Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Cөз атасы - өлбөсүн, Эл өнөрү - көктөсүн !

ЭРКЕ БАЛА - ЭЛДИН ЭРМЕГИ,
же тамадалык өнөрдү тастыктоо
Кыргыз журтчулугунда алмуздактан башталган каада-салттын касиеттүү катмарынын каадалуу кыртышын түзүүдө сөз өнөрүнүн белгилүү салым-үлүшү бар. Мында биз той мааракелеринин төркүн-төшүнөн кеп курган турабыз. Албетте, той салтанаты деп аты айтып тургандай, торколуу тойдун түрлөрү өтө көп, аны өткөрүүгө даярдык көрүүдөн тартып, таркатууга чейинки аралык ого эле көп кыймыл-аракетке баткан, түйшүк-мүшкүлү арбын. Азыркы күндө заманбап залдары бар ресторан, кафе жайлары боз үйлөрдү жасалгалап, отун-суу камдоо, аны тейлөөчү адамдарды даярдоого чейинки оор жумушту аркалоону алып салды. Баса, жар чакырган акын-төкмөлөрдүн ордун - той башкаруучу эрке бала-тамаданы издөө, тандоо бир аз абалды оордотуп жатат. Мунун өзү республикабыздын отон ордосу - Бишкекте "Кыргыздын тамадалар борборун" ачууга алып келди. Аны ата-тегинен кан кууган чечендиги, нарк-насилдин мыкты насыйкаттоочусу, замандаштарынын мыкты үгүттөөчүсү, ыры жана сыры толтура Эшенкул Ашымович Барпиев уюштуруп, иштетип жатат. Буга чейин маданияттын асыл түркүгүндө-райондук маданият бөлүмдөрдө, ага ыңгайлашкан окуу жайларында, өнөрдүн түп байтагы-филармониянын курстарында окуп, артисттерге аралашып, эл аралап, талантын такшалтуунун таш-пишин баштан кечиргени, атасы Ашым аксакалдын алгачкы мектебинен башталган ышкыбоздук башаты мөлтүр кашка тоо суусундай аңкыган жыты менен даамы улам барган сайын байып, артып олтурат.
Өнөрдүн өзү өнүп-өсүп, өзгөрүп, толукталып, толкуп-ташыган каситетти боюна сиңирген керемет түшүнүк белем !
Замандын бир замандарында той башкаргандарга токулуу ат мингизип, торко-саркеч кийим кийгизип, аткошчусун жанына коштоп, ортого чыгаруучу. Ал каз-катар тизилген элдин алдына чыгып, шаңшыган үнү менен, той шарапатында журт көзүнө илингенине курсант алып, той ээлеринен тартып, анын өтүшүн жар салып, жарыя айтып чыкчу. Улуу муундун өкүлдөрү - Жеңижок, Токтогулду баш кылып, кечээ эле арабызда жүргөн Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев акындардын той өткөргөн өнөрлөрүнө маашырлана кеп кылганын угуп, көрүп калдык.
Ошентип, той, мисалы, үйлөнүү үлпөтү жөнүндө сөз баштайлы. Той ээлери-келин алган, жаңы коңшу күткөн ата-эне тызылдап, эки сөзүнүн бири-тигил эмне болду, а булчу, баса тамада мырзанын абалын карасак кантет? Чакыруулар таратылды, телефон менен сүйлөшүү, чекесинен байкабасак болбойт, тамаданы айтпай эле кой, мукам үнү, шурудай тизген сөзү, акыл көрөңгөсү, буйруса бизди кубантып, сүйүнтөөрүнө шек келтирбей, шүк туралы. Ресторан, кафелердин алгачкы төлөмдөрү жүргүзүлгөн, Кудай буйруп, ийгиликтүү өтсө экен?!
… Шаңдуу музыка жаңырып, кыргыздын айтылуу ыр-обондору ободо созолонот. Столдордогу дасторкондо дүйүм тамак-аш, суусундук, ичкилик, мөмө-жемиш, татымал-набат, шоколад, боорсок-нан…
