Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

КИТЕПТЕР

Түлеевди Султанов таппай жатат, тапса эле...
Султановду Түлеев куп гана жайлаган экен. Президенттик аламанга чыккан Марат Султанов жакшы эле теминип калды эле, Түлеевдин айынан талапкерлигин алып салам деп Марат мырзага бүгүн абдан эле оор болуп турган чагы.
Экөөсү кол алышып "эгер мен койсом талапкерлигиңден сен баш тартасын, сен койсоң мен баш тартам" деп жигитче сүйлөшүшкөн экен. Анан эле, Түлеев "мен акчанын күчү менен болсо да шайлоого катышууга мүмкүндүк алам. Эгер болбосо сен катышасың" дейт. Анан Түлеев жан талашып жатып катталат да, Султановду түртүп чыгып туруп өзү Атамбаев менен соодалашып кеткенин жумурай журт ачык эле билип турса керек. Учурда Султанов Түлеевге тиш кайрап "мындай болоорун билгенде аягына акчам жок болсо да бармакмын" деп аты-жыты билинбей кеткен Түлеевди издеп жатыптыр. Түлеев болсо Маратка таптырбай, жолуккандан качып жүрүптүр. Телефон чалып ала албай койгон Марат мырза жигитчиликтин баркын дагы бир түшүнүп башын чайкап жаткан кези экен. Өз досун талаага таштап кеткен Наримандан эмне күтсөк болот, туугандар!

Адахан Мадумаров: "Эки президентти сый - урмат менен кайтарам"
Bulbul.kg сайтында кызыктуу тасма жарыяланыптыр. Анда Адахан Мадумаровдун Жалал-Абад облусунда эл менен болгон жолугушуусу баяндалат. Ал адатынча 7-апрелде кандуу режимге каршы туруп окко учкан эр азаматтарды жырткычка теңеп, анан академик экс-ажо Аскар Акайыч менен "боксер-президент" КурСалиевичти мекенине алып келерин убада кылган. Анда эмесе тасмадагы сөздөрдү болгонун болгондой сунуштайбыз.
Суроо: - Акаев менен Бакиевди кошуп, Кадыржан Батыровду кармайсыңбы?
Адахан Мадумаров: - Мен Акаев менен Бакиевди кармабайм. Мен чоң сый-урмат менен кайта Кыргызстанга алып келем деп атам...
Мына ушундай ойдо жүргөн Адаханчикке ишенип, ага добуш бериштин кажети барбы эми?

АКШ элчилиги билдирет
Кыргызстан АКШ Өкмөтүнүн адам аткезчилиги менен күрөшүү боюнча регионалдык демилгесине кошулду
АКШ Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) жана Эл аралык миграция уюму аркылуу Борбор Азия чөлкөмүндө адам аткезчилиги менен күрөшүү боюнча өзүнүн долбоорунун Кыргызстандагы компонентин баштоодо. Кыргызстанда жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын жана коомчулуктардын жардамы менен долбоордун бир компоненти катары, "Адам аткезчилигинен сак болгула! Адам сатууну токтотолу!" деген ураан менен масштабдуу маалымат өнөктүгү өткөрүлмөкчү. Өлкө боюнча мыйзамдуу эмгек миграциясынын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жана эмгек мигранттарынын укугун коргоо жөнүндө 40 000ден ашуун буклет жана брошюралар таркатылат. Ошондой эле Эл аралык миграция уюму аткезчилик менен шугулданган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иш-аракеттерди жасап жаткан жабырлануучуларга алардын каалоосу менен юридикалык колдоо көрсөтөт. Эл аралык миграция уюму бул 3 жылдык регионалдык долбоорду Борбор Азиянын төрт республикаларында 2010-жылдын июнь айында баштады. Кыргызстан бул долбоорго 2011-жылдын октябрь айында кошулган. Кыргыз Республикасында адам сатуунун алдын алуу компоненти бейөкмөт уюмдар жана коомчулуктар менен кызматташтыкта адам аткезчилиги жана мигранттардын укуктары жөнүндө калктын түшүнүгүн көтөрүүгө багытталган бир катар маалыматтык жана башка окутуу иш-чараларын камтыйт. Бул долбоордун маалымат иш-чаралары адам аткезчилигине кабылган адамдар көрсөткөн кызматтардын чектелишине багытталган. Бул долбоордун сактануу компонентинин алкагында Эл аралык миграция уюмунун адам сатууга дуушар болуп жапа чеккендерди өз мекенине кайтаруу, реабилитация жана реинтеграция боюнча кызматтарын улантат.

