Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

ЖОЖдо жок!
Төлөбек Абдрахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору:
"Азыр студенттерди ары-бери айдаган заман өткөн"
- Шайлоо өнөктүгүндө, үгүт иштеринде студенттер, жаштар саясатчылардын куралы катары колдонулуп жатканын коомдук уюмдар айтып өтүштү. Чын эле студенттер шайлоо алдында саясатчыларга курал болуудабы?
- Кандайдыр бир деңгээлде курал болуп атат десем жаңылбастырмын. Коомдун баардык катмарларын жана мүчөлөрүн пайдалангандай эле дээрлик баардык талапкерлер студенттерди дагы пайдаланууга аракет жасоодо. Эң оболу расмий кайрылуу менен студенттер менен жолугушуу өткөрсөк деген талапкерлер И. Арабаев атындагы университетте кезекке турууда. Ал эми айрым учурларда шаардын ар кайсы жерлеринде өткөрүлүп жаткан талапкерлер менен жолугушууга студенттер чакырылып барып жатат. Бул алардын сабактан сырткары мезгилдеги Конституциялык укугу болгондуктан биз аларды барбагыла деп тыя албайбыз. Экинчиден, менин баамымда жүздөгөн студенттер окуудан бош учурунда талапкерлердин агитация иштерине жардам берип, акча-тыйын иштеп табууда. Булардан башка иштерге дагы пайдаланылып жатат болуш керек. Себеби, студенттер учурдагы көп сандуу, эң уюмдашкан, мобилдүү, оңой ийге келген жана акча-тыйынга өтө таңсык социалдык категория эмеспи.
- Көптөгөн ЖОЖдордогудай сиздерде дагы тизмелер түзүлүп, студенттерди ошолор менен шайлатуу аракети болуудабы?
- Ооба деп айтсак болот. Бирок, мажбурламай жок. Негизинен тизмелерге быйыл биринчи курска жаңы өтүп, мурда жашаган жерлериндеги каттоодон чыгып, шаарга каттоого турууга үлгүрбөй калган студенттер, азыркы учурда кышкы сессияга келген сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери жана ар кай жерлерде квартираларда же болбосо мурда жашаган жерлеринде эле каттоодо жүргөн жогорку курстун студенттери катталып, шаардан эле добуш берүү укугун алууда. Болбосо мурдакы катталган жеринен добуш бергени баруу үчүн убакыт, каражат коротпош үчүн студенттердин көбү барбай калмак да, шайлоого катышмак эмес. Ушундан улам өткөн шайлоолордо студенттердин жогоркудай абалын эске алып, аларды 1-2 жума каникулга жиберчүбүз. Мындай көрүнүш студенттерди кошумча чыгымга гана учуратпастан окуу процессине дагы чоң зыян тийгизээр эле. Айтор, быйылкы чечим туура эле болду.
- Сизди А. Атамбаевдин өкүлдөрү уюштурган эски аянттагы чоң жыйындан көрдүк дешет. Студенттерди алып бардыңыз беле?
- Барганым чын. Шайлоочу, коомдогу ири тарыхий процесске көңүлкош эмес инсан, профессионал тарыхчы жана учурдагы коомдук-саясий окуялар тууралуу макалаларды жазуу менен алектенип жүргөн адам катары жумуштан тышкары учурларда А.Атамбаев эле эмес башкалардын жолугушуусуна да баруудамын жана барганга аракет кылам. Кызык эле нерсе - биздин университетте бир нече талапкерлер жолугушууларды өткөрүштү. Талапкерлердин өтүнүчү боюнча сабактан тышкаркы учурда биз чогултуп, уюштуруп берген ал жолугушууларга ошол эле студенттер, окутуучулар жана кызматкерлер барып катышты. Мен дагы бардым. Болгон айрыма А. Атамбаевдики аянтта болду, ал эми башка талапкерлердики азырынча университеттеги жыйындар залдарында өтүүдө. Анысына дагы, мунусуна дагы катыштым. Анан эле тигиниси "административдик ресурс", а мунусу кадыресе көрүнүш болуп калууда. Баса, эски аянттагы А. Атамбаевдин өкүлдөрүнүн жыйынына биздин студенттер барды болуш керек. Себеби, ал талапкердин үгүттөөчүлөрү күндүз эле чакыруу кагаздарын таратып жүргөнү тууралуу маалыматым бар болчу. Кечинде бош убактысы бар, бекер концерт уккусу келген студенттер барган чыгаар. Биз борбордо эмеспизби. Мен дагы жана айткан чакырыктан улам жыйын жөнүндө билип, анан бардым.
- Айтор, студенттерди административдик ресурс катары пайдалануу силерде жок деңизчи?
- Жана мен айткандай, кандайдыр бир деңгээлде электораттын маанилүү бөлүгү катары же шайлоо процессиндеги агитациялык жана башка жумуштарга акы төлөп, пайдалануучу квалификациялуу жана мобилдүү күч катары талапкерлердин көбү эле студенттерди пайдаланып жатат. Бул нерсени административдик ресурс дейбизби, жокпу өзүңөр билгиле. Чындыгында айрымдар азыркы студенттерди билбестиктен улам сен сурагандай түкшүмөлдөр пайда болууда. Эмесе азыркы студенттерди мурдакыдай бекер жана жөн жерден эле ары же бери айдап, аны же муну жаса деп мажбурлаш кыйын нерсе. Өзгөчө И. Арабаев атындагы университеттин студенттери граждандык позициялары күчтүү, өз укуктарын билген жана анын сакталышын талап кыла алган жаштар. Аларды административдик ресурс катары пайдалануу өтө опурталдуу. Эң айла болбоду дегенде интернет аркылуу алар сени жана мени ордубузга коюп коюшат…


