында ОПГнын принцибинде уюгушуп алышып парламенттик шайлоо аркылуу бакиевдик башкаруу принциптерин, бакиевдик коррупциялык системаны реабилитациялоону көздөп жатышат. Күндөн күнгө күч алып баратканына, коомчулукту көзгө илбей эркин сайрандай баштаганына күбө болосуң. Алардын аты жөнү деле жашыруун эмес. Реваншистик күчтөргө "Бүтүн Кыргызстан", "Ата журт", "Республика", "Ар-Намыс" партиялары кирет. Алардын ичинен агрессивдүүлүгү жана элди талап жыйнаган капиталынын эсебинен топтогон финаснылык ресурстарынын мүмкүнчүлүгү жагынан "Ата Журт" партиясы өзгөчө бөлүнүп турат. Мына ошо шайлоого аттанып жаткан "Ата Журт" партиясынын кыр аркасын түзүп турган Бакиевдин мурдагы чиновниктеринин группалык портретине азын оолак токтолуп кетүү артыкбаштык болбос эле. Макалада мурда кийин элге кеңири белгисиз болуп келген жаңы фактыларга басым жаслганын белгилеп кетели:

Камчыбек Ташиев
Жалал-Абад облусунун Барпы айлында 1968-жылы туулган.
Азыр ишсиз жүрөмүн деген сөздү бетке кармайт. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ЧКМнын экс-министири. "Мока", "Томас" деп аталган АЗСтин тармагына кожоюндук кылат. Мезгилинде уюшулган кылмыштуу топ түзүп, Жалал-Абад облусунун аймагына контрабандалык жол менен ГСМ ташып келүү менен алпурушкан. Санкцияланбаган митинг уюштуруунун чебери. Мисалы 2000-жылдын мартында ЖКга болгон шайлоого карата нааразычылыгын билдирип 300 жакын өз тарапкерлерин уюштуруп Сузак айлынын жанындагы Жалал-Абад--Өзгөн трассасын 1,5-саат бою бууп кыймылды шал кылып койгон жайы бар. Эсептөө палатасынын текшерүүсүндө чукул кырдаалдар министирлигиндеги кезинде көптөгөн финасылык тартип бузуулардын болгонунун бети ачылган. Жогорку саясый маданияты менен айырмалана албайт. Мисалы Кыргызстандын гимини ойнолуп жатканда ортого чыгып алып "бир топко кыйкырып" зөөкүрлүккө чейин барганы эсибизде тургандыр. К.Бакиевдин "ханституциясынын" пайда болушуна сиңирген эмгеги чоң. Айрым мурдагы мамлекеттик кызматкерлер менен келишип алып түштүктөгү чыңалган кырдаалдын очогун Бишкек шаарына, Чүй аймагына көчүрүп алып келүү аракети бар экени байкалаган.

