Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

Датым бар…
Гульнара Өмүрбекова:
"Жолдошум балдарына алимент төлөмөк тургай жеримди талашып жатат"
- Мен Талас областынын Кызыл-Сай айылынын тургуну Жукуев Төлөгөнгө турмушка чыгып, очор-бачар болуп түтүн булатып жашап келгенбиз. Ортобузда төрт балабыз бар. Биз менен чогуу кайненем жана көзү азиз кайнежем жашоочу. Кайнежеме тийиштүү 17 сотых огороду бар эле. 1999-жылы 28-мартта кайнежем кайтыш болгон. Анан эле кайнежемдин жерин бирөөлөр: " бизге бергиле" - деп айыл өкмөтүнө кайрылышат. Кайнежемде бала жок болгондуктан, менин 1989-жылкы баламды менчиктегенсип жүрчү. Кайненем менен жолдошум ошол 1989-жылкы баламдын наамына жерди жаздыртып коюу жыйынтыгына келишкендиктен, мен айыл өкмөтүнө кайрылгам. Бирок, катчы Уйбакова Зейнегүл: "балаңыз жаш экен, андыктан өзүңүздүн наамга эле жаздырсаңыз болот"- дегенинен мен өзүмө эле жаздырып койгом. 2005-жылы жолдошум экөөбүз ажырашкандыктан, айыл өкмөтүнө кайрылып, жерди баламдын наамына котортком. Айыл өкмөтү №243 токтомду чыгарып беришкен. Жер боюнча мамлекеттик каттоодон да кызыл китеп алганбыз. Андан кийин жерди мен балама белекке бергем. Андан кийин айыл өкмөтүнө жолдошум кайрылган экен. Аксакалдар соту бул маселе боюнча биздин жерге байланышкан документтерибиздин баардыгын карап чыгышкан. Алар документтердин тууралыгын көрүп, "1999-жылдан бери жер анык силерге тийиштүү"- экен дешкен. Бирок, жолдошум бизге айып тагып, "булар жерди, документтерди сатып алган"- деп зомбулукка салып, жерди бербей келет. Мен жердин документтерин сатып алмак түгүл, балдарымды араң багып жүрөм. Алимент боюнча 2010-жылы август айында тийиштүү жерлерге кайрылганыбызга карабастан, жолдошум балдарына эч кандай алимент төлөбөй келет. Айыл өкмөтү токтом, чечим чыгарган үчүн биз кызыл китепке ээ болуп жатабыз. Токтом чечим чыгып туруп эле биздин жерге болгон ээлигибиз жокко чыгып кеткен болсо, анда айыл өкмөтү эмнени карап жатат?!
P.S. Мындай көйгөйлөр азыр элдин арасында арбын. Алардын чындыгы ким тарапта экенине биз эч качан кийлигише албайбыз. Атайын мыйзам боюнча иш алып барган кызматтагылар чындыгын табат деген ишеничтебиз. Бул кат биздин колубузга тийген учурда, талашып жаткан жер тууралуу документтердин толугу менен алардын колунда экендигин эске алып гезит бетине берип коюуну туура таптык.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«