Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Дени сак улуттун эртеңкиси жарык

Оорулардын түрлөрү жана аларды дарылоо ыкмалары

Дартка дабаа болгон дабагерлердин кеп-кеңеши биз үчүн маанилүү. Оорулардын келип чыгуу себебин, белгилерин, андан дарылануунун жолдорун билүүгө кызыгуу артабыз. Бул жолу кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулу оорулардын түрлөрү, аларды дарылоо ыкмалары боюнча өзүнүн кеп-кеңешин ортого салат.

(Башы өткөн санда)

Тартипке салынган ыкмалар
Бир топ жылдардан бери топтолгон иш тажрыйбадан, байкоолордон улам оорулууларды ар түрдүү илдеттен айыктыруу үчүн дарылоодо өзүнө жараша ыкмаларды колдонууга туура келди. Иш жүзүндө пайдаланууда ыңгайлуу болуш үчүн ал ыкмалар иреттелип, тартипке салынган. Ошол тартипке салынган ыкмалар - режим деп аталды. Дарылоодо ноокастын оорусуна жараша түрдүү ыкмалар (режим) колдонулат.

Тогузунчу ыкма (Режим)

Дене ысыгын чыгаруу
Бир чыны (200 гр.) күрүчтү чоюн казанга кызарганча кууруп, ага 3 же 5 чоң кашык (столовая лошка) күнкараманын (семичке) же жүгөрүнүн майынан кошуп, бир аз аралаштыргандан кийин "соевой соустан" үч чоң кашык (туз ордуна) салып, бул аралашмага төрт эсе көп (төрт чыны) суу куюп, аралаштырбай, жай отко коюп бышырылат. Бул тамакты күнүнө үч-төрт маал жейт. Нан ордуна каткан нан (сухар) же кара ундан ачытпай бышырылган көмөчтөн аз-аздан жесе болот.
Суусундукка буудайды бышыра кууруп, он чыны сууга бир чыны буудайды салып, жарылганча кайнатып, чыпкалап, жогоруда айтылгандай тамактангандан кийин он беш граммдан ичсе болот. Мындан тышкары, кара өрүктүн кайнатмасын элүү граммдан үч маал ичет.
Мүнөз кармоо үч күндөн жети күнгө, жети күндөн он төрт күнгө, андан кийин бир айга чейин созулат. Мүнөздөө убактысында үч күндөн кийин эгерде табити тартса, коюу жасалган тамакты каалашынча жесе болот. Өз алдынча режимди көтөрө албай баратса, айтылган тамакка киришсе боло берет.
Мурда айтылгандай мүнөз кармалганда жети күндөн кийин дене-бойду сөөктөтүп оорутат. Денедеги ашыкча туз, уулуу заттар (шлак) чыга баштаганда заара кызарат. Мындан шек саноого болбойт.
Эскертүү: Бу мезгилде башка тамак-аштарды ичүүгө, алыска жол жүрүүгө, оор жумуш аткарууга тыюу салынат. Мүнөз кармаган учурда эт жешке болбойт (бир айдан үч айга чейин). Суусундукту үч жүз граммдан жети жүз граммга чейин (мындан ашууга болбойт) ичишке болот. Табыпка кайрылып, кеңеш алып турганы эң жакшы.
Тамакка кирүү: Өсүмдүк майына эти жок даярдалган тамактарды, кордо, айран, сүт, арпа, жармаларды иче берсе болот. Минералдык сууларды, ширелерди (сокторду) да ичүү пайдалуу.
Денедеги ысыктыкты ванна аркылуу чыгаруу ыкмасы : Кадимки жалбызды кайнатып, үч күндөн жети күнгө чейин бир сааттан үч саатка чейин отурат. Суусундукка сулунун кайнатмасы ичилет.

