Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

"ТАЗА ТАБИЯТтын" НИЕТИ ТАЗАБЫ?
Республикабыздын Жаратылышты коргоо жана экология агентчилигинде акыркы жумаларда күбүр-шыбыр кептер жүрүп жатканын угуп калдык. Агентчиликтин жетекчилиги жана кызматкерлеринин демилгеси менен "Таза табият" партиясы түзүлүп, анын мүчөлөрү күн санап өсүүдө. Мейли, партиясы го - партия, аты да жакшы экен, өздөрүнүн кызматына төп келгендей!
Бирок, кеп башка жакта болуп жатпайбы. Бул партияга мүчөлүккө кирип жаткандар сөзсүз түрдө 10 миң сомдон взнос төлөөгө тийиш экен. Жакында, аталган партия өзүнүн съездин да өткөрүүгө үлгүрдү. Ошол съездде "Биз Атамбаевди колдойбуз!" деген чакырык ташташып, эми, бүтүндөй партияны, агентчиликти Атамбаевге добуш берүүгө үндөп, керек болсо мобилизациялап жаткан учуру…
Баса, бул агентчиликтин жана партиянын жетекчилигинин көпчүлүгү ата-журтчулар экендигин баса белгилеп өтүүбүз абзел. Качантан бери эле ата-журтчулар Атамбаевди колдоп калышты эле? Же, качантан бери эле СДПКчылар ата-журтчулардын колдоосуна зар болуп калды эле? -деген коендой окшош, бирок мааниси бөлөк-бөлөк суроолорго жооп издеп көрөлүчү.
Сыртынан караганда сыпсыйда, тап-таза болуп турган "Таза табияттын" жүргүзүп жаткан бул иштери өз кезегинде шектенүүнү туудурбай койбойт. Азыртан эле "Административдик ресурстар колдонула баштады!" деп ач айкырык салып, ызы-чуу көтөргөнгө даяр тургандарга Кудай берип салбадыбы. Эртең эле "Мына көрдүңөрбү, керек болсо бүтүндөй партияны мобилизациялаган, бүтүндөй министрликти, агентчиликти…" деп болгон факты менен бетке чапса, Атамбаев "лам" деп ооз ача алабы?!
Эми, сөздүн ачыгын айтканда, "Таза табияттын" бул иши кара пиардын эле бир түрү болуп калгандай… Жаманатты кылыштын жакшы жолун таап алгандарга бали!

Камчыбек Ташиев бийликти басып алууну пландаганбы?
Мына ушундай каңшаар коомчулукта желдей тарады. Такталбаган маалыматка караганда, "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев бийликти күч менен басып алууга камданууда дейт.
Камчыке деле жыргаганынан мындай планды түзбөсө керек. Ал акыркы мезгилде рейтинги төмөндөп баратканын, 30-октябрда жеңилүү ызасын тартарын сезип, айласы кеткенде төңкөрүш жасоону көздөгөндөй. Ташиев үгүт иштери үчүн көмүскөдөгү "кожоюндарынан" алган миллиондордун эсебин кантип чыгарышты билбей, ушул жолду тандаган өңдөнөт.
Андай болсо Камчыбек мырзага айтарыбыз бу: "Шайлоодо жеңилген - трагедия эмес. Элибиз үчүн мамлекеттин биримдиги, келечеги баарынан маанилүү. Андыктан, акылдуу жигитсиз. "Эсиңиз барда этегиңизди жаап", жеке кызыкчылыктан да Кыргызстандын кызыкчылыгы жогору турарын далилдээрсиз. Ал эми үгүт иштерине сарпталган каражатты карапайым калк бир сомдон болсо да чогултуп, сизди карыздан кутултар..."


Мадумаровдун чыныгы жүзүн үгүтчүлөр ачабы?
Тили менен жер казып, тили менен орок оргон кадимки Адахан Мадумаров аз күндө өз штабынан куулуп чыкканы калды. Неге десеңиз, ал үгүтчүлөрдү "эшектей" иштетип мурдагы адатынча акысын берүүдөн тайсалдап жатыптыр. Буга далил видео тасма Bulbul.kg сайтында жарыяланды. Анда агресивдүү жаштар Адахандын штабында чаң-тополоң салып, лидеринин эл билбеген былыктарын жарыялоону максат кылгандай. Эгер Адаханчиктин чыныгы жүзү ашкереленсе анча-мынча колдоочулары да бетине түкүрөт. Өзүн келечектеги хан элестеткен "лидер сөрөй" тер төгүп гезит тараткан жаштардын акысын бербегени уят го... Мындай адам кантип журт атасы болсун? Калганын өзүң талдап көр, окурман.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«