Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Бизге өндүрүшчүл, элибиздин каада-салтын баалаган президент керек

Элибиз президентибизди шайлап алуунун алдында турат. Ушул жолу президенттикке Кыргызстанда кандай адам татыктуу болуш керек деген суроолор ар кимди ар түрдүү ойлорго салууда. Эгемендүү болгонубузга жыйырма жылдын жүзү болду.

Ушул аралыкта эки качкын президент элибиздин экономикасын өлтүрүп, бюджетке салым кошмок тургай, айыл чарбасын чачып, малын кырып жок кылып, өндүрүштүн бардык түрлөрүн токтотуп, ал тургай завод-фабрикалардын бардык жабдыктарын сырт жактарга чыгарып, кээ бир чоң заводдордун дубалдарына чейин талкалап, кирпич бетондорунан өйдө чактырып саттырып, ичиндеги арматураларын, чатырларындагы металлдын түрлөрү болгон уголок, твухтавр, швеллер, рельстерден өйдө базарга чыгарып, ушул күнгө чейин саттыруу иштери улантылууда. Мындай ички бүлгүн талкалоо саясаты өндүрүштөрдү жок кылуудагы ички саясатты жүргүзгөндөрдүн пайдасына гана иштеп келип, ал чогултулган акча каражаттарынын эсебинен шаарыбызда майда базарлар, соода түйүндөрү, социалдык жана башка маанидеги обьектилер пайда болуп, алар кээ адамдардын пайдасы үчүн гана иштеп келүүдө.
Негизи мамлекет товар чыгарып, жакынкы кошуналардан баштап дүйнөнүн алыскы мамлекеттерине чейин өз товарларын саттырса, анда ал мамлекеттин экономикасы сөзсүз түрдө дүркүрөп өсөрүндө шек жок. Дүйнөлүк практикада Американын автомашина, компьютер, курулуш жабдыктарын бүт дүйнө элдери сатып алышат, ал эми Жапониянын автомашина жана электрондук ар кандай буюмдарын, Кытай, Индия, Пакистандын жибектерин, Индиянын чайын, Бразилиянын кофе, какаосун, Германиянын физика оптикалык ар кандай геодезиялык жана медициналык жабдыктарын, автомашинасын, Франциянын автомашинасын, парфюмериясын, ар кандай кымбат баалуу таштарын, Италия, Греция, Турциянын баалуу таштарын, терилерден ар кандай модада даярдап тигүүдө Турция, Италия, Греция, Пакистан, Индия мамлекеттеринин кийимдерин бүт дүйнө жүзү бүгүнкү күнгө чейин тынымсыз сатып алууда. Ошондуктан ал мамлекеттер бюджети бай өлкөгө айланып, экономикасы дүркүрөп өсүүнүн үстүндө.
"Суунун башында суранбайт" дейт, биз болсок тескерисинче кошуналардан суранып жашайбыз. Коммерсант жарандарыбыз болсо ар кандай товарларды чет мамлекеттерден сатып келип, ал мамлекеттерге салык төлөп, андан кийин ал товарды биздин жерге алып келип бул жерге салык төлөп, кош салык төлөө менен жашообузду өткөрүп келүүдөбүз.
Экинчи бир жагдай, биздин мамлекет улуттук каада салтта, улуттун байыркы ата-бабаларыбыздын кийинки муундарына калтырган маданий мурастары боюнча башкарылса жакшы болмок. Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевди мына ошол багытта ишти түшүнгөн лидер катары эсептейм. Эгемендүүлүктү алгандан бери ар кайсы мамлекеттерге окшошконго, экономикабызды алардын моделдерине, айрыкча батыштын башкаруу саясатына окшоштурганга аракет кылдык, бирок эч жыйынтык чыкпады, күндөн күнгө жакырлануунун чегине кетип бара жатабыз. Мамлекетти кыргыз элинин менталитетине ылайыкташтырып башкаруу сөзсүз талап кылынат.
