Урматтуу Акматбек Келдибекович,
Урматтуу депутаттар,
Биз түндүк-түштүк деген бөлүнүүнү жок кылгыбыз келет
Кыргызстан баардыгыбыздын ыйык мекенибиз. Биз аны көздүн карегиндей сактап калууга жана кийинки урпактарга бапестеп өткөрүп берүүгө милдеттүү экенибизди жакшы билсеңиздер керек. Ким мындай ойду өзүнөн алыс кармап жүргөн болсо анда анын бул мамлекетте орду жок экенин тартынбай айтууга арзыйт. Ата-бабаларыбыздан калган астейил алтындай ата мурас асыл ойлорду, санжыра менен коштолгон карт тарыхыбызды, тилибизди, көөнөргүс бай маданиятыбызды да сактап, аны байыртан кандай өңүттө бизге жеткен болсо ошондой кийинкиге калтыруу вазийпасын да терең ойлонууга чакырам. Өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү бир катар мыйзамдар менен жоболор, чечимдер кабыл алынып, токтомдор токулуп жатканын көрүп, учурда өлкөнү өксүккө батырып турган жагдайларды эске алып, бир жакшы ойду сиздердин алдыңыздарга сунуштап, ал ойду Жогорку Кеңештин чоң жыйынына алып чыгып күн тартибине койсоңуздар деген изги тилек бар. Кыргызстанда жашап, ал жердин эч бир жакка кеткис кулуну катары мамлекеттин бүтүндүгү үчүн мындай ойлорду сиздер менен тең бөлүшүү биздин ыйык милдетибиз деп ойлойм. Сөздүн кыскасына өтөлү:
20 жыл Эркиндиктин күнүн кечирген Кыргызстан демократиялык жол менен кетип, өзүн дүйнөгө чыныгы эркин коомдо жашап жаткан өлкө катары таанылганын өткөн тарыхый күндөр ачыктап берээр. Коомчулукта түрдүү ойлорду жаратып, Кыргызстан үчүн өз жанын берген жана анын тагдырлашы болуп өмүрү өткөнчө аз өмүрүн ал мамлекетке арнаган да, ар кандай тетири көз карашы менен тескери туруп арнай албаган да түрдүү адамдардын пикирин эске алсак да Кыргыз эли чыныгы эркин мамлекет болууну самаган эл экенин эч ким тана албас. Бул жылдар аралыгында биз, ар кандай мамлекеттик башкарууну башыбыздан кечирдик. Алган жакшылыгыбыз менен жамандыгыбыз, көргөн кордугубуз менен жыргалыбыз, топтогон тажрыйба менен адашканыбыз ошол аз жыл аралыгындагы баскан жолубузда дүйнөгө көз караш менен ааламдагы теңдешсиз ой жүгүртүүбүздү кыйла байытып, турмуш туткасын бекем карматты. Ушул жылдардын ичинде биз кимдин ким экенин аңдап таанып, чыйралдык, көзүбүз ачылды, кандай даңгыр чыйыр жол бизди бакубат турмушка жетелеп, кимдердин жетегине барышыбызды да даана байкадык. Эми эч ким кыргыз элин жөнү жок убадалар менен артынан ээрчите албастыгы деле аз болсо да сезиле баштады, баягыдай алдамчылык менен күн кечирип, элдин эр азаматы болобуз дегендерге тор жайылды. Элге-ким ынтымакты ойлонсо гана анын артындагы омкорулгус опол тоодой тиреги болуп берээри да билинди. Азыркы учурда бир катар мыйзамдар менен токтомдор Парламент ичинде кабыл алынып жаткан соң мүмкүн сиздер да чечкиндүүлүк менен элдин жыргал турмушуна багытталган реалдуу көз караштарды туюндурган, эртеңкиси бүдөмүк эмес чыныгы турмуштун ыйык жолуна бура турган жакшы мыйзамдарды чыгарышыңыздар керек жана элдин ынтымагы үчүн өлкөнүн чыныгы атуулу болуу менен бирге, бул өмүрдүн бир гана болчу коногу катары кабыл алышыңыздар керек.
