Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Жарандардын укуктук чектелүүсүбү же "пропискага" байланган "эркиндикпи"?
"Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ар ким ары-бери жүрүү эркиндигине, бара турган жана жашай турган жерин тандап алууга укуктуу". 25-берене.
"Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билим алууга укуктуу", 47-берене, 1- пункт.
"Кыргыз Республикасынын жарандары ден соолугун коргоого жана медициналык жардам алууга укуктуу", 50-берене, 1-пункт.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫнан үзүндүлөр

Кыргызстанда жарандардын укуктук чектөөлөргө тушугуп жаткандыгын жоюу максатында "Мен пропискасыз паспорт үчүн!" аттуу өнөктүк башталды. Бул өнөктүк жыйырмадан ашык жарандык коом өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, эң ириде күнүмдүк турмушта өлкөнүн Баш мыйзамында жазылган жана кынтыксыз аткарылууга тийиш болгон тоскоолдуксуз акысыз билим алуу, медициналык жардам алуу укугунан ажыраган же болбосо социалдык коргоодон тыш калган жарандардын укугун коргоону, алардын абалын жеңилдетүүнү көздөйт. Адатта, мындай укук бузулууларга ички мигранттар, алардын балдары, улгайган адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, убактылуу кармоо жайларынан бошонгон жарандар туш болушары айтпаса да түшүнүктүү.
"Мен пропискасыз паспорт үчүн!" кампаниясынын демилгечилеринин жана катышуучуларынын бири Балдарды коргоо борборунун директору, "Базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк" Платформасынын мүчөсү Мира Итикееванын айтымында, жогоруда саналган кыйынчылык жана тоскоолдуктардын булагы болуп, жарандардын укуктары пропискага же жашаган жерине байлангандыгына байланыштуу. "Жарандар үчүн пропискасыз жашоо бир топ жеңил. Анткени, пропискага байланган жарандар, өзгөчө ички мигранттар өз мекенинде ээ болгон эң жөнөкөй конституциялык укуктарын пайдалана албай келишет", - дейт ал. Чынында эле ошондойбу? Анда эмесе сөздү ушул нукка бурсак…

Паспортуңуз барбы деги?
Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун 2006-жылы кабыл алынган үлгүсү жана аны алуунун жолдорунун өтө татаалдыгы тууралуу бир топ эле айтылып келет. Ошондой болсо да, жарандарды паспорт менен камсыз кылуу эң ириде мамлекеттин милдети экендигин эске сала кетүүбүз абзел.
Негизги ыңгайсыздык паспорт алуучу жаран толгон -токой кагаз чогултуусу керек: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, мурда колдонуп жүргөн паспорту, эгер жоготкон болсо адрестик сурап-билүү бөлүмүнүн справка (маалымкат), жашаган жеринен маалымкат, аскердик каттоодо турган жеринен маалымкат, ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү, каттоодо турган социалдык бөлүмчөдөн маалымкат (социалдык коргоо күбөлүгү), сүрөт, төлөмдөр тууралуу квитанциялар …ж.б. А түгүл кээ бир паспорт бөлүмдөрү окуган жеринен маалымкат, дипломдун көчүрмөсү, үй-бүлөсү тууралуу маалымкат деп да талап кылган учурлар кездешет. Өлкөдө түзүлгөн паспорттук кризистен улам, ошол толгон кагаздарды чогултуп келген учурда да жарым жылдап паспортун күткөн жарандардын үнүн эч ким укпаган учурлар да болгондугу маалым.
Бирок, учурда Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жогоруда саналган толтура казакдардын саны бир топ кыскартылган: туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жеринен маалымкат, төлөмдөр тууралуу квитанциялар, социалдык коргоо күбөлүгү. Ошентсе да паспорт алуу жолдору бир топ оптималдаштырылгандыгына карабай, жарандар баарыбир жашаган жерине, же болбосо пропискага байланып жатышат. Сыртта жүргөн кыргызстандыктар жана ички миграциянын айынан ар кайсы аймактардан борборубузга келип жашап-иштеп жүргөндөрдүн көйгөйү дагы да болсо көңүл сыртында кала берүүдө.

Эмне кылуу керек?
Ушул суроого "Мен пропискасыз паспорт үчүн!" өнөктүгүнүн катышуучулары жаңы демилге менен чыгышууда: паспортто прописка системасын жоюу максатында. Себеби, жогоруда айтылгандай, кыйынчылык менен болсо да паспорт алган күндө деле аймактардан келип борбордо иштеп-жашап күн көрүшүп жаткан жарандар эң жөнөкөй укуктарын пайдалана албай келишет: бала-бакчага, мектепке балдарын киргизе алышпайт, ден соолугун көзөмөлдөө үчүн бейтапканага барып көрүнүү өзүнчө эле тозок. Ага кошумча, көчө-белден милиция кызматкерлери тосуп, документ текшерүү шылтоосу менен "шаарда каттоого турбай, мыйзамсыз жашап жатыптырсың" деп акчалай айыпка жыгышат, же өздүгү аныкталмайынча деп, убактылуу кармоочу жайларга отургузушат. Андай болсо Кыргызстанда жарандардын конституциялык укуктарын ким коргойт?

Прописка - эркин жүрүүгө, дарыланууга, билим алууга тоскоолдукпу?
"Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоо тууралуу" мыйзамынын 61 -беренесинде көрсөтүлгөн "Кыргызстандын баардык жарандары жашаган жерине карабастан саламаттыгын коргоо укугуна ээ" деген ушу тапта сакталбай келет. Буга себеп, айланып келип эле ички миграциянын айынан шаарга отурукташууга аргасыз болгон жарандардын укугу пропискага байлангандыгы. көз карандысыз изилдөө да жасалган.
"Прописка (каттоо) системасынын жарандардын керек болгон баштапкы кызматтарды прайдалануусуна таасири" жөнүндө Бишкек шаарынын мисалында көз карандысыз изилдөөлөр да жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгын карап көрсөк, сурамжылоого алынган ички мигранттардын 37%ы, ооруканаларга көрүнүүдө прописканын жоктугунан ар кандай тоскоолдуктарга дуушар болушкандыгын айтышкан. Ар бир бешинчи респондент пропискасынын жоктугуна байланыштуу Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу каттоого алуудан баш тартышкандыгын билдиришкен.
Ушундай эле маселе билим берүү тармагында да чечилбеген көп маселелердин бар экендигин айгинелейт. 2003-жылдын 30-апрелинде кабыл алынган "Билим берүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамында Кыргызстандын жарандары жашаган жерине , жынысына, улутуна, тилине, диний жана саясий көз карашына, социалдык абалына карабай билим алууга акылуу деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, Кыргызстан 1994- жылдын 12-январында БУУнун балдардын билим алууга болгон укугу тууралуу айтылган "Балдар укугу" Конвенциясын ратификациялаган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер тууралуу" 1997-жылдын 16-сентябрында (№376/1) кабыл алынган жобосунда мектепке чейинки мекемелер мигранттардын балдары биринчи кезекте алынуусу милдеттүү экендиги айтылат.
Ошондой эле, 1999-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Указы менен бекитилген "Жеткинчек" (билим алууга мүмкүнчүлүк) программасында да балдардын укугун коргоодогу негизги милдеттердин бири катары балдарды жашаган жерине карабастан мамлекеттик мектептен тоскоолдуксуз билим алуусун камсыз кылуу каралган. Ошого карабастан борборубузда ички мигранттардын балдары пропискасы жок деген шылтоолор менен мектептен сырт калып, жашы жете элек өспүрүм балдар оор жумуштарга тартылып жатышкандыгы жашыруун эмес. Мектепке же бала-бакчага балдарын жайгаштырган учурда деле аймактардан келген ата-энелер прописканын айынан кыйынчылыктар менен, же белгилүү бир суммадагы расмий эмес төлөм (акча каражаты) төлөгөндөн кийин гана ишке ашкандыгын жашырышпайт.
"Мен пропискасыз паспорт үчүн!" өнөктүгүнүн катышуучуларынын белгилөөсүндө, учурда Бишкек шаарынын жашоочуларынын 20% нын пропискасы жок. Бул деген шаарда жашаган ар бир бешинчи Кыргызстандын жараны тоскоолдуксуз акысыз билим алуу, акысыз дарылануу, легалдуу жумушка орношуу сыяктуу Конституцияда белгиленген укуктарынан ажырап калышкан дегенди билдирет.
Ал эми жумушка орношуу, пенсия, пособия алуу сыяктуу маселелерде да пропискасыз эч ишти алдыга жылдыруу мүмкүн эместиги айтпаса да түшүнүктүү: жарандардын бул укуктары да айланып келип пропискага байланган.

Депутаттан ийги сунуш
Жогорку Кенештин депутаты Равшан Жээнбеков жакында "КыргызРеспубликасынын жарандарынын паспорту жөнүндө" мыйзам долбоорун коомчулуктун кароосуна алып чыкты. Аталган мыйзам долбоорунда жогоруда саналган паспорт алуу үчүн керектүү кагаздардын санын кыскартуу менен бирге, жашаган жери, улуту, үй-бүлөлүк абалы сыяктуу графалар жарандардын каалоосуна ылайык гана толтуруу каралган. Демилгечи депутаттын айтымында, Кыргызстандын жарандары өлкө аймагында кайсыл жерден келгендигине карабастан эркин жүрүүгө укуктуу болуусу тууралуу идея камтылган. Чындыгында пропискага байланбаган паспорту болгон ар бир жаран өлкөнүн каалаган аймагына барып каалагандай жашап, акысыз билим алуу, акысыз дарылануу, пенсия-пособиясын алуу сыяктуу укуктарынан кенен, эч тоскоолдуксуз пайдалана алар эле. Анүчүн Кыргызстандын жарандарынын бирдиктүү автоматташтырылган базасын түзүү жетиштүү.
Буга чейин бирдиктүү база түзүүгө оңбогондой чоң каражат (15-16 млн. АКШ доллары) керек, аны мамлекет азыр көтөрө албайт деп келишкен өкмөт өкүлдөрү. Бирок, Р. Жээнбековдун маалыматына ылайык, адистер менен кеңешип көргөндө 2-3 млн. АКШ долларынын чегинде жогоруда айтылган бирдиктүү база түзүүгө болоору белгилүү болгон. Ал эми бул каражатты Кыргызстанда жайгашкан эл аралык ири донор уюмдар каржылоого даяр экендиктерин билдиришкен.
Демек, келечекте бул бирдиктүү база түзүлсө, жоголгон паспорт үчүн кайра башынан кагаз чогултуу, же жөн эле паспорт алуу үчүн деле толгон-токой маалымдама кагаз даярдабай эле, эң негизгиси пропискасы жок, Кыргызстандан аймагында эркин жүрүү идеясы ишке ашып калуусу толук мүмкүн. Бул болсо өз кезегинде, ички мигранттардын абалын жеңилдетүүгө болгон чоң кадам болмокчу.
P.S. Эгерде паспорт алуу жол- жобосун жеңилдетүүнү кааласаңыз (0554) 02-21-11 номерине sms жөнөтүү менен добуш берсеңиз болот.
Асылкан Шайназарова








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??