Алысты айныксыз, таасын көрсөткөн дүрбүнүн пайдасы да чоң. Мына, ушул жөнөкөй эле буюм менен ыраактагы каалаган көрүнүштөрдүн баардыгын үтүр-чекитине чейин байкоого болот. А журналисттердин "дүрбүсү" - алардын калеми. Калем гана алыстагы нерсени жакындатып, маалыматтардын булагын ачык-айкын окурмандарга жеткирет. Демек, төмөндөгү "Дүрбү" аттуу рубрикабыз да сиз үчүн, окурман!

"Чын - чычалайт…"
Азыркы тапта элдин көңүлүн бурган сөздөр - барып-келип шайлоо жүрүштөрүнө такалат. "Бул кандидат алдыда келе жатса, экинчиси эмнегедир, мүдүрүлүп, ташыркап, марага жете албачудай…" деп прогноз жасап, алдын-ала анализдөө жүргүзүшөт. Бирок, кандай айтсак да, баардыгы буйруктан...
Ажолукка талапкерлердин ар бир кадамы, тагыраагы, жүргүзүп жаткан жарнамалык иш-аракеттери, сүйлөгөн сөздөрү - алардын аброюн арттырып же тескерисинче, электораттын ишенимин азайтышы мүмкүн.
Айрыкча, кандидаттар ортосундагы дебат да көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып олтурат. Ага ар ким ар кандай баасын бергени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жакында эле телевидение аркылуу уюштурулуп жаткан талапкерлердин дебаты боюнча спикер Келдибеков бир булкунуп, ачуу бүркүп алды. Ал: "Бул кандай шермендечилик?! Эки журналист туруп алып, ушак сөздөрдүн негизинде кандидаттарга суроолорду берип жатат" кыязында бир каарданып өттү. Мунун да жүйөөсү бар. Себеп, саясатка баш-оту менен берилген тың чыкмалар өзүлөрүн каптаган так, таамай суроолорду көтөрө албайт. "Чын-чычалайт" эмеспи. Аларды сылап-сыйпаган "Сен жакшы!" деген мамиле керектиги да белгилүү. Бирок, дебатты жөн гана "Мактоолорго толгон маектешүү" деп түшүнбөш керек. Анда маселенин күңгөй-тескейи каралат жана оппоненттер ачуу болсо да, чындыкка негизделген ой-пикирлерди ортого салат.
Спикер ачууланып айтып жаткан дебаттын алып баруучулары да чукугандай суроолорду берип, Ажолукка талапкерлердин шаштысын кетирип, ал турсун, ачуусуна тийип жатканы коомчулуктун көңүлүн буруп жаткандыгы талашсыз. Эгерде, журналисттер келди-кетти, жөнөкөй суроолорду даярдаган болсо, дебатты эч ким көрмөк да эмес. "Аа, баягы адаттагы эле куру ураандар… Куру мактоолор" деп баш чайкашмак. Анын үстүнө кандидаттардын бирөөсү каалап-каалабасак да, эртең мамлекеттин башчысы болот. Коомчулукта кандай суроолор болсо да, талапкерлер ачык-айкын жооп берүүгө милдеттүү. Сөздүн ток этээр жери, отчёт катары шайлоочуларга ачык ойлорун билдирүүгө эмнеге болбосун?! Эки журналисттин суроосуна чычалаган талапкер эртең жалпы элдин суроосуна кантип жооп бере алат? Муну да ойлонуу зарыл.
Экинчи жагы , "Ушактын негизиндеги соболдор" деп төрага мырза жөн жеринен кыйыткан жок.
Дебат учурунда алып баруучулар да Президенттикке талапкерлерге далилдерге жараша олуттуу, орчундуу делген суроолорду бергени оң. Деңгээли "о" го түшүп кеткен арзыбаган суроолор менен эч кимди таң калтырууга болбойт.
Бизде "Курч ойду айтам" деп оңтойсуз абалда калган жагдайлар көп кездешет. Же "Ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга чалдыгат" эмеспи.
Үчүнчүсү , (Биздин айта турган оюбуздун эң эле маанилүүсү) кандидаттар дебатты күч сынашуу рингине салыштырып алгандай… Айрыкча, А. Мадумаров, К. Ташиевдер өзгөчө каарданып, алып баруучуларга ачуу бүркүп жатканына таң калгандар көп. Таза, чындыкка таянган адамдар кандай болбосун, ачык жооп бере алат. (Кабак-кашын бүркөбөстөн). Коомчулук көрүп жаткандыктан, этикалык эрежелер да сакталышы керек го.
"Сурооңду укпай калдым. Жакын келчи!" деп Президенттикке талапкер адам журналистке буйрук берип сүйлөөгө акысы да жок. Же болбосо, суроого чычалап, кызарып-татарып, болгон-бүткөн сабырын силкип салып, тиш кайраган да эртең "Ажо болом" деген саясатчынын мүнөзүнө туура келбеген көрүнүш. Эгерде алып баруучунун соболу кандидатка таптакыр жакпай калган болсо же ага карата ачык түрдө даяр жообу жок болсо, анда ал суроого жооп берүүдөн сылык-сыпаа гана баш тартып койгону акылдуулук болот эле.
Дагы бир тарабы, талапкерлердин арасында өз баасын билбей, жөн эле "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" кейпин кийгендер да жок эмес. Далилге таянсак, Президенттикке талапкер - Алмазбек Каримов айтканыбызга ачык мисал боло алат. Эң эле жөнөкөй суроолорго оңдуу пикир айта албаган бул талапкер өзү катышкан дебатты кайталап көргөн болсо, уялды бекен же…
Адам биринчи өзүн сынап көрүп, качан гана даяр болуп, бышып-жетилгенде гана өзү каалаган максаттарга умтулса, бизде малды касапчылар гана сойгон тартипке негизделген натыйжалуу кадрдык система орномок. Тилекке каршы, андай эмес.
Дегеле, кандидаттардын дээрлик көпчүлүгү дебат маалында конкреттүү суроолорго ташка тамга баскандай такылдап жооп узатып койгонго кудуреттери жетпегенин кантип түкшүмөлдөйбүз? Сөз байлыгы жок болсо да, болбоду дегенде, платформасын кайталап окуп, жаттап алууга болот эле да. "Катардагы эле соболдорго мукактанып, кыйналып, парга түшкөндөй тердеп-кургаган А. Каримов өңдүү талапкерлер Президенттик постту мындай коюңуз, өзүнүн адистигинде жөнөкөй эле кызматкер катары кантип иштеп жүрдү?" деген ойлор жаралат.
Айтор, "Ажолук таймашка түшкөндөр дебаттын шартын толук аңдап-билип алышса" деген ой. Болбосо, ал жер Президенттик жарышка түшкөндөрдүн интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүүчү күзгү эмес эле, күндөштөрдүн күңкүлдөгөн кайым айтышуусун элестетип, күлкү келтирип жаткандыгы да чын.