Өлкөгө ынтымактан башка азыркы учурда эч нерсе кереги жок болуп турганын сиздер сезип жаткан-жатпаганыңыздарды билбейм, бирок эл өз киндигин өзү кесип ынтымак жолду тандап жатканын Кыргызстандын баардык жаштарынын биригип "Кыргыз мамлекетин сактап калалы" деген ураан алдына баш кошуп жатышы далилдээр. Бүгүн Кыргызстандын баардык жаштары биригип өлкөдөгү өзүн гана ойлоп, элди курал катары колдонгусу келген азыркы атка минерлерге каршы туруп жатышы да жетиштүү далилдир. Чын эле биз, Кыргызстандын жаштары кокту-колотко, уруу-урууга, түндүк-түштүк деген эгерим жарыбас адамдардын оозунан чыккан ыплас бөлүнүүлөргө жол бербестигибизди, өлкө үчүн өмүрүбүздү сайып, бакубат жашоо үчүн күч болуп күрөшкө тураарыбызды ачык айтып койгонубуз азыртан туура болоор. Алдыдагы шайлоонун учуру дал ушундай бөлүнүүлөрдүн күчтүү учуру деп билүүдө айрым мекендештер. Мүмкүн, ошондой болсо болгондур. Буга чейин айтылып келген "мындай бөлүнүүлөр саясатчылардын айынан гана болуп жатат" деген түшүнүктөрдү Кыргызстандыктар жана жаштар акылыңар менен ачык билип алгыла. Эгер ар бир атка минерден "элди экиге ким бөлүп жатат?" деп сурасаңар, алардын баарынан өз каршылаштарын көрсөткөндөн башка жооп ала албайсыңар. Мына шайлоо келди, эми мындай учурда бир да талапкер "бөлүнүп жарылбайлы" деген түшүнүктү ыйык тутушкан жок. Керек болсо кээ бир жерлерде отуруп алып, ачыктан-ачык бир элди экинчи элге тукургандар да болоору белгилүү. (Бирок, мындай болуп жатканын ачык айта албайм). Ушул шайлоодон кийин эле кимдер элге жыргал алып келээрин аңдып таанып алуу мүмкүнчүлүгү турат. Эл эч убакта экиге бөлүнүп кетпеси мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда даана байкалды. Кыргызстандын экинчи борбору болгон ыйык Ошто отуруп алып өлкөнү башкаргысы келген Бакиевди ордолуу Ош менен жалындуу Жалалабаддын эли өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылышты. Кадырман эл кыргызды канга боегон хандын максаты менен тилегин жакшы түшүнүп турду. Эгер Бакиев Ошто отура бергенде, Кыргызстандын оозу жамандар айтмакчы түндүк тарабындагы Ош, Жалабад, Баткендик бир туугандарыбызды айрым арам ойдогулар ар кандай машакат менен кордоого алаары белгилүү болчу, ал эми Ош, Жалалабад, Баткен тараптагы, түндүк тараптагы жашоочулар да кордоого алынмак. Бул өлкөгө граждандык согуштун отун тутандырышы турган иш эле. Бирок, кадырман калайык калк андай жаман ойду ойлогусу да, көргүсү да келген жок. Кыргыздар эч убакта бирине-бири ок аткан жандардан эмес, бирине-бири мылтык кеземек турмак катуу да айта алышпайт. Карап көрүңүздөрчү, ушул кезге чейин өлкөнүн түштүк тарабынан же түндүк тарабындагы жашаган элибиздин арасынан бирин-бири оо дүйнө узатмак тургай бирине-бири кадалып, катуу уруп коюптур деген сөздү кулагыңыздар чалды беле? Андан башкасын ардактуу элимдин арасына оозанууга да болбос.
