Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

Путин Кыргызстанга келем дейт
Курама өкмөт асман тиреген чокулардын бирине орус премьери Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөргөнү белгилүү. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, натыйжада мыйзам кабыл алынган. Кыргыз элинин мындай жылуу мамилеси Путин мырзанын жүрөгүнөн түнөк тапкандай. Себеби, ал жакын арада Бишкектин босогосун аттап, өзүнүн атын алган чокуга саякат жасоону пландап атыптыр.
Ак үйдөгү "агентибиздин" кабарлашынча, орус өкмөт башчысы 30-октябрга чейин бизге мейманчылап келет экен. Владимир Владимирович сапар алкагында атайын бир чокуну ыйгарганы үчүн кыргыз өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, аны менен катар Кыргызстандагы кырдаалды талкуулашы ыктымал. Ошондой эле так талашта кайсы талапкерге "ставка" коерун ачык айтышы мүмкүн. Андыктан, ашыкпай Путиндин бейрасмий визитин күтө туралы.

Ташиев менен Мадумаров таптакыр бирикпейби?
Ушу кезге чейин "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен "ата журтчу" Камчыбек Ташиев үч ирет жолугушуп, үчөөндө тең биригүү чечимине келе алышпады. Ал эми президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаганы Ташиев-Мадумаров тандемин түзүү такыр мүмкүн эместиги көрүнүп калды. Кырдаал дал ушундай өңүттө өнүгөрүн саясат таануучу Табылды Акеров менен маектешкен соң ынандык. Табылды мырзанын айтымында, эки берендин союз түзө албаганынын түрдүү себеби бар. "Биринчи кезекте - партиялык кызыкчылык. Эгер Камчыбек Кыдыршаевич Адахан Кимсанбаевичке кошулса, анда электоратынан ажырайт. Анткени, мындай шартта Ташиевдин таламдаштары Мадумаровго толук өтүшү керек. А саясат дегениң президенттик жарыш менен эле чектелип калбайт. Алдыда парламенттик шайлоо күтүп турат. Ошон үчүн, Камчыбек мырза арканды алыс таштап, партиясын сактап калыш максатында "Бүтүн Кыргызстандын" лидерине бирикпейт. Ал бул аркылуу туура багытты тандаганы көрүнүп турат" дейт ал. Сөздү андан ары улаган саясат таануучу Ташиевге караганда Мадумаровдун саясый аренада аброю жогору экенин, андыктан, так талашта инисине жол бошотуп бербестигин баса белгилейт. "Ошентип, канчалык аракет кылышса да Адахан мырза инисине жол бошотуп бериш үчүн жарыштан четтебейт. Анын аркасында Мадумаров-Ташиев тандемин жаратуу мүмкүнчүлүгү түзүлбөй калат" деп Т.Акеров кебин жыйынтыктады.

Жумгалдыкбы же Таластыкпы?
Бакыйган "Ата журт" партиясынын лидери, өткөн жылдагы түштүк коогалаңында элге курал-жарак таратып таанылган Камчыбек Ташиев Сузактын Барпы айылында жарык дүйнөгө келгенин билебиз. Эми анын кичи мекенине байланыштуу түрдүү версиялар айтыла баштады.
Камчыбек мырза: "Мен силердин уулуңармын, шайлоодо мени колдогула" деп Жалал-Абад дубанында үгүт жүргүзгөн болчу. Ал эми өткөндө Жумгалдагы жолугушууда: "Мен саяк уруусунан болом" деп ымандай сырын төгүптүр. Ал ортодо Таласка он чакты чабарманын жөнөтүп: "К.Ташиев саруу уруусунан экен деген ушак тараткыла" сыпатында буйрук бергени чынбы? Кыскасы, Камчыке президенттик креслого жетиш үчүн киндик каны тамган жерин "чанып", ар уруунун эшигин каккылап калыптыр. "Анын айынан "эки тоонун чөбүн эңсеген эчкинин" кейпин кийбесе эле болгону" деп биз бу жакта ичтен тынып турубуз.