Акматбек Келдибеков
Ош облусунун Алай районунда 1966-жылы туулган.
Жашаган жери Бишкек калаасы. Журналисттер жазганы боюнча түштүк "бригадасынын" белдүү адамдарынын бири. К.Бакиевдин доорунда өлкөнүн финасылык агымды көзөмөлдөп май талкандын үстүндө жүргөнү маалим. К.Ташиев менен бирдикте айтылуу телефондук сүйлөшүүлөрдө Максим Бакиевдин мээсине тийишкен мүнөздөмөсүнө татыган сейрек адамдардын бири. К.Бакиевдин үй-бүлөсү менен байланышы үзбөгөндүгүнө Максим менен Жаныштын телефондук сүйлөшүүсүнүн стено-граммасындагы "Сейчас вышли Ахмат с Камчи, с Ташиевым, со мною встречи ищут на следующей неделе, говорят: "У нас люди, все есть, давайте поддержите" деген фразалар күбө болуп бере алат. "Ата Журт" партиясын К.Бакиевдин үй-бүлөсү финансылап жаткандыгы, ал иште "чыгаан финансист" катары А.Келдибековдун ролу чоң экендиги боюнча эл арасындагы сөздөр эмдигиге чейин тыйылбай келеткандыгында мандем бар. Айрым маалыматтар боюнча бийлик мурдагы коргоо министири Исмаил Исаковдун артынан түшүп куугунтуктап жаткан учурда Алай районундагы нааразычылык акциясын өз адамдары аркалуу тымызын финансылап турган.
Өзү хан, өзү бек болуп чамгарактап турган К.Бакиев буйругу менен мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кылып А.Келдибековдун дайындады. Кызматка келип келбей жатып А.Келдибеков "мененджерлик" талантын көргөзүп кирди дейсиң, оозуң ачылат. Адегенде мурдагы иштеп жүргөн Соцфондусунан дегеле фискалдык маселеге келгенде оозуң кана десе мурдун көргөзгөн, чала билими бар өзүнүн жеке секретары Ж.Исакова дегенди жаңы кызматына сүйрөп алып келди. Андан соң бала кезде бирге өсүп торолгон айылдашы К.Сарбашевди чакырып келип конкурс-монкурс деп отурбай эле "ГНСтин иш башкаруу башкармалыгына" начальник кылып кондурду да койду. К.Сарбашевдин орун басары, "ГНСтин башкармалыгынын адмнистративдик-чарбачылык секторунун" башчысы кылып кылдай кыйышпас жакшы тааныштарынын бири А.Тохтаева дегенди дайындады. Ошентип аппарат чеп сыяктуу жылчыксыз бекемделди да калды десе болот. Эми түздөн түз ишенип берилген өз милдетине кирише берсе болот эле. А.Келдибеков ишти ГНСтин имаратын ремонтоо, жаңы мебелдерди сатып алуу жана кызматкерлерге атайы "форменный" (фирменный?) кийимдерди заказ берүүдөн баштоону чечти. Анан эмне А.Келдибековдун отурган жайы өзгөгөчө комфорттуу, өзгөчө сөөлөттүү болушу кажет, ал эми кол алдындагы кызматкерлери кара таман букаралардан бөтөнчөлөнүп бөлүнүп турбаса болбойт эмеспи. Анда эле тузу кем түшөрү талашсыз. А.Келдибековдун кызмат кылып тамак ичкен имарат менен ашкананын ремонтуна салык төлөөчүлөрдүн 8 470 700 сому чыгымдалды. Кызматкерлердин формасына корогон акча 2 497 000 сомго чаап чыкты. Ал эми, мебелге болсо 4 213 440 сом ушатылды. Тилекке каршы, ремонттон өттү делинген ГНСти ашканасы азыркыгы чейин иштебей турат. Себеп дегенде уруксат бере турган тиешелүү документтери жок. Кайда экени белгисиз. Канализация боюнча ремонт иштери жүргүзүлбөгөн. Асресе, буга карабай "Сагын-Б" ОсООсуна 1 296 700 сом которулуп берилген. Айтканды айткандай аткарбаса болбойт. "Шоорат" ОсООсунан 4 213 440 сомго алынган мебелдер ырасына келгенде "Вауфлекс" деген катардагы дүкөндөн эле колмо кол сатылып алынган буйум тайымдар болуп эсептелет. Ортосундагы айырмасы б.а. 575 450 сом кайда кеткени азыркыга дейре белгиз, кимдин чөнтөгүнө "кур" этип кетти эч ким ачык айта албайт. Салыкчылардын кийимдерине келсек, бул жерде деле мандемдүү махинациялар көп. Заказ коргоо министрлигинин жашоо-тиричилик кызмат көргөзүүчү комбинатына берилген. Бирок заказ толук аткарылган жок. Жантайып калды. Натыйжада комбинаттын ГНСтин болгон карызы 1 428 517 сомго жетти. Бул айырманы жабуу үчүн ГНС кымбат мех менен ичтелген жылуу курткаларга заказ берип кыйынчылыктан чыгып амалын издеп кирди. Кызыгы заказ берилген ар бир куртканын баасы, тири укмуш десең, ашык кеми жок туптуура 38 000 сомдон турат экен. Кыскасы, оңду солду чачылган каражаттар күбө болуп тургандай жашаганга жараша жашаш керек, бир күндүк өмүрүң болсо, түштүгүнө жорго мин деген принципке баш ийдирилген, эл мукурап турганы менен А.Келдибековдун иши эмне. Акыры чыгым А.Келдибеков башында турган салыкчылардын чөнтөгунөн чыкпайт эмеспи. Чыкса элдин чөнтөгүнөн чыгат. Эл төлөйт. А.Келдибековдун ушу айтылган финансылык опреацияларды "ийгиликтүү" ишке ашырган кызматкерлерин катуу сыйлады дейсиң, пай-пай, таң берсе болот: "сержант" даражасындагыларды "майор" менен "полковникке" (мисалы, жогоруда эскерген К.Сарбашев салык кызматынын 1-даражасындагы кеңешчиси б.а "полковник" болду) чейин жеткирди, бир далайы кезексиз жаңы квартирага ээ болушту, айрымдары салык кызматынын отличниктери деген сыйга татыды. Иши кылып А. Келдибеков "жаңылардын" баарын тегиз, бирин калтырбай сөөгүн агартты десе болот. А.Келдибековдун дагы бир жакшы көргөн хоббиси-"кайрымдуулук жардам" көргөзүү ишмердиги. Айрыкча, президентин мамлекет сакчылыгы (Жаныш Бакиевдин ведомоствосу болуп келгени белгилүү), милиция органдары, "Көк-Бөрү" ассоциациясы дегенде жантыгынан түшүп акчаны аябаган жагы байкалган. Эмнеси бар экен, өз акчасы кетип жатыптырбы, кетсе бюджеттик каражаттардан кетип жаткан соң жоомарттык кылып койсо жамандыгы барбы? Азыркы учурда ушу айтылган жана дагы башка фактылар боюнча А.Келдибековдун жан-жөөкөрүлөрүнө кылмыш ачылганы анык болду. Арийне, ал иштер сотко жете алабы же жокпу, азырынча айтыш кыйын. Себеби А.Келдибеков мени жана менин кызматкерлеримди кошоктоп шайлоонун алдында сары изиме б.а сары изибизге түшүп саясый куугунтукка алып жатышат деп өлүмтүгүн артып жатып жапты-жапты кылып коюшу мүмкүн. Мындайда "кокуй эле, кокуй" деп чаңырып чыгышы турулуу иш дечи.