Ар бир столго номер коюлуп, отургучтар тизилген. Сыртта той-ээлери, алардын бала-чакасы, инилери, келиндери, чимириктей чимирилип, мейман-конокторду тосуп, ал-жай сураштыруу менен алек. Ресторан, кафенин кире бериштеги, көрүнүктүү жеринде үйлөнгөн эки жаштын бадырайып чоңойтулган портрет сүрөттөрү, аларга арналган каалоо-тилектер, телеграмма, смс жана ыр түрмөктөр. Ага катарлаш фото тактада ата-энеси, алардын иш жайын, жоро-жолдошун баяндаган сүрөттөр, көрмө тасмалар, радио газеталар. Тегинин түзүм картасы илинип коюлган. Алып баруучунун шакирти-алгы сөз алып тойго келгендерге алгачкы баяндамаларды, пикир-алышууларды уюштурат. Бул мейман-коноктордун келишине жараша жүргүзүлөт. Аны тыныгуу учурларында да пайдаланса болот. Мейман-коноктор толук келип бүткөндө, музыка токтоп, ортого Эрке бала чыга келет. Ыймандуу жүзү, мукамдуу үнү менен кыска, бирок нуска сүйлөп, өзүн кыскача тааныштырып өтөт. Алгачкы сөздү той ээси ата-энесине ыйгарып, ортого чакырат. Той жөнүндө мыйзам, токтом жок. Аны өткөрүү, алып-баруу - мезгилине жараша, үлпөттүн өлчөмүнө карата узарып, кыскарат. Башы-аягына күн мурунтан чек коюлбайт, бирок бериси төрт, арысы беш саат убакытта бүтүүгө тийиш. Кыргыздын той-аш, улуттук оюндарынын тарыхый тастыкталган эреже-жоболору кагазга түшүрүлбөйт, оозеки муундан-муунга өтүп, оң жактары оңдолуп-түзөлүп, байып, ал эми тескери көрүнүштөрү телчикпей жок кылынчу. Бул элдик өмүрдүн санжыралары. Тойдогу бийлик - төштүк мындан ары толук бойдон эрке балага өтөт. Ал эрке баланын билимин, маданиятын, адебин кароо сынактан өткөрүүчү, анын кадыр-баркынын, беделинин көрсөткүчүнө айланат да, даңкы таш жарып, таанылып, таралып, жок элдин көңүлүн иренжитсе-жыдып, жашоосун токтотот.
Эрке бала тойдун кыймылдаткыч күчү болуу менен ал өзүнүн биринчи кезекте акылы менен талантын айгинелөөгө чыкканын унутпай, анын баскан-турганы, кыймыл-аракети, жада калса дабышы да көпчүлүктүн көз кырынан, кулак учунан чыкпай турганын так түшүнүп, көпчүлүктүн маанайы, көңүл чордонунда туруусу зарыл. Көркөмдүк жана адептик сезим-чечендик өнөрүнө айкалышып, кынтыксыз сүйлөөгө, болгондо да эч кимге көлөкө түшүрбөгөндөй, таарынтпай сүйлөөгө, шартына жараша азил-тамаша ыргытып, отургандарды күлдүрүп, чөйрөгө, инсанга ылайыктап жанрды тандаганга устаттыгын, абалды оңдой салган ийкемине көп нерсе байланыштуу болот. Ошондон улам, эрке бала той өткөрүүгө чакыруу алган күндөн тартып, той ээлери жөнүндө, тойго келүүчүлөр тууралуу иликтеп, изилдеп, баяндамаларды даярдап, ага мүмкүнчүлүгү жетпесе, сураштырууну эске алуулары тийиш. Ушул салттардын ээси теленин сүймөнчүгү Жолдубай Кайыпов, азыркы төкмөлөрдүн көч баштоочусу, Мирбек Үсөнбаевдын эл алдына чыгуудагы аракетин көрүп, байкап, ушундай ойго келгенмин.