Эрмек болгон Баш мыйзам...
Мар Байжиев, коомдук ишмер:
"Баш мыйзамды сөзсүз түрдө өзгөртүш керек"
- Алдыдагы президенттик шайлоо көпчүлүк байкоочулардын баамында, Кыргызстан саясий жактан кандай багытта өнүгөөрүн аныктайт жана өлкөдөгү саясий туруктуулук президенттикке ким шайланарына көз каранды болот деп айтылып келет. Кээ бир талапкерлер утуп чыкса Баш мыйзамды өзгөртөөрүн айтышууда...
- Азыркы Баш мыйзамды сөзсүз түрдө өзгөртүш керек. Болбосо бир эле мисал, соттор боюнча өлкөдө кандай баш аламан саясат жүрүп атат. Мунун баары Баш мыйзамдын шал оорусунан келип чыгып атат. Кудай буюрса, мен А.Атамбаевдин талапкерлигин өтүшүнөн үмүт кылып атам. Эгер А.Атамбаев өтүп кете турган болсо, өткөндөгү Курултайдагы жазган Баш мыйзамды сунуш кылам. Анда 93 - жылкы Конституциянын көпчүлүк мазмуну да камтыйт. Биз бара - бара ошол 93 - жылкы Конституцияга кайра кайтып келишибиз керек. Болбосо чала бышкан аштай болуп, азыркы Баш мыйзам бизге туура келбей турат...
БШКнын бышкырыгы...
Дамира Ниязалиева, ЖКнын КСДП фракциясынын депутаты:
"БШКнын канчалык деңгээлде таза иштеп аткандары шайлоо күнү ачыкталат..."
- "21-октябрда ЖКнын жыйынында "айрым депутаттар тарабынан БШКнын дарегине негизсиз дооматтар коюлду" деп билдирип чыкты БШКнын төрагасы Т.Абдраимов. Чын эле БШКнын жосунсуз жоруктары болуп атабы?
- Бул боюнча бир тараптуу пикир айтуудан алысмын. Себеби, мунун баары айланып келип жаңы мыйзамдын чала иштелип калгандыгынан келип чыгып атат. Маселен, 30 миң кол топтоо боюнча, анын кол топтоо эрежеси же болбосо кандай кол коюш керектиги мыйзамда так жазылган эмес. Ошол себептен талапкерлер ар ким өзү каалагандай кол топтоп барган. Мен шайлоо боюнча мыйзамды карап атканыбызда айткам, шайлоо жакындап калды, убакыт тар, азыркы шайлоо мыйзамын коё туруп, мурунку эле көнгөн мыйзам менен кетели, болбосо баш аламандык болот дегем. Бирок, тилекке каршы андай болгон жок. Ошол себептен, биз БШКны да талапкерлерди да эч кандай күнөөлөй албайбыз. БШК шайлоонун тынч жана таза өтүшүнө жан үрөп иштеп атышат. Ошентсе да булардын канчалык деңгээлде таза иштешкендиги шайлоо күнү ачыкталат...