Андыктан азыркы парламент, алдыдагы президенттик шайлоолор учурунда өлкөгө жара жармаштыргысы келген арам ойлуулардын ой-багытын сындырып, чечкиндүү кадамдарды жасап, мыйзам болбосо да, ар кандай багыттардагы керектүү жоболор менен токтомдорду кабыл алуусу шарт. Менин бул багытта жакшы изги тилегим бар. "Айкын Саясат" коомдук-саясий гезитинин башкы редактору катары, аз да болсо бул багытта элиме пайда тийгизгим келет. Ал кандай? Басма сөз өлкөнүн коомдук көз карашын ар кандай нукка буруп жибере турган күч экенин эске алып, баардык басылмаларда же атайын тиешелүү мекемелерде жазуу иретинде "түштүк-түндүк" деген терминди колдонууга тыюу салып, анын максаты ачыктан-ачык эле бөлүп жарууга багытталып жаткан учурда атайын көлөмдөгү айып тагылып, оор учурлары кылмыш катары каралып жоопко тартылса жакшы болмок. Аны менен бирге Жогорку Кеңеште бул маселени көтөрүп баардык жазма булактарында, радио-теледе, тиешелүү мекеме, ишканаларда "түштүк-түндүк" деген ыплас, элди эки бөлгөн максатта айтылган элди эки бөлгөн максатта айтылган сөздөр бөлүп-жаруу максатында, шылдыңдоо иретинде, кордоо багытында айтылган учурда жоопко тартуу мыйзамы иштелип, жазылып чыкса жакшы болмок. Өзгөчө басма сөз беттерине бул сөздөрдү колдонууга ачык эле тыюу салууга да болот. Бул сөз эркиндигин чектөө максатында эмес, жаман сөзгө сиңип бара жаткан, айтылган эле жеринде ал сөз бөлүнүүнү максат кылып жаткандай туюндурган элдердеги мындай түшүнүктүн жок болушуна шарт түзүү багытында болоорун туура түшүнүшүбүз керек. Ал үчүн дагы жакшы ойлор бар.

Урматтуу
Акматбек Келдибекович,
Урматтуу депутаттар!
Маселен, Ошту-Ордолуу Ош, Таласты-касиеттүү Талас, Нарынды-Теңир Тоолуу Нарын, Жалалабадды-Жаңгактуу Жалалабад(же жаштардын шаары Жалалабад десе да болот) Ысык-Көлдү-кереметтүү Ысык-Көл, Баткенди-Өрүк-Зарлуу Баткен, Чүйдү-Сары-Өзөн Чүй деп атап жазуу талабын деле мыйзам негизинде баардык басылмаларга киргизүү шарты да бар. Муну менен биз кыйла эле жанагы жаман ыплас сөздөрдөн арылмакпыз. Бул Парламенттеби, жыйындардабы, жолугушуулардабы баардык адамдарды абайлап сүйлөөсүнө стимул болмок. Бул бир канча жылдан кийин "түштүк-түндүк" деген сөздөн таза арылуунун алгачкы кадамы да болоор эле. Албетте, түндүк-түштүк деген сөздүн айтылышы же анын мааниси эч кандай деле элди бөлүп турган жери жок, эгер акылы менен туура түшүнгөндөр үчүн. Бирок, "түндүктүктөр" же "түштүктүктөр" деген сөздөрдүн болушу орой маанини туюнтуп, дароо ал айтылган сөз бөлүнүп жаткан мааниде түшүнүк берүүдө. Ошондуктан мындай идеяларды колдоп парламентте күн тартибине коюп, маселе кылып көтөрүп чыкса болот беле деген ойлор жаралат. Ал эми биздин "Айкын Саясат" гезити мындан ары түндүк-түштүк деген сөздү колдонуп жазбастан жогорудагыдай ар бирине берилген кооз жана ыйык аттар менен жазууга аракетин көрөт.

Урматым менен "Айкын саясат"
гезитинин башкы редактору
Күнболот Момоконов




Ажылык сапардын ажырымы…
Депутат Туратбек Мадылбеков Ажылык сапарга баруу боюнча квоталар улуттарга тең бөлүнбөгөндүгүнө нааразы. Анын айтымында, Ажылык иш-сапарында пропорционалдык бөлүштүрүү жүргүзүлүп, теңдик принциби каралышы керек эле. "Менин маалыматым боюнча быйылкы жылы өзбектерге 2471 квота, ал эми кыргыздарга 1397 квота берилген" дейт эл өкүлү.
