Жоомарт Кадыралиев,
Кыргыз Эл сүрөтчүсү, 3 - даражадагы "Манас"
орденинин ээси :
"МАНАС АТАБЫЗДЫН КААРЫНА КАЛБАЙЛЫ"

Кептин баары ордо калаабыздын борбору болгон Ала-Тоо аянтында он жылдан бери турган жумуртка баскан аялдын айкелин алуудан башталды. А негизи бул эстелик тууралуу Жоомарт ага менен эчен жолу сөз болгон эле. Көпчүлүккө жакпаган, тескерисинче кыжырды келтирип келген эстелик тууралуу сөз козгоону туура көрүп, бу жолу да суроо узаттым.


- Элге жакпай келген эстеликтин акыры ордунан козголушуна кандай дейсиз?
- Ээ, бул эми айтылып-айтылып, бүткөн нерсе да. А мындай туура эмес жасалган, кайра оңдолуучу иштер дагы көп…ушул эле Ала-Тоо аянтын алалы. "Аянт" деген сөз: Ай-ант деген сөздөрдөн келип чыккан. Демек, Ай алдында туруп ант берчү ыйык жер. Римде борбор аянтты - "Альтар Родины" дешет, Украинада "Майдан" дешет. Ушу жерден айтып кетейин, мен саясатты ушу аянттан үйрөндүм. Көрдүңүзбү, борбордук аянттын маанисин. Аянтыбыз - ыйык жай, кол менен жасалган мазар. Ушуну терең түшүнүшүбүз керек. Бул аянтка "Ала-Тоо" деген атты Чынгыз Айтматов агабыз коюп кеткен. Аэропортубузду да "Манас" деп атаган Чыкем болгон. Карачы, эң туура койгон. Кыргыз жерине буту тийген адам эң биринчи "Манас" деп окуйт. Канчалык абабыздын атын атап, эстеп турсак, анын духу, руху, арбагы көтөрүлөт.
- Бизде туура эмес, чала жасалган нерселер көп дедиңиз, дагы кайсыларды атай аласыз?
- Кыргыз Туусун, Гербин, Гимнин өзгөртүш керек. Жөн эле өзгөртүп койбой, мазмунун өзгөртүү зарыл. Ар нерсе өз ордунда болуш керек. Алсак, Гимнде: "Алгалай бер кыргыз эл, азаттыктын жолунда" дейт…Бул - абстракция!
Анан дагы, ордонун бактысы ачылыш керек. Ордонун бактысы ачылса, анан барып кыргыз элинин бактысы ачылат. Кыргызды кыргыз кылган - Манас болсо, Манасты Манас кылган кыргыз. Демек, кыргыз менен Манас ажырагыс бир бүтүндүк. Ошон үчүн ордо шаарыбыздын аты Манас деп өзгөрүлүүсү - максатка ылайыктуу. Башкасын кой, борбор шаарыбыздын аты туура эмес коюлган. А аты туура эмес коюлгандар бейтаалай болуп калышат. Ырас, XVII кылымда өткөн Бишкек туу жыгаар бабабыздын атын алып жүрөт. Бул шашылыш коюлган. Фрунзени - Бишкек деп өзгөртүп коюштан эч нерсе өзгөргөн жок.
- А айкелдер тууралуу эмне дейсиз? Манас атабыздын айкели кандай болуш керек, сиздин оюңузча?
- Кыргыз ордосуна коюлчу Манас атабыздын айкели ылайым мыкты болсо экен деп тилейм. Филармониянын алдында турган айкелден мыкты болушу абзел. Ылайым, Манас атанын каарына калбайлы. Шашылбай иш кылсак, жакшы болот эле. Питерде турган Петр 1нин эстелиги 25 жыл жасалган. А биз аз убакыттын аралыгында эле калдайган айкел тургузабыз деп шашып жатпайбызбы.
- Конкурс жүргүзүлбөдүбү…
- Керек болсо, эл аралык конкурс жүргүзүлүшү керек эле. Бир жыл бою жүргүзүлүп, аябай тандалышы керек эле.
- Азыр эми ким жасамак болду айкелди?
- Сыдыков Базарбек деген жигитибиз "шашылыш конкурстан" жеңди . Ал Ташкенттен окуп келген таланттуу жигит. Кожомкулдун айкелинин автору. Кудай буюрса, айкел жакшы болушун тиленем.
- А сиз таланттуу сүрөтчү катарында, Манас багытында жыйырма жылдан бери иштеп келе жаткан тажрыйбаңыздын негизинде жеке өзүңүз Манас атанын айкелин кандай элестетесиз?
- Мындай да…Манас атабызды эч качан жалгыз элестетүүгө болбойт. Албетте Манас ата, абалары - Бакай, Кошой, антташкан досу Акбалтанын Чубагы, эмчектеши Алмамбет, туугандары - Сыргак менен Серек, ошентип, жети адамдын айкели жасалыш керек. Алардын арт жагында Кыргылчал баштаган кырк чоро. Себеби, Манасты Манас кылган чоролору да!