Ошондуктан мамлекет башына өндүрүш менен иштеп келген жана ал ишти түшүнгөн, ошондой эле элибиздин каада-салтын баалаган адамдан болушун каалайм. Мындай кандидатура жалгыз гана Алмаз Шаршенович. Ал андан сырткары да көптөгөн оң жактары менен төп келет. Атамбаев Кыргызстандын эң оор күндөрү - 2005-жылы март, 2007-жылы апрель митингдеринде кыргыз элинин биримдиги жана ынтымагын сактап калууда чоң күч жумшады жана Бакиевдин бийлик учурунда премьер-министр болуп, болгону жарым жыл иштеп, бийликке умтулбай кетип калганы баарыбыздын эсибизде болсо керек. Алмаз Атамбаев жарым жыл иштеп турганда айрым фактыларын атап көрсөк: Жер-Үй, Талды-Булак, Кумтөр кендери боюнча эл аралык келишимдер элибиздин пайдасы үчүн чечилип, кол коюлган. Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт мамлекеттик автожолунун бүгүнкү күндө үзүрлүү иштеп жатканы Алмаз Шаршеновичтин эмгегинин үзүрү экенин бардыгыбыз эле көрүп турабыз. Буга улай учурунда Талды-Булак кенинин лицензиясы инвесторлорго мурун 300 сомго сатылса, азыр 750 млн. сомго берилди. Мындай инвесторлор менен эл пайдасы үчүн иштер буга чейинки премьер-министрлерден биринчи жолу жасалып жатат.
Алмаз Атамбаев Түркияга барган расмий иш сапарында Акаевдин заманынан бери алынып келген 75 млн. америка долларында карызды "биз жалпы көчмөн эл болгон бир атанын балдарыбыз" деп кечтирип, андан сырткары 10 млн. америка долларын кошо ала келди. Бул да болсо "темирди кызуусунда чап" дегендей анын кезектеги үзүрлүү иш сапары болуп эсептелет. Ошондой эле Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу токтоп калар убагында бюджеттин эсебинен тууралап, иш токтолбой улантылганы да анын өндүрүштү түшүнгөнүнүн мисалы. Андан сырткары жакында эле Бишкек шаарынын жаңы конуштарына барып, эл менен жолугушуп, айылдык статустарын шаардын карамагына өткөрөм дегени келечекте бул жаңы конуштарга социалдык инфраструктураларына көңүл бурулуп, алардын жашоо шарттарына көңүл бурам дегени адамды кубандырбай койбойт. Ушундай эле максатта түштүк региондоруна барганда Чангет-Сай көпүрөсүн сел алып кеткенине байланыштуу ал көпүрөнүн кайра курулушуна жардам бере турганын жана бир топ эл арасындагы көйгөйлүү социалдык маанилүү маселелерге токтолуп, экинчи борборубуз Ош шаарынын генералдык планы тууралуу, шаардын майда көчөлөрүнө чейин жакшы долбоордо кайра курулуп, ага акча каражаттарын бөлө турганын айтып кетти.
Алмаз Атамбаев иштеп турганда Кыргызстандын Өкмөтү өлкөнүн 2012-14-жылдардагы өнүгүү программасын бекиткен эле, анда 40ка жакын улуттук багыттагы долбоор камтылган. Эгер бул программадагы иштер ишке ашса анда экономикабыздагы абал түп-тамырынан бери өзгөрүлөрүндө шек жок. Каралган программаларда Кыргызстандын транспорт системасы: автомобиль жана темир жолдору, "Ысык-Көл", "Ош", "Манас" аэропорттору реконструкцияланмакчы, Камбар-Ата каскаддары курулмакчы. Камбар-Ата-1 ГЭСинен чыккан электроэнергияны экспорттоо менен өлкө чоң киреше алмакчы, айыл чарбасында эл аралык каржы структураларынын колдоосу менен 80 миң фермердин жерлеринде сугат системалары жакшырмакчы, өлкөдө бир катар ири ишканаларды кайра уюштуруу иштери жүргүзүлмөкчү. Эң негизгиси А.Атамбаевдин "Газпромдун" башкармачылыгынын төрагасы Алексей Миллер менен сүйлөшүп, Кыргызстандын геологиялык инженердик-чалгындоо иштерине чоң каражат бөлө тургандыгын жана мунай менен газдын жаңы кени чалгындалып, изилденсе Кыргыз Республикасынын бул заттарга болгон ички керектөөлөрү толугу менен камсыздала тургандыгын билдирди. Мамлекетибиз үчүн экономиканы көтөрүүдө чарбаң иштеп турса, тоо кендери мунай, газдан баштап алтынга чейин казып, курулушуң курулуп турса мындан артык эмне бар?
Андан сырткары карапайым адамдарга пайдалана алгыдай шартта ипотеканы өнүктүрүү, фермерлерге лизингге айыл чарба шаймандарын, техникаларды берүү, орто жана чакан бизнес үчүн арзан кредиттерди берүү долбоорлору иштелип чыкканын билебиз.