Нариман Түлеев
Бишкек шаарында 1963-жылы төрөлгөн.
Иштеген жерлери: "Бакыт" чакан ишканасы, "Кубанычбек" АОсу, "Кыргыз темир жолунун" начальниги, Бишкек шаарынын мэри. "Кубанычбек" АОсун жана "Жылдыз" деп аталаган чакан ишкананын жетекчиси болуп жүргөндө түстүү жана сейрек металлдарды контрбандалык жол менен Кыргызстандан Кытайга ташып чыгуу менен алектенген. Жүк ташуудагы бажы документтеринин подделкасына тиешеси бар шектелет. Темир жолунун начальниги болуп турганда кызмат абалынан кыянат пайдаланып майлуу орундарга "өз кишилерин" дайындаганы жөнүндө так малыматтар бар. Н.Түлеевдин тушунда "Кыргыз темир жолунда" мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын чогултуу фактылары катталаган. Атап айтканда проводниктер темир жолдордун ОВДсунун начальниги С.Мамашевдин атайы "каталуусунан өтүү" үчүн 300 доллар өлчөмүндө акча төлөп турууга аргасыз болушкан. Мындан тышкары проводниктер С.Мамашевдин тууганы, ОВДнын кызматкери С.Мандыковко ар бир вагон башы сайын 500 сомдон төлөөгө, мындан сырткары 5 жүргүнчүнү бекер алып кетүүгө милдеттендирилген.
2010-жылдын январь айынан баштап Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан шаардык кеңештин депутаты Кеңеш Жусупов башында турган "Ак Жолтой" жүк ташуучу фирмасына каршы кысым башталат. Жасалма тендер өткөрүлүп фирманын 30 маршурутунун ичинен жогорку рентабелдүү деп эсептелген 24 маршруту зордук менен тартылып алынат. Мэриянын фирмага каршы чыгышы Н.Түлеевдин К.Жусуповко тишин кайрап калышы себеп болуп берген. К.Жусуповдун "Ульман Транс" ОсООсунун мэрияга каршы чыгып сотко бергенине колдоо көргөзгөнү жана финансылап турганына мэриянын итатайын тутулуп кеткенин көп айтышат. "Ак жолтойдон" тартылып алынып башы бошогон 12 маршурут "Батырхан" деген фирмага берилет. Анын директору Ю.Петров деген неме "кирүү билети" катары ар бир айдоочудан 500 доллардан акча талап кылып кирет. Бул болсо айдоочулардын ичинде чоң нааразычылык жаратканы айкын. Ошондой эле Бишкектин Түштүк магистралын курууга каралган 250млн. сомдун 100млн. сомун "Бата-Жол" фирмасы аркылуу жеп коюшкан. Бул фирмада Мэрдин жакын досу С.Ким отурат.
Н.Түлеев шаар башчысы кызматынан түшүп калгандан кийин К.Бакиевдин куйруктары деп аталган саясатчылар менен жең ичинен сүйлөшүп алып Бишкектин эски аянтында санкцияланбаган митинги уюштурууну финансылай баштайт. Митинги учурунда нааразычылык акциясынын катышуучуларына акча таратып берилгени айтылат. План боюнча митинг массалык баш аламандыкка өсүп өтүп, акырындап отуруп административдик имараттарды басып алуу менен аякташы керек болчу. Түпкү максат убактылуу өкмөттү бийликтен кулатуу эле. Бирок ал митинги кийин өз максатына жетпей өксүп калганы баарыбызга белгилүү.
2010-жылдын 12-майынан баштап Нарын районунун айрым жашоочулары тарабынан Бишкек шаарында Н.Түлеевке колдоо көргөзүү наразычылык акциясын өткөрүү иш чаралары башталат. Акциянын катышуучулары Н.Түлеевдин жердештери "Эмгекчил" айылынын тургундары түзүшү керек болчу. Акциянын негизги демилгечилери Нарын райондук кеңешинин депутаты М.Курманкожоев, Нарын райадминистрациясынын башчысынын мурдагы орун басары М.Кадыркулов, "Миң Булак" айыл округунун мурдагы башчысы К.Жамангулов, "Миң Булак" айлынын тургундары Д.Турдумамбетов, Э.Кылжыров ж.б болушкан. Алар Жамангуловдун үйүнө чогулуп алышып Бишкектеги нааразы акциясын кантип өткөрүү, элди шаарга ташып жеткирүү үчүн канча каражат талап кылынары, акциянын катышуучуларына канча сомдон "командировочный" бөлүү боюнча акыл курушкан. Мындай акцияларды өткөрүү аракетин Н.Түлеев кийин да таштаган жок. Уланта берди. Мисалы айыл жерлерине жардам берүү үчүн деп түзүлгөн "Элет" уюму аркылуу нааразычылык акцияларын уюштуруунун аракетин жасап көрдү. Колдоо алуу үчүн өзүн Нарын жергесинен бөлүнүп чыккан көрүнүктүү ишмер экенин, элге көп сандаган жакшылык кылганын, ал эми, нарындык А.Салымбеков, К.Жолдошбаев дегендер анын тушарына тең келбестигин бетке кармаганды адат кылып алганы эл ичинде кеңири сөз болуп жүрөт. Ошентип Н.Түлеевдин эл ичине бүлүк салган деструктивдүү аракеттерге шыктуу экенин байкоо кыйынчылыкка турбайт. Негизги максат бийликти колдон чыгарбай сактап калуу, ал максат үчүн Н.Түлеев бардык быкый иштерди жасоого жөндөмдүү.