АКШ кургак учукка каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам берүүдө
АКШ Өкмөтү Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы күрөшүү боюнча жаңы долбоорду жүзөгө ашырууда. "TB CARE I" долбоорунун башталышы 24-октябрда саат 9.00дө "Россия" бизнес борборунда жайгашкан "АРПА ГРУПП" маалымат борборунда (Раззаков көч. 17- кабат) жарыяланат. Кыргыз Республикасындагы USAID өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Лоренс Хелд, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Шейшенбек Байзаков жана Кыргызстандагы эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү аталган аземге катышат. Кургак учуктун алдын алуунун жана дарылоонун сапаттуу кызматтарына карата мүмкүнчүлүктү жакшыртуу максатында USAID аталган беш жылдык аймактык "TB CARE" долбооруна колдоо көрсөтөт. Долбоор Борбордук Азия республикаларынын чөлкөмдө кургак учукту контролдоону жакшыртуу жана чыңдоо жаатындагы күч-аракеттерине техникалык жардам көрсөтөт. Кургак учук боюнча улуттук программанын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган "TB CARE" долбоорунун колдоосу аркылуу Кыргызстандын Өкмөтү жаза аткаруу тутумундагы дарыга туруктуу кургак учукту башкарууну жакшыртууга, лабораториялык тутумду чыңдоого, кургак учук/ВИЧ коинфекциясын клиникалык жакшыртууга, ошондой эле инфекцияларга көзөмөл жүргүзүүнүн эл аралык стандарттарын жайылтууга мүмкүнчүлүк алат.


Дебаттан кийин
Хамчик менен Кукеден "арман күү"
21-октябрда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Кубатбек Байболов ЭлТРде телетаймаш өткөрүштү. Өздөрүн болочокто журт башы санап, өлкөнү өнүктүрчү берендердин дарамети ушул теледебатта даана билинди.
Мисалы, шайлоо алдындагы платформасын тааныштырууга он мүнөт берилсе, он мүнөт ичинде Кубатбек мырза менен Адахан мырза жалаң "арман күүсүн" созолонтушту. Баягы эле көндүм сөздөрү: бийлик административдик ресурс колдонууда, мамлекетибизде эч кандай өнүгүү жок! Мындан улам, журналист: "Бийлик административдик ресурс колдонуп атат дейсиңер. Конкреттүү фактыңар барбы?" десе, экөөсү тең унчуга албай мостоюп отурат.
Дебаттын жүрүшүндө өлкөнү коргоо жана коопсуздук маселелери талкууланды. Талкууланды деген эле аты болбосо, Мадумаров дагы, Байболов дагы бүгүнкүдөй шартта Кыргызстандын коопсуздугун кантип сактоо керектигин ынанымдуу далилдер менен айта алышкан жок. Анын ордуна, Кубатбек Калбек уулу мындан он үч жыл мурда болгон Баткен окуясын эстеп, ошол кезде армия алсыз болгонун саймедиреди. Жарыктык киши карылыкка алдырып баратканбы же шайлоо кампаниясында тыңгылыктуу уктабай чарчап калганбы, кыскасы, 13 жыл мурдагы окуяны неге эстеди десең. Андан бери канча суу агып, канча бийлик куулду дейсиң. Куке бүгүнкү кырдаалды конкреттүү анализдей албаган соң, кантип президент болом дегени адамды ойлондурбай койбойт.
Ушу кезге чейин Адахан Кимсанбаевич негизги атаандашы Алмазбек Атамбаевди, үкасы Камчыбек Ташиевди жөнсүз каралап келсе, эми азыркы Башмыйзамдын "атасы" болгон Өмүрбек Текебаевге асыла баштаптыр. Анын айтымында, учурдагы Конституция покко жарабайт экен, ал бийликке келери менен Башмыйзамды алмаштырып салат экен. Кыскасы, "булбултай" эмитеден эле өлкөгө чан-тополон салууга камданып атканын байкатып койду. "Жолдош Мадумаров, азыркы Башмыйзам покко жарабаса, анда кайсы мыйзамдын алкагында так талашка түшүп атасыз?" деп сураган жан жок.
Баса, экөө тең жеңилүү ызасын тартса бардык кадамдарга барарын ачыкка чыгарышты. Чамасы, эл көзүнө биримдик тууралуу кеп козгогон талапкерлер түпкүлүгүндө бийлик үчүн Кыргызстандын тагдырына балта чабуудан да кайра тартпачудай.
Ток этерин айтканда, А.Мадумаров менен К.Байболов бул дебатта табигый жүзүн айгинелеп коюшту. Өзгөчө, АКМ ажаан эже, карындаштарча айкыра сүйлөп, кургак сөздөрдү бежиреп, алигиче салмактуу саясатчы катары бышып жетиле электигин карапайым калк ажырата билип калды. Анан чын тийбес, ачуусу мурдунун учунда турган, сайраган тилинен бөлөк өнөрү жок Адахан Кимсанбаевич менен 7-апрелдин эртеси шампандын тыгынындай атылып Америкадан келе калган Кубатбек Калбековичге өлкөнүн, элдин тагдырын ишенип тапшырууга болобу?






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«