Жаңы дем,
жаңы кадамдар
19-октябрда саат туптуура 16.00 дө жаңыдан түптөлүп, арыш алган "Улуу Кыргыз Улуттук" кыймылынын демилгеси менен "Улуттук Улуу Курултай" деген аталыштагы долбоор сунушталып, анын негизинде тегерек стол уюштурулган. Ага УКУКтун мүчөлөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Белгилүү болгондой, бул ирет да күндүн маанилүү темалары болгон алдыдагы Президенттик шайлоо, келечекте таза башкаруу системасын тандап алууга негизделген өңдүү бир катар мекенчил сезимге толгон маанилүү көз караштар ортого коюлду.
"Улуу Кыргыз Улуттук" кыймылынын аймактардан келген өкүлдөрү да сөз алып, урунттуу сунуш-пикирлерин айтып өтүштү.
Коомдо орун алган саясий кризис, башаламан башкаруу системасы, коррупция, аксаган кадр алмашуулар, кен байлыктардын абалы, мыйзамдын күчсүздүгү, айтор, буга чейин айтылып келген толгон-токой актуалдуу ойлор жамгырдай жааган тегерек столдун катышуучулары кайдыгерликтен ойгонгон, эртеңки улут биримдигине, өлкө тагдырына чындап, ак ниеттен толгонгон жаш-кары замандаштарыбыз экендиги кубандырат.
"Улуу Курултай деген сөздүн барк-баасы да кетти. Көтөрүлгөн маселелердин баардыгы эле айтылган жерде калат. Эч кандай жыйынтык жок. Сиздердин программада элди тарткандай, ишендиргендей кандай негиздүү иш-чаралар каралган?" деген сурообузга УКУКтун төрагасы Абдимажит Мадумаров төмөндөгүдөй жообун узатты:
"Бул Улуу Курултайдын башкача формасы. Бизде аймактык өкүлчүлүк, аймактык кеңеш жана аймактык аткаруу кызматы түзүлүп жатат. Жер-жерлердеги элдин көйгөйлөрүн негиздүү түрдө көрсөтөбүз. Биздин максат - биригүү процессин колго алуу. Баардыгын ичине камтыган маселелерди көтөрүп, андан татыктуу түрдө натыйжа чыгаруу. А эң башкысы, өлкөбүздөгү талылуу көйгөй - коррупциянын тамырын кыркууну көздөйбүз".
Албетте, жалындаган мекенчил сезимдер орногон жерде демилгелүү иштер да жүргүзүлөт. Чындык тебеленип, жерде калбаш үчүн ириде, биригүү процессине жол ачылыш керек. "Бала ыйлабаса, эмчек кайда?" демекчи, мамлекетибизде ар бир жаран татыктуу жашагысы келсе, өз үнүн, өз чындыгын билдирүүгө толук акылуу. Андыктан, "Улуу Кыргыз Улуттук" кыймылынын уюштуруучуларына Чыңгыз Хандын бир гана акылдуу кебин айтсак жетиштүү болоор. "Баштаган соң, коркпо!.."