Жарык жагдайы...
Тайырбек Сарпашев, экс-депутат:
"Чоң, ири ГЭСтерди мамлекет өзү иштетиши керек"
- "Чакан ГЭСтерди сатуу мамлекеттин келечеги үчүн туура болбой калат" деп айрым эксперт айтып чыгышты. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Негизинен чакан ГЭСтерди жеке менчикке берип, аларды сатса туура болот. Ал эми чоң ири ГЭСтерди мамлекет өзү иштетиши керек. Эгер чакан ГЭСтерди колунда акчасы бар, бай инвесторлорго сатсак, алар ал ГЭСтин мындан аркы келечегин ойлоп, аны мыкты деңгээлде иштетип кетишет. Натыйжада элге дагы, мамлекетке дагы чоң пайда алып келет. Бирок, ортодогу келишим туура түзүлүшү абзел. Болбосо, "балык башынан сасыйт" деген накыл кептей болуп калышы мүмкүн. Муну эми азыр өкмөт карап атат. Жакын арада бул маселе чечилип калат болушу керек…

Телетаймаш...
Марат Токоев, "журналисттер коомунун" төрагасы:
"Журналисттер сөзсүз эле чоңдордун кабак - Кашына карап суроо бериш керекпи?"
- ЖКнын төрагасы А.Келдибеков КТРК телеканалы аркылуу жүргүзүлүп жаткан телетаймашты катуу сынга алып, теле таймаштын алып баруу деңгээли начар жана суроолор бүтүндөй ушактан куралган деген пикирин айтты. Буга сиздин көз карашыңыз...
- Биринчиден, телетаймаштагы журналисттердин деңгээлин аныктагандын ордуна талапкерлердин деңгээлин аныктасак жакшы болмок. Журналист - коомдун, элдин арасында көп жүрөт. Ошол элдин арасындагы жүрүп аткан ар кандай ушактарды тактап, анын чын - төгүнүн ачыкка чыгаруу үчүн журналист ар кандай суроолорду берет. Бул жагынан талапкерлерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп атат. Себеби, айрым талапкерлер өзү жөнүндөгү туура эмес маалыматтарды ошол телетаймаштан жиликтеп бөлүп, маселенин чыныгы жүрүшүн айтып берсе болот. Тилекке каршы көпчүлүк талапкерлер чычалагандан өйдө көтөрүлө алышпай койду. Эми жогорудагы Жогорку Кеңеш тарабынан айтылган суроого мен мындай деп жооп берет элем. Журналист эркин болуш керек. Ал кандай маселени карап атпасын, ар дайым чындыгын иликтеп чыгыш үчүн ар кандай ачуу суроолорду берет. Же эмне чоңдордун көз карашын карап, алардын кабак-кашына жараша суроо бериши керекпи? Анын үстүндө журналисттердин табияты ушундай: алар ар дайым курч суроо берүүгө жан үрөшөт. Ал эми телетаймашты алып барып аткан журналисттер чала сабат же болбосо профессионалдык деңгээли төмөн эмес. Маселен К.Оторбаев журналисттик чыныгы түйшүктү артып, көп жылдан бери чыйырлуу эмгектенип келатканына күбөбүз. Анын жанындагы орусча алып барып аткан Динара Сүймалиева дагы профессионал журналист. Алардан эч кандай кынтык табалбайбыз. Бирок, жаңылбаган жаак болбойт. Балким, бир жеринен болбосо, бир жеринен жаңылып алышкандыр. Эми мындай учурлар баарында эле боло берет да...




