Түндүгүм менен түштүгүм,
Экөөңсүң алтын түркүгүм .
Өткөн сандарыбызда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго кайрылуу жолдогон элек. Анын мааниси азыркы күндө өзгөчө колдоого, коргоого ала турган элдердин достугу, ынтымагы үчүн ооз баргыс "түштүк-түндүк" маселесин четке кагып "Биз түндүк-түштүк деген ыплас сөздөрдөн арылгыбыз келет" деген таризде кайрылып, Кыргызстанды эки жикке бөлүп, бир тарабын түндүк, экинчи тарабын түштүк деп оозанганыбыздын арты жамандыкка алып бараарын айтып "түштүктүктөр", "түндүктүктөр" дегенди баардык басылмаларда, мекеме-уюмдарда колдонуп жазбастан, ар облусубузду өзүнө тиешелүү куттуу аттар менен атоону сунуштаган элек. Ал: Ошту-Ордолуу Ош, Жалалабадды-Жаштардын шаары же жашыл шаарым Жалалабад, Таласты-Касиеттүү Талас, Нарынды-Теңир-Тоолуу Нарын, Ысык-Көлдү-Кереметтүү Ысык-Көл (же Берметтүү десе да болот ), Баткенди-Өрүк-Зарлуу Баткен, Чүйдү-Сары-Өзөн Чүй деп. Бул демилгени ат тезегин кургатпай кыргызга таанымал жазуучу, публицист агайыбыз Советбек Байгазиев редакциябызга кат жолдоптур. Катында бул демилгени колдоого алуу зарыл экенин айтып, дароо жан-дүйнөсүнөн ыр оргуштап чыкканын да кошумчалаган. Анда ал ырды алдыңыздарга суналы.


КЫРГЫЗГА

Түйүп кой бекем көңүлгө,
Бөлүнбө кыргыз бөлүнбө.
Өлкөңдөн бир күн ажырап,
Өкүрүп калба көрүңдө.

Дагы айтам ушул жөнүндө,
Өзүңдөн өзүң төгүлбө.
Бөлүнсөң кыргыз билип кой,
Барабар мунуң өлүмгө.

Жер барбы сенин жериңдей,
Көл барбы сенин көлүңдөй.
Жериңди бөлсөң, бузуку эй.
Жоголгун көзгө көрүнбөй.

Эрки жок болуп көрүнбө,
Сыймыктуу отур төрүңдө.
Бирикпейт кыргыз дегенди,
Биригип туруп төгүндө.
Багыт ал Манас тукуму,
Өлүмгө эмес, өмүргө!

Ата журтум!

Сары-Өзөн Чүйүм - берекем.
Пейилиң чексиз кең экен.
Бишкегим - ыйык коломтом:
Ак калпак кыргыз ордосу,
Баарына бирдей тең экен.

Кутманым Жалал-Абадым -
Жаныма өзүң дабасың.
Арсланбабым аруу жер,
Ата журтка нур чачып,
Аппак шам болуп жанасың.

Сулайман тоом - улугум!
Ак-Буурам - менин тунугум.
Орошон Ошум - желегим!
Бабамдан калган белегим,
Өзүң менен улуумун.

Жердеген айкөл Манасым,
Жер соорусу Таласым -
Айтылып бүтпөс санатым.
Айкөлдөн калган түпкү ордом -
Таласым менин канатым!
Мен үчүн өзүң - баарысың,
Теңир-Тоом - бийик намысым!
Ак мөңгүдөн жаралып,
Күркүрөп аккан Нарыным,
Өзүңсүң каккан тамырым!

Баткеним сенин ар дүйнөң!
Бактыга бүткөн бар дүйнөм.
Өрүкзардын мекени
Өзүңсүз менин тар дүйнөм,
Өзөктөш сага жан дүйнөм!

Көрсөм деп үзбөй күндөрүн,
Баары эңсейт тоонун чүрөгүн.
Ысык-Көл кыргыз бермети,
Өзүңдү жандай сүйөмүн,
Соолбос өмүр мүрөгүм!

Түндүгүм менен түштүгүм,
Көзүмдүн эки кареги,
Сен барда жарык күн-түнүм.
Экөөңсүң алтын түркүгүм -
Тиреген МЕКЕН түндүгүн!

Ата журтум - Ала-Тоом,
Бешигим, ыйык түнөгүм!
Өзүңсүз жетим бирөөмүн,
Өзүң деп оттой күйөмүн,
Өзүң деп өмүр сүрөмүн,
Сен үчүн согот жүрөгүм!

Советбек Байгазиев