Мелис ЭШИМКАНОВ, саясатчы:
"Лондондогу Максим
Кыргызстанды Келдибеков жана эски достору аркылуу башкарып жатат…"

Кыргызстандагы эркин журналистикага жашыл жарык болуп берген Мелис Эшимканов аттуу гений адам бар. Бир кездердеги байма - бай болгон митингдердин "ди -джейи" болуп жүрүп, К.Бакиев тарапты көздөй "ойт" бергенде, өзүнүн калдайган кадырынан солгундап кеткен. 7-апрелден кийин сапырылган самандай болгон саясатчынын баары жанданып чыга келишти да, бир гана М.Эшимканов бир жылдан бери саясаттан четтеп кетти. Ошол гений журналист, гений саясатчы менен сейил маек куруп, гезит бетине жарыялап коюуну туура көрдүк…
- Мелис мырза, 7 - апрелден кийин саясаттан таптакыр четтеп, тосотто жаткан мергенчидей болуп өзүңүздүн саатыңызды күтүп, саясатты сырттан карап отурасыз. Айтсаңыз, өлкөдөгү акыркы бир жыл ичинде өзгөргөн бийлик системасы туура багытка бет алды деп ойлойсузбу?
- Жалаң эле бир тараптуу жооп айтуудан алысмын. Саясаттан кеп кылуудан мурун, учурдагы адашкан адамзат тууралуу учкай кеп салып кетүүнү туура көрүп турам. Ааламдашуу процесси күн сайын өсүп бараткан кезде биз жашаган доор - ыймансыздын, ыпластыктын дооруна айланып баратат. Мына мен бир жылдан бери диний жана философиялык мүнөздөгү байыркы акылман адамдардын жазып калтырып кеткен китептерин окуп коюп жүрөм. Ошонун негизинде жана өлкөбүздөгү болуп аткан баардык баш аламан көрүнүштөргө баам салып карап, азыркы доорду шайтан башкарып алгандай элес калтырууда. Себеби, кайсыл бир убактардагыдай, тээ байыркы Нух пайгамбардын доорундай болуп, бузулган заман келди. Адамдын тагдыры менен ойноп, табийгатына таш - боорлук кылган адамдар көбөйдү. Маселен, дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттерди таш куурчактай ойноткон чоң - чоң державалар, канчалаган өлкөлөргө кол салып, канчалаган бейкүнөө элдерди кырып салышты. Алардын жүрүш багыты келип отуруп, эмки кезек Орто Азияга келип жетти. Алардын бир эле мисалы, жакынкы айларда Өзбекстанда чоң саясий жарылуу болгону турат. Мындай социалдык- экономикалык жана саясий жардырууну Ислам Демократиялык Кыймылы тарабынан уюштурулаары айтылууда. Бул "жарылууга" АКШ менен Батыш мамлекеттери кызыктар экени белгилүү. Кезек - кезеги менен Каримовго анан Назарбаевге жетип отуруп Орто Азия боюнча үч - төрт мамлекетте саясий жардыруу болот. Ошондой эле жакында эле АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы расмий билдирүү жасады. Анда ал "Кыргызстанды биз спутник аркылуу дүрбү салып, ар бир кадамыңарды, ар бир кыймылыңарды карап турабыз" деди. Ошондой эле биз менен катар Ооганстан мамлекетин да көзөмөлдөп турушаарын айтып өтүштү. Бул жерде наркотрафиктин дагы, геосаясаттын дагы маселеси бар. Бирок, эң негизги бута биз эмес экенибиз анык. Алардын бутасында жаныбыздагы коңшу өлкөлөр турат. Бирок, ошол коңшу өлкөлөрдө болгон баш аламандык сөзсүз түрдө биздин мамлекетибизге өз таасирин тийгизбей койбойт. Мындайда биз Ө.Текебаевдин кылган саясий жүрүштөрүн сөккөнүбүз менен парламентаризмден башка жол жок экенине көзүбүз жетип турат. Буга чейинки президенттик башкаруунун табиятын эң сонуну билдик. Бирок, парламентаризмге өтүү механизми чалды - куйду, баш аламан болуп, мыйзамга, кодекске каршы келген, чала кайым иштер аралашып кеткен. Мунун баарын бара - бара оңдош керектигин баары эле эң сонун түшүнүп турса керек. Эми мына алдыда аламан шайлоо келатат. Кудай буйурса Президенттик шайлоо тынч жана таза өтөт деп ишене туралы. Болбосо, биз күтпөгөн окуялар да болуп кетиши толук мүмкүн экенинен чоочулап турам.
