Дартка дабаа болгон дабагерлердин кеп-кеңеши биз үчүн маанилүү. Оорулардын келип чыгуу себебин, белгилерин, андан дарылануунун жолдорун билүүгө кызыгуу артабыз. Бул жолу кыл тамырчы Дүйшөнбек Чомо уулу оорулардын түрлөрү, аларды дарылоо ыкмалары боюнча өзүнүн кеп-кеңешин ортого салат.

Дени сак улуттун эртеңкиси жарык
Оорулардын түрлөрү жана аларды дарылоо ыкмалары
(Башы өткөн санда)
Тартипке салынган ыкмалар
Бир топ жылдардан бери топтолгон иш тажрыйбадан, байкоолордон улам оорулууларды ар түрдүү илдеттен айыктыруу үчүн дарылоодо өзүнө жараша ыкмаларды колдонууга туура келди. Иш жүзүндө пайдаланууда ыңгайлуу болуш үчүн ал ыкмалар иреттелип, тартипке салынган. Ошол тартипке салынган ыкмалар - режим деп аталды. Дарылоодо ноокастын оорусуна жараша түрдүү ыкмалар (режим) колдонулат.

Төртүнчү ыкма (Режим)
Жүрөк кан тамырларын калыптандыруу
Бул ыкма суу ичүү ыкмасынан айырмаланып, жогорку дем алуу органы менен жүрөк кан тамырларынын бузулушун (кичирейүү, кеңейүү) калыбына келтирүү үчүн колдонулат. Мындан тышкары, кан басымдын толук айланышын жөнгө салуу үчүн сулунун суусу өлчөм менен суусундук катары ичилет. Ыкма толук кармалгандан кийин дары чөп ичилип, массаж жасалат. Оорулуунун абалына жараша 3-5 же 7-9 күнгө созулат. (Мында да биринчи ыкмадагыдай заара байкалып турат). Бул ыкманын аягына чыккан соң, №7 ыкманы толук колдонууга болот. Андан кийин мүнөздүү тамакка кирүүгө болот. Алгач ыкма кармоодон мурун 1-2 кг. таза буудайды бышык кууруп алып, (куура турган идиш чугун казан болуш керек) эртеден-кечке тынымсыз жеп, артынан сулунун кайнатмасынан 150 граммдан үч-төрт маал ичүү керек. Суусаса ооз чайкап коюу ыңгайлуу. Бир күндө бадырактан 300 гр. болсо, суусундук 700 граммдан ашпоо керек.
Эскертүү : Ыкма кармалганда алыс жол жүрүп, оор иш кылууга болбойт. Тамакка кирүү тамырчынын кеңеши менен болсун. Эгер чыдамыңыз жетпесе, уй, тоок этинин тузу жок кайнатмасын 3 күн ичип, андан соң, жеңил тамакка аз-аздан өтсө болот. Дароо тамакка кирүү ашказанды бузат.
Бешинчи ыкма (Режим)
Жеңил тамак менен мүнөздөө
Бул ыкмада пайдалануучу дарынын даярдалышы: Эмалдаштырылган идишке 300 гр. уй, кой, коен же индуктун этин 5 литр сууга салып, тузун кем кылып кайнатат. Эти эзилип бышкандан кийин шорпонун өзүн (этин жебей) 250 гр. күнүнө 3-4 маал ичүү керек. Мындан тышкары, күнүнө 300 гр. жер жаңгагын, мисте, куурулган буудай, күн карама (семичке) жеш керек. Суусундукка сулунун кайнатмасын 100 гр. күнүнө 5-7 маал ичсе болот. Бул денедеги тузду, ар түрдүү калдыктарды тазалоого мүмкүнчүлүк берет.
Эскертүү: №5 ыкманы кармаганда тамак, минералдык суулар, ичкилик ичүүгө, жер-жемишти жешке тыюу салынат. Тамакка кирүү тамырчынын кеңеши менен гана ишке ашырылат.

Алтынчы ыкма (Режим)
Бул ыкма бөйрөк, боор, өттөн таш түшүрүүчү, ошондой эле организмдеги уулуу заттарды тазалап, кандын айланышына жардам берет. Алгачкы күнү жеңил гана тамактанат да, 3 күн 5-6 маал. Сулунун даярдалышын №11 ыкмадан окусаңыз болот. Үч күн катар ичкенден кийин төртүнчү күнү эки литрден кем эмес кайнаган сууга марганцовка кошуп, анан клизма жасоо керек. 2 маал эрте менен кечте, 2 күн катар. Алтынчы күнү сулунун суусу уланып, клизма жасалбайт. Жетинчи күнү эртең менен уй этинен мөмө-чөмө кошулган кайнатма шорпо (тузу кем) ичип, андан соң, 300гр. лимон маңызын, 300 гр. оливковка майына аралаштырып, бир канча мүнөттөн кийин ар 15 мүнөттө 100 гр. ичилет. Жылуу жатып, өтө ысык эмес грелка басуу сунуш кылынат. Аралашма сокту бир саатта ичип бүтүп, 5-10 мүнөт ары-бери басып, кайрадан жогоркудай клизма жасалат. Клизма жасалгандан кийин 3 мүнөт басып, анан дагарага марли төшөп ич тазаланганча олтурат. Ич тазаланбаса, эртеси да ачкарын клизма жасалат.
Эскертүү: Клизма жасалгандан кийин 2-3 саат жылуу жатып, андан кийин тамактанат. 3-5 күн катар уй, тооктун эти кошулган тузу кем кайнатма ичилет. Ачыккан организм жеңил тамакка көнгөндөн кийин гана орто мүнөздүү тамак ичүү сунушталат. Алтынчы ыкма эки айда бир жолу кайталаныш керек, эгер таш түшпөгөн болсо.

Жетинчи ыкма (Режим)
Бул ыкма түрдүү оорулууларга жана соо адамдарга оорунун алдын-алуу үчүн колдонулат. (Эткээл адамдарды арыктатып, арыктарды эттендирет. Ошондой эле жогорку кан басымды төмөндөтүп, төмөнкү кан басымды жогорулатат). Албетте, бул ыкмада эң башкысы, сулунун тунмасы болуп эсептелет. Сулу бардык ыкмаларда кеңири колдонулуп, дарылык касиети зор. Гречка, ак күрүчтөн тамак жасап, туз ордуна соя соусун колдонуу дарылык өзгөчөлүккө ээ. Тамактанууда бул эки тамакты табитине жараша алмак-салмак жасап жесе болот. (Эгер соя соусуна табити тартпаса, анда тамакка мала туз колдонсо болот).
Гречканын даярдалышы: Бир чыны (200 гр.) гречкага 1,5-2 чоң кашык (столовая ложка) жүгөрү же семичке майын кошуп, туз ордуна соя соустан 1 чоң кашык кошуп, май боюна тарткыча кызытып аралаштырып, жогорку гречка салган чыны менен 3 чыны суу куюп дагы аралаштырып, кайнагандан кийин жай отко аралаштырбай 23 мүнөт демдеп бышырат. Муну күнүгө 3-4 маал бөлүп жеп, суусундукка сулунун кайнатмасынан 150 гр. ичилет. (Сулунун кайнатмасын бир күндө 300-700 граммдан ашык ичүүгө болбойт).
Ак күрүчтүн даярдалышы: Бир чыны (200 гр.) күрүчкө 2-3 чоң кашык жүгөрү же күн караманын майын кошуп, туз ордуна соя соусунан 1 чоң кашык кошуп, май боюна тарткыча кызытып аралаштырып, андан соң, жай оттун табына аралаштырыбай дымдап бышыруу керек. Муну күнүнө 3-4 маал бөлүп жейт. Ар бир жеген сайын 150 гр. сулунун кайнатмасы ичилет. (Сулунун даярдалышы №11 ыкмада көрсөтүлгөн).
Мүнөздөп тамак ичүү 5-6-7 күндөн 14 күнгө чейин уланат. 14 күндөн өтсө, бир ай кармаса болот.
Мүнөз кармагандан 3-7 күндүн ичинде баш ооруп, сөөк, муундар какшап, дене оор салмактанат. Мындан коркпоо керек, себеби, денедеги уулуу заттар, боор-бөйрөктөгү шлактар, ошону менен бирге белоктор козголуп тазалана баштап, ар кандай заттар заара аркылуу чыга баштаганда дене оорушу күтүлөт. Эгерде өз алдыңызча анализиңизди текшерип көрүүнү кааласаңыз, мүнөз кармагандан кийин 4-күнү таңкы заараны айнек идишке куюп коюп, 2-3 сааттан кийин өң-түсүн байкаңыз. Заара тазаланганча анализ ала берүү керек. Заара тазалангандан кийин мүнөздүү тамактарга кирүү керек.
Тамакка кирүү: Мүнөз толук кармалып бүткөндөн кийин бейтаптын абалына жараша же табыптын көзөмөлү менен тамакка кирүү зарыл. Канаттуулардын бардык түрү (индуктан башкасы), ургаачы уй, кой, коен этинен, мөмө-чөмө кошулуп, тузу кем кайнатылган тамактарды 2-3 маал аз-аздан ичүүсү керек. Бул 1 айдан 3 айга чейин созулат.
Ар кандай коюу тамактар: Гречка, күрүч, буурчактын түрлөрү, (маш буурчактан башкасы) ошондой эле жеңил тамактарды өсүмдүк майына жасап, ичүү керек. (Пахта, софлор, зыгыр майлары болбойт). Бул коюу тамактар жогорку кайнатма менен бирдикте аралаштырып желет.
Эскертүү: Кан басымы жогорку, сарык, кара сарык, жел урма, жел кабыз алган, өт, уйку безден сезгенген жана бөйрөктөн жабыр тарткандар ысык жел, суук желдүү малдардын этинен жасалган ар түрдүү тамактарды ичүүгө болбойт.
Мисалы: Жылкы эти - ысык жел, эчки эти - суук жел, индук жана эркек малдардын бардык түрү булар - ысык жел болот. Мүнөз кармаган убакта ар кандай суусундук, тамактарды ичүүгө болбойт. Оор иш жасап, шамалдап алыска жол тартпаш керек. Суусаганда суусундук ордуна сулунун кайнатмасын ичиш керек. (Сулунун даярдалышы №11 ыкмада каралган). Ал эми жөн эле арыктоо үчүн же оорулуу эмес, жөн гана денедеги уулуу заттарды тазалагысы келген адамдарга жеңил мүнөздүү тамактар сунуш кылынат.
Жогорку ыкманы кармагандан кийин денедеги жел шишиктер толук кетпесе, анда арашан ичип, тер менен чыгаруу керек. Эгер арашанга чейин денедеги уулуу заттар менен шлактар мүнөз кармоо аркылуу чыккан болсо, анда дары чөптөрдүн кайнатма, тунмасын жана башка ыкмаларды колдонуп, оорулууну айыктырууга болот. Эгер табып арашан ичүүгө сунуш кылса, анда дары чөп жана башка ыкмалар ошондон кийин колдонулат. Бул табыптын көзөмөлү менен гана болушу керек. (Арашан ичүү ыкмасы №10 ыкмада көрсөтүлгөн).