Той-таанышуу, маалымат алмашуу, таанып-билүү, маектешүү, ишкердик оюн-зоокторду уюштуруу, көз карашын билдирүү мейкини экенин эске тутуу абзел. Кеп кезегин узатууга, маекке чыкчу меймандын сырткы келбетине, кыймыл-аракетине, көз ирмемдик күлкүсүнө жараша, ага үндөшөр сөз, же ыр түрмөктөрү менен коштоо зарылдыгы келип чыгат. Жагымдуу, жароокер сүйлөөнүн мааниси зор. Өзүнүн дарегине айтылган пикир, сунуш болсо, анын акыл элегине сала коюп, тез оңолуп, башка багытка салуу пайдалуу. Демек, сөз отургандарга таасир көрсөтүп, өзүңүз да аларга камыр-жумур аралашып, оңолуп, түзөлүп, жазылып, кеңейип кетүүчү касиетиңизди тастыктай аласыз. Мында бет кыймылыңыз, көз нуруңуз, сөзгө жараша ишарат белгиңиз ачык, жайдары болуп, мамилелешкен адам сиздин айткан дегениңизди кабылдадыбы, андай болсо жанагы алган багытыңдан талбай өзгөртүү, тактоого байланышкан жүйөнү издеңиз, албетте сый сыпатты унутпай, мамилелешкен инсандын кемчилигин байкамаксанга салып, оркойгон каталыгын, сөзүндөгү олдоксондугун көңүл сыртында калтыруу ылайык.
Тойдо оюн-зоок уюштурулат. Анын өзүнчө фонду түзүлөт. Эрке баланын эрки менен тамашага түшүүчүлөр болсо, өз чөнтөгүнөн байге сайып жибергендер да кездешет. Ушул жерде эрке бала өз чөнтөгүнө иштегенин бир аз токтотуп турушу керек. Айрым түшүнүгү чектелүү, бирин-экин накыл сөздөрдү, макал-лакаптарды жаттап, ыр түрмөктөрүн эсине туткан эрке балдар, дал ушул жерде өз табитине ээ боло албай, түбү түшкөн чөнтөгүн тигил-бул жактан түшкөн тыйын-тыпырды солоп жиберип, отургандардын көңүлүн иренжитет. Демек, эрке бала өзүнүн чыгармачылык кечесинде олтурган жок, өзү той өткөрбөй, башка бирөөнү тейлеп жатканын унутпашын эскерте кетели. Эми, сөздүн этегине келдик-эрке бала барды-келди тойду тейлеген кызматкер, өзүнө тиешелүү акысын алдын-ала сүйлөшүү, макулдашуунун негизинде колуна шыр алат, мүмкүн алдын ала төлөөнү жүргүзүүнү да эстен чыгарбайлы.
Эрке бала санжырасына кайра кайрылсак: Совет заманында партиялык, комсомолдук, профсоюздук уюмдун жетекчилери, кудум эле чогулуш өткөрүп жатышкансып, тойду башкарып, мактоочусун мактап, сындоочусун сындырып, ырдоочусун ырдатып, ыйлатчусун ыйлатып койчу. Кийин мамлекет башкарган А.Акаев, алп жазуучубуз Ч.Айтматов, сөз кеменгери С.Жигитов, журналист журтун башкарган Т.Ишемкулов, азыркы артисттердин ана башында отурбаса да, тойго тынбай чакыруу алышкан Кыргызбай Осмонов, Темирлан Сманбеков, Асылбек Өзүбеков, тойду өткөрүү өнөрүн бийиктетип, тереңдетип жүрүшөт. Табийгат тартуулаган таланттуулар Нуркан Койчуманова, Чокойбек Сулайманов, Калипа Чалова, Дарика Сагынбаева, Акылбек Алыбаев, Улан Үсөнов жана кыргыз кыйырында жашап, иштеген ондогон, жүздөгөн эрке балдар, бүгүнкү күндө талаа-түздөн түшүп, ийри отуруп, түз кеңешип семинар, тегерек столдордо бул өнөрдүн батыш-чыгышын иликтеп, тажрыйба алмашса жаман болбос эле. Саат убактысы келгенде той этектеп, чогулган элдин карыясы той ээлери, жаш жубайларга, эрке балага арнап ак тилегин айтып, батасын берет. Боло жүргөндөй, ушул мүнөттөрдү күтпөй, эт желгенден кийин жылып чыгып кетчүүлөр бар. Андан кызыгы, кечээги Бакиев заманында жарык жалп өчүп, мейман-коноктор кытыраган, чытыраган үндөрдү угуп, бир топтон кийин алды туруп, арты камданып калганда жарык кайра "ойгонуп", күйүп берет., алдыдагы дасторкон уй жалагандай тазаланып, бирин серин анар, сөөк, стакандар калган имиш. Караса эле пакеттерди бирден - экиден көтөргөн жандар...