- Эмненин негизинде чоочулап турасыз?
- Маселен, "Ата-Журт" партиясынын ичиндеги 60 пайыз депутаты сот жообуна тартылып, камала турчулар. "Республика" партиясы да дал ушундай көрүнүштө. Айрым ММКлар Бабановду кандайдыр бир Максим менен байланышы бар деп айтып чыгып калса, ак эткенден, так этип актанып жүрөт. А бирок, "Республика" партиясы Максимдин долбоору экендиги сокур менен дүлөйгө деле белгилүү болуп турат. Бабановдун тегерегинде ошол эле Ширшов, Досаалы Эсеналиев, Максим Каганер жүрөт, ошол эле Максимдин тегерегиндеги бир топ балдар жүрөт. Бирок, М.Бакиев беш жылда жек көрүнсө, рейдерлик аракеттери менен бул Бабанов беш айда эле жек көрүнүп алды. Кечөө жакында А.Келдибеков кайсы бир гезитке интервью бериптир. Ал жердеги сүйлөгөн сөздөрүнө караганда Бабанов жөнүндө экени билинип турат. "Кристалл", "Мегаком" боюнча менде бир катар маалыматтар бар, эгер керек болсо, мен аны көтөрүп чыгам" деп айтыптыр. Ал жерде биринчиден төрага катары А.Келдибековдун антип айтышы туура эмес. Ырас, айттыбы, айткан соң, аты-жөнүн кошо, баардык маалыматты чогуу айтыш керек болчу. "Бомба" катары соодалашкан сыяктуу суурмасына салып, катып коюшу төрага үчүн уят. Экинчиден Акмат мырзанын өзү коррупционер катары Бабановдон ашса ашат, бирок кем калышпайт. Өткөн айларда самолёт менен белгисиз тарапка барып келгенин коомчулук бүт билди. Бирок, ал кимге барып жолукту? Бирөөсү Максимге жолукту дейт, бирөөсү К.Бакиевге жолукту дейт. Ал аларга жолуккан жок. Ал кадимки эле Казакстандын еврей олигархы Бишкектен чыккан Машкевич менен жолугуп келди. Буга жүз пайыз кепилдик бере алам. Орусия тараптан болобу, Казакстан тараптан болобу Кудайга шүгүр эле тааныштарым бар. Тактап айтканда маалыматтык булактар менде мол. Ал Машкевичке эмне себептен жолукту? Анткени М.Бакиев Машкевичке "Мегакомду" убагында 80 миллион долларга сатып жиберген. Машкевич келээрде өлкөдө ызы - чуу болуп кетти да, "Мегакомду" алалбай калган. Кожойундары чет - четтен табылып, кимдин гана аты аталбады. Рыкунованын өзүнө ишенип болбосо да (ал дагы жеткен аферист эмеспи) сөзүнүн жыйырма пайызы туура. Анан ошол жашыруун барып жолукканында А.Келдибеков Машкевичке убада берип, "сот сиз тарапка чечип берет" деп кепилдик берип келет. Келгенден кийин "Мегекомдун" ишине, сотторго башы - оту менен киришип, Машкевичке өткөзүп бердирди. Анан ортодон көп өтпөй кайра "Мегакомдун" тегерегинде чуу болду. "Бул мамлекетке карама - каршы чечим болду, өздөрүн - өздүрү билип чечти" деп Бабанов сотту сөгүп, өкүрүп эле жатып калды. Анткени мурда Максим миллиондогон акчаны соруп турса, андан кийин Бабанов кийлигише баштаган. Дал ушул маалда бизге далысын салып калган Назарбаев А.