Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Кендердин кендири ай!

Колдо бар алтындын баркы жокпу?
Өткөн аптада өкмөттүн атайын комиссиясы Таластагы Арал айылына барып, айылдын тургундары менен Талды-Булак кенинин айланасындагы абалды талкууга алды. Эскерте кетсек, 8-октябрда Талды-Булак кенинде изилдөө-чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан "Талас Коппер Голд" ишканасына түн жамынган атчандар өрт койгон эле. Мындай "XXI кылымдын каракчыларындагыдай жорук" ММКлар аркылуу дүйнөгө тарап, Кыргызстанды жана жалпы кыргыз элин жаманатты кылды. Ушундан улам Өкмөт атайын комиссия түзүп, "Талас Копперге" кол салгандарга катуу чара көрүлүп, жазаланышын буюрган. Арийне, кыргыз элибиз өнүгүп-өсөлү десек, балдарга татыктуу келечек куруп, заманбап технологиялык шарттагы өндүрүш ишканаларды куралы десек, оорукчан жаш-карыбызды дарылап багалы десек, Кыргыздын тоо-кен байлыктарын гана казып пайдаланышынан башка жол жок экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Өмүр бою эле башкалардан жардам алып жүрө бермек беле! Ал үчүн ата-бабаларыбыз мекендеп, эбегейсиз байлыктарга ээ болгон Ала-Тообузду эл кызыкчылыгына гана пайдаланышыбыз абзел. Анан эмесе, ушул байлыкты эл керегине жараталы, кыргызды Казакстан-Орусиялап тентитпей, өз жергесинде иш орду менен камсыз кылалы деп жатканда - өз ырыскысын көтөрө албай, элдин кудугуна түкүргөн эл бузарлардын жоругуна таң каласың. Мисалы, "Андаштын" казылып жатканына каршы чыккандарды түшүнсө болот. Ал жерге курула турган комбинат айыл четинде, суу боюнда жайгашкан. "Жерүйдүн" тегеригиндеги чыр - канча жыл бою Акаев-Бакиевдердин коррупцияланган иштеринен улам тынчыбай келет. Жөн гана чалгындоо иштери жасалып жаткан Арал айылындагы Талды- Булак кенинин айланасындагы ызы-чуу чыгаргандарга эмне себеп болот деп ойлоносуң. Айылдыктардын айтымында, "Талас Коппер Голдду" азык-түлүк менен камсыз кылып жүрүп, өз товарларынын сапатсыздыгынан мындай кирешелүү соодадан кол жууган Мадыл Ибраимов аттуу адам, ишканага өчөшкөндөн өчөшүүдө. Ушул сыяктуу эле, айыл өкмөт кызматына өтө албай калган Бакберген Тайтаков да, өз ызасын компаниядан чыгарууда. Милициянын маалыматы боюнча, 8-октябрдагы чабуулга так ушул Тайтаковдун уулу менен иниси баш кылган имиш. Ушуга окшош негизде, айылдын бир бай малчысы 50 коюнун өлүмүн "Талас Коппер Голд" радиация таркатууда деп даттанууда. А чындыгында бир канча экспертиза мындай доолордун жүйөсүз экенин тастыктаган. Ойлоп көрсөң, радиация бар экенин тастыктай турган адам, базардан Гейгер эсептегичин бир койдун баасына сатып алып, тастыктабайт беле... Айтор, жалпы кыргыз элине тийиштүү байлыкты өзүнө энчилеп алган 15-20 адамдын жоругуна таң бересиң. Мисалы, 8-октябрда өз айылдашынын үй-сарайын өрттөп жиберишип, эми аны коркутуп-үркүтүп милицияга арыз бердиртпөөдө. "Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат" деген ушул да. Ушундай жийиркеничтүү тартипсиздикти көрүп туруп, бийликтин алсыздыгынан эл чарчаганын айтпа. Кыйкырыгы күчтүү чыккан "эл бузарлар"дын заманы бүтөөр бекен? Мына ушундан соң президенттик шайлоодо мыйзамды бекем сактаган, элибиздин жаркын келечегине иштей турган, экономиканы мыкты билген адам бийликке келип, катуу тартип орнотсо экен деген тилектен башканы тилебейсиң.
Кошой Ташбаев

P.S. Бул материал гезиттин позициясын билдирбейт. Гезит кен тармагы боюнча материалдарды үзгүлтүксүз чагылдырып тураарын эскерте кетмекчибиз.