Буга чейин Ажылык сапар коррупциянын сазына батып келгендиги көп айтылды. Бирок, мунун баарынан сабак алган Муфтият азыркы тапта таза, ачык-айкын иштөөгө белсене киришкендигин да көрбөй коюуга болбойт. Эгерде депутат айткан пикирлер негиздүү болсо, анда Муфтият да аталган маселени калыстык менен карап, өз пикирин билдирээр.

Бейбаштардын талоончулугу
Орусияда жүргөн мекендештерибиздин көз жашка толгон көйгөйлөрү күн санап өсүп жаткандыгы өкүнүч жаратат. Барган сайын Орусияда кыргыз соодагерлерин ур- токмокко алып, тоногон кылмыштуу топтор көбөйүп жаткандыгын айтышат. Ал кылмыштуу топтордун катарын ошол эле кыргыздар түзөт. Бөтөн жерде кыргыз кыргызга кол салганы ыймансыздыктын жеткен чеги эмеспи. Ансыз да башка элдин жашоо-шартында чоочулоо менен баш калкалап жатышкан кыргыздын эмгекчил уул-кыздарына эми өзүбүздөн чыккан бейбаштардын талоончулугу жетишпей турду беле.
Бул өкүмзордукту токтотуу үчүн мамлекет чара көрбөсө, ишкерлер ишин токтотууга мажбур болот.

Дагы бир "уктаган" мыйзам долбоору…
Эми жарандарды энчилүү курал менен сыйлоо мыйзам чегинде тартипке салынат. Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынынын кезектеги отурумунда "Курал жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 2-3-окууда жактырылды. Мыйзам долбоору иштей баштаган күндөн тарта жарандарды энчилүү курал менен сыйлоо тартипке салынаарын белгилешет.
Буга чейин курал менен сыйлоого президент, өкмөт жана 8 субъект (тиешелүү министрликтер ж.б.) ээ болуп келген. Курал менен сыйлоонун негиздемеси мыйзам чегинде белгиленген эмес. Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда кызматтык-күжүрмөн ишинде өзгөчө айырмаланган КР Куралдуу күчтөрүндө, укук коргоо органдарында жана мамлекеттик аскерлештирилген ведомстволордо кызматта турган офицердик курамдагы адамдар жана КРнын мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө жана коопсуздугун чыңдоого өзгөчө салым кошкон Кыргызстандын жана чет мамлекеттин мамлекеттик жана коомдук ишмерлери сыйланаары белгиленген.
Ошондой эле канжар, кылыч куралдары менен тиешелүү министрликтер сыйласа, ок атуучу куралдар менен президенттин, Жогорку Кеңеш төрагасынын жана өкмөттүн буйругу менен сыйланаары көрсөтүлгөн.
Бир гана баш катырганы, мыйзам долбоор иш жүзүндө аткарылаарында. Болбосо, бул мыйзам да Парламенттен кол коюлуп, мөөр басылып "уктап" жаткан мыйзамдарга кошулуп калбас бекен.

Жөжөнү күздө санаар мезгил келди
Кыргызстанда дан эгиндери жыйналып бүтүп калгандыгы боюнча Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан маалымдалган. Эгерде алар билдирген цифралар куру кыйкырык менен коштолбогон болсо, анда быйыл Республика боюнча кылкандуу дан эгиндеринин 87,2 пайызы жыйналып бүткөн. Маалыматка ылайык, өлкөдөгү буудай аянттарынын 94,4 пайызы, арпа аянттарынын 97 пайызы орулуп бүттү. Учурда оруп-жыюу иштери Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым райондорунда гана уланууда. Быйыл дан эгиндеринин орточо түшүмдүүлүгү гектарына 25,8 центнерден айланууда. Октябрдын башына карата өлкө боюнча 847 миң 400 тонна буудай, 256 миң тонна арпа жыйналган.
Кыргызстанда жалпысынан 631 миң 400 гектар кылкандуу дан эгиндери айдалган. Алардын ичинен 377 миң 600 гектарга буудай себилген.
Кампабыз данга толуп, арзанчылык орун алышын каалашат карапайым эл. Жогоруда белгиленген көрсөткүчтөр жөн гана Бековдун беделин түшүрбөөгө багытталган көз боемочулукпу же Беков чындап эле бек иштегенби? Эмнеси болсо да, жөжөнү күздө санаар мезгил келди…