"Хамчик" бейне
Камчыбек Ташиев:
"Жерин саткан - элин саткан менен барабар!"
Партиясынын атын "Бүтүн Кыргызстан" атап, өлкөнүн бүтүндүгүн сактайм деп эл чогулган жерде сайрагандан тажабаган Адахан Кимсанбаевич Мадумаров (АКМ) айткан сөзү менен кылган иши дал келбестигин эчак эле далилдеген. Тактап айтканда, айтылуу Көкөтайдын ашы өткөн Каркыра жайлоосунун казактарга кетишине АКМнын салымы зор.
Мына бул токтом 2008-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Натыйжада биз кеп кылып аткан Каркыра жайлоосунан айрылып калганбыз. Агезде "ак жолчу" парламент каалагандай саясат жүргүзүп, эл менен эсептешпей калган мезгил эле. Ал эми ошол парламенттин төрагасы Адахан Мадумаров Каркыра маселесин күн тартибине коюп, айрым депутаттарды мажбурлап атып добуш бердиргенин эч ким танбас. Мисалы, экс-депутат Рахатбек Ирсалиев эркин басылмалардын бирине курган маегинде: "...бирок Каркыра жайлоосунун казак туугандарга кетишинде өзүнүн да катачылыгы болгонун түшүнсө жакшы болмок. Ошол учурда Жогорку Кеңештеги 11 депутат чыркырап талашып отуруп, бул кыргыздын ажайып жайлоосун сактай албай калганбыз " деп "господин" Мадумаровдун жерди чындап эле пулдап жибергенин ырастайт.
Бул эми өткөн чак экен. Эң тангалычтуусу, МАКтын жер-жерлерде өткөргөн жолугушууларында дал ушул маселе көтөрүлгөндө "булбулдай" оозуна талкан сугунуп алган баладай так жооп бералбай булдуруктайт. Ал ортодо анын түштүктүк үкасы, негизги атаандаштарынын бири Камчыбек Ташиев көгүлтүр экран аркылуу: " Мен депутаттыктан кеткенден кийин "ак жолчу" парламент келди. Ошол парламент кыргыздын керемет жеринин текейден арзан баада сатылышына жол берди " маанисинде акасы Адаханды "тууралады".
Адахан Кимсанбаевич бир кездеги кетирген катачылыгын мойнуна алып, эл астында кечирим сурагандын ордуна "оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тырмайт" принцибин тутунганы кызык. Минтип курулай актанып убара тартпай: "Каркыранын казактарга кетишине кол койгонум ырас, күнөөм тоодой. Кечире алсаңар кечиргиле" дегендей жамы журтка кайрылса туура болмок. Балким, ошондо, эл аны кечирмек.
Бирок, АКМнын эл астында кечирим сурашы кеч болуп калгандай. Себеби, ал бүтүндөй Кыргызстанга жерин саткан саясатчы катары таанылып калды. Мындайда кыргыз: "Жерин саткан - элин сатканга барабар!" дейт. Анда Адаханчик журт башы боло албайбы?




Ташиевдин Айдардан акча алганы чынбы?
"Ата Журт" партиясынан депутат болгон Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин Айдар Акаевден 500 миң "жашылбай" жана колундагы алтын саатын чечип алганын эки жолу ачыктаган. "Чү" дегенде эле "Асман-пресс" басылмасына кеңири маек курган экс-мэр былтыр Маскөөнүн мончолорунун биринде Камчыке, Ахмат жана Айдардын кызуу олтурганына күбө болгон. Анда ажолукту эңсеген Кыдырша абанын уулунун оозунан ак көбүгү агып, "Акаевди Кыргызстанга алып келебиз" деп сөз бериптир. Н.Түлеев бул кебин жакында НТС телеканалы аркылуу дагы бир жолу ачыктады. Ал түз эфир аркылуу "Ташиевдин Айдардан акча алганы чын!" деп кесе айтты. Буга К.Ташиевдин эч кандай реакция бербегени окуянын чындап эле болгонунан кабар берет. Ишенбейин десең К.Ташиевдин үгүт иштериндеги сарпталган каражаты "Томас" май куйуучу жайларынан он эсе ашып түштү. Демек, Камчыкенин жакында эле Маскөөгө жасаган сапары да "жемиштүү" болгондой. Карапайым элди сызга отургузуп артын карабай качкан экс-президенттен жана анын уулунан колдоо тапкан бул "азамат" элди жарытпайт го, ыя?







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«