Улан ЧОЛПОНБАЕВ
1977-жылы туулган. Бишкек шаарында жашайт.
2009-жылдын ноябрында Монголиянын ардактуу консулунун жардамчысымын деп (диппаспорту № AD001536) дипломатиялык жүк катары кымбат баадагы чөнтөк телефондорун бажы посту аркылуу алып өтүү боюнча документтерди даярдоону талап кылганы жөнүндө маалымат бар. Мындан сырткары "Кыргыздипсервистен" жеке өзүнүн керт башынын керектөөсү үчүн дипломатиялык автономер (кызыл түстөгү) доолоп алган. Бирок У.Чолпонбаев дипномердеги машина эмес эле катардагы "Mersedes-Brubus" маркасындагы жөнөкөй номерлүү автомашина айдап жүргөнү-факт. Анда эмесе "кызыл номер" кайда кеткен деген суроо пайда болот эмеспи. У.Чопонбаевың "кызыл номерди" аттатып-буттатып жибергени талашсыз. Айрым маалыматтар боюнча "номерди" достук мамилеси бар криминалдык топтун лидеринин бирине сый катары тартуу кылып берген. Мындан сырткары ал мыйзам жол бербесе да ГМИД аркалуу өзүнө дипломатиялык паспорт жасатып алган жайы бар. У.Чолпонбаевдин уюшулган кылмыштуу топ менен, атап айтканда К.Көлбаевдин ОПГсы менен тыгыз байланышта экендиги боюнча көп айтылат. Эки жылдан бери Эркиндик көчөсүндө жайгашкан Б.Акаевага таандык беш бөлмөлүү квартирага 3500 доллар төлөп ижарага көтөрүп алып жашап турат. ГИБДДинин кызматкерлерине Ж. Бакиевдин жардамчысы делинген пропуск көргөзгөн адат күтүп келгендиги жөнүндө көп кеп кылышат. Иши кылып бир топ шойкомдуу фигура.
У.Чолпонбаев 2010-жылдын 7-апрелинен баштап Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаевага тиешелүү "Платинум", "Баккарди" жана "Блондер-паб" деген диско-клубдардын финансылык иштерин башкарып келген. Бүт республиканын территориясына тоскоолдуксуз өтүүгө жол берген экс-министр М.Конгантиев тарабынан берилген атайы талонго ээ. Апрель окуяларынан кийин А.Бекназаровдун жардамы менен "Челси", "5-е Авеню", "Платинум". "Баккарди" жана "Блондер-паб" сыяктанган түнкү көңүл ачуучу жайларды басып алып ээлик кыла баштаган. Маалыматтар боюнча У.Чолпонбаев үлүшүнө А.Бекназаровдун туугандарын кошушу ыктымал. Ошону менен бирге У.Чолпонбаевдин апрель окуяларынан кийин Генпрокуратуранын мыйзамдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги болуп дайындалган В.А.Краснокуцский менен дос деп айтаарлык жылуу мамиле түзгөн. Экөөнүн мамилеси бара бара кыйышпас достукка өтүп баратат десе болчудай, себеп дегенде В.А.Краснокуцский У. Чолпонбаевди ар дайымдан бир дайым, ыгы келип келбесе да колдоп жүргөнү байкалат.
7-апрелден кийин У.Чолпонбаев менен анын жакын кишиси болгон Амир Абильдаев деген неме экөө астыртан купуя сүйлөшүп алышып Максим Бакиевке таандык болуп келген медиабизнесинин айрым тармактарын күч колдонобуз деп коркутуп-үркуттүү сыяктанган айла-амалдарды колдонуп мыйзамсыз жолдор аркылуу өздөрүнө каттатырып алышканы аныкталган эле. Азыркы кезде республикадагы рекламалык щиттердин басымдуу бөлүгү У.Чолпонбаев тарабынан мыйзамсыз пайдаланылып келет. Арендалык төлөмдөр үчүн акы берилбей, мамлекеттик бюджетке салык түрүндө каражат которулбай алынган кирешелердин баары К.Көлбаевдин ОПГсы менен "Ата-Журт" партиясын финансылоого багытталууда. Мезгилинде "Платинум" жана "Баккарди" түнкү эс алуучу жайларында иштеген шоумен Даутов Мирландын ( кличкасы "Микаэль") киши колдуу болуп өлтүрүлүш фактысы боюнча ачылган кылмыш ишине күбө катары катышкан жайы бар. У.Чолпонбаев "Ата-Журт" партиясына мүчө болуп өткөнүн К.Көлбаевден жашырып келгени билинип калгандан кийин экөөнүн ортосунда ыйкы-тыйкылык пайда болот. К.Көлбаев "эгер сен саясатты тандап алсаң анда биздин жолубуз ажырайт, мындан ары мага жардам сурап кайрылбай эле кой" деп билдирет. Ошону менен катар К.Көлбаев өзүнүн ОПГсынын мүчөлөрүнө У.Чолпонбаевке тиешелүү жайларга барууга тыю салганы жөнүндө маалымат бар.