Онунчу ыкма (Режим)
Кан алуу менен дарылоо: Ар бир эмчи-домчу, табыптардын колунан келе берчү нерсе эмес. Каныккан кыл тамырчылар гана кан алуу керек. Анткени, кыл тамырчылар ноокастын ысык-суугун ажырата билип, кайсы бир мүчөсүндө бузук кан бар экенин сезе билет. Ошондон кийин мүнөздөп же кан суюлтуучу суюктуктарды ичирет.
Кан алуунун мезгили бар: Жайкы чилдеде (жерге толук дем киргенден кийин) же кышкы чилдеде (жер тоңгондо). Калган мезгилде кан алуу ыңгайсыз. Анткени, күзгү-жазгы жел убакта жел көтөрүп, адамды майып кылып коюшу мүмкүн. Мындан да коркунучтуусу, мезгилсиз учурда кан алынса, анда ал оору эч качан айыкпайт жана илдет өмүр бою өнөкөт болуп калат.
Кан алуунун эки түрү бар:
Солгун күрөө тамырдан чегип кан алуу. Мисалы, кызыл жүгүрүк, жогорку кан басым, тил алдынан, баштын кан басымы жана башка кан оорулардын түрлөрүнөн чегип алынат. Бул оору менен ооругандар сөөгү күйгөн ысыктар.
2. Эт менен теринин ортосундагы майда кан тамырлары сезгенип, ар кандай оору пайда болсо, анда картык (оңко, банка) коюп сордуруп алуу же сүлүктүн жардамы менен арам канды сордуруп алуу ыкмасы колдонулат. Мисалы, ага жел куяңдан пайда болгон бузук кан, экзема, аллергия, кара жама, сезгенгенден, катуу урунгандан бузулган кан кирет. Бул ысык жел, чарбысын менен ооругандарда бузук кан болот.
а) Солгун күрөө тамырдан чегип кан алуу үчүн төмөнкүдөй даярдык көрүлөт. Угуту аз, жумшак салынган бозо, кымызды бир күндө үч-төрт маал 250 гр. үч күндөн жети күнгө чейин ичүү керек. Тамак ордуна жетинчи ыкма колдонулат. Канды суюлтуу тамыр кармап, кан алчу табыптын көзөмөлүндө болот.
б) Эт менен теринин ортосундагы уюган бузук канды алуу үчүн төмөнкү даярдык: кан алуучу тамырчы сыркоонун ысык же суугуна жараша жогорудагыдай бозо, кымыз ичирбестен, жетинчи ыкманы ченемдүү мөөнөт менен карматат.
Кан алууда ченем жок. Бузук кан алынгандан кийин артынан сары суу, анан кан чыга баштаганда токтотуу керек.
Кан алуунун жолун толук жазганыбыз менен кантип картык (оңко, банка) коюп, канды кантип сордуруу керек экенин жазган жокпуз. Анткени, ар кимдин өз ыкмасы бар. Бирок канды суюлтууда мүнөздөп тамак ичүү зарыл.
Эскертүү: Кан алдыруучу оорулуунун жүрөгү ооруса же өтө коркок болсо, күрөө тамыры чыгып, көөп кетсе кан алууга болбойт. Чеге турган устара болоттон жасалып, мизи курч, эни 2 мм, үстүңкү бети туюк болсун . Ар кандай микробдон сактануу үчүн устараны кайнатып, спирт менен дезинфекциялайт. Чеккен жердин канын токтотуу үчүн "каз таңдай" дары чөптүн жалбырагын же болбосо курмушу күйгүзүп (кийизди күйгүзгөндө алынган күл) басат. Кан алгандан кийин сөзсүз мүнөздөп, суюктукту аз ичип, №7 ыкманы колдонот.

Он биринчи ыкма (Режим)
Сулу (овес) - бир жылдык айдалма өсүмдүк. Сулунун кайнатмасы негизги орунду ээлейт. Өлкөбүздүн тоолуу аймактарында кайрак жерлерде айдалганы дарылыкка жакшы касиет берет. Дарылануу үчүн даны, уну жана саманы бардык ооруларга колдонулат. Сулу бардык ооруларга мүнөздөө үчүн зарыл керек. Ички органдардын суук тийгенин, жүрөк, кан тамырын жөнгө салууда заараны айдоочу каражат катары колдонсо болот. Сулунун жашыл чөбүнүн тундурмасы терди чыгаруу, ысытманы түшүрүү үчүн алмаштыргыс нерсе. Тери ооруларын дарылоодо да пайдалуу. (мисалы, таз, экзема, диатез, аллергия). Бирге жети, тогуз өлчөмдө каражатты нымдоо жолу менен көк чөбү колдонулат.
Сулунун даярдалышы: Сулуну ар кандай өлчөмдөгү идишке ченеп алып, мисалы, 200 гр. 400 граммга чейинки идишке салып алып, (сулуну грамдоого болбойт, идиштин аз-көп өлчөмү гана эсептелет) таза жууп бирге жети-тогуз эсе көп кайнак суу куюп, кечинде сыр идишке демдеп коюп, эрте менен эрежеге жараша кайнатпай демдеп, болбосо кайнатып ичилет.
Сулу ичүүнүн эки эрежеси бар:
Кайнак сууга сулуну демдеп коюп эрте менен 15-20 мүнөт кайнатып данды марли аркылуу маңызын сыгып алып ичүү. Бул оорунун бардык түрүнө пайдаланылат жана суусундук катары да ичүүгө болот. Денедеги шлактар, уулуу заттар жана ошондой эле бардык кан тамырларды калыптандырат.
Кайнак сууга сулуну демдеп коюп, маңызын ичүү. Муну муун, сөөк жана жел кабыз алган бейтаптар ичет.
Эскертүү: Мүнөз кармап, сулунун жутмасын ичип жатканда ар кандай суусундук ичүүгө болбойт. Бир күндүк норма 300-700 граммдан ашпоо керек. Эгер мүнөз кармап жатсаңыз, суусундукту тамактан кийин 150 гр. өлчөмдө ичүүгө болот. Эгер суусасаңыз бир күндө 3-4 маал ичсеңиз болот (жылытып алып). Мына ушуну аткарсаңыз, ден соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болооруна ишеним жаралат.

P.S. Дарылануу дайыма тамырчынын көзөмөлү менен жүргүзүлөт. Дарылануунун калган ыкмаларына (режимдерине) кийинки сандарыбызда токтолобуз. Эгерде Дүйшөнбек Чомо уулуна байланышууну кааласаңыздар (0772) 424283; (0772) 424284 номерлерине чалсаңыздар болот.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??