Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
БШКны кимдер кайтарат ?
"Айтпай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле" дегендей, буга чейин "ЦИК Цирк көргөзүп жатат" дегендер көп эле болду. Бирок, мындайды угабыз деп ойлободук эле. Кыргызстандын БШКсы жеке кайтаруучу агенттикти жалдады деп уктук. ИИМ кызматкерлери аздык кылып жатса керек. Акыркы кезде өзүнө-өзү атайлап душман арттырганды өнөр кылган БШК, эми өз көлөкөсүнөн өзү коркуп жүргөнү түшүнүктүү деңизчи, бирок көчө бандиттеринин кейпин кийген мобул сүрөттөгү "молодчиктердин" кебетесин көрүп, аргасыз арданасың ....
Мейли, коопсуздукту колго алган экен дейин десең, мындай кебетеси менен мамлекеттин негизги шайлоо өнөктүгүн өткөрүүчү башкы органдын бакандай имаратын ушундай кебетелер "тейлеп" жатканына таңбыз. Айтайын дегенибиз, бул "азаматтар" БШКга кимди кирет десе кирет, болбосо сыртта каласың дейт: керек болсо, БШКнын ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн аккредитациядан өткөн ММК журтчулугун дагы...
Баса, буларды үстүнөн башкарган "чоңу" же болбосо "смотрящий" дечү беле, ошондою да бар дейт: "Азиз" аттуу. Териштире келсек, билгендердин айтымында, ал БШКнын төрагасы Т. Абдраимовдун көздөй жардамчысы имиш..
Бир гана таң калганыбыз, каражат жетпейт деп кан какшаган БШКны жакында эле ЖоКе депутаты Д. Бекешов 20 миң АКШ долларына концерт өткөрүп жатат деп күнөөлөгөн жайы бар эле. Эми жеке кайтаруучу жалдап калышканына караганда, ушу калп эле анткорлонуп жатабы деген ой кетет.
Кызыгып калдыңызбы, бүгүнчө ушул сүрөттөргө өз алдыңызча баа берип байкай туруңуз, окурман. Эгер сүрөттөгү "кайтаруучулар" жакса, БШКдан булар иштеген агенттиктин дарегин да алып беребиз. Эгер чын эле расмий иштеген агенттик болсо.., Бул, жана ушуга окшогон БШКнын былыктары тууралуу кеңири маалыматты келерки санда бермекчибиз....




Дүрбү

Алысты айныксыз, таасын көрсөткөн дүрбүнүн пайдасы да чоң. Мына, ушул жөнөкөй эле буюм менен ыраактагы каалаган көрүнүштөрдүн баардыгын үтүр-чекитине чейин байкоого болот. А журналисттердин "дүрбүсү" - алардын калеми. Калем гана алыстагы нерсени жакындатып, маалыматтардын булагын ачык-айкын окурмандарга жеткирет. Демек, төмөндөгү "Дүрбү" аттуу рубрикабыз да сиз үчүн, окурман!