Нургазы АЙДАРОВ
Ош обулусунун Алай районунда 1966-жылы туулаган.
Ош шаарында жашайт. ЖКнын экс-депутаты. Үсөн Сыдыковдун күйөө баласы. Бишкектин элиттик районунда квартирасы бар. 7-8 жыл илгери Казакстандан дан эгиндерин ташып келүү, Тажикстанга азык-түлүк продуктуларын жөнөтүү иштери менен алектенген. Анын бул "бизнесине" Ү.Сыдыковдун аркасы тийгени кажетсиз. ЖКтин депутаты болуп жүргөндө "Ага-Хан" фондусунун кызыкчылыгынын лоббисти болгон. Фондунун салык жана бажы льготторуна ээ болуусу үчүн чоң эмгек сиңирген. Айрым маалыматтар боюнча "Ага-Хан" фондусунун байланыштарын пайдаланып тоолу Бадахшандан Кыргызстанга наркозаттарды ташып алып келүү, андан кийин экинчи этапта Россияга жөнөтүү иштерин колго алган. Республиканын түштүгүндө түзүлгөн кылмыш тобунун башчысы деп эсептелинет. Н.Айдаровдун тобуна 30гө жакын адам кирет. Бул топ Тажикстандын Жергетал районунан Россияга наркотиктерди ташып алып баруу иши менен алектенип келүүдө. Н.Айдаров ошону менен бирге Оштогу "Беркут" казиносунун кожоюндарынын бири.
Иштеген жерлери: Улуттук банктын башкармасынын төрагасы, финасы министри, ЖКтин спикери. "Ага-Хан" фондусунун өз ара кызматташуу боюнча макулдашуу долбооруна (АКФЭД) виза коюп бергендиги үчүн М.Султанов 100 000 доллар үстөк алганы жөнүндө маалымат бар. АКФЭДин жетекчилигинен келишимди кандай жол менен ЖКтен ратификациядан өткөргүсү келип жатканын сурашканда жетекчилик депутаттардын жеке бизнестерин уюштуруу үчүн финасылык жана башка жардамдар көргөзгөнүн,ошондуктан ЖК депутаттары каршы болбостугун моюнуна алган эле. АКФЭДин жетекчилери тымызын жардамы боюнча тиешелүү документтер сакталып турганын унутпай атайы эскеришкен жайы бар.

Марат Султанов
1961-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
М.Султанов Улуттук банктын башкармасынын төрагасы, ошол эле учурда "Кыргыз газмунайзат" МАК нун директорлор кеңешинин башчысы болуп турганда республиканын коммерциялык банктарынан "Кыргызгазмунайзат" МАКнын мурдагы директору Ш.Жайсаңбаевдин ири суммадагы кредит алууга жардам бергени белгилүү.М.Султанов А.Дунларов жана Минфиндин жеткечилиги менен жең ичинен келишип алып 380 млн. сом суммасындагы казначейлик милдеттенме кагазын рынокко чыгарганы аныкталган. Ал кезегинде Жайсаңбаев тарабынан күрөөгө коюу үчүн пайдаланылган. Кийин болсо ошол казначейлик милдет кагазы бюджетте каралбаганына байланыштуу жокко чыгарылган эле. М. Султановдун бул "ишмердигинин" натыйжасында улуттук банктын чечими менен "Меркюри" банкы банкрот деп табылган, ал эми "Крамдс банкына" убактылуу администрациялык башкаруу киргизилип, 1 миллион доллардык кредит алган "Максат" банкы консервацияланып кеткен эле. Жайсаңбаевке кредит берген мындан башка коммерциялык банктар жабылып калуу коркунуч алдында калганы айта кетүү керек. Ошентип, М.Султановдун банк ситемасына алып келген зыяны кыйла чоң. М.Султанов Улуттук банктын башында турганына, ошол эле мезгилде "Кыргызгазмунайзат" МАК директорлор кеңешинин төрагасы экенине байланыштуу коммерциялык банктардын "Кыргызгазмунайзатка" кредит берүүдөн баш тартуусу М.Султановдун тилин албай коюу дегенге барабар болчу. Ал эми бул болсо коммерциялык банктардын алдында көптөгөн проблемалар келип чыгат дегендикти билдирмек. Жогоруда айтылган фактылар М.Султанов менен "Кыргызгазмунайзаттын" президенти Ш.Жайсаңбаевдин ортосунда тымызын келишим болгонун, анын финансы системасына тийгизген зыяны ченемсиз экенин далилдеп турат.

Садыр Жапаров
Ысык-Көл обулусунун Түп районундагы Кең-Суу айлында 1968-жылы туулган.
Экс-депутат. Казактарга Каркыраны берүүнү колдоп чыккан. Коррупцияны алдын алуу агентствосунда комиссар болуп иштеген. 2000-жылдан баштап "Каракол" СЭЗинин субьектиси болгон "Гузель МХААД" ОсООсунун жетектеген. У.Исаеванын жана башка жогорку кызматтагы адамдардын ошондой эле милиция органдарынын колдоосу менен ГСМдин дүң соодасы менен алектенген. Бажы төлөмдөрүнөн, салыктан качып жазгырып кеткен учурлары көп болгону жөнүндө маалыматтар бар. С.Жапаровдун ишмердиги көбүн эсе бажы Кодексине ылайык келбеген контрабандалык операциясын жүргүзүү менен байланышат. "Эркин экономикалык зона", "Эркин экономикалык зонанын субьектилери" жөнүндөгү мыйзамдарда ГСМ, спирт ичимдиктери, тамекилер менен соода кылууга тыю салынганы белгилүү. Бирок ага карабай С.Жапаров күйүүчү майлар менен соода кылууну негизги бизнеске айлантканы байкалат. 2007-жылы "Жыргалаң Шахтасы" МАКнун 71,14% акциясын соодасында С.Жапаровко таандык "Голден Икс" компаниясы баштапкы баасы 17997, 71 сом экенине карабай аны 12 млн. сомго мыйзамсыз жол менен ээлик кылганга үлгүргөн. Бул финасылык махинация мамлекеттик мүлк комитетинин директору Т.Турдумамбетовдун көмөгү аркылуу ишке ашкан.

Нурлан Сулайманов
Чоң-Алай районун Дарат-Коргон айылында 1958-жылы төрөлгөн.
Чүй обулусунун "Чон Арык" айлында жашайт. Иштеген жерлери: Бишкек-Ош автожолунун башкармалыгынын мурдагы начальниги, Транспорт жана коммуникациясынын экс-министри. Ээлик кылган ишканалары: "Ремстроймост" фирмасы, "Новое время" ОсООсу. 2007-жылы транспорт жана коммуникация министри болуп турганда "Криол" жана "Улук энд эссоушиетес" ОсООлору сыяктанган "подставной" фирмаларга лоббистик жол менен көмөк көргөзүп бюджеттик каражаттарды жеп жибергендерге тиешеси бар. Бул фирмалар кийин дайынсыз жоголуп кеткенинин өзү мандемдүү. Жогоруда айтылган фирмаларга байланыштуу финансылык махинациялардан улам мамлекеттик бюджетке баш аягы болуп 40 миллион сом зыян келтирилген. 2005-жылы Н.Сулайманов тарабынан транспорт жана коммуникация министрлигинде кадрларды тазалоо иши болуп өтөт. Ал тазалоодо Бишке-Ош автожолунун реабилитациялоонун 3 фазасы боюнча түзүлгөн долбоор тобунун директору М.Мияров кызматынан алынат. Бул аракет "Эмек Иншаат Итхалат Ихраджат" түрк компаниясы менен түзүлгөн контрактыны жокко чыгарып кайрадан тендер жарыялоо менен байланыштуу. Бул милдети ишке ашыруу ЖКтин депутаты Ж.Сатыбалдиев тарабынан тапшырылган деп айтылат. 2005-жылы Азия банкынын макулдугу менен Бишкек-Ош автожолун реаблитациялоонун үчүнчү фазасында түзөтүү иши башталып кетти. Атап айтканда ЖалалАбад облусунун Аксы районундагы "Кара-жыгач" айлындагы көпүрөнү куруу зарылчылыгы чыгып кытай фирмасы "Чайна Роуд" генподрядчик катары 550 миң доллардык проектисин сунуш кылган эле. Арийне министир Н.Сулайманов мурдагы транспорт министри К.Жумалиев аркылуу "Ремстроймост" фирмасын проектиси утту деп таап ошолорго ишти алып берип койгону белгилүү. Бул фирма көпүрөнү курууга кеткен чыгымды бар болгону 360 миң долларга баалаган болчу. Ушу ишке байланыштуу 2005-жылдын март айында генподрядчик "Чайна Роуд" менен "Ремстроймост" фирмасынын (субподрядчик) ортосунда обьектини ишке киргизүү боюнча келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык "Ремстроймост" фирмасы аванс түрүндө 83 миң доллар акча алып анын 80 миңин Н.Сулаймановдун колуна берген. Ал акчаны Н.Сулайманов өз керектөөсүнө ылайык жумшаганы жөнүндө маалымат бар. Себеп дегенде "Ремстроймост" башка кишилерге сыртынан катталганы менен Н.Сулаймановдун кара чечекей жеке фирмасы болуп эсептелет.
1997-жылы транспорт жана коммуникация министрлиги жол салуу жана ири көпүрөлөрдү курууга керектелүүчү 2 млн доллардык "Като" маркасындагы бургулоочу машинасын сатып алган эле. Түшкөн каражат кредитти жабуу үчүн Минфиндин эсебине которулуп турган. 2005-жылы "Ремстроймост" ОсООсу "Кара Жыгач" айлындагы көпүрөнүн курулушуна пайдалануу үчүн Минтранс менен түзүлгөн келишимге ылайык "Като" бургулоочу машинасын убактылуу пайдаланууга алат.Бирок келишимдин шарты аткарылбай төлөмдөр Минфинге которулган эмес. Келишимдеги көрсөтүлгөн макулдашуунун аткарылбай калышына "Ремстроймостун" тымызын кызыкчылыгын көздөгөн Н.Сулаймановдун тиешеси болгону анык.
2006-жылдын январь айында Бишкек-Ош автожолун курулушу үчүн "Емек иншаат ИИТ" компаниясынын адресине 46 вагон БНД-69 маркасындагы битум келип түшөт. 46 вагондун 12 вагон битумунан бажы төлөмү алынбай "Кыргыз темир жолу" УКсы кытайлык "Чайна Роуд Бридж Корп" фирмасына сатып жиберет. Калган 34 вагон битум же 1716, 42 тоннасы көпкө туруп калды делинип Минтранс жана коммуникациянын макулдугу менен жерге төгүлөт.Ошону менен мамлекетке өтө чоң зыян келтирилет.
Минтранс менен чет өлкөлүк генподрядчиктер ортосундагы келишимдердин негизинде бир нече миллион доллардык баадагы мебелдер сырттан сатылып алынат да алар Минтранстын буйругу менен Өкмөт менен Мамлекеттик инвестиция комитетине кабарланбай туруп бөлүштүрүлөт. Бирок ал мебелдер эски мебелдер менен алмаштырылып жаңылары тышка чыгарылып сатылып кетет. Бул ишке Н.Сулайманов менен анын бухгалтерининин түздөн түз тиешеси болгону аныкталган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын граждандык авиациясынын департаментинин директору болуп Н.Сулаймановдун жакын таанышы А.Аскаров дайындалат. Бул кызматка дайындоо үчүн А.Аскаров Н.Сулаймановко 20 миң доллар төлөгөнү аныкталган.

Роман Александрович Шин
Казакстанда 1948-жылы төрөлгөн.
Бишкек шаарында жашайт. "Эльдорадо" казиносуна ээлик кылат. Корей диаспорунун лидери. Индиянын элчилигинин кызматкерлери менен жакын байланыш түзгөн. Индиянын элчилигинин кызматкерлери "Эльдорадонун" туруктуу коноктору болуп эсептелет. Шин "Бомбей" ресторанынын кожоюну Анил Кумар менен бирдикте Кыргызстанга Индиянын граждандарын легалсыз алып келген ишти жолго коюшкан. Индиядан келгендер адегенде "Эльдорадо" меймаканасына жайгаштырылат андан кийин табышмактуу түрдө белгисиз тарапка жоголуп кетишери байкалаган. Каяка кетишкенин эч ким билбейт. Бул "бизнестен" Р.Шин чоң киреше алып турары белгилүү. Деги эле Шиндин бизнеси таза эмес экендигинде күмөн жок. Р.Шин эски чоң кумар оюнчусу, "каталанын" чебери катары элдин оозунан түшпөй келет. Кезегинде Рыспек Акматбаев менен жакын мамиледе болгону, аны менен тез тез жолугушуп турганы жөнүндө маалымат бар.

Азамат Арапбаев
Жалал-Абад обулусунда 1970-жылы туулган. Ош шаарында жашайт.
ЖКнын экс-депутаты. 2008-жылдан баштап депутат А.Арапаев С.Маматалиев жана Б.Исаков ж.б. бирикмесинен турган кылмыштуу наркотоптун калканчысы болуп эсептелет. Ош шаарында менчик кирпич, цемент заводдору жана АЗСдын тармактары, ошондой эле "Гром" деген детективдик-сакчылык агенствосу бар. Бир тууганы А.Арапаев милициянын полковниги, Ош обулусунун УВДсынын начальнигинин орун басары болуп иштеген. Дагы бир тууганы Э.Арапаев КРнын ички иштер министрлигинде ДПВКда начальниктик кызматта. Бир туугандар Маматалиев менен Б.Исаковдун наркочуркатуу ишине ири капитал салышкан. Такталбаган маалымат боюнча 2007-жылы 31-январда 109 кг героин менен кармалган Ф.Нурматовдун Арапаевдерге тиешеси бар. Ф.Нурматов Арапаевдердин жакын туугандарынан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ош облусунун УВДсынын начальнигинин орун басары А.Арапаевдин кызматтан алынышы бекер жеринен болгон жок. Компетентүү органдардын жана таасирдүү адамдардын ичиндеги коолоп-чайлап кеткен коррупция Кыргыз Республикасынын территориясында мыйзамсыз иш жүргүзгөн КНРдын граждандарынын санын өсүшүнө өбөлгө түзгөнү анык. Мисалы, ЖКнын депутаты А.Арапаев уюштуруп ээлик кылып турган "Кыргызтекстиль" АОсунда КНРдын 20 ашык гражданы тиешелүү уруксаты жок иштеп жатканы айтканыбызга күбө. Эл светсиз отуруп калганда А.Арапаевдин кара металлды кайрадан иштетип жаткан ишканасына электрэнергиясы ОшРЭСинин мамлекеттик сатып алуу жана матрезервдин мамлекеттик комиссиясынын төрагасы болгон Б.Сулайманов өзү алып, өз билгенине жараша жумшап келгени аныкталган.
ЖКте "Ак жол" фракциясынын депутаты болуп жүргөндө мыйзам демилгеси менен чыкканды мындай кой "лам" деп ооз ачканга жараган эмес. Акчанын күчү менен депутат болгон, акчанын күчү менен "Ата Журттун" тизмесинде 20чы номер болуп катталган. Күйөөсү-нүн саясый куурчагы. Д.Үсөнов боюнча кийинки маалыматтарга карасак ОАЭдеги "Аль-Шахла" 24 секторундагы "Палм Джумейра" элиттик районунан вилла сатып алган.Д.Үсөновдун кыймылсыз мүлктү сатып алуусуна Кыргызстандан ОАЭге жүк ташуу менен алектенген "Авиасервис интернешнл" карго-кампаниясынын ээси Ким Лидия Егоровнанын аркасы тийген. Д.Үсөновдун премьер-министр болуп жүргөндөгү көптөгөн махинацияларынын бирин гана айтсак анын ким экендиги, кандай коррупциялык иштер менен айланышканы ачык болор. Мисалы Д.Үсөнов өкмөттүн башында турганда бажы органдарынын мыйзам уруксат бербеген "тымызын ишмердигинен" түшкөн кирешеден өз "үлүшүн" алып турганы аныкталган. Ал "үлүш" ар бир айга чачып эсептегенде айына 50 миң долларга туура келет.

Фаркат Исмаилов . Ош шаарында жашайт. Пропискасы Гагарин көчөсү, 55-үй, 41-квартира дареги боюнча катталган. 2009-жылдын декабрынан бери издөө салынган. 2009-жылдын июль айында МВД тарабынан кылмыш иши козголуп ( № 51-09-121-А) Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 30-статьясы жана 170-статьясынын2-3-бөлүктөрү боюнча айып коюлган. Бул статьяларда опузалап бирөөнүн ээлигин тартып алуу (вымогательство), башка бирөөнүн менчигиндеги мүлккө кол салуу, күч колдонуу сыяктуу кылмыш иштери каралган. Мындан сырткары Кылмыш Кодексинин 231-статьясынын 1-бөлүгү боюнча да кылмыш иши ачылган. Анда оор жана өтө оор кылмыш иштерин жасоо максатында уюшма кылмыш тобун түзүү каралат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Ф.Исмаилов мүчө болгон Маташев Мурасбектин кылмыш тобу ЖКтин депутаты С.Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар экени боюнча иш козголгон.

Динар Исаева, Айтылуу финасылык шулер Данияр Үсөновдун аялы.
ЖКте "Ак жол" фракциясынын депутаты болуп жүргөндө мыйзам демилгеси менен чыкканды мындай кой "лам" деп ооз ачканга жараган эмес. Акчанын күчү менен депутат болгон, акчанын күчү менен "Ата Журттун" тизмесинде 20чы номер болуп катталган. Күйөөсү-нүн саясый куурчагы. Д.Үсөнов боюнча кийинки маалыматтарга карасак ОАЭдеги "Аль-Шахла" 24 секторундагы "Палм Джумейра" элиттик районунан вилла сатып алган.Д.Үсөновдун кыймылсыз мүлктү сатып алуусуна Кыргызстандан ОАЭге жүк ташуу менен алектенген "Авиасервис интернешнл" карго-кампаниясынын ээси Ким Лидия Егоровнанын аркасы тийген. Д.Үсөновдун премьер-министр болуп жүргөндөгү көптөгөн махинацияларынын бирин гана айтсак анын ким экендиги, кандай коррупциялык иштер менен айланышканы ачык болор. Мисалы Д.Үсөнов өкмөттүн башында турганда бажы органдарынын мыйзам уруксат бербеген "тымызын ишмердигинен" түшкөн кирешеден өз "үлүшүн" алып турганы аныкталган. Ал "үлүш" ар бир айга чачып эсептегенде айына 50 миң долларга туура келет.

Курманбек Осмонов, 1953-жылы туулган. Бишкек шаарында жашайт.
Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы. Сот системасы туташ коррупцияланып кеткени баарыбызгы белгилүү. Жогорку соттун төрагасы болуп жүргөн кезинде К.Осмонов судьяларды дайындоо жана кызмат орундарды белгилүү максат-кызыкчылыктарга ылайык бөлүштүрүүдө лоббистик иштер менен алектенгени белгилүү. Атап айтсак, Президенттин администрациясы аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басарлык кызматына өзүнүн досу, бала кезинен бери бирге өскөн Н.Азимжановду дайындоого бүт күчүн аяган эмес. Жогорку соттун төрагасынын орун басары К.Акназарова менен болгон өз ара пикир алмашуусунун биринде андан ички буйрук менен кылмыш , экономикалык жана граждандык коллегиянын судьяларын дайындоо, кайра дайындоо боюнча атайы өтүнүч менен кайрылган жайы бар. Ал суранычын ар бир коллегияда көздөй болгон судьялар иштеши керек деген демогогиялык "жүйөө" менен түшүндүргөн. К.Осмонов экс-президент К.Бакиевдин туруктуу жана берилген апологетимин деп эсептейт. Ал 2008-жылдын 18-июлундагы К.С. Бакиевдин жеке өзүнө арнаган милдетенмесинде (обязательство) "Смею Вас заверить и обещаю Вам, что я не буду заниматься деструктивной и оппозиционной к власти и лично к Вам деятельностью" - деп жазат.


Ошентип, "Ата Журт" партиясынын тизмеси кадимки эле уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГ) өзү экенине, андан чоң айырмасы жоктугуна көз жетпей койбойт.
Адилет КЕҢЕШ уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Айыл турмушу"


Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/aiyl/10/0930_2_3.htm on line 85