- А Манас атанын түспөлүн кандай элестетесиз?
- Улуу эпосто айтылгандай, "көзү көлдүн быткылдай" дегендей каардуу эмес. Түшүмдө көргөндөй өтө сулуу, үнү да жагымдуу коңур. "Асман менен жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй…Ай астында булуттун салкынынан бүткөндөй" деп сүрөттөлөт го. Демек, асман-жердин тирөөсү бул - тартылуу күчү. Манас атабызда ушундай улуу күч, энергия, дух, дем, интеллект бар экен. Аурасы таза, бешенесинен нур төгүлүп турган адам… бул жерде өңдөрдүн, түстөрдүн кубулушун кылдат кармап, тандап, талдоо керек. Мына ушунун баарын сезимде жуурулуштуруп, анан гана Манас атанын образын чыгаруу керек.
- 65 жаш торколуу тоюңузду кандай майрамдадыңыз?
- Үй-бүлөм, бала-чакам, неберелерим менен. Ушу 65 жашымда Балалыктын тоосуна барып келдим…
- А Балалыктын тоосу каякта?
- Жайылда. Өзүм туулган Сары-Булак айылы тоонун этегинде. Кара-Балта менен Кайыңды капчыгайынын ортосунда, жердин керчөөсү деп коюшат ал жерди. Балалык кезде ойногон тоолорго, зоолорго чыгып, аябай таң калдым. Тим эле заңкайып, асман тиреп турчу эле. Азыр барсам, кичирейип кетиптир. Же, бу дүйнөнү бала кезде башкача кабылдайбызбы, билбейм. Ошол тоолордон шаарга келгениме 50 жыл болуптур. Өткөн 50 жылдык өмүрдө "Мен өмүргө эмне бердим?" -деп катуу ойго баттым. Өзүмдү өзүм электен өткөрдүм.
- Анан, эмне деп бүтүм чыгардыңыз?
- Казактын улуу акыны Абай айткандай: "Өмүрдүн көбү кетип, азы калды, көңүлдүн кири кетип, сазы калды" деген саптар менин азыркы турушумду сүрөттөйт. Мына ушул саптарды улам кайталап, алдыга-артка көз таштап, көп нерселерге үңүлөм.
- Анан, эмнени көрөсүз?
- Сүрөттү. Сүрөт адамды караганга үйрөтөт. Кыргыз "Баланын акылы - көзүндө" дейт го. Ал эми орустар "Глаза - зеркало души" деп коюшат. Ошо, сүрөт тартайын деп карап отуруп, карап отуруп, талдаганга үйрөнүпмүн - ак менен караны, жаман менен жакшыны. Дал ушул жерден, алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу айтып кетким келет. Кыргыз эли акыл токтотуп, көздөрүн чо-оң ачып келечегин көрө билиш керек. Эми жаңылбаска аракет жасайлы. Ансыз деле 20 жылдан бери жаңылып келди. Эми жаңылса - анда кыргызымдын шору!
- Жаш мамлекет болуп келбедикпи…
- Балакетине жашпы?! Качанга чейин жаш боло беребиз. 20га чыккан бала жашпы? Ачык айтып ак сүйлөө керек да. Бийликке жалаң "б.у"лар келип жатпайбы. Жыйырма жыл мурунку кир адамдардан арылбай жатабыз. Саясатка жаш, таза адамдар келсе жакшы болот эле.
- Кыргыз интеллигенциясы жакшы эле аракеттенип жаткандай го, бул жаатта…
- Каякта? Кыргыз интеллигенциясы суур менен кашкулактай болуп чээнге жатып алып чыкпай жатпайбы. Ырас, бирин-экини эл үчүн күйүп-бышып жүрөт, бирок, жалпы интеллигенция 20 жыл бою уктап жатты чээнде. Ушундан улам цивилизациялуу эл болгонго кыргыздын акылы жете элекпи деп да ойлоп кетем. Мунун баары күйгөндөн айтылып жатат да.
- Эли-жерин сүйгөн кыргыздар чыгып эле атпайбы. Ошон үчүн бийлик өзгөрүп, жаңы системада жашап жатабыз да.
- Өзгөрүүлөр болуп атат дечи. Былтыр Бакиев бийлигин кулатабыз деп 87 баланын өмүрү кыйылды, жалаң карапайым балдар! Андан кийин түштүктө кан суудай акты. Мына ушундан эле бир жыйынтык чыгаруу керек эле. Деги, качан адам болобуз? Айтматов агабыз да "Канткенде адам уулу адам болот?" деп суроо коюп жүрүп өтүп кетти. Пайгамбар Гаутима Бурда Шакья Муни айткан: "Баарынан адам болуу кыйын" деп. Ушул суроо бүгүнкү күнү кыргыз элине коюлуп отурат: Кантип адам болобуз?! Бир эле жооп бар: Жаңылбайлы. Эми жаңылсак, адам боло албай калабыз. Жок болобуз.