Ашуудагы айкаш же Президентке каршы таймаш…
Президенттик шайлоо алдындагы саясий күрөш, ич ара тымызын кайрашуулар күн санап күч алгандай… Бул адаттагы көрүнүш. Антпесе, саясаттын даамы да, жыты да, кыскасы, көркү жок болоор. Эми дал ушул тапта Президент менен спикердин ортосундагы тиреш ачык эле түктүйүп чыга келди. Саясатты "чагып", ага алдын-ала прогноз жасагандар муну эчак эле талдап, жиликтеп, кимге кандай устукан тийээрин, дегеле кимиси кандай устуканга татыктуу экендигин божомолдоп коюшту.
Негизинен, "Бийлик бутактарынын ортосундагы келишпестиктер шайлоо алдында кооптуу кырдаал түзбөйт" деп эч ким кепил боло албайт. Андай көрүнүштөр шайлоодо ар кандай нюанстарды жаратышы мүмкүн. Саясатта бир күн эмес, бир сааттын ичинде эле баары өзгөрүп кеткен учурлар бар. Же Алмазбек Атамбаев айтмакчы, саясатта экиге экини кошсоң, беш болуп кеткен жагдайлар деле кездешет эмеспи.
"Башынан эле Келдибеков "Биз Президенттик эмес, Парламенттик башкаруу системасын кабыл алган өлкөбүз" таризинде кадимкидей кыр көрсөтүп, камчысын бийик көтөрүп жүрөт" дешет.
Демек, Президент менен спикердин ортосундагы кара мышык бир гана "жамандоо, каралоо" деген майда-барат, келди-кетти сөздөн чыкпаганы да көрүнүп турат…
Экинчи жагы, депутат Садыр Жапаров "Жоопкерчиликсиз кадамдары үчүн" Президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрө чапты. Баракелде! Сөз болбосоң коё кал! Бул баягы "Өз башындагы төөнү көрбөй, өзгөнүн башындагы чөптү көрөт" макалына шайкеш келгендей…
Ансыз да, Президенттин кетээрине эки ай гана калды. Эми аны да саясатташтырып, ызы-чуу кылуунун кажети барбы?! Же Отунбаеваны оодарып, Садыр Жапаровду алып келелиби Ажолук тактыга?!
"Акты ак, караны кара" деп айтып коюш керек. Керек болсо, Отунбаева кылган иштин бир пайызын да жасабай туруп, көктөн түшкөндөй ой-келди сүйлөгөндөргө таң калабыз. Же эмне, бизде мыйзам чегинде мөөнөтү бүтөөр менен ордун бошотуп бере турган Президентти да жөн кетирбей, саясий "шоулар" менен "каралоого" алабызбы?!
Башкысы, азыркы тапта эл бир гана өлкөдөгү стабилдүүлүктү каалайт. Тынчтык, ынтымак орногон жерде гана ырыскы байыр алат.
"Саясатчылардын "оюн-зоокторуна" көңүл бурбагыла! Роза Исаковнаны өз мөөнөтү бүткөндө тынч узатып, калк үчүн күйгөн азаматты Ажолукка шайлап алалы. Бир гана сөз, эртеңибизди туура тандайлы!" дешет карапайым эл.
Калк көргөнүн, жүрөгү менен туйганын айтат. Калк баарына калыс тараза. Бийлик бутактарындагы өзүн түшпөс хан сезген айрым көзүн май баскандар бир гана тагдырды эстерине алып коюшса. "Мен качпайм!" деген Бакиев эмне болду? Дөөлөттү көтөрө албагандар бир күндүн ичинде мусаапыр кейпин кийип калганына тарых өзү күбө. Андыктан, айрым атка минерлер "Күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин" деген накыл кепти девиз катары колдонбостон, анын түпкү маанисине аябай салышканы оң. Алар бийлик кумарына малынбай, эртеңки күнүнө, адамгерчилик жүзүнө отчёт беришсе. Болбосо, элден өткөн каардуу толкун жок. Эл кечиримдүү, көтөрүмдүү. Бирок, акыйкатсыздык чегине жеткен мезгилде калктын каарын эч ким, эч нерсе токтото да албайт!..
Жеке учактарга кызыкпаган экс-спикер
"Өткөнүңдү балталап кеспе! Келечек - өткөнкү жолдордун уландысы" делет. Калетсиз айтылган. Түптүү тарыхты уратуунун же ага туш-тараптан акаарат айтып, кол кесөөнүн кереги жок.
Кечээ жакында эле "Демократия сабактары" теле көрсөтүүсүндө коомдук ишмерлер Абдыганы Эркебаев, Накен Касиевдер эң сонун ойлорду ортого салышты. Аксакалдык туура сөздөрүн айтып, көпчүлүктү ойго батырды.
"Бийликте болсоң, калктын жашоо-шартын жон-териң менен сезип, алар менен бирге болуу керек.
Кезинде мен спикер болуп турганда, жеке учактар менен учуп, кызмат абалымдан пайдаланган эмесмин" дейт А. Эркебаев.
Мына, бул башкаларга сабак болсо. Чын эле, өмүр бою спикер болуп, өмүр бою жеке учактар менен жүргөн эч ким болгон эмес…
"Жакында бир тойго барып калдым. Кымбат машиналар, кычырата кийинген адамдар. Бирок, алар мунун баары түбөлүктүү эмес экендигин билишсе..." деген Накен Касиевдин ою да түшүнгөн адамга эң эле керектүү насаат.
Каалап-каалабасак да, бир акыйкатты моюнга алсак. Советтик системадан тарбия алган ага-эжелерибиз билек түрүнө мамлекет кызыкчылыгы үчүн иштегендерин танууга болбойт. Алар өз кезегинде кызматтык автоунааны да ойго албастан, жөө-жалаңдап эмгектенгендигин калыстык үчүн айтып коюу керек. Биз ошол тартипке, ошол баштапкы системага кайтып келсек, көчөлөрдөгү нааразычылык акциялар да болбос эле. Качан гана бийлик менен элдин ортосу жакындап, ачык-айкын мамиле орногондо гана бирдиктүү, эртеңи жарык өлкөгө жол ачылат эмеспи.




Саясий партиялар футбол талаасында күч сынашты
17-сентябрда "Libero Sport" футбол борборунда Кыргызстандагы саясий партиялардын футболдук командаларынын арасында турнир болуп өттү. Кыргызстан Элдик -Демократиялык партиясынын уюштуруусу менен өткөн бул турнирге "Республика", "НДПК", "Бүтүн Кыргызстан", "Ак Шумкар", "Мекен Ынтымагы", "Алаш Ордо", "Ата Мекен", "Жашылдар" партиясы сыяктуу саясий партиялардын футбол командалары катышып, саясий талаада да эмес, футболдук талаадагы күчтөрүнүн сынашты.
Саясат айдыңындагы атаандаштардын спорттук айдыңындагы мелдешинин жыйынтыгында "Ата Мекен" партиясынын командасы жеңүүчү аталса, жанында түзүлгөн "Алаш-Ордо" улуттук партиясы "Республика" (15:0) эсебинде "Мекен Ынтымагы" (9:0). "Бүтүн Кыргызстан" (6:1) эсебинде Кыргызстан Элдин-демократиялык партиясын (7:8) эсебинде утуп 2-орунду багындырды.
"Алаш-Ордо" партиясынын лидери Ренат Самудиновдун айтымына караганда саясий партиялардын арасында мындай турнирдин өткөрүлүшү алардын ортосундагы кызматташууну күчөтүп, ар кандай саясий күчтөрдүн биримдикке келишин шарттайт.
Турнирдин эрежелерине ылайык кийинки жылы бул турнирди чемпион болгон партиянын командасы уюштурат.








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??