Атамбаевди өз өлкөсүнө тез арада чакырды да, баягы жалпы сөздөрдү, өлкөлөрдүн ал -ахыбалын сүйлөшүмүш болушуп, анан Нураке аягында эң негизги Машкевичтин сөзүн айтат. "Алмаз Шаршенович, "Мегаком" боюнча жогорку соттун чечими акыркы болсун, "Мегакомдун" маселелерине тийишпей, Келдибековдун позициясын колдоп койбойсузбу" дейт. Бул маалыматты Р.Отунбаева Ө.Текебаевге айтып берет. "Келдибековдун бети жок экен, ушул ишти жасап туруп беш миллион долларды чөнтөгүнө салып алыптыр" десе, Ө.Текебаев адатынча күлүп, "5 миллион эмес 50 миллион болуп жүрбөсүн. Сиз бир нөлдү кемитип айтып атасыз го" дейт. Бирок мен да 50 миллион дегенге ишенбейм. Анткени "Мегакомдун" азыркы турган турпаты 400 миллиондун тегерегинде эле турган компания. Машкевичтин максаты - бирөө гана. Ал азыр тыпыйтып тешиктерин бүтөп, кайрадан бир сыйра оңдомуш болот да, эл аралык стандартка салып, 600 - 700 миллион долларга сатып ийет.
- Жыйырма жылдан бери сиз айткан Бабанов, Келдибековдорго окшогон саясатчылар элди курутуп бүтмөй болду. Шордуу кыргыздын кандай айла - амалы калды?
- Азыркы саясатчылардын 60 - 70 пайызы өзүнүн жазасын алып, сот жообуна тартылмайынча - Кыргызстан эзели оңолбойт. Улам кийинки Президенттин үй - бүлөсү, улам кийинки парламенттик мафиянын тузагынан чыгалбай эле жүрө беребиз. Маселен, Түштүк Корея согуштан кийин эмнени гана көрүшкөн жок. Атылып кеткен президенттер болду. Он жыл мурда жасаган кылмышы боюнча төрт - беш жолу соттолгондору болду. ОПГ менен күрөшүп атабыз деп биздин чоңдор көчөдөгү майда - майда рэкет чалыштарды кармап оюнчук кылбай, чыныгы ОПГлар менен күрөшүш керек. Чыныгы ОПГлар бул - коррупционерлер, элди тоноп сызга отургузган ушул шылуун саясатчылар. Кечөө коррупциянын схемасын, наркотармактын жолун Ж.Бакиев, К.Көлбаевдер көзөмөлдөсө, бүгүн ким көзөмөлдөп атат? Мындай суроого жооп табуунун кереги жок, ал өзү эле көрүнүп турат. Ал эми наркотрафик Оогандан биз аркылуу Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейинки кан жолдо миллиондогон, миллиарддаган акча айланып атат. Генерал М.Ниязов бекер айтпайт. Анын айтымында мындан он беш жыл мурда эле Ооганстандан биз аркылуу 16-20 тонна нарко заты ташылып өтчү. Азыр эми ал эки эсе көбөйдү. Ошону үчүн биз эки айрылыш жолго жазууга жетип, же ары, же бери деген кооптуу учурда жашап атабыз. Эми мына Президенттик жарышка иттин уулу байгара деле чыгып, тизмедегилер кыркка жеткени калды. Бир чети күлүп койсок да болот. Бирок ушунун баары биригип келип шайлоо күнү өлкөгө өзүнүн терс таасирин тийгизбей койбойт.