Түлөн
Акматалиев,
Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар жана журналисттер Союздарынын мүчөсү.


Боз үй

Эрмегиндей элдик улуу санаанын,
Элчи сыңар ээлеп төрүн калаанын.
Канат жайган жалгыз ушул боз үйдөн,
Эстелигин көрөм тоонун, талаанын.

Жай аптабын тосуп кучак бооруна,
Көлөкөсүн берип анын ордуна.
Көргөзмөдөй бизди ээрчитип жөнөчү,
Көрөңгөлүү көчмөн турмуш дооруна.

Кымыз ичип, кыйла куруп кеп-сөздү,
Кыргыз мында кымбат күнүн өткөздү.
Кызып мезгил көз илешпей зымырап,
Кыялыңа тартты далай өчпөстү.

Боз үй азыр өңдөн азып шапайып,
Келген жандар келбей калган азайып.
Уйку соонун ортосунда үргүлөп,
Жайды эстейт бардык жагы ажайып.

Күн чыкыроон асман бүркөк таңынан,
Калаа ойгонуп кыймыл кирип жаңыдан.
Жетимге окшоп калган өзү серейип.
Ал боз үйгө боорум ооруп сагынам.

Кынап койгон мезгилине саналуу,
Кышта кайдан болот эми жай алуу.
Калаа ичинде калчылдаган кыргыздай,
Калган боз үй кандай гана айалуу.

Боз үй, бүгүн өңүң неге боз ала,
Боорум ачып, күйүп турат жандүйнөм,
Сенден өсүп көзүн ачып телчиккен.
Эсен жүрсүн бардык адам, бар бүлөң.


Кара жыгач
Кара жыгач кайраттуу жан каржалбаган,
Кашык суу жок жерденда жалтанбаган.
Кара таш, жалаң куму кездешседа,
Кадимкидей тамыр жайып картайбаган.

Кара жыгач кара жумуш аткарган,
Каны катса өзүң чыдап башкарган.
Жалбырагы дирилдей жаны тынбай,
Жашоо үчүн далбастап ташты жарган.

Жалаң сайды, кумдак жерди жашартып,
Жашыл торко жайып аба тазартып.
Жапайы чөлдүн биздеги огой баласы,
Жашообузга жардам берип таканчык.

Катуу суук күндө тынчып жатпадык,
Канча жолу балта-чотту таптадык.
Мүрзөлөргө койгон белги окшотуп,
Дүмүрүңдү түгөл сыйлап таштадык.

Капаланба, кара жыгач бир боорум,
Карап сени кайталанат бүт оорум.
Сен көкөлөп, көлөкөңдө көк жайык,
Көрсө деймин көз тайгылткан жаш доорун.

Кара жыгач сага орден-медалды,
Берер элем, берсем туура эң алды.
Ал анткени, жан кашайган күндөрү,
Азапты да да, тозок да жеңе алды.



Бишкектеги эски тамдар

Жүз жашка чыккан
Бишкектин эски тамдары,
Эшик-айнеги үтүрөйгөн,
Төбө-жону бүкүрөйгөн,
Тээ илгерки жылдарында,
Жашоонун жалындаган ыргагында.
Булуттан чыккан
Айдай суйкайышкан,
Татар, орус кыздары,
Кыргыз үйгө келин болушкан.
Турмуш туруп ордунан.
Жаңы журтка конушкан.
Ыр жаңырган, күүлөр чыккан
Ушул эле үйлөрдө
Жылдар өтүп,
Ый угулуп,
Бычакка сап жигиттерди
Алып тынышкан түрмөлөргө.
… Бир ирет Согуш келген
Ач-жылаңач келбетинде
Эр бүлөөлөр, албетте-
Эл четинде
Жүрүшкөнүн кантип танат,
Кийин мүргүп канат,
Чылым, дары жыттанган
Баягы боз уландар.
Картайышып эки-үч жылда
Балдакчан сылтып басып
Келишкен кайра мында.
Брежневдин тушунда,
Бейишти көргөнбүз ушунда.
Иштегин, иштебегин-
Жүрсөң болду жан санакта,
Кол салууга дап-даяр
Өкмөттүк табакка.
Эчак унутулуп ал заман,
Башталган баш аламан
Көчө толо мас адамдар,
Шаардын чеке белинде
Жүз жашка чыккан
Бишкектик эски тамдар,
Тагдырдын күнүн санап,
Жүрөктөрү ыйлап-канап,
Анда-санда алабуурул
Мас болушкан,
Согуштун маесиндей.
Сел-калт этет
Сааттын жебесиндей.
Тигил-мында мунарадай
Бой салышкан үйлөрдү
Жыртайган көздөр
менен карашып:
- Ойсекелер, дешкенсийт
Улутунуп,-
Буларга Кудай берди
Күнү тууп.