Эми, үч айдан кийин шайлоо болот. Эл тажады бул кургак саясатчылардан. Эми биротоло акыл менен бүтүм чыгарып, эл таалайын ача турган татыктуу адамды Президенттикке коюп алышыбыз керек. Эми, кезек элде! Талапкер жеңбей, эл жеңиш керек. Эл жеңбесе, дагы шорлойбуз!
- Динге, шариятка кандай карайсыз? Улуу цивилизациялуу доорлор тууралуу эмнелерди айтат элеңиз?
- Ислам дини тууралуу айтсам, эң жакшы жактары менен бирге кемчиликтери да бар. Алсак, ушул эле сүрөт өнөрү тууралуу. Жазында өткөн бир курултайда Чубак ажы дин тууралуу сөз сүйлөдү. Андан кийин мага сөз беришти. "Шарият улукпу же табият улукпу?" деп суроо бердим ажыга. Алгач, табигат жаралган да. Мен муну менен шариятка каршы болуп жатканым жок. Болгону, адамзатынын өнүгүү процесси тууралуу айтып жатам. Мына, Атлантида цивилизациясы тууралуу билесиздер. Жакында бир жерден окуп калдым, атланттар ислам динин тутунган экен деп…
Өйдөдө исламдын кемчиликтери бар дебедимби. Чубак ажы: Исламда сүрөт тартууга тыюу салынат,- дейт. Анда сүрөтчү Үсөн Сарыбаев: Кыргыз элин мал кылайын дейсизби?! - деп күйүнөт. Чын эле, жан-жаныбар, мал сүрөт тарта албайт. Себеби, көзү менен көрүп, аны көкүрөгү менен талдай албайт. А мындай улуу касиет адамга гана таандык. Сүрөт өнөрү адамга тегин жеринен берилген эмес. Бу, сүрөт өнөрүн жокко чыгарсак, сак доорунан берки, андан аркы доорлорго таандык археологиялык табылгаларды кантип жокко чыгарабыз. Сүрөт тартуу жарабайт дегендик - наадандык!
Адамзат бир келген жашоодо 4 диндин таасирин жерип, Массондор ложасын түзүп, жер үстүндөгү жашоону жалаң "комитет 300" деп өздөрү гана калчап тургусу келип жатканына албетте каршымын. Мына ушундай терс күчтөрдүн айынан жер бетин экономикалык кризис каптады. Ал эми экономикалык кризис - рухий кризиске алып келери анык эмеспи. Деги эле, жер шарында бейпил жашоо болдубу? Америкадагы мунаралар кыйрап, Иракта, Афганистанда согуштар жүрүп, Японияда жер титиреп, цунаминин жайпашы, жер үстүндөгү токойлордун күйүшү… Бул - адамзатынын оюнун бузулушуна болгон Жер, Ай, Күн - Ааламдын таасири. Аны биз, адамдар терең аңдап биле албайт окшойбуз. ХХ1 кылымда анчалык жакшы окуялар болбой келет.
- Негизи эле адамзаты табият менен тагдырлаш эмеспи…
- Ооба десең, өзгөчө кыргыздар. Анан да, шаар менен айылдын да айырмасы чоң. Мына,айылда табият менен анык коюн-колтук алышып жашоо кечиришет. Айылда - сүкүттүү жашоо. Ай жаңырганда сыйынышат, сууга этият мамиле жасашат, тоо-токойду аярлашат. Мунун баары кыргыз канында тээ илгертен келаткан бийик деңгээлдеги код. Анан, бизде Манас илими бар. Атабыз "ант уйкуда". Байыркы кыргыз цивилизациясы менен азыркы цивилизация аралашып, жуурулушу керек. Ушул жерден, өлкөбүздө, элибизде руханий акыл-эс күчөп, Маданият министрлиги өзүнүн милдетин, миссиясын аткарып жан азык берчү министрлик катары, каймана айтканда - жан министрлиги болуш керек. Калган министрликтер бир тең, Маданият министрлиги бир тең, келечек үчүн.
- Кыргызстан качан оңолот? Деги, оңолоруна көзүңүз жетеби?
- Ооба, "Кыргыз каганаты" оңолоруна көзүм жетет. Эки жылдан кийин кыргыз жашоосу кадимкидей нугуна түшөөр. Байыркы кыргыз Алтай жери менен азыркы биздин Жети-Суудагы кыргыз жери биригип, бара-бара чоң каганатыбыз түзүлүп, ооматыбыз кайтып келээр. Болгону, ушул шайлоодо жаңылбай, эл өзү күткөн жеңишине жетсе - эртең бакубат, байманалуу жашоого туш келебиз.
- Айтканыңыз келсин! Бар болуңуз!
Маектешкен
Нурбүбү БӨДӨШОВА