- Кооптонгонуңуз эмнеден улам? Же бөлүнүп-жарылуу маселесиби?
- Албетте,талапкерлер өзүнүн башындагы багажына карабай сапаты жок, саны көп болуп калса, баягы адаттагыдай уруу - уруу, кокту - колот, аймак - аймак, түндүк - түштүк болуп бөлүнө башташат. Анан жалпы өлкөнүн идеологиясы, биз каякка баратабыз деген суроодон алыстап, өңү тааныш, тууган - урукка бөлүнүп, жердешчиликтин рамкасына түшөбүз деген коркунучтабыз. Экинчи коркунуч кечээ Мадумаров, Ташиевдер кыйкырып атат. "Түндүк - Түштүк дегендердин колун чабыш керек" деп. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт дейт. Муну колго чабыш керек эмес, ачык айтып, түшүндүрүш керек. А бизде түшүндүрмөк турсун, саясатчылар өзүлөрү элди бөлүп - жарып жүрүшөт. "Асаба" гезитинде мен атайы "Түштүк картасы" деп үч жыл бою жазып келгем. Мен анда элди экиге бөлөйүн деген ойдо эмес, түндүк - түштүк деген ооруу бизде бар, ошону А.Акаев билсин дегем. Түштүктүн келесоо балдарын жанына алып, мамлекеттик катчы кылды, премьер кылды. Ал эми ошо кездеги мыкты, таза жүргөн Адаханга окшогон балдарды тепкилеп, баш көтөртпөй турбадыбы. Ошондо түштүк картасынын максатын, мен дайым айтчымын. Мамлекеттик программаларды кабыл алалы. Керек болсо административдик органдардын көбүн түштүккө көчүрөлү. Бизде коркунуч аябай чоң" деп какшап келдим дагы, А.Акаев кетээрине бир - эки жыл калганында М.Султанов менен Т.Сариевге айткан. Ал убакта экөө депутат болчу. "Ушул М.Эшимкановду тыйып бергилечи. Жалгыз ушу Эшимканов мени түштүк картасы деп атып, менин маалымат булактарым (КТР, "Кыргыз Туусу", "Эркинтоо") турса, маалыматтык согушту утуп алды. Ушу баланы кантип тыябыз" деген сөз болгон. А.Акаев ошо кезде мага үй, унаа, акча дегендер менен алдап койсо деле болмок, бирок өлкөбүздүн татаал маселеси калып атпайбы, оңунан чыкпай. Ошол маселе андан бери сыздоок сыяктуу келди - келди дагы, К.Бакиевдин убагында отко май чачкандай ого бетер күчөдү. К.Бакиев дагы Данияр Үсөновго окшогон дардаңбайларды тегерегине чогултту. Жалаң мыкты делинген Атамбаев, Текебаев, Сариев өңдүү азаматтарды сыртка тээп чыгарып таштады. Ошону үчүн өлкөгө адилет орноп, орток баланс болуп, жалпы мамлекеттин биримдиги чыңалмайынча эч убакта оңолбойбуз. Биздин эң алсыз жерибиз ушул болот да, көрө албаган душмандар үчүн, оңой бута болуп берээрибиз анык. Адахан айтып атат, "түндүк - түштүк деп айткан саясатчыларды камаш керек" деп. Эй, камабай эле койсун. Камаса деле маселенин жараасы калып атпайбы, айыкпай. Азыр ошол Адахан жалындуу сөздөрүн Ат -Башы, Талас, Көлгө барып сүйлөй алабы? Сүйлөй албайт. Же тигил Т.Сариев Ошко, Баткенге, Жалал-Абадга барып сүйлөй алабы? Сүйлөй албайт. Кыскасы жалпы улутту бириктирген идея жок.
