Асыл адамдар

Атпай журттун атактуу уул - кыздары,
Ардакталат… ардакталсын бүт баары!

Төкмөлүк - кыргыз элинин көөнө өнөрү катары мезгил сынагынан аман-эсен өтүп, ар дайым эл-журтуна кызмат көрсөтүү менен анын көңүлүн көтөрүп, кыялын көкөлөтүп, өзүнчө талаа театры келбетинде жашоо кечирген. Анын айныгыс да, табылгыс да өкүлү - Жеңижок.
ЫР ПАШААНЫН ТАКТЫСЫ
Жеңижоктун бүт өмүрүн бойлогон,
Кан-жанында кадам сайын ойногон.
Көксулууну көксөө ыры тоо болуп,
Көз ирмемге көңүлүн тынч койбогон.

Жан бүткөндү жалдыратып телиткен,
Жамгыр болуп жер денесин эриткен.
Аккан сууну алты күнү ыр кылып,
Атпай журтту жаш баладай элирткен.

Улуу акындын башы чыкпай убайдан,
Уул менен кыз сурабай кудайдан.
Көкүрөгүн арзуу ырга толтурган,
Көргөн дешет бир бактысын жубайдан.

Бара-бара балбан-баатыр жүрөгү,
Бала эңсеген ырдын болуп түнөгү.
Бир канаты көктү тиреп калдайып,
Бир канаты жерге тийип жүдөдү.

Тагдыр анын таразалап бактысын,
Таппас жерге катса керек ачкычын.
Ыңаалаган перзент аяп койсо да,
Ыр пашаанын берген экен тактысын.



Атай Огонбаев ырчылык өнөрдүн туу чокусуна чыккан, аргендей үнү, асылкеч обондору менен кимди гана болбосун толкундатып, ашкере маашырлантып, кумарын кандырып, үмүтүн жандырган.
БУЛБУЛ ЭЛЕң БУЛ ДҮЙНӨГӨ БИР КЕЛГЕН
Булбул элең бул заманга бир келген,
Бура тартып адам көөнүн имерген.
Бала сымал бапестеген комузуң,
Балбылдаган бакыт нурун жиберген.

Эрте кеттиң, эл жүрөгү ачынып,
Эч белгисиз топуракка жашынып.
Кутман журтуң кулак түрөт азыр да,
Сен ырдаган обон-күүгө ашыгып.

Бир кем дүйнө, кимде болбойт капалык,
Кеп түйүнүн кейибестен ачалык.
Атайды да көз жаздымга калтырып,
Биз жибердик өтө оор каталык.

Көк-Кашаттан көрүнбөстөн элеси,
Көпкө жатты анын кымбат денеси.
Атай өлбөйт, өлдү деген жаңылат,
Жарык чачат анын өнөр сереси.


Көзүнүн тирүүсүндө "Алай ханышасы" аталган Курманжан датканын атак-даңкы улам убакыт өткөн сайын бийиктеп, тереңдей береринде шек жок.
КАН ТЕңИРГЕ КАТАР ТУРАТ ТӨБӨБҮЗ
Курманжандын денесинде туйлаган,
Касиеттүү кандын ыргак, басымын.
Кадимкидей баалап билип туйбаган,
Канча бири кара аламан калкынын.

Көзү жайнап көөдөй түндө чырактай,
Күрөш менен өттү күндөр сабалап.
Эшик-төрдүн ортосунда кылактай,
Жаманчылык турду дайым сагалап.

Бийликтин да жүрөт араан, өкүмү,
Билген адам айландырса тетигин.
Айран калган ак падыша өкүлү,
Айкын сезип акылынын жетигин.

Тийбесин деп тууган элге зыяны,
Тирүү туруп өлгөн өзү миң ирет.
Туура сөздүн айтсак эми кыябын,
Туруп келип көрүнөн ал тирилет.

Жеке тагдыр тозоктон кем болбогон,
Жеткичекти баралына, жашына.
Элдин сөзү кыл аркандай толгогон,
Ээмин десе алмадай бир башына.

Курманжандын элесинен, кебинен,
Каныкейдин кулк-мүнөзүн көрөбүз.
Карт эненин кайратынан, деминен,
Кан Теңирге катар турат төбөбүз.


Социалисттик Эмгектин Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун майдангери, мамлекеттик, коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун өмүр жолу - Мекенге, тууган элге эмгек кылуунун эң сонун үлгүсү.
ТУМАР
Акназаров - Ала-Тоо саясында,
Аксакалы аталган атагы бар.
Заманбапка дал келген сапарында,
Санжырадай тизилген казалы бар.

Теңир-Тоонун тескейи-күнгөйүндө,
Терин төгүп мээнетин тегиз чачты.
Куш уйкулуу бул адам элди таанып,
Эртели-кеч бир басып, бирге жатты.

