Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Акмат Алайдан улак тартып...
Алайда Курманжан датканын 200 жылдыгын өткөргөндөн кийин чуу чыгыптыр. Той өтүп жаткан убакта ЖК спикери Ахматбек Келдибеков чакырылган конокторду көзүнө илбей атты ары-бери чапкылап улак тартты дейт. Анысы алайлык аксакалдарды абдан кабатырлантып, "бу Акмат мырзанын көзү тумандап калыптыр, чакырылган конокторго көңүл бурса болмок" деп наалат айтышыптыр. Той таркагандан кийин жөн калбаган төрага жана ЖК депутаты Сулайманов баш болгон үлкөндөр кайра улак тартып, алайлык бир жигитти ат менен койдуруп, тепселетип кетиптир. Коомчулукта ал жигиттин абалы оор деп кабарланууда.
www.mekendeshter.kg




Камчыке Нариманчиктин пешенесине "мөөр" бастыбы?
Маалымат майданында Түлеев-Ташиев "согушу" токтобой келет. Нариман мырза Камчыбек Кыдыршаевичтин былтыркы парламенттик шайлоодо экс-ханзаада Айдар Акаевден 500 миң доллар жана алтын саат алганын жар салгандан тажабаса, Камчыкенин жазмакерлери КурСалиевичтин "баласын" ар мүнөт сайын караламайды модага айландырып алышты. Компроматтар "согушунан" чарчашканбы, эми Ташиев менен Түлеев эркекче "эрөөлгө" чыгышыптыр.
Узун кулактардын бизге шыбырашынча, өгүнү Камчыбек мырза Нариманчикти мейманга чакырган экен. Башында экөөсү жакшы эле сүйлөшүп отуруп, акырында кер-мур айтыша кетти дешет. "Ата журтчу" берендин койгон кинеси бул: Айдар Аскаровичтен алган жарым миллион доллар жана алтын саат таржымалын гезиттен жарыялаганың аз келгенсип, эми кайрадан НТС каналы аркылуу тотукушча кайталапсың! Ал антсе, беркиниси: "Эмне, алганың калп беле?" деп тигинин күйбөгөн жерин күл кылганы. Анан кызыкты көрүп ал! Көптөн бери өзүн өзү тарбиялап, көчө балдарчасынан мушташмайды токтоткон жолдош Кыдыршаевичтин ачуусу мурдунун учуна чыгып, сайраган тилинен бөлөк күчү жок "господин" Ташполотовичти төпөштөп эле жатып калды дейт! Дагы жакшы, жансакчылары заматта кожоюндарын ажыратып калганга жетишишти. Жансакчылар болбосо не болот эле, ким билет...


Дүйнө дүбүртү…
Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
"Мусулмандар менен христиандардын тирешүүсү оңой маселе эмес…"
- Жекшемби күнү Каирде христиан коптор менен коопсуздук күчтөрү жана мусулмандар ортосундагы кагылыштан жыйырма төрт адам өлүп, эки жүздөн ашуун киши жаракат алган эле. Бул окуя Хосни Мубарак бийликтен кулагандан берки эң ири кыянатчылык болду.
- Бул көрүнүш глобалдуу маселелердин бири. Германиянын Концлери Анжеле Меркель айтып атат: "Өнүккөн өлкөлөр, жакыр өлкөлөрдүн кен - байлыгын иштетүүгө акылуу" деп. Демек, баардык жагынан жетишкен өнүккөн өлкөлөрдүн көбү христиандар. Ал эми кен байлыктары көп, бирок элдери жакыр жашаган өлкөлөрдүн дээрлик көпчүлүгү мусулман өлкөлөр. Ушундан улам мусулмандар менен христиандардын келишпес тирешүүлөрү оңой маселе эмес экендиги байкалууда. Ансыз деле христиан динин кабыл алган бай өлкөлөр, мусулман өлкөлөрдүн бир тобуна согуш ачып, аны басып алышты. Мунун баары акырындык менен келип дүйнөлүк чоң чатакка алып барбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Экинчиден, ыйыктарга, пайгамбарларга таянып, "сенин пайгамбарың, менин пайгамбарым" болуп чатакташса, үчүнчүдөн, мечиттердин, чиркөөлөрдүн курулушунан улам келишпестиктер келип чыгууда. Маселен, сен айткан Каирдеги христиан коптору менен мусулмандардын кагылышуусу уруксааты жок салынган чиркөөнүн айынан келип чыкты. Ал эми ушундай эле маселе менен Батыш өлкөлөрүндө мусулмандарга ар кандай бут тосуп келишет. Кээде туруп, Мухамметтин сөлөкөтүн шылдыңдап портрет кылып тартып, кээде туруп, жоолукчан кыздарга тыюу салып келишет. Эгер дүйнөлүк чоң масштабдагы кагылышуу чыгып кете турган болсо, буга билимдүү адамдар толук катышпайт. Буга дүйнөгө бүлүк салгысы келген бузукулар, чала сабат динчилер же болбосо аябай берилип кеткен фанаттар жана жакыр жашаган элдин катмары кошулуп кетет. Кудай мындай кагылышуулардан алыс кылсын, бирок, мындай көрүнүштөрдүн аягы жакшы болбостугун жакшы билебиз...


"Алдыңкы 5 мамлекеттин катарына кошулалы…"

Алай районундагы Алай ханышасы аталган Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналып уюштурулган салтанат эрте менен эле шаңдуу башталды. Бул иш-чарага коноктор алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерден ошондой эле Кыргызстандын бардык облустарынан келишти. Ал эми Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстандан 300гө жакын этникалык кыргыздар дагы бул мааракеге катышты. Аларды атайын бөлүнгөн адамдар тосуп алып, дареги менен сый урмат көргөзүштү.

Чогулган элди бир аз күттүрүп, Алай ханышасы Курманжан Датканын 200 жылдыгынын расмий бөлүгүн ачууга Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдор аянтка атчан келип түшүштү.
Алгач сөз алган Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков конокторго жана уюштуруу тобуна ыраазычылыгын билдирип, 2011-жыл Курманжан Датканын жылы деп белгиленгени туура кадам болгонуна токтолду.
Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө мамлекет башчысы Курманжан Датканын урпактарына, бүткүл кыргызстандыктардын жана меймандардын башын бириктирип, боз үй тигип, дасторкон жайып турган меймандос алайлыктарга ыраазычылык билдирди.
Алымбек Датканын чебереси Чыныбек Абдыкапаров бул мааракени мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жатканына байланыштуу бийлик өкүлдөрүнө, ошондой эле ушул жерге келип салтанатка катышып жаткан элге ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, Курманжан Датканын урпактары Кыргызстандын бардык аймактарында бар, алар дагы келип бул мааракеге катышып кетишти.
Расмий ачылыштан соң ат оюндары болду. Алгач жорго салыш, анан аламан байге, оодарыш сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары келген конокторду ыраазы кылды. Жалпысынан спорттун 9 түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Анын ичинен бешөө ат оюндары, үчөөсү улуттук жана бирөө спорттун классикалык түрүнө кирген волейбол боюнча атаандаштардын арасынан күчтүүлөрдүн күчтүүлөрү жеңишке жетишти. Ал эми жеңүүчүлөрдүн байгесине жалпысынан 8 жеңил автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлган.
Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов өз жанынан 3-орунду ээлеген №6 боз үйгө акчалай сыйлык ыйгарып, жорго салышта биринчиликти багындырган Тачанка аттуу жылкы баласынын ээсине Мерседес автоунаасынын ачкычын тапшырды. Ачкычты тапшырып жатып, Өмүрбек Бабанов "Курманжан апабызды билесиздер, Россия менен Кыргыз элимдин тили жана дини сакталышы керек!" деп туруп, ошол шартта келишим түзгөн. Мен ойлойм, Алымбек атабыз менен Курманжан апабыздын тилеги ишке ашып урпактары маараке өткөзүп жатат. Кыргызстаныбыздын туусу желбиреп алдыңкы 5 мамлекеттин катарына кошулалы"! деген каалоо, тилегин айтты.
Ошентип Алымбек Датканын 210 жылдыгына жана Курманжан Датканын 200 жылдыгына арналган мамлекеттик деңгээлдеги иш чара кечке маал чоң программадагы концерт менен уланды. Концерт соңунда көктү карай ар түстөгү асманды кооздукка бөлөгөн фейерверктер атылып, мааракенин шаңына шаң, көркүнө көрк кошту.

Асанбек Каракозуев




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??