Токойго каалоо
Жакшы уктагын жашыл торко, токоюм,
Жай кадамдап кыш келатат берилеп.
Жалбырактар тыштап койгон бүт боюн,
Бак-дарактар көккө карап керилет.

Мына ушул турушунан байкалат,
Өткөн күнгө арзуу жана суктануу.
Шамал жүрсө араң гана чайпалат,
Токтоо турган токой койну туткалуу.

Жайлы-жайлай токой куруп сайранды,
Жарык маанай, жакшы күнүн кечирген.
Азыр эми кезек күзгө айланды,
Аа, ошо кез, ай, аттигиниң дедирген!

Мезгил кудум токтобогон дөңгөлөк,
Токойго да берет түркүн тагдырды.
Алар болсо көнүп алган өңдөнөт,
Тосот карды, шамал менен жамгырды.

Жамгыр жааса жашыл өңү жуулуп,
Жакшынакай түргө келген чайыттай.
Көзгө үйүр, көрүнүштөр куулуп,
Көңүл эргип, көккө учуп чабыттай.

Эми кайдан жамгыр жаасын көнөктөп,
Тоо башылап, карлар түшүп акырын.
Жылуу күндү адаштырып бөлөктөп,
Кабар берип катал кыштын жакынын.

Жакшы уктагын, жароокерим токоюм,
Мезгил эми кышты беттеп баратат.
Оор жааган кардан, бороон-шамалдан,
Өз денеңе ала көрбө жаракат.

Сүлөөсүн тевтей

Сүзүлөт эле сүзүлөт,
Сүлөөсүн тевтей башында,
Сүрөттөй болгон бул жигит.
Сүрмөтоп элге ал кирип,
Сүйлөгөн сөзү табийгат;
Атпай журт кайда акыйкат?!
Азайып барат байкасак,
Аны биз чындап талдасак.
Ала Тоодо жаныбар,
Ал тургай бай өсүмдүк.
Аларга берип көрүндүк,
Табалсак гана кайрадан,
Ушуга башым айраң таң?

Сүлөөсүн жүнү үлпүлдөп,
Сүрдөнөт мында турганга.
Жан кирсе кайра булт коюп,
Дап-даяр того урганга.

Сүйүү илеби

Сүйүүнүн ички илеби,
Сүйүнтүп канча адамды.
Көпөлөк болуп лепилдеп,
Көтөрөт зылдай заманды.
Баасы жок тура бул күчтүн
Башкарган бүткүл ааламды.

Сабылткан ойдон куткарды,
Саамалдай жыты абанын.
Өңү да түркүн түйшүккө,
Артынан кубат санаанын.

Сүйүнүн арты айыкбай,
Сүлдөрү жүрөт жаныңда.
Аруулуу сезим акебай,
Адамдын бүткөн канында.
Аралаш жашай бересиң,
Ал менен кечте, таңында.

Жупуну акын

Тууганбай Абдиевге

Кубанып угат кулпуруп,
Кулагын түргөн бүт бары.
Туура сөздү ырдаган,
Тууганбай кыргыз тулпары.
Айтышка кызып алганда,
Аз эле калат учканы.
Айыл менен шаарда,
Ардактап күтөт укканы.

Токтолбой билип түшүнгөн,
Торгойдун тилин дээринен.
Келептеп сөздү жыйналган,
Кетмен-Төбө жеринен.
Коргоол коштоп кол берип,
Коргошун болуп эриген.
Устаты улуу акындан,
Уксаңар эми неси кем.

Эстебес төкмө экөөбү,
Эл аралап көп жүрөт.
Элиртип кыял чабытын,
Эсепсиз ырды төктүрөт.
Өзгөчө эргип алганда,
Өзөккө чейин өрт үрөп.
Көкөлөп оюң бийиктеп,
Көлөкөң күлпөт өптүрөт.

Замирбек менен сапарлаш,
Сабалап жүрөт эл-жерин.
Аздектеп алган жетелеп,
Акындар түзгөн кербенин.
Калыбын жазбай узатат,
Каяктан кезек бербегин.
Кемибес агын-толкуну,
Кени бар мында терменин.

Тууган элин даңктаган,
Тууганбай акын - ылаачын.
Арбытып алды асырап,
Артисттин өнөр кулачын.
Шааниси чыгат турмуштун,
Шаңшыган үнүн укчу анын.
Журтунун жүгүн көтөргөн,
Жупуну жүргөн бир акын.









кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??