Кайсыл мамлекетте эл тынч жашабаса же эл башчысы тышкы саясатты өз элине каршы өз кызыкчылыктары үчүн жүргүзүп, журттун мүдөөсүн унутуп, жашоосуна көңүл бурбай, жерин кемитип, жерди жан жер кендерин, башка байлыктарды сатса, Жер эненин нааразылыгы катары табигаттын сырдуу белгилери болгон жер титирөөлөр, суу ташкындар, жер көчкүлөр, кар көчкүлөр күчөйт. Канчалаган адамдарыбыз үй-жайсыз калды, өмүрлөрүн кыйышты, бул да болсо жаратылыш менен Ааламдын бизге нааразы болгон сыры, белгиси деп эсептейм. Ал эми Алмаз Атамбаев иштегенден бери анын ниетине жараша элибиз мындай апааттарды баштарынан өткөрүшө элек, мындан ары ылайым эле ушундай болсо экен деп тилек кылмакчымын.
Биз бүгүнкү күндө байыркы ата-бабаларыбыздын кийинки муундарына калтырып кеткен нарк-насилдери, каада-салттары, ырым-жырымдары, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо деген унутулуп, ар ким өз билгенин жасап, жашап келе жатабыз. Эгемендүү эл болдук дегени менен ушул убакка чейин өнүгүүнүн улуттук жана мамлекеттик программалары жок.
Кыргыз эли дүйнөдө эки жүздөн ашык мамлекеттердин ичинен суунун тазалыгын, Күндүн жылуулугун, оттун ысыктыгын, таштын катуулугун, шамалдын ылдамдыгын, арчанын эң узак жашай тургандыгын, жаратылыш менен табигаттын сырын билип, аларга аяр мамиле жасай билип, алардын тили менен сүйлөшө билген эл экенибизди дүйнөнүн башка элдеринен - Голландия менен Норвегиядан келген көзү ачык адамдары тастыктады. Быйыл август айында алар Алайга чейин барышып, элибизге кыргыздар жөнүндө жакшы сөздөрдү айтып кеткени өзүнчө бир сыр катары сезилет.
Элибизди келечекте жалгыз гана ынтымак жана биримдик күтүп турат. Ал ынтымакты жана биримдикти эл башындагы адамдар гана сактап калары баарыбызга белгилүү. Ушул максатта жакында эле эгемендүүлүк майрамыбызда 31-августта Алмазбек Атамбаев баш болгон журт башы адамдарыбыз Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында Манас атабыздын эстелигин ачышты. Ачылуу аземинде асмандагы топ бүркүттөр эстеликтин үстүндө айланганын ал жердеги бардык эле катышуучулар көрдү, бул да болсо элибизге жаратылыштын өзүнчө берген сыры. Элибизге таандык нарк-насил, каада салтты кадырлап, элдин биримдиги үчүн, кыргыз эли үчүн чоң иштерди келечекте Алмаз Атамбаев гана жасарын калайык калкыбыз жакшы түшүнөт го деп ойлойм.
Мурун эл арасында чечендерди бир нечеге: "кургак чечен", "жөө чечен" жана "маңыз чечен" деп бөлүп келген. Мааниси жок сүйлөгөн адамды "жөө чечен" деп, маанилүү жана маңыздуу сүйлөгөн адамды "маңыз чечен" деп, ал эми өткөн тарыхты бурмалап, эл арасында өзүн маанилүү адамдай сездирип калп айткан адамды "кургак чечен" деп аташчу. Мына ушундай адамдар мурунку эки бийликтин камчысын үрөп келген. Алар коңшу мамлекеттерге жер сатканда ал жерлерди Жогорку Кеңештин күчү менен мыйзамдаштырып, ратификациялоо жолдоруна жакшы шарт түзгөн. Ошолор бүгүнкү күнү деле элибизди алдоо менен алек. Кооз сүйлөгөндөн коомдун иши чечилбейт, бирок мындай элди алдап, бийлик жана байлык кумарына берилген адамдар бул келечекте кыргыз элинин тагдырына балта чаба турган адамдар болуп саналат. Булар учурунда кошунаң жакшы болсо "Үзөңгү-Кууш менен Каркыра ээсин табат" дегендей, Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны кытай менен казактарга кооз сүйлөгөн адамдар мыйзамдаштырып бербеди беле.
Эми бул жолу элибиз кооз сүйлөгөн адамды эмес, колунан иш келген, өндүрүш менен чарбаны жакшы түшүнгөн адамды шайлап алса, ошондо ишибиз оңолот деп ниет кылат элем. Акырында жогорку жагдайлардын баарын эске алып, жакында боло турган президенттик шайлоодо бардык жагынан төп келген Алмаз Атамбаевдин гана кандидатурасын колдойт элем. Элибиз ошондо тынччылыкта жашап, экономикабыз күндөн күнгө өсөрүндө шек жок.

Асыкбек Оморов,
жазуучу,
ЧынТемир-Алтай








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«