Отуз бир жыл олтуруп так орунда,
Ал бышты , күйдү тагдыр от чогунда.
Жердигинен суурулуп чыга келди,
Жетекчилер - эл башы чоң тобунда.
Акназаров насилинде, табийгатта,
Аябаган жупуну келбет жүзү.
Ал эми абройго зак кетирсе,
Ат оодарган бар анын албан күчү.

Акназаров калың журт казынасы,
Ачык турган дайыма эшик-төрү.
Тарыхта талашы жок ордун табат,
Дал ушул таржымалы, аты-жөнү.

Табийгат жели тийбей, ысыгы өтпөй,
Ал жашайт Бишкек - кыргыз калаасында.
Тумар сыңар бөлүнүп турары чын,
Тунук акыл даанышман арасында.



Кыргыз ССР Улуттук илимдер академиясынын тунгуч президенти, академик, кыл табып, адам жашоосунун кыймылдаткычы - жүрөккө операция жасоону Орто Азия аймагында биринчи жолу ийгиликтүү ишке ашырган - Иса Коноевич Ахунбаев, кыргыз журтунун сүймөнчүгү жана медицинадагы кадимки тааныткычы.
УШУЛ ҮЙДӨ
Ушул үйдө Ахунбаев жашаган -
Атпай журтка кызмат өтөп ак жолтой,
Көпчүлүктөн көрүнгүн деп мончоктой,
Жаратылыш жалгыз гана жасаган.

Ушул үйдө Ахунбаев жашаган -
Башын байлап, барын берип ишине,
Өзү үчүн калтырбаган кичине,
Кандай айкөл, кандай пенде, кандай жан.

Ушул үйдө Ахунбаев жашаган -
Улукмандын усталыгын асырап.
Оорукчанды айыктырып батыраак,
Өзүн жөп-жөн врачмын деп атаган.
Ушул үйдө Ахунбаев жашаган -
Жолго чыгып, жолдон бүткөн өмүрүн,
Гүлдөй багып кайрылгандын көңүлүн,
Кайрымдуулук касиетин таптаган.
Кылым мырза, кыйбай көзүн жаштаган.



Белгилүү киноактер, кыл калем чебери - Сүймөнкул Чокморов көркөм маданияттын көгүчкөн сыяктуу көкөлөп учкан алгачкы карлыгачы.
ТАТТУУ ТҮШ
Сүймөнкул Чокморовдун эч кимге айтпас,
Сүйкүмдүү таттуу түшү боло турган.
Тагдырдын тартуусундай ушул учур,
Берметтей арууланган ойго тунган.

Жакшылык кабарынан аян берип,
Ал түшү чанда гана кайталанчы.
Аралык алыстаган сайын улам,
Агылып айлар-жылдар-күндөр тамчы.
Ала-Тоо арасында булак шылдыр,
Жылаажын дабыш менен угулуучу.
Дарыга толуп бүткөн тулку боюн,
Сүймөнкул шунда гана унутуучу.

Бир ууртам суунун баркы тоодой бийик,
Аптыгып жутуу кандай бакыт эле.
Купуя болсо дагы курсант алып,
Кулпуруп күүгө келип балбан дене.

Сүймөнкул ушул түнүн самап күтүп,
Чаңкоосун кандыруучу кыялында.
Ал болсо маалкатып чанда гана,
Келтирип-келтире албай кыябында.

Суу-мүрөк, жылаажындай дабышы да,
Көңүлгө кандай жакын ырахаттуу.
Билинбей сабы менен өтө берген,
Бул турмуш бирде ачуу, бирде таттуу.

Сүймөнкул Чокморовдун эч кимге айтпас,
Сүйкүмдүү түшү бүттү чорт үзүлүп…
Кыжаалат сезим коштоп, көңүл өйүп,
Кыргыз эл аза күтөт бүт түрүлүп.



Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыздын опера жана балет тармагында татынакай келбети, алмончоктой жүзү, айтып бүткүс талант дарамети менен кылымдарды карытып жашамакчы.
ТАТЫНАКАЙ ТАШ ДЕНЕ
Кудай сага башкалардан башкача
Сулуулукту тартуулаган ашкере.
Айтып турат аны бүгүн дааналап,
Татынакай тал чыбыктай таш дене.

Кудай сага бакыт берип батмандап,
Базарыңды бат жыйнаган шашылып.
Баягыдай дүйнө бүтүн бир гана,
Кайда кеттиң карааныңды жашырып.

Кудай сага айкөлдүктү аябай,
Өмүр жолуң какса, чолок кайрыган.
Мөлтүрөгөн мөмөлөрү толтура,
Бышаарыңда бутагыңды айрыган.

Кудай сага берген баарын берешен,
Бекитилген берчи жерин ачкандай.
Адамдарга ыраа көрбөй анысын,
Алды тартып, алды уялып жазганбай.


Түлөн АКМАТАЛИЕВ