  Төлгөчү

"ХАН ЖАКШЫ БОЛБОЙ,
КАЛК ЖАКШЫ БОЛБОЙТ"
"Ушу жарык дүнүйө,
Устаранын мизиндей,
Оодарылат күнүгө..."
дегендей, бүтүндөй кыргыз элинин алдында бул дүйнө канчалаган жылдардан бери оодарылып, ала салып, оңкосунан түшүп, бөгүнөн, чигинен жатып калып эле келатат... Антсе деле, "Кыргызды - кыргыз кылган да намыс, шордуу кылган да намыс" болуп, башка келгенин көтөрүп келет кайран эл!
"Эл башчысы - эл тагдыры" деп коет бул сыноону. "Эсти алыш оңой, элди алыш - кыйын" экенине мезгил күбө.
Алдыдагы президенттик шайлоо жакындагандан тартып, калың калктын кулагы көтөрүлүп, "Эл деп күйүп адам боло турган, арам болбой адал боло турган" бир азамат кыргыздын маңдайына жазылса эле болду, - деп Жараткандан тиленип отурганыбызды кантип жокко чыгарабыз. Азыр "Эл кулагы - элүү кат" болуп турган убак.
Кыргызда "Адамдын оозунда болсо, Алланын кулагында" деген сөз бар. Актыкка моюн сунуп, төлгө ташын сүйлөтүп, "Элимдин эртеңи кандай болуп кетээр экен?" деп өздөрүнчө түйшөлгөндөргө бу саам да кайрылып турганыбыз бекеринен эместир. Эмесе, Калыгул бай уулу олуянын касиеттүү урпагы Көчмамбет молдонун шакирти Сайдин кызы Жаңылга сөз тизгинин берели.
- Чоң сыноого ат салышкандар М.ИМАНКУЛОВ, Т.АСАНБЕКОВ, К.ИСАБЕКОВ, К.БАЙБОЛОВ, К.ТАШИЕВ, А.МАДУМАРОВ, А.АТАМБАЕВ, Ө.СУВАНАЛИЕВдерди азыр катуу ой басып турган убагы. Кантсе да, эл башына барыш, андан ары элди багып кетиш ар бир эле адамдын маңдайына жазылбасын баары эле билип-көрүп турушат. Арасынан Адахан Мадумаров оозунан чаң чыккан чечен. Жылдызы жанып тургандарга М.Иманкулов, К.Ташиев, А.Атамбаев, Ө. Суваналиевдерди кошууга болот. Кантсе да, баары бир бул иш - Алланын буйругу менен боло турган иш.
Шайлоо эл божомолдогондой эки тур менен өтпөйт. Биринчи турда маселе чечилет.Ташиев менен Атамбаевдин бирөөсүн эл көтөргөнү турат. Оштон Атамбаев 40 %дай алат, калганы Ташиев менен Мадумаровго бөлүнөт, бирок, Ташиевди көбүрөөгү колдойт. Ал эми Көлдүн түндүк-түштүгү, Талас, Ат-Башы, Нарын, Чүй - Атамбаевди колдошот. Ошентип, Атамбаев президенттикке отурат. Негизи, Алмазбек баламдын жолу жакшы. Завод-фабрикаларды ачып, жумушчу орундарды камсыздайт. Анын боорукерлигине, айткан сөзүнө тура тургандыгына эл ишенет. Акыры жүрүп-жүрүп отуруп, Атамбаев Кыргызстанды оңдойт.
Төлгө ташын улам-улам тарткан төлгөчү андан ары сөзүн улады:
- Мындан эки-үч жума илгерээк түшүмө Калыгул атам кирип жатыптыр. Атам Алмазбек Атамбаевге бата берип жатканын көрдүм... Башка эл-журт укпасын, кыргыз элинин тагдыры - кылдын учунда, кылычтын мизинде турат. Кыргыз дүйнө жүзүнө көр оокат деп тарап кетти. Кудай берген кутман жерибизде, эл-журтта айып жок. Айып - бийлик төбөлдөрүндө. Мына эми кыргыз калкынын тилеген тилегин Кудайым бергени турат. Чачылганды жыйнап, завод-фабрикаларды куруп, эгинди мол өстүрүп, мал чарбачылыгын өркүндөтүп, кыргыз үчүн күйүп-жанган азамат эл башына келет.
Дал ушул жерден: "Ойгон кыргызым, ойлон кыргызым!" "Хан жакшы болбой, калк жакшы болбойт". Такка отураарда Кудайдан коркуп, 5 миллион калктын убал-сообун ойлоп отуруу керектигин унутпаса экен деп тиленели. Анан да, "Кеңешкенге кең дүйнө, талашканга тар дүйнө" дейт. Чыр-чатактан оолак болуп, азаматтарыбыз тактыны талашпай бирөөсүнө ыйгарса, кыргыз элинин ынтымагы ыдырабай, өркүндөп-өсүүнүн үстүндө болмок...- деп сөзүн аяктап, бетине бата тартты.
Бул төлгөчүгө кызыгып суроо салгандарга (0773) 761053 номерине чалсаңыздар болот.

Даярдаган
Нурбүбү БӨДӨШОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«