Шайлоодон кийинки шамал

БАШ МЫЙЗАМ АМАН
КАЛАБЫ ДЕГИ?

Кыргыз мамлекети үй-бүлөлүк- президенттик башкаруудан арылып, парламенттик башкарууга өтүп жаткан кыйын -кысталыш учурда президенттик шайлоону ызы-чуусу, бөлүнүп-жарылуусу жок өткөрүп, өлкөнүн өнүгүүсүн олку-солку өткөөл мезгилден чыгарып кетүү мамлекет үчүн да, эл үчүн да маанилүү. Кыргызстанда бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүүнү өлкөнүн экономикасына инвестиция жумшоого кызыктар чет элдик инвесторлор да каалайт.

Бирок парламенттик башкарууга жол ачкан Баш мыйзам ошончолук эле чийкиби? Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу Институту (IWPR) президенттик кызматка талапкерлер арасында эксклюзивдик (ат жалындагы) интервью жүргүзүп, эң биринчи эле "Сиз Конституцияны өзгөртүүгө кандай карайсыз? "Ооба" десеңиз эмнени өзгөртүү керек?" деген суроо беришкен. Ага каттоодон өткөн 20 талапкердин 17си жооп берип, үчөө жооп берүүдөн баш тарткан.
Он жети талапкердин ичинен алты талапкер азыркы Конституциянын айрым беренелерин түзүлгөн жаңы шартка жараша өзгөртсө болот дешет. Бир талапкер 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келип, ага бир аз өзгөртүү киргизип коюу жетиштүү экенин айткан. Эки талапкер Конституцияны өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок десе, үч талапкер эгер ийгиликке жетишип калса, президенттик башкарууну киргизгиси келет. Беш талапкер президенттик-парламенттик аралаш башкарууну сунуш кылышкан.
Сурамжылоону уюштурган согушту жана тынчтыкты чагылдыруу Институту (IWPR) келтирген катар тартипте талапкерлердин алгачкы бешөөсүнүн пикирлери жогоруда биз тарамдаган тармактарга ылайык келгендиктен, ошол пикирлерди сиздерге да сунуш кылалы.


Алмазбек Атамбаев:
"Иш жүзүндө азыр Кыргызстан парламенттик эмес, парламенттик-президенттик республика. Анткени президенттин да кеңири укуктары бар. Конституция идеалдуу болот деп (ал бир ай ичинде жазылбадыбы) күткөн да эмеспиз. Ырас, Конституцияда бышпаган, талаш жараткан жерлер арбын, ошондуктан ошондой учурларын, ал турмак беренелерин бүгүнкү күндүн талабына ылайык келтиришибиз керек. Мен Конституцияны ар жылы эле өзгөртө бергенге караманча каршымын".

Камчыбек Ташиев:
"Соңку жыйырма жыл ичинде Конституция өтө көп өзгөрүүгө туш болуп, бир нече жолу жаңы Баш мыйзамды кабыл алып жибердик. Азыркы Конституция коомубузга ыңгайлуу деп айталбайм. Коом үчүн бул Баш мыйзам жарайт, ыңгайлуу жана идеалдуу дештен алысмын. Ошондуктан Конституцияны өзгөртүүгө убакыт келээр".

Адахан Мадумаров:
"Мен 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү үчүн кыймылдын демилгечилеринин биримин. Эсиңерде болсо, бул баш аламандык 1995-жылы башталып, президент, парламент жана сот бийлиги өз полномочиелерине нааразылык айта башташкан. Биз бүгүн баарын таза барактан баштап, 1993-жылдагы Конституцияга айрым өзгөртүүлөр менен кайтып келишибиз керек".

Кубатбек Байболов:
"Конституциябыз биз ойлогондой болбой калды. Бирок Конституцияны тынымсыз эле алмаштыра бербейли, анткени бул жагынан биз дүйнөдө алдыга чыктык. Ушул Конституцияны бир аз-бир аз эле оңдоп жана өзгөртүп, идеалдуу парламенттик башкаруу формасына келтирип алсак болот. Ачык айтсам, мен өзгөртүүлөргө каршымын".

Өмүрбек Суваналиев:
"Конституция өзгөртүлүшү керек, анткени ал трагедиялуу күндөрү таңууланган. Күчтүү президент, күчтүү парламент керек. Мен башкаруунун президенттик-парламенттик формасын сунуш кылам".

Жуман АЛИЕВ




  Эл пикири

ПРЕЗИДЕНТ КАНДАЙ АДАМ БОЛУШ КЕРЕК?

Алдыда элдин бүйүрүн кызыткан президенттик шайлоо келатат-коркутуп-үркүтүп. Баары эле теледеги роликтеринде "бийликке келсем кыйратам-ойротом" деп кабактарынан кар жаадыртышат.

АКШнын ЮСАИД агенттигинин демөөрчүлүгү менен Кыргызстандын жашоочуларынын арасында 24-августтан 10-сентябрь аралыгында улуттук сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага 18 жаштан жогорку жарандар тартылган. Сурамжылоо 12 тармак боюнча жүргүзүлүп, суроолор элдин жашоосунун дээрлик бардык чөйрөсүн камтыды. Ал суроолордун ичинен алдыдагы президенттик шайлоого байланыштуусун чечмелеп көрөлү.
"Кыргызстандын президенти кандай маанилүү сапаттарга ээ болушу керек?" деген суроого жооп бергендердин эң көбү -б.а. 64 % "жеке сапаттары" деп жооп беришкен. Кийинки орунда "Мындан мурдагы иш тажрыйбасы болуш керек" дегендер 48%, "билимдүү болуш керек" дегендер 45% түзгөн. Кийинки орундарга "саясий программасы", "моралдык сапаттары", "таасирдүүлүгү", "улуту" деген сапаттарды ыйгарышкан.
Президенттик шайлоонун өтүшүнө байланыштуу суроолорду негизинен 3 топко бөлүп жыйынтыктаса, төмөндөгүдөй натыйжа чыккан: "шайлоо эркин жана таза өтөт" дегендер май айында 51% болсо, сентябрь айында 49% болуп төмөндөп кеткен. "Шайлоо эркин эмес жана таза эмес өтөт" дегендер май айында 41% болсо, сентябрь айында бул көрсөткүч 45% болуп жогорулап кеткен. Демек күч структуралары алдын ала даярдык көрүп жатканы-алар да өздөрүнүн оперативдүү маалыматтарынан тышкары, социологиялык бул сурамжылоонун маалыматтары менен да таанышып турушат окшойт. Туура кылышат.
"Сиз президенттик шайлоодо добуш берүүгө барасызбы?" деген кийинки суроого 85% "ооба", 10% - "мүмкүн барам", 1% -"барбайм", 2% - "мүмкүн барбайм" деп жооп беришкен. Олку-солку болуп турган 10% шайлоочуларды кошсок, анда президенттик шайлоого 95% шайлоочулар келбесе да, 80% келиши мүмкүн десек болчудай. Эмесе президенттик шайлоого -алга!
Сурамжылоонун болжолдоруна караганда, адамгерчиликтүү, мыкты жеке сапаттарга ээ, буга чейин бийлик структураларында белгилүү деңгээлде иштөө тажрыйбасы бар, илим-билимдүү, саясий так программасы бар жана ал көпчүлүккө маалым, жүрүм-турумунда, моралдык-психологиялык жагында мандемдери жок, саясатчылар арасында белгилүү бир салмагы, өз орду, кадыр-баркы бар талапкер көпчүлүк добушту алат окшойт.

Саруул ШАБОТОЕВ