Сыранын сыры
Президенттикке талапкер Нариман Ташполотович Түлеев (НТТ) өткөн жумада Москвага жасаган түшүнүксүз сапарынан саясый упай топтоого далалат кылды. Алгач, Нариман мырзанын таламдаштары лидерин "Манас" аэропортунан учуптур" дешсе, кийинчерээк: "Канттагы авиабазадан жеке самолет менен кетиптир" деп "балп" эттиришти. Анча болду биротоло самолетту өзү айдап барыптыр дешпейби десең. Мындан дагы кызыгы, Түлеевчилер ар кайсы редакцияга коңгуроо кагып: "Биздин шеф орус премьери Путинге жолукту, эми казак президенти Нурсултан Назарбаев кабыл алганы жатыптыр" деген аңыз таратканга жетишти. Баарынан да таңгалганыбыз, Өзбекстан лидери Ислам Каримов Нариманчикке атайын самолет жөнөтүп, аны Ташкентке алдырып алат имиш. Жомок болбосоң кое кал! Каримов ким да, Түлеев ким? Ток этерине токтолгондо, НТТнын Россия сапары ийгиликсиз болгон өңдөнөт. Ал Путин түгүл, андан кичинерээктери менен деле кезигишпегендей. Кезигишсе "чымындай нерседен төө чыгарып", өзүн рекламалабайт беле?! Мындан улам, бир окуя эске түшөт. "Ар-намысчы" Анарбек Калматов да саясый шоу уюштуруш үчүн август айында Россияда болуп кайткан. Ошондо интернет-сайттардын бири: "Жакында депутат, президенттике кандидат Анарбек Калматов түшүнөн чочугансып эле Москвага учуптур. Жетип эле итбай-чотбай тааныштары менен пиво ичип, бир түнөп алып эле кайра артка, Бишкекке учкан экен. Анда жанында коштоп жүргөн жандоочтору "эмнеге келдик да, эмнеге кеттик? Ушул итбай-чотбайлар менен пиво ичкени эле келдик беле?" деп сурашса, "азыр ушул мода болуп жатпайбы. Эгер Москвага келип кетсең "ээ ушунун Москвада, Кремлде колдоочусу бар экен" деп сени саясатчы катары таанып эсептеше баштайт экен. Антпесең сени кыргыздар маңка катары көрүшкөнүн байкап жатпаймбы? Бишкекке барганда шеф Москвадан чоң акча алып келди деп имиш тараткыла, ошондо көрөсүң биздин короого элдер жайнап келе баштаганын дептир" деп Баратовичтин айыбын чукуган эле. Анын сыңарындай, Түлеев дагы Калматовчосунан Москвадан жөн эле сырадан кана ичип кайткан го, ыя?




  Кен - байлык...

"Коппер голд" компаниясын өрт чалды, абалын сурап ким барды?
- 8-октябрга караган түнү Талас районундагы Талды-Булак кенин чалгындап жаткан "Коппер голд" компаниясынын тоо этегиндеги лагери белгисиз адамдардын тобу тарабынан өрттөлүп кеткен. Аталган компаниянын кампалары жайгашкан лагерге кире бериштеги бекет, компаниянын коопсуздук кызматкерлери жаткан жатакана жана ашканасы алардын ичиндеги кеңсе техникалары кошо күйүп кеткен. Компаниянын өкүлдөрү болсо бүгүн тараткан маалыматында окуяны кылмыш деп санап, бирок ага жергиликтүү тургундардын тиешеси жок экенин, аны атайын уюшулган чакан кылмыштуу топ жасаганын айтышкан болчу. Шектүү деп Талас райондук милициясы жергиликтүү Арал айылынын 7 тургунун кармашкан. Бул окуяны угаары менен Арал айылынан жүзгө жакын адамдар топтолуп барып шектүү делген балдарды бошотуп кетишкен. Бул тууралуу Жаратылыш министри Эсенаманов өлкөдө боло турган шайлоо бүткөндөн кийин териштирип иш алып барышаарын айткан.
Эскерте кетсек, буга чейин март айында да аталган компаниянын ушул эле лагери өрттөлүп, келтирилген чыгымдар 7 млн. сомго бааланган. Окуя боюнча 3 кишиге иш козголуп, сотто компаниянын "дообуз жок" деген арызынын негизинде кыскартылган болчу. Биз бул окуя боюнча тиешелүү адистердин көз карашын сурап, гезит бетине жарыя кылып коюуну туура көрдүк.

Кубанычбек Турдукожоев,
"Альянс" тоо - кен металлургиялык компаниясынын гендиректору:
"Мындай көрүнүш туура эмес..."
- Чын - чынында, бул көрүнүш өтө туура эмес. Өзүбүздү - өзүбүз басмачы, каракчы катары көрсөтүп, уят болуп атабыз. Ушинтип отурсак анан кантип сырттан инвесторлор келсин. Эгер ортодогу келишимге, аталган компанияга нааразы болушса, эки тараптын сүйлөшүүсү менен мыйзам түрүндө чечишсе болот да. Же эмне, сөзсүз эле талкалап, өрттөш керекпи? Кудайга шүгүр, бизде билимдүү - илимдүү жаштарыбыз көп. Ушундай жаштар бир пикирге келип, мындай терс көрүнүштөргө жол бербей, ар бир маселени ийри отуруп, түз кеңешүү менен өткөргөндөрү дурус болмок...
Максат Мамытканов, көз карандысыз эксперт:
"Элге пайдасы тийип, ачык иштешсе, мындай окуя болмок эмес..."
- Биздеги кен байлыктардын көбүнө тээ М.Бакиевдин убагында эле лицензиялар берилип калган. Ошондон бери ошол лицензиялар менен иштетип келатышат. Мындай маселелер сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, билген кишиге аябай чоң маселе. Сен айткан балдардын түн жамынып келип талкалап - өрттөп кетиши - бул бекеринен болгон иш эмес. Демек, аталган компания элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй, өз билемдикке салып атышат. Биздеги болгон кен байлыктар, аны иштетип аткан компаниялар бирөө дагы коомчулукка ачык - айкын отчёт берип, таза иштешкен жок. Баары эле чүмкөнүп, катынып алып, эмне кылып атышканы белгисиз. Эгер алар иштеп аткан ишин элге ачык айтып, түшүндүрүү ишин жеткиликтүү кылышса, мындай көрүнүштөр болмок эмес. Мындай маселелер өлкөнүн баардык аймагында кездешет.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??