Кто он, Жедигер Саалаев!?

На поэтическом олимпе нашей отечественной литературы произведения этого поэта занимают достойное место. Он яркий представитель современной поэзии с огромной силой мысли.

Прекрасное не отвлеченная идея, не призрак, созданный нашей фантазией, это объективное свойство действительности. Прекрасное- есть жизнь. Все самое прекрасное в его стихах. Он талантливый поэт нашей современности. О необходимости и нечего говорить- нечего говорить о том, что бессильный работник - не работник, что хромой не танцор, что слепой- не живописец, что поэт без поэтического таланта не поэт. Протягивая нить от своего времени к солнечному, лучезарному будущему, Он, поэт смелого независимого ума, железной воли, исключительной целеустремленности. Он всего себя подчиняет великому и священному- служению Госпоже Поэзии. Этот год стал значимым в его творчестве - он дал жизнь своим произведениям, дал возможность нам читать и наслаждаться его стихами. В этот юбилейный год были изданы два великолепных сборника его стихов. Две книги "Аламан" и "Аттануу," обрамленные в картины великого художника, нашего современника, Диаса Устемирова раскрывают все душевное начало, всю внутреннюю эстетику, моральные и нравственные устои его души.
Во все времена поэзия занимает особое место в нашей жизни .У каждого из нас есть любимые строки, те строки, которые нам не нужно заучивать, затем болезненно вспоминать каждое слово. Просто когда-то прочитанное или услышанное оставляя определенный след в нашей душе, заряжая нас позитивными эмоциями глубоко остается в нашем сердце. И такие строки во истину называются шедеврами поэзии.
Несомненно, наша поэзия имеет свою специфику. Тот исторический процесс, который прошла наша страна за весь период своего развития отложила определенный отпечаток и на развитии поэзии. Но во все времена, на любом отрезке исторического развития поэзия несла в себе душевное состояние эпохи. Его стихи, это слияние двух исторических эпох, это те мысли, которые шли с ним заменяя одно время другим. И как бы время не меняло свои каноны в его произведениях отчетливо раскрываются черты морали новых людей. Его можно назвать - лекарем человеческих душ. Да именно так, поскольку его стихи наполнены святой и девственной любовью к родине, к народу. Идейность, целеустремленность, упорство, пропаганда чистых и благородных человеческих отношений это главные композиционные линии проходящие через всю сюжетную картину его стихов.
Будучи студенкой филологического факультета в далекое советское время мне пришлось пройти практику в селе Константиново, Рязанской области, на родине С.Есенина. Это была ранняя осень. Увидев это маленькое село на берегу Оки, я поняла: " родиться здесь и не стать поэтом, было просто не возможно. Величие красоты природы дала силы и С.Есенин стал тем, кем стал ". Я никогда не была родине у Жедигера, но знаю одно, человек, который воспел свой родной край, поэт у которого через все произведения белой нитью проходит любовь, в большом его понимании мог родится в маленьком "Эдеме". Один китайский философ говорил:"Умственные и нравственные силы растут от любви. Только тот любит, у кого светлеет мысль и укрепляются руки от любви". Душа наполненная любовью- имеет вселенские масштабы.И если у нас есть такие люди как Он, значит жизнь наша-Прекрасна!
Жанна Адраева.