БОРИС НЕМЦОВДУН СЫР ТӨГҮҮСҮ
(Башы өткөн сандарда)
Ар бир саясатчы аракет кылган өзү болжогон чек же бийиктик бар. Бул бийиктик жөнүндө ар бири кыялданбай койбойт. Мамлекеттеги эң жогорку саясый кызмат, президенттик шайлоолордогу жеңиш - саясый карьеранын туу чокусу, кыймыл үчүн маяк, күрөш үчүн жүйө. Ар бир олуттуу саясатчы жан дүйнөсүндө, албетте мамлекетти башкаргысы келет. Бул жөнүндө бардыгы ойлонушат, демагогдор аныгын ачык айтышат, башкы байге үчүн болгон оюндарда ийгиликке көзү жеткендер укмуштай туруктуулук менен шайлоолорго катышат.
Саясатта көптөгөн адамдар бир кызык иштер менен алектенишет жана ошол идеяларды эрмектешерин мен эбак эле байкагам.
Бүгүнкү күндөгү Россиянын таанымал саясатчыларынын айрымалана турган мүнөзү - курулай шектенүү, ишенбестик жана кутумчулук теорияга ишенгендик. Бирок, психиатрия китептерин ачсаң, бул деген ооруунун белгилери. Мисалы, биздин коомдо Америка Россияга каршы кутумчулук кылып жатат, ал Англияга жардам берип жатат деген идея кеңири тараган. Жириновский менен Рогозин мырзалар Кремлдеги көптөгөн жетекчилер жекече аңгемелеринде Улуу шахмат тактасындагы бирдиктүү борбордон кыймылдаткан фигуралар жөнүндө кеп кылышат. Менин оюм боюнча, ачыгын айтсам, мунун баары акылынан тайыгандарга окшошуп кетет.
Чынына келсек, Россиянын көйгөйү - бул россиялыктар. Россиянын башкы душманы - бул биздин өзүбүз, биздин кылымдарга созулган кулчулугубуз, жүз таюу жана ошол эле учурда чинди сыйлоо, жетекчинин даражасына карабай жаламайы болуп саналат. Биздин адамдардын бир кызыгы - алгач жетекчини - корпорациянын директорун же өлкө президентин өзүн унутканга чейин жалап-жуктап, ошодон бир ырахатка батып, анан ал адам мүдүрүлүп кетээри менен анын аркасынан бычак уруу. Элибиз ушундай, мындан башка жок. Россиянын эли, жумгактап айтканда, бир-бирине тең келбеген эки тайпага бөлүнгөн. Бири - крепостнойлордун тукуму, кулчулук аң-сезимдүү адамдар. Алар өтө көп, алардын көч баштоочусу - В.В.Путин. Экинчи бөлүгү /азыраагы/, эркин төрөлгөн, текебер жана көз карандысыздар. Алардын көч баштоочусу жок, аларга анын кереги да жок.
Россиялык империялык салт: падыша барында ал баарынан мыкты, анын эрки мыйзамдан да маанилүү. Өзү үчүн, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чандалар гана чыгына алышат. Ушундай ченемдеги жүрүш-туруш Россия үчүн башкы коркунуч жаратат. "Бизди тандоо укугубуздан ажыратты", "бизди акыйкат маалымат алуу укугубуздан кол жуугузду" же "бизде тиги-бул телеканалды жаап салды" дегендерди көп угам… Менин дайым жообум бар: "Буга өзүбүз күнөөлүүбүз. Ушуну каалабадык беле, каршылык көрсөткөн жокпуз да. Биз өзүбүздүн кошуналардын акесин таанытып атканда унчукпай байкап отурбадыкпы. Биз бири-бирибизди жактырбагандыктан, алардын кайгыларына сүйүнүп жатпадыкпы. Биз өз ара өч алууга көнүп, жалпы оюндун эрежесин орноткон жокпуз да…"
Жалгыздан алганда биз аябагандай акылдуубуз, өз алдынча саясатчы - чоң стратег, чогула келгенде эле - айдың жолдогу баш кесерлерге айланып чыга келебиз. Териштире келгенде эле мушташ аралашкан турак-жайдын маселесине айландырып жиберебиз.
"Союз правых сил" менен "Яблоко" партиясы эмне үчүн 2003-жылы бирдиктүү коалицияга баш кошкон эмес? Жообу мага бештен белгилүү: кур намысыбыз курутуп салган. "Яблоконун" башкы демөөрчүсү Михаил Ходорковский болгон, партия каражаттын көбүн ошондон алган. СПСда болсо, Ходорковский биз үчүн көптөгөн демөөрчүлөрдүн бири болчу. Биз партияны кимдир бирөөлөр көзөмөлгө албасын дегенден коркконбуз…
Мындай учурда кризиске каршы иш-чаралар зарыл. Бардык демократиялык күчтөрдүн биригиши - кризиске каршы дегендин өзү. Ооба, биз бири-бирибизден айрымаланабыз: "Яблоко" социал-демократтар, СПС - либераль демократтар. Одонороок айтканда, алар аз камсыздалгандардын пайдасына акчаларды кайра бөлүштүрүүнү, а биз болсок ишкерлерге эркиндик, чакан, орто жана ири бизнестин натыйжалуу иштешине бирдей шарт түзүүнү кармандык. Жогорку маяна менен адамдар кадимкидей жашай алышат, алардан алынган салыктан болсо өлкөбүз жашап кетет. Мындай саясый көз караштар биздин чындыкка караганда Европа үчүн олуттуураак. Россияда тандоо катуураак жана жөнөкөй: өлкөдө диктатура же демократия жеңет. Бул маселеде жана мамлекеттин саясый системасын реформалоо көйгөйү боюнча биздин "Яблокодон" ынанымдар боюнча карама-каршылыгыбыз жок, ошондон улам коалицияга бирикпей коюу - кылмыштуулук.
Бирок мен СПС менен "Яблоконун" жөн-жай биригүүсү мүмкүн эмес деп эсептейм. Бул идеяга чекит коюп, ага байланышпаган талаш-тартыштарды токтотуу керек. Бизге жаңы партия, жаңы аталыштагы партия керек. Экинчиси - жаңы жетекчилер, жаңы адамдар. Үчүнчүсү болсо - жаңы программа.
Бириге алышпаса, демократтардын жакынкы жылдарга дагы эле ооматы жок, демократиялык кыймылдар-диссиденттикке айланат. Ал селсаяктыкка айланышат жана чыныгы саясаттан таптакыр кетишет. Балким, мындай болушу керектир, бүгүн Путин "Путинсиз барабыз" дегендерди, макул эместердин маршка чыкканы үчүн камап жаткандардан жаңы адамдар чыгып калаар. Азыркы демократтардын арасында андайлар жок. Баары бирдей. Биздин баарыбыз горбачевдук-ельциндик шинелден чыкканбыз. Бардык демократтар: Рыжков, Каспаров, Хакамада, Явлинский, Немцов, Чубайс, Гайдар - мунун баары горбачевдук-ельциндик чакырыктагылар.
Биз тараптагылардын өзгөчөлүгү - билимдеринин жогорку деңгээли. Эркеги, уургаачысы, кары-жашы, алардын социалдык түзүмү, менин көз карашымча, ынанарлык мааниге ээ эмес. Мен, мисалы, биз орто класстагы партиябыз деп айтканыбыз акылсыздык дээр эле деп эсептейм. Анткени, бизде орто класстагы партия дегендин өзү, Москва, Питер, мүмкүн Тюмень облусун айтпаганда деги эле жок. Экинчиден, орто класс, эреже катары өтө эле турмуштун ыңгайын көздөгөн, жалпысынан өтө эле саясаттан четтегендер.
(Уландысы кийинки санда)
Которгон Түлөн АКМАТАЛИЕВ.
Ишкерлерге мындан да айланчыктасак кейбирлик болот. Ошондуктан, демократтар үмүттөнгөн социалдык топтор тууралуу айта турган болсок, мен мындайча айтмакмын, билимдүү адамдар; жаштар;өздөрүнө нан таап жеген өз демилгелүү эмгектеги адамдар. Буга кошумча - акчалары менен ыйгарымдарын тартып алгандыктан таарынган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудагы жана облус деңгээлиндеги төбөлдөр, алардын көбүн ушул эки маанидеги иштер көк чайдай тажатты.
Андан ары - чыгармачыл интеллигенция жана бүтүндөй эле интеллигенция. Ошол эле куржалак калган мугалимдер, алар өтө солчул көз караштагылар жана коомдук пикирге күчтүү таасир беришкендер. Ошондой эле дарыгерлер, өзгөчө поликлиникадагы дарыгерлер менимче, бул деген кенен база - 20-30 миллионго жакын адамдар. Ушундай учурда чекмеленген либералдык идеялар өтпөйт. Ошол учурда, эгерде биз жалаң либералдык-демократиялык тутумду кармансак, ал жаде калса социологдордун көз карашынан алганда бир нече миллион адам. Аз!
Либералдык идея мындан аркы саясаттын негизи боло алат, бирок ал эл алдындагы кургак чечендиктин негизи боло албайт. Айтмакчы, муну Украина жана Улуубританиянын тажрыйбасы көрсөтүп турат. Биз Тони Блэрдин ыкмасын пайдаланууга тийишпиз. Тони Блэрди жактыра бербеген баронесса Тэтчер менен сүйлөшкөнүмдө, ал мага жөнөкөй бир нерсени айткан: "Ал, албетте шайтан алган солчул-тред-юниондук былжыракты айтканы менен , мен айтканды жасайт." Мүмкүн, Блэрдин ыкмасын, мүмкүн мындай мамилени да пайдалануу керектир. Мүмкүн, трет-юниондук кур чечендикти андан аркы либералдык иштерде пайдаланган бирөө табылар. Бул Россия үчүн эң сонун вариант болмок. Россия - солчул өлкө, ага оңчул реформа керек.
Эмне үчүн биз 2003-жылы бириге алган эмеспис, азыр келишимге келе албай жатабыз. Коомдо демократия менен демократтарга социалдык тапшырык жок.
Айталы, Поповка айлында дүкөн ачты дейли, анда жарашыктуу тигилген кийимдер сатылып жатат. Кооз, сапаттуу кийимдер айыл элинин суроо-талабынан пайдаланылбайт. Бирок, бир мезгилде Поповка айылы цивилизациянын борбору болуп, эл көбүрөөк таап, жакшы жашап калышар. Ошондо гана анын жашоочулары эмнени кийип, кандай машине минүүнү ойлоно башташат. Россия дал ошол Поповка айылы.
Ошол эле учурда сырттан байкоочу болуп, кыймыл-аракетсиз күтө берүүнүн да кереги жок. Бүгүн мен инсандык факторлор, ооруксунуу менен аракеттенүү, кур намыс бүтүндөй өлкөнүн кыйрашына алып келерине толук ишенем. Бул кур сөз же турмуштан алыстаган жөн эле философияга оронуу эмес. Мен 2003-жылы Думага демократтар болгондо, Россияда басма сөз эркиндиги сакталып, өлкө мамлекеттик капитализмден ашынган бюрократиядан четтеп кетет эле деп эсептейм. Парламенте таза, ынанымдуу демократтар болгондо өлкөдө губернаторлорду шайлоо сакталып, акчанын көбү жер-жерлерде калат эле. Бийликти парламенттик көзөмөлдөө жеңилдиктерди акчага айлантуудан Беслан трагедиясын тергөөнү улантууга көптөгөн казына уурдагандарды токтотууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
Которгон Түлөн АКМАТАЛИЕВ.