(Уландысы 12-бетте)
(Башы 6-бетте)
- Жогоруда сиз А.Атамбаевди, А.Келдибеков, Ө.Бабановду баш кылып азыркы саясатчылардын бир тобун сот жообуна тартыш керек деп атасыз. Бирок, ошол эле саясатчылар "М.Эшимкановду да сот жообуна" тартыш керек деп айтып аткандыр да…
- Албетте, айтып атышат. А.Атамбаевдин жанындагылары бир жарым жылдан бери мага көп жолу келип кетишти. Адеп "үйүн өрттөтөм" деп жүрдү. Андан кийин "жоготом, атып салам" деп жүрдү.
- "Атып салам" деген өкмөт башчыбыздын сизден кандай аласасы бар же экөөңөрдүн ортоңордон кара мышык өтүп кетти беле?
- Башында экөөбүз ага - инидей чогуу жүрчүбүз. Анан баягы мен КТРде жүргөнүмдө, "шайлоодо мага карама - каршы чыгып, теледен мени кайра - кайра шыбап атты" деген жарма таарынычтар. Андан башка мага дооматы деле жок. Бакиевдин доорунда мени иштеди дейт дагы, эгерде ошондо А.Атамбаев премьер болоордо мен түнкү саат экиде үйүнө барып, жалдырап, "Конституциялык реформа жасамайынча, алданбаңыз, Ак үйгө барбаңыз!" деп суранганыма карабай эмне үчүн кетип калат? Эртеси Жогорку Кеңештин сессиясынан айттым, "Алмаз байке, мен сизге каршы добуш берем, Ноябрдагы элдин нааразычылык акциясына суу себип атканыңыз үчүн, мен сиздин партияңыздын орун басарлыгынан кеттим" деп баардыгын ачык -айкын айтып, артынан суу куйбай эркекче бүтүргөм. Анан ал киши К.Бакиев тарапка кетет дагы, баардык оппозиция 2007 -жылы 19 - апрелде сабалабыз, боз - үйлөр талкаланылат, ооз - мурдубузга газ кирип, Т.Сариев камеранын алдына чыгып баатыр болуп чыгып калат. Калганыбыз ошол жерде элдер менен кучакташып жүргөнүбүз менен эч кимдин иши жок. Бизди болсо "Койлор! Булар эт комбинатка төгүлгөнү баратышат. Лидерлер коркуп качып кетти" деп, кызуу болуп алып, борбордук аянтта түнкү саат 12 де журналистерге маек курган А.Шаршенович бизди аябай шыбайт. Аягы келип эле баягы калган оппозиция күнөөлүү болуп калдык. Анан башка айла - амал калбай калганда, Ө.Суваналиев экөөбүз кеңешип сүйлөштүк. "Мындай жол таптакыр болбой калды. Андан көрө экөөбүз бийликтин ичине кирели. Ичине кирип, акырындан реформа жасап, Кыргызстан Бакиевдердин менчиги болбогондон кийин, элибизге кызмат өтөйлү" дедик. Бирибиз Нарынга, бирибиз КТРге баралы дедик. Мен мындан эч кандай туура эмес иш көргөн жокмун.
- Бирок, ошол эле КТРде, ошол эле Максимдин жанында жүрдүңүз. Бирок, аларды ичтен иритип, ичтен сыздаткандай эмне иш аткардыңыз?
- Биринчиден Максим тууралуу кызык сөз кылса болот. Бул азыр Максимди бокочо көрсөтүшүп, баары туш - тараптан тепкилеп атышпайбы. Тепкилей тургандар Президенттин бир туугандары, жерге - жээги, кошоматчылары болчу. Андайлар убагында Айдардын, Максимдин артынан кылбагандарды кылып, жасабаган акчаларды жасагандар азыр деле бийликте жүрүшөт. Мен бул сөзүм менен Максимди коргоо ирээтинде айткан жерим жок. Албетте "злой гений" катары Кыргызстанды сызга отургузуу боюнча рекорд койду. Бирок, мен Максимдин жанында болуп калган күндөрү, Бабановго окшоп аны менен чогуу эч убакта акча жасаган эмесмин. Эгер аны менен чогу коррупцияны жасап, аны менен чогуу бир табакташ болсом, анда мен уялсам болмок. Менин бир кетирген катам, ал мага чапкенедей жабышып, сырдашып, кеңеше берчү.
- Эмне тууралуу сырдашчу эле?
- Кудай жөнүндө, Кыргызстандын эртенкиси жөнүндө сырдашса, кээде "Манас" баатырдын бир киносун тартпайлыбы деп сырдашат. КТРди кантип оңдосок болот деп кеңешетт. Эмне үчүн мени менен сырдашаарын ал минтип түшүндүрчү. "Кошоматчы эмессиз, бетке айтканды жакшы көрөсүз" дечү. Акырында 7- апрелге жакын мен ага "страна в полной жопе, остановитесь!" деп кат жазгам.
Маселен эмнеге үч жолу КТРден отставкага кетем деп арыз жаздым. Менин кемчилигим - Ө.Суваналиев досумдун "Эй, Өнүктүрүү фондуна барба. Булар болбой калды. Мен тетиги Жетим тоодон кийин көңүлүм калды. Мен буларга ишенбей калдым" деп, айтса да болбой ЦАРИИ деген немесине кирип алганым болду. Кийин өлкөнүн оор абалын, элдин кыйын кырдаалын Президентке айтып аттым. К.Бакиев мени тике карай албай, кайпактап сүйлөшөөр эле. Ал эми Максим болсо сөздү уга билчү. Анан кандайдыр бир сыйкыргабы же касиеткеби ээ эле. Адамды бат эле ишендирип койчу. Акыркы убактарда М.Бакиев " Мелис байке бүттү, коррупцияны токтотуш керек, баш аламандыкты токтотуш керек. Азыр ушул бир гана жаңы жол менен кетебиз" дечү. Ошол кезде Д.Үсөновдун президенттин администрация жетекчиси болгонуна аябай каршы чыккам. Анан менин сөздөрүмдү Президент укпаган соң, Максимге СМС түрүндө же кат түрүндө жазып жиберчүмүн. Азыр ошол каттар Ак - үй өрттөлгөндө кошо өрттөлүп кетти го деп турам, болбосо, анчалык ачуу, бетке чапкандай сөздөрдү менчелик эч ким айткан жок. Мен конкреттүү факты менен Үсөновдун, Бабановдун, Жаныштын схемасын айтып какшай берчүмүн. "Ай булар бир күнү түбүңө жетет. Буларды токтотуш керек" дечүмүн. Тилекке каршы, байлык, бийлик бул баланын көзүн тумандатып койду. Анан күнөө кимде? Күнөө М.Эшимкановдо болуп калат. Үсөнов, Жапаров, Бабанов, Мадумаров, Келдибековдор Максим тууралуу кеп кылбайт. Баягы эле Эшимканов болсо телтейип гезитке чыгып койчу. "Максим менен сүйлөштүм. Ой акылдуу эле жигит экен. Жакшы максаттары бар экен" деп. Ал деле суранчу эмес. Мен өзүм эле чыгып калчумун. Баягы "Эпицентр", "Без галстука" дегендерге чыктым, ишенчээк жаным. Азыркы бийликте жүргөн Учкун Ташбаевдер чындап жакшы балдар. Эң кызыгы, ушул сыяктуу Максимдин балдарынын 90 пайызы азыр А.Атамбаевдин тегерегинде жана Роза Исаковнанын тегерегинде жүрөт. Анан суроо туулат. Эгер Максим "сволуч", " злой гений", "чочконун чочкосу" болсо, анда неге Атамбаев анын балдарын тегеректетип алды? Аларды жолотпой койбойбу? Анткени азыр акылман, прагматикалык жаштар өтө аз. Демек Максим жалаң күчтүү балдарды чогулта билгендиги менен айырмаланчу. Максимдин еврейлик, шайтандык, бир башкача сапаттары, жөндөмдүүлүгү бар эле. Ал эми К.Бакиев жалаң дөдөйлөрдү чогултчу. Кийинки убакта бир дагы мамлекеттик ишке киришпей калган. Ал эми эл аралык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү, чоң -чоң маселелердин баарын Максим аткарчу. Анан эң кызыгы Максимдин механизмин үтүр - чекитине чейин бүгүнкү күнү урматтуу Бабанов мырза жасап аткандыгы кимдир бирөөлөргө табышмак болсо, кимдир бирөөлөргө жашыруун деле эмес. Максим орусча айтканда, мыйзамсыз иштерди "красиво" жасаса, бул Бабанов деген бала ачыктан-ачык эле, балтактатып, өлүп бараткансып жасап атат.
- Демек бир жылдан бери "Ата -Журт" партиясынын жана "Республика" партиясынын айрым саясатчылары Максим менен кандайдыр байланыштары бар делинген сөздөрдүн чындыгы бардай?
- Максим азыр деле Лондондо отуруп алып өлкөнү башкарып атат. А.Келдибеков менен да, Ө.Бабанов менен да байланышы бар. Ушул экөө аркылуу, ал өзүнүн ой - максаттарын аткартып атат. Ушундай - ушундайлар периштеден аппак болуп чыга келишет да, мага окшогондор көпчүлүккө жек көрүндү болуп калат экен. Бир убакта Максим менен чогуу болуп калганыма, өзгөчө үйдө келинчегим менен отурганда арман кылып кеп кылып калам. "Эмне үчүн Максимди ээрчип калдым экен? Ө.Суваналиев досум айтканда эле ЦАРИИ деген балакетине барбай койсом болмок экен" деп.
- Айтмакчы, ЦАРИИде сиз эмне кызмат кылдыңыз?
- Ал жердеги кызмат деле кыйраткан кызмат эмес болчу. Өнүктүрүү фондусунун байкоочу кеңештин төрагасы болчумун. Андан сырткары мени жумушка чакыргандан кийин төрт - беш айдан кийин бардым. Революцияга бир - эки ай калганда десем болот. Кеңсесин ремонттоп бүтпөй атышкан. Өзүмдүн баргым деле келген жок. Максим кино тартам, китеп жазайын десем да болбой, жалдырап атып, алып барды.
- Ал эми КТРден өзүңүз кетпейт элеңиз, ал жерден кантип кетип калдыңыз?
- КТРде мени жылаңач кармашты. Баардык мамлекеттик мекемелер бюджеттеги болгон акчасын алат. Мен 20 - 30 пайызымды алалбайм. КТРдин рекламаларын Максим өзүнүн 5 - каналына котортуп кеткен. КТРдин финансы башчысы бар болчу. Алдагы КТРден кеткен. Ошол айтчу, "Мен биринчи жолу көрүп атам. Башкалар КТРден акча алалы деп келишет, сиз болсо 75 - 80 миңдей доллар акчаны таптыңыз" деди. Мен ал акчаларды А.Салымбеков агаман, ыраматылык М.Өмүракунов досуман, Ш.Абдикеримов инимен жана өзүмдүн бизнестеримдеги акчалардан алып келип коштум. "Балдардын сынагына сынбайсыңбы?" деген сыяктуу долбоорлорго жана телеберүүлөргө каражат таап аттым. Мени ошондо саясаттан таптакыр четтетишти. "Ала-Тоо" маалыматтык телеберүүнү мен таптакыр көзөмөлдөчү эмесмин. "Ала-Тоону" О.Малеваная айым өзү көзөмөлдөөчү. А.Шаршенович түшүнүп-түшүнбөй эле таарынып атпайбы, "менин мас абалымды кайта - кайта көрсөтүп" деп. Колумда маалыматтык телеберүүлөр жок болсо. Анын баары түздөн - түз Ак -үй менен Көк - үйгө карап турса, эмне арга кылам? Анан мен КТРдин штаттарын кыскарттым. Антпесе КТРдин ичи жинди немедей ишканага айланып калган. Бул кыскартуу менен бир топ кызматкердин каргышына калсам керек деп ойлонуп калам. Анан саясатка аралаша албаган соң, маданий, руханий багыттагы мыкты - мыкты адамдардын долбоорлорун тандап алдым да, саясаттан "оомийн" деп, айла жок өзүм эле баш тарттым. Анан "Азаттык" боюнча Прагадан, Вашингтонгдон атайын кишилер келгенде, айттым "же мен кетишим керек, же "Азаттыкты" жабышым керек" дедим. Анан ары карап ыйлап, бери карап сыздап атып, айла жок жаап салдым.
- Учурунда Максим менен мамилеңиз жакшы болуптур. К.Бакиев менен мамилеңиз кандай эле?
- Ал киши башка чиновниктер менен тез - тезден эле кезигип сүйлөшүп турчу. Бирок, мени менен анда - санда эле сүйлөшчү. Жаңылбасам эки эле жолу жолуксам керек. Жолукканыбызда деле оңураак сөз болчу эмес. Мен ал үчүн ак карга элем да.
- К.Бакиевди өлкөдөн кууганыбыз менен ошол эле Бакиевчил, ошол эле Акаевчил чиновниктер, ошо кездеги оппозициянын баардыгы азыр деле саясатта активдүү катышып жүрүшөт. Мыкты делинген саясатчылардын арасынан сиз эле тынчып, кандайдыр бир саясаттан чарчагандай элес калтырып кеттиңиз…
- Себеби, биз чыгармачыл адамбыз. Көпчүлүк саясатчылардан айырмабыз, китепти көп окуп, көп ойлонобуз. Бул жашоону, ак - караны, өлүм менен өмүрдү ойлонуп жүрөбүз. Анан жөн эле бетти бетон кылып чыгалбай койдум. Саясаттан өткөн ыплас нерсе жок экенин мындан он - он беш жыл мурун Алай тоосунда жашаган жазуучу досум, мага какшаганына карабай, саясат мага азарт болуп кызыктырып, өзүнө тартып кеткен. Азыр деле саясатка активдүү катышып кетсем болот. Кайра Президенттик шайлоого аттанып, саясатта башкы оюнчулардын бири болуп дегендей. Сүйлөгөн жагынан А.Жапаровуңду дагы, А.Мадумаровуңду дагы отургузуп коем. Өзүң билесиң, сыналгы, гезиттерде такшалган жаным, тапанданган жагынан, сүйлөгөн жагынан, аргумент жагынан тилде сөөк жок. Бирок, кеп анда эмес. Саясатчыларды бир короодогу чогулган койлор деп коелу. Ошол короодогу маараган, ыплас суу ичип, жаман чөптөрдү жегендердин бири болуудан чочулап турам. Ансыз деле элге жек көрүнүп алдым. Баягы Шайлообек Дүйшеев айткандай "бу жигитти эмнеге жектеп атышат, мындан эч кандай ыпластыкты көргөн жокмун" деген сыяктуу, менде Кудайга шүгүр, жүрөк түшүргүдөй деле ыпластык болгон жок. Баягы 7 - апрель, июнь окуяларында шектүү дегендер менен мурда - кийин иштешип калгандыгым үчүн коомчулукка жек көрүндү болуп калдым. Акыркы бир жыл катуу оорудум, анан катуу ичтим. Азыр эми өзүмө келип, кичине Президенттик шайлоого аттанып аткан азаматтарга кол кабыш кылып коёюн деп, Ө.Суваналиевдин командасына кошулуп иштей баштаган кезим.
- Сиз колдоп чыккан Ө.Суваналиевдин Президенттик жарышта талапкерлