Айкын маек!

Алтынбек Сулайманов,
"Республика" фракциясынын депутаты:
"Өмүрбек Премьер болсо,
Алла ага нысап берген болсун…"
-Алтынбек мырза, учурда коалициянын айланасында ар кандай ой-пикирлер, сунуштар, көз караштар болууда. Коалиция ыдырап кайрадан жаңы коалиция куруу керектиги да айтыла баштады. Коалицияны ыдыратып, кайра коалиция куруу зарылчылыктары керекпи же мыйзамда ошондой көрсөтүлгөн үчүн эле аны жасоо аракеттериби?
-Мыйзам боюнча да коалициянын тагдыры чечилгени турат десек да болот. Экинчиден, коалиция жакшы иштеп жатабы же жаман иштеп жатабы бүгүнкү иштеп жаткан өкмөттү түзүп, президенттик шайлоону татыктуу өткөрүп, өлкөдөгү элдин бейпилдигин сактоого жан үрөп эле жатканы чындык. Кайрадан түзөбүз деген сөздөр болуп жатат, эми анын эртеңкисин азыр айтуу эрте. Кандай гана шарттардан улам коалиция түзүлбөсүн, мейли кеңири чөйрөдө, мейли 3 партия биригеби айтор анын арты өлкөгө, элге кедергисин тийгизбей, тетирисинче элге пайда алып келсе болгону.
-Сиздердин "Республика" партиясы бул багытта кандай аракеттерди көрүүдө?
-Биздин фракциясы бүгүнкү түзүлүп иштеп жаткан коалициянын курамында иштеп жатабыз. Кийинки жаңы коалиция түзүлө турган болсо биз сөзсүз түрдө сүйлөшүүгө барып кандай негизде түзүлөөрүн дыкат карап, өзүбүздүн жеке кызыкчылыктарды экинчиге коюп, элдин эртеңкиси үчүн чечкиндүү кадамдарга барабыз деп жатабыз.
-Сиздердин партия КСДП лидери Атамбаевди президенттик шайлоодо ачык эле колдоорун билдирди, демек, КСДПнын саясий көз караштары менен "Республика" партиясынын көз карашы дал келет дегендикпи. Айрым учурда талашып-тартышууну көрө алабызбы же…
-Жакшы суроо, негизинен "Республика" партиясын өзүбүз түзгөнбүз, жаш кадрлар, өзүнүн жеке курч көз караштары бар, эли үчүн иштеп бере турган адамдардан чогулганбыз деп ойлойм. Ар кимибиз өлкө үчүн, республика үчүн тартынбай ойлорубузду ачык-айрым айтып келгенбиз жана мындан ары деле ошол позицияны тутуна беребиз. Эми КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевди ачык эле президенттик шайлоодо колдодук. Биз эле эмес, ар бир партиянын керек болсо ар бир депутаттын жеке ойлогону бар. Ал өлкөнүн туруктуулугу, өсүп-өнүгүүгө болгон элдин алдындагы негизги жүк, мына ошол нерселерди ойлогондо гана биз элдин мүдөөсүн аткарган болобуз. Бирок, кээ бир учурда пикир келишпестиктер, талашып-тартышуулар болушу мүмкүн. Бул керек.
-Буга чейин берген маектериңиздин биринде "Президент ким болот" деген суроонун айланасында "Кудай сүйгөн адам болот" деп жооп берипсиз. Мага ой келди, "акыркы кезде Атамбаев Алланы аябай оозанып калды эле, мүмкүн Сулайманов Атамбаевдин президент болоорун алдына ала сезгенби?" деген, бул кокустукпу же чын эле Атамбаевдин ажо болуп калаарын билдиңиз беле?
- Баарын алдына-ала билгендей көзүм деле ачык эмес. "Кудай сүйгөн адам болот" дегеним падышаларды негизи кудай шайлайт, "бешенеге эмне жазылса ошол болот, кудайдын буйругу" дейт эмеспизби. Ал ага бизди себепкер гана кылат. "Падыша кудай эмес, кудайдан алыс эмес" деген да сөздөр дагы бар. Бул сөздөр бекер жеринен айтылып калбаса керек. Баарыбыз эле кудай деп жүргөн адамдарбыз да. "Алла" деп бир эле Атамбаев эмес Мадумаров деле айтып жүрбөдүбү.
-Айрым саясий серепчилер жаңы курала турган коалицияны "Ата-Мекен", КСДП, "Республика" жана "Ар-Намыс" партияларынын ортосунда жүрөт деп жатышат.
-Эми баарын алдына-ала айтыш кыйын, ошентсе да мындай ойлорду да таптакыр эле туура эмес деп да айта албайм. Азыр бир нерсе деп айтуу же ошол 4 фракция түзүлөт дегенге эрте. Мүмкүн үчөө же кеңири бешөө деле болуп калышы ыктымал.
-"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев кеңири коалицияны колдоорун, бул башынан сүйлөшүлгөн демилге экенин айтты. Муну кандай түшүнсөк болот, чын эле парламентке өтпөй калган партиялар дагы кандайдыр бир деңгээлде каолициянын чоң курамда түзүлүшүнө таасирин тийгизип же таасирлене алышабы?
-Темир мырза ал жерде болгону коалициянын кайрадан куралып кеңири түзүлүшүн колдойм деп жатса керек. Кандай гана көлөмдөгү коалиция түзүлбөсүн, ошонун тегерегинде мыкты кадрларды тартып иштетишибиз зарыл. Мезгил ошого жетти. Канчалаган мыкты адистерибиз Парламентке өтпөй калып ишке пайдаланылбай жүрөт. Ошол эле учурда чет элде дагы өз тажрыйбасын өркүндөтүп келген да жаштарыбыздын башы көрүнбөй калууда. Мына ошолордун баарынын башын бириктирип өлкөнүн келечеги үчүн пайдаланып ишке тартышыбыз да бүгүнкү күндүн негизги талабы болууда. Азыркы учур кызмат талашпай элдин бүтүндүгү үчүн жакшы кадрларды республика үчүн иштетип, биригүүнүн жолун ачышыбызды мезгил бизге көрсөттү. Эки революция элге, саясатчыларга сабак болду го деп ойлойм.
-Айрым серепчилер "жаңы түзүлгөн коалицияга "Ата-Журт" фракциясы кирбей калса, анда саясатта, өлкөдө тынч кырдаал түзүлбөй калышы мүмкүн, "Ата-Журт" фракциясы жаңы коалициянын катарынан орун табышы зарыл" деген да ойлорун айтып жатышат. Бул жагына көз карашыңыз кандай?
-"Ата-Журт" партиясы коалицияга кирбей калса өлкөдө ызы-чуулар боло берет дегенге мен кошула албайм. Анткени, ал партиянын ичинде да өз өлкөсүн сүйгөн, элин ойлогон азаматтар толтура. Андай кадамдарга барбай, өздөрүн бийигирээк кармайт деп ойлойм жана ачык эле айтып коюшубуз керек, бүгүн өлкөдө ызы-чууларды уюштургудай кырдаал түзүлүп турган жок. Баары "биригели, өлкөнүн тынчтыгын, кийинки келечегин сактап калалы" деген эле жакшы тилектерде турат деп айтат элем. Кайсыл гана партия болбосун азыр биригип иштөөнү каалап турат жана баарынын коалицияга биригүүгө болгон укуктары бирдей. Биздин партия баары менен биригүүгө даяр. Эгер "жок, биз оппозицияда калабыз, бириге албайбыз" десе анда алар адашат. Эл азыр ызы-чуудан тажады.
-Оппозицияда сөзсүз түрдө бир партия калышы керек экени да айтылууда. Буз өтө зарыл нерсеби?
- Эгер биздеги саясий кырдаал туруктуу, атаандаштык өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бир кылка учурда болсо анда жакшы эле болмок. Ар бир өнүгүүдө атаандашсыз болбойт деңизчи, бирок биздеги атаандашуу башка жолдорго бурулуп, элдин тынчтыгына, өлкөнүн өнүгүшүнө ар кандай себептер менен тоскоол болуп калып жатпайбы. Анын үстүндө өлкөдөгү ар кандай ажырымдар азыркы кырдаалда биригүүнү гана талап кылууда. Эми бөлүнөлү дегенче, биригели деген сөз акыл-эси бар адамдар үчүн жакшы эле болсо керек да.
-Биригүү демекчи, 5 партия деле бир коалицияга биригип алса болот да?
-Эмнеге болбосун, болот! Ал жанагы оппозиция болушу керек деген, ал Конституцияда ошондой жазылып калган. Эми жазылып калган деп эле өлкөнүн алды-артын, кийинки келечегин, айрым ар кандай кырдаалды эске албай туруп эле жасай бергенибиз деле туура болбой калат. Баарыбыз саясатты гана сүйлөй берип чокусуна деле жеттик. Иш жасаганыбыз, ынтымакты ойлогонубуз, маданиятты сыйлаганыбыз азайып кетти, мына ушундай шартта бириксек гана баарын жеңип чыгабыз. Баары чектен чыкты. Ошол эле саясатчылар, депутаттар дагы, ошол эле силер журналисттер дагы.
(Уландысы 10-бетте)
(Башы 6-бетте)
-Алтынбек мырза, парламенттик башкаруунун ийгилиги, жеке бир адамдын башкаруусунан кутулганыбызды айтып калабыз, ийгилиги менен кемчилиги деле болсо керек да…
-Жакшы жагы ошондой экенин баары билип эле калды. Эми кемчилиги, өкмөттүн курамын түзүүдө коалицияга кирген 3 партия баарын дайындап жатышпайбы. Ар бир партия өзүнүн адамдарын министрликке жана башка кызматтарга сунуштоодо. Ошол жерде партиялар ал орундарга татыктууларын сунуштап, алар өз кызматтарын ийгиликтүү аткара алышты дегенден алысмын. Жакшы кадрларды сунуштабай, алардын иш билги жөндөмүнө карабай сунуштап койгон бизде да күнөөлөр бардыр. Бирок, ошондой кадрлар партиянын имиджине шек келтирип, сөз болуп жаткан учурда ал каталарды кайталабоо тууралуу ойлор көкүрөктө кеч калып калганы өкүндүрөт. Андай учурда, элдин арасында "ушуну алып барып койдубу" деген сөздөр жүрө баштаса ал каталар үчүн кээде шылкыя калган да учурлар бар. Биз мына ошол каталарыбыздан арылышыбыз шарт.
-Кээ бир министрликте негизги 3 башкаруучуну 3 партия сунуштап биринин сөзүн бири укпай койгон учурлар деле кездешкенин уккан жайыбыз бар.
-Андай учурлар болгону чындык. Бул жерде адамдык касиет негизги орунда болушу керек. Ар кимиси өзүнүн аткара турган ордун билет. Мындай шартта эл үчүн, өлкө үчүн иш жасайын деп өз ордулары менен кызматты аркалап кете албаса, анда алардын кимге кереги бар эле. Керек болсо алар ошол кызматка барганда биринин ийгилигин бири коштоп, кемчилигин жоюп бир билек болуп биригип кетиш керек да.
-Азыркы учурда коалиция куруудан мурда да, премьер-министрликтин орду орчундуу болуп жатканы да чындык. Бул орунга сиздердин партия лидери болуп жүргөн, учурда вице-премьерлик кызматын аркалаган Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги негизги орунда болуп жатканын айтышууда. Сиз Бабановдун бул орунга барышын кандай көрөт элеңиз?
-Өмүрбек Бабановду Премьер министрлик орунга көрсөтүү боюнча партия чечим кабыл алдык. Биз колдойбуз. Парламенттен колдоп беришин аны убакыт көрсөтөт. Күнүнө ар бир басылмалардан Бабановду ар кандай каралаган материлдар кылтыйып жатат. Бул албетте өкүнүчтүү нерсе. Жакшы деп бүгүнкү күндө кайсыл саясатчыны айта алабыз. Жаман жагын айтсак баарынан чыга берет экен. Эгер Өмүрбек Премьер болуп калса ага Алла нысап берген болсун. Анын кемчилигин көзгө сайып кимдер айтат? Мына биз айтабыз. Мен толук ишенем, премьерлик кызматты тартып кете алат деп. Жаш, тажрыйбасы жетиштүү, азыр да жеңил эмес кызматтарда иштеп жатат. Баарыбызда кемчиликтер бар. Эгер кемчилик кетирбесек баарыбыз пайгамбар болуп кетет элек. Бирок, кемчилик кете берет деп, баарын билип жасай берсе, элди укпаса анда аны көзүн май басты деп коет. Эгер Өмүрбек Премьерлик кызматка келсе, мурдагы кемчиликтерин ошол жерден жоюуга аракет кылып, жаңылуу керек эместигин, каталарды кетирбөө керектигин, элдин келечегин аныктай турган жогорку кызматта турганын сезиши керек. Менимче сезет деп ишенем.
-Президент "паланча" жактан болсо, Премьер "түкүнчө" жактан болуш керек деген түшүнүк биздин эң чоң кемчилигибиз деп ойлойм. Кадр тандоодо анын жердигине карабаш керек да. Мыкты кадрларбы, керек болсо баарын "паланча" жактан койсун. Сиз кандай ойлойсуз?
- Бул жалпы элдин эмес, бийликте отурган адамдардын, биздин кемчилигибиз. Саясатчылардын арасында да мына ушундай бөлүнүүлөр өтө курчуп кетти. Мындан арылуу керек. Жана айтканымдай чектен чыгып баратат. Кантип арылабыз деп отура бербей аракетибизди кылышыбыз керек. "Кол ийрисине тартат" деп, "өзүмдүкү" же "өзүбүздүкү" деген жаман нерселер биздин башыбызды имерип алыптыр да. Бирок, баарыбыз эле ушундай болуп кеттик деп да айта албайм. Бөлүнүүнү билбеген, жалпы бүтүндүктү ойлогон да адамдарыбыз бар. Биз ошолордон ошол оорууну жуктуруп алышыбыз керек. Адамдын иммунитети начарлап кетсе бүт ооруу жабышат эмеспи, ошол сыңары биздин бир аз алсыз мамлекетибизге түрдүү ооруулар жабышып жаткан кези, бирок, биз дагы гүлдөгөн өлкөнү кураарыбызга толук ишенем. Мына ошол кезде мындай бөлүнгөн, жарылган, жамандаган, ушактаган, уурдаган, криминалдашкан илдеттерден заматта арылабыз. Бул ооруулар менен өзүнөн-өзү коом күрөшө баштайт. Биз канчалык ал нерселерди көп сөз кыла берсек, ошончолук жайылтып жаткан болобуз. Колдон келсе аны азыраак кеп кылышыбыз керек, ал ошого татыктуу эмеспи.
-Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаеванын саясий ишмердүүлүгүнө, анын акыркы кадамдарына кандай баа берет элеңиз?
-Эми эл арасында Роза Исаковнанын эл үчүн жасап жаткан жакшы иштери айтылууда, аны менен бирге кемчиликтери да сөз кылынып жатат. Көпчүлүк кандай сөз кылып жаткан болсо аны эч ким четке кага албайт. Ал деле пенде да, жакшы да иштерди жасады. Кемчиликтери да болду. Анын үстүнө аял киши үчүн жогорку кызматта отуруу оңой деле эмес. Өтө кыйын кырдаалда аял башы менен элди башкарып турду. Кандай гана ачуу сөздөр айтылбады ал кишинин дарегине. Жакшы сөздөрдү гана айтсак жакшы болот эле.
-Бажы союзуна Кыргызстандын киришин колдойсузбу?
-Ушул кезде бажы союзуна киргенибиз бир топ кыйынчылыктарды эле алып келет. Бирок, экинчи жагы, бизде чоң базар ачылат. Анткени, бизде электр энергиясы бар. Эгер биз инвестор тартып келип өндүрүштү жолго салсак, ал жерде электр колдонулат, биз ошентип электрди рынокко салабыз. Кытай өндүргөн товарларын Кыргызстанга келип деле курат. Ошол эле машина чыгара турган заводдорду деле курганга мүмкүнчүлүктөр аз-аздан пайда болот. Анткени өлкөдөгү суроо-талапты, элдин мүдөөсүн аткаруу үчүн мамлекет бул кадамдарга барууга аргасыз боло баштайт. Баардык биздин керектөөлөрүбүз сырттан кирбей өзүбүздө өндүрүлө баштаса жаман деле эмес да. Биз ошолорду эмнеге кыла албайбыз? Кылышыбыз керек да. Ооба, бир аз убакыт кыйналышыбыз мүмкүн.
-Алтынбек мырза, жигиттин бир сыналаары дос күткөндө эмеспи. Достукка кандай көз караштасыз?
-Дос деген - улуу сөз. Ал нерсеге ар бирибиз татыктуу бекем болушубуз керек. Мен достукка бекем эле болушум керек. Дос деген эч нерсеге алмашкыс , аны таштап кете албаган, андан башыңды оңой сууруп кете албаган касиети күчтүү нерсе. Мени досторум сатса да мен аларды сата албайт болушум керек деп ойлойм. Досту атайын издебейсиң да, ал өзүнөн өзү мамиледен улам пайда болот. Достук-бул назик нерсе ага аяр мамиле кылып, аны баалай билишибиз керек.
-Саясат-бул атаандаштыктын, кайым-айтышуунун, пикир келишпеген чырлуу талашуулардын чордону эмеспи. Дегеле, саясатта дос күтсө болобу?
-Албетте, күтсө болот. Саясатта дос болбойт деп коёт, бирок мен ага кошула бербейм. Көп эле адам менен достошуп эле бири-бирибизге жакшы маанайда жүрбөйлүкпү.
Маектешкен
Күнболот Момоконов




  Тоо - кен...

Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер:
"Кендерди өзүбүз иштетсек болот"
- Кыргызстанда соңку учурда кен казган компаниялар менен жергиликтүү элдин ортосунда араздашуулар көп катталууда. Ортодогу туура эмес түзүлгөн келишимдер, инвесторлордун үстөмдүгү ушундай араздашууларга алып келүүдө. Эми жаңы шайланган президенттин жана парламенттин арты менен ортодогу келишимди бузуп, кайра жаңылатса болобу?
- Толугу менен болот. Биз кен тармагы боюнча адистер чогулуп, былтыр эле сентябрь айында Р.Отунбаевага бул боюнча сунуш киргизгенбиз. Өзүңөр билгендей биздеги кен тармагын иштетип аткан көпчүлүк инвесторлор Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелеп, өздөрүнүн кызыкчылыгын биринчи орунга коюп келишти. Жетишет, мындан ары биз алданбашыбыз керек. 28 - сентябрда коомдук чогулуш кылдык. Анда да, ушул туурасында талкуулап, Өкмөткө, парламентке кат жөнөттүк. Кудай буюрса парламенттен бул маселени карап чыгышып, оң жагынан чечип беришет деген илгери үмүт менен турабыз.
- Орозбек агай, айтсаңыз Кыргызстандагы кен иштеткен компанияларда дээрлик көпчүлүгү кыргыздар иштейт эмеспи. Алар көп жылдан бери тажрыйба топтоп, адис болуп калышты. Биз ошол кендерди инвесторсуз өзүбүз иштетсек болобу?
- Туура, Кыргызстандагы кен иштеткен компанияларда көпчүлүгү кыргыздар иштешет. Маселен, Кумтөрдө 2000 кызматкер иштесе, анын 3 - 4 пайызы чет элдиктер. Калганы бүтүн жергиликтүү жарандар. Бирок, анын баары техникалык жана кара жумуштарында. Ал эми жогору жагындагы башкаруу кызматтарында чет элдиктер отурат. Мурда жакшы келишим бар болчу. Анда аталган компаниянын башкаруу кеңешинин директорунда тогуз адам болсо, ошонун алтоо кыргыз жараны болот деген. Бирок, аны кийин өзгөртүшүп, инвесторлордун пайдасына чечилип калган. Ошондон бери бул компанияга өзүбүз таасирдүү кийлигише албайбыз.
- Бирок, директорлор кеңешинде биздин үч жараныбыз бар го?
- Бар болгону менен алардан эч кандай пайда болгон жок да. Ал жерге чыныгы кесипкөй, адистерд и алып барыш керек...


  Экс- Президенттик макам

Адилет Айтикеев, журналист:
"Текебаев мындан 6 жыл мурда айтканын толук танып жатат"
- Адилет мырза, сиз бир жыл мурун Москвага барып экс - президент А.Акаевдан интервью алып келдиңиз эле. Андан бери да ал киши менен байланышып атасыңарбы?
- Аскар Акаев менен байланышкан жокмун. Болгону Майрам эже менен байланышып турам.
- Өткөндө Ө.Текебаев мурдагы эки президенттин экс - деген макамын алып, Р.Отунбаевага эле экс - макамын бериш керек деп чыкты. Буга кандай көз караштасыз?
- Ө.Текебаевдин бул сунушуна жарым-жартылай макул эмесмин. Анткени биринчи президент Аскар Акаевдин кол тийбестик статусун 2005-жылы шайланган парламенттин 75 депутатынын 38и колдоп, ыйгарган. Конституциядагы экс-Президент жөнүндөгү берененин негизинде ушул эле Текебаев өзү кошулган, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген 7 адамдан турган атайын депутаттык топ Москвага учуп барып, кыргыз элчилигинин имаратынан нотариустун күбөлөндүрмөсү менен видеокайрылуусун жана арызын кабыл алышкан. Ошонун негизинде Курманбек Бакиевдин бийлиги Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзамдаштырылган. Эгерде ушинтип эле бир парламент ыйгарган статусту экинчи парламент ала берсе, эртең азыркы президентке асыла турган күчтөр да чыгат. Ошон үчүн мындай ойноок, туруксуз көз караштар менен макул эмесмин. Баарынан таң калтырганы, Текебаевдин мындан 6 жарым жыл мурда айтканын толук танганы болуп жатат. Ал эми Курманбек Бакиев арызын жазып бергени менен аны атайын Жогорку Кеңеш кабыл алган эмес. Ага экс-президент деген макам дагы берилген эмес. Тескерисинче издөө жарыяланган. 7-апрелдеги окуя боюнча Курманбек Бакиевдин иш-аракетине укуктук баа берилип, баары мыйзам чегинде чечилиши шарт. Текебаевдин Роза Отунбаева боюнча айтканы толук колдоого ала турган сунуш. Бул кишинин азыркы турукташтыруу процесстеринде ат көтөргүс салымы бар.