Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандагы
биримдиктин жана туруктуулуктун кепили!
Алмазбек Атамбаев - өлкөнүн бүтүндүгүнүн кепили. Ал өлкөнүн Түндүк менен Түштүккө бөлүнүп калышына жол бербей коё ала турган президенттик кызматка жападан жалгыз талапкер. Атамбаевдин улуттар аралык көйгөйлөрдү чечүү, бийликтин бардык органдарында кландыкты жок кылуу боюнча олуттуу жана жакшылап ойлонулган программасы бар. Ал эч качан адамдарды кайсы уруудан экенине карап бөлгөн эмес жана бул көрүнүштүн мындан ары да таркалып кетишине жол бербейт.
Алмазбек Атамбаев - тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер. Ал Өкмөттө бир нече жолу жогорку кызматтарды ээлеп турду, анын ичинде эки ирет премьер-министр болду, Жогорку Кеңешке депутат болду. Башка талапкерлерден айырмаланып, ал мамлекеттик башкаруунун майда-чүйдөсүн көпкө чейин үйрөнүп олтурууга муктаж эмес. Атамбаев өлкөнү кризистен чыгаруу үчүн жетиштүү билим жана тажрыйбага ээ.
Алмазбек Атамбаев - дүйнөлүк ири державалардын жетекчилеринин арасында сый-урматка жана кадыр-баркка ээ, эл аралык масштабдагы саясатчы. Бүгүнкү күндө ал -эл аралык аренада өлкө кызыкчылыктарын коргоп калууга чакырылган так-даана тышкы саясий программасы бар Кыргызстандын жападан жалгыз лидери.
Алмазбек Атамбаев - социалдык жана саясий реформаларды небак эле жүргүзө баштаган президенттик кызматка жападан жалгыз талапкер. Пенсияларды жана эмгек акыларын жогорулатуу, көптөгөн актуалдуу көйгөйлөр, анын ичинде ушул жылдын жайындагы күйүүчү май кризисин чечүү боюнча ийгиликтүү эл аралык сүйлөшүүлөр, коррупция менен натыйжалуу күрөштүн башталышы жана башка дагы көп нерселер - анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндөгү ишинин жыйынтыгы.
Алмазбек Атамбаев - өлкөнүн ар түрдүү саясий күчтөрүн бириктире ала турган адам. Кыргызстандын ири партияларынын жана коомдук кыймылдарынын лидерлери ага ишеним көрсөтүштү жана өз тарапкерлерин Атамбаев үчүн добуш берүүгө чакырышты. Бул адамдардын пикири боюнча Атамбаев гана парламенттеги жана өкмөттөгү саясий ыйкы-тыйкыларга чекит коё алат.
Алмазбек Атамбаев - өз убадаларынын өтөсүнө чыккан саясатчы. Алар жөнүндө ал өзү мурда айткан бардык башталыштар: жолдордун, мектептердин жана бала бакчаларынын курулуштары, фермерлер үчүн лизинг программаларын жүзөгө ашыруу, кен чыккан жерлер боюнча чарбалык маселелерди чечүү, жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана дагы башка көп нерселер - азыр турмушка ийгиликтүү ашырыла баштады.
Алмазбек Атамбаев - элдик салтты сыйлаган адам. Айкөл Манастын жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкелдерин орнотуу демилгесин дал Атамбаев көтөрүп чыкты. Ошол эле учурда ал каада-салттарды сыйлоо прогресс жолунда бөгөт болбоосу керек экендигин белгилейт. Жашоо-турмуштун баштапкы үлгүсү менен коомдун өнүгүүсүнүн заманбап тенденцияларын айкалыштыруу - ал парзым деп эсептеген негизги нерселердин бири мына ушул.
Бүгүнкү күнгө Алмазбек Атамбаев - өлкөнү кризистен алып чыга ала турган, анын гүлдөп-өсүшүнө жетише турган жападан жалгыз мамлекеттик ишмер. Ал республикадагы туруктуулуктун кепили болуп саналат. Бул киши ар бир кыргызстандыктын жашоо-турмушун кантип жакшыртууну билет. Атамбаев гана чыныгы татыктуу Президент боло алат!
Эл биримдигин бекемдей ала турган инсанды колдойлу

Абдыразак Шермамбетов, Нарын шары: Кыргыз мамлекетибиз эгемендүү болгондон бери 20 жыл өтсө дагы, терс көрүнүштөрдөн арыла албай жатабыз. Биз союздун курамында турган кезде түндүк-түштүк, уруу-урууга бөлүнүүлөр көп байкалчу эмес. Жердешчилик менен уруучулук айрыкча шайлоо учурларында аябай күчөйт. Эгерде ушул жолу бөлүнө турган болсок, анда бийликке ким келсе дагы эч кандай өзгөрүү болбойт деп ойлойм. Менимче, элди жер-жерге, улут улутка, уруу урууга бөлбөгөн, бириктире ала турган инсанды колдойлу деп ураан чакырамын:
Эмитен барчу жолду түздөйлүчү,
Эл ичинде ынтымакты күчтөйлүчү .
Сатылып, таза өткөрбөй шайлообузду,
Такалып дагы жарды сүзбөйлүчү.

Тагдырдын тайгак жолун тандабаган,
Тайкы акыл, карөзгөйдү жандабаган.
Татыктуу президентке Атамбаев,
Так сүйлөп адамдарды алдабаган!

Атамбаев - акыркы үмүтүбүз
Бакир Тиленбаев, Өзгөн району, Ийри Суу айылы: Байкап жаткандырсыздар, өлкөбүз алсызданып, айылды ар кандай ушак сөздөр аралап, дисктерге жазылган жалган "фантастика кинолор" таратылып, элди кыжаалат ойго салууда. Муну менен улуттук коопсуздукка, келечегибизге доо кетип жатат. Чындыкты моюнга алалы, жеке кызыкчылыгыбызга карабай, мамлекеттин кызыкчылыгына карайлы. Жердешчиликке, куру убадаларга алданбайлы. Бүгүн мамлекет үчүн кара жанын карч уруп иштеген ким? Мен Алмазбек Атамбаев деп айтаар элем. Бул инсан аз убакыттын ичинде элдин бийликке болгон ишеничин жандантты. Атамбаев бул-- акыркы үмүтүбүз. Үмүтүбүздү өчүрүп албайлы...

Ишеним пайда болду, рахмат!
Биз Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын пенсионерлери сизге, Алмазбек Шаршенович ушул турмуштун татаал мезгилинде кары картаңдардын пенсиясын, мугалимдердин, медицина тармагындагылардын маянасын көбөйтүп бергениңерге чоң ыраазычылыгыбызды билдирибиз. Өлкөдө кырдаал татаалдап турган мезгилде, кыска мөөнөттө Кыргызстандын экономикасын стабилдештирүүгө кылган салымыңыз баа жеткис.
Эч нерсеге ишенбей калган Кыргызстандын жашоочулары Сиз өкмөт башына келгенден баштап, Кыргызстандын келечеги бар экенине толук ишеништи. Күч бирдикте дегендей келе жаткан президенттик шайлоодо жолуңуз шыдыр болсун. Теңирим колдосун!
Биз ар дайым сиз менен биргебиз.
Өмүралиева Бейшекүл
Өмүралиев Абыл
Бакаева Айганыш
Абдылдаев Жумагул
Ахмедшина Гульшат
Певченко В.А.
Кундашева Алымкан
Кулдобетова Куласал
Турдубаева Мунасип
Калыгулова Бүбүнар

"Атамбаевдин алган багыты туура"
Абсамат Эргешов, Кадамжай району, Каражыгач айылы: Кадамжайлыктардын башкы көйгөйлөрүнүн бири - сугат суунун тартыштыгы. Суунун жетишсиздигинен күн өткөн сайын элдин саны өскөнү менен айдоо жердин көлөмү өспөй калган. Бул көйгөйлөрдү чечүү көп жылдардан бери кийинкиге калтырылып келгендиктен, элдин турак жайга болгон муктаждыктары канааттандырылбай калган болчу.
Алмазбек Атамбаевдин "Баткен облусундагы ирригациялык тармактарды кеңейтүүгө жана жаңыларын курууга мамлекеттен акча каражаттарын аябаймын" деген идеясын колдойм. Мен эле эмес сугат сууга таңкыс Бүргөндү өрөөнүнүн жана Үч-Коргон аймагынын элдери да колдойт. Мындай дегеним, премьер-министр болуп турганда А.Атамбаев өкмөттөн Кадамжайдагы Боз-Кара-Кыштак каналынын курулушун аяктоого жана Бүргөндү өрөөнүндөгү дың жерлерди өздөштүрүү үчүн кандай болбосун мамлекеттен жетиштүү акча бөлүп берүүнү убада кылган. Айтканына туруп, А.Атамбаев өкмөттөн Кадамжай районундагы Бүргөндү дюкерине - 361 млн.сом, Боз-Кара-Кыштак каналына - 230 млн.сом акча каражатын бөлүп берди деп угуп, төбөбүз көккө жетип, сүйүнүп олтурабыз. Демек, Кара-Кыштак-Боз каналынын ишке кириши менен эле 1000 га ашык дың жерлер өздөштүрүлүп, көптөгөн элдер жумуш менен камсыз болушат. Ал эми Бүргөндү өрөөнүндө болсо 3000-4000 га жакын дың жерлер бузулуп, ондогон жаштардын турак-жайга болгон талабы канааттандырылат. Ошондой эле, миграция агымында жүргөн көптөгөн атуулдарыбыздын өз элине кайтып келишине шарттар түзүлөт. Мына ошондуктан А.Атамбаевдин алган багыты туура деп эсептейм.


АТАМБАЕВ - улуттук жол башчы
"Атаке баатыр" коомдук фондусунун торагасы Төлөмүшев Т.Ш., Чүй облусу, Кемин району: Кемин эли түпкүлүктүү журт. Сабырдуулукту жана адилеттүүлүктү туу тутуп, кыргыз элинин мыкты чыккан уул, кыздары менен сыймыктанабыз. Андыктан биз да өлкөдөгү жаңыланууларга жана саясий иштерге активдүү катышабыз. Мына, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу коогалаңда кеминдик жаштар алдыңкы сапта болушту. Каза болгон 87 азаматтын сегизи 18-22 жаш курактагы, али үйлөнүп үлгүрө элек балдарыбыз эле. Ошол жылкы Ош коогалаңы башталганда да кеминдиктер сырттан карап тура алышкан жок. Эки элдин тынчтыгын калыбына келтирүү максатын көздөгөн ондогон эр азаматтарыбыз түштүк жергесине аттанышкан. Тилекке каршы ал жактан эки жигитибиз душмандын огунан каза болду, артында алган жары, жаш балдары жетим калды. Элибиздин келечеги үчүн жандарын кыйган жигиттерибиздин аза кайгысы сай сөөгүбүздү сыздатып, муунубузду бошотуп турса да, биз Кемин эли кайратыбыздан жазбайбыз жана алардын даңазалуу ишин бийик тутуу ыйык парзыбыз деп эсептейбиз.
Азыркы күндө мамлекетибиз жана бүтүндөй кыргыз эли өтө жооптуу күндөрдү башынан кечирүүдө. Өлкө башчысын, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгү башталды. Курамына районубуздун аксакалдары аттуу, баштуу жетекчилери кирген "Атаке баатыр" коомдук фонду мамлекетибиздин келечеги үчүн, элдик революциянын максатын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенттигине Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин талапкердигин колдоону так кесе чечтик. Ырасында эле А.Атамбаев азыркы кыргыз элитасынын ичиндеги эл үчүн күйгөн азаматтардын көч башында турат. Атамбаев Алмазбек - кыргыздын улуттук лидери.
"Атаке баатыр" коомдук фонду жана Кемин районунун аксакалдары, коомчулугу биздин демилгени бүтүндөй кыргыз коомчулугу колдойт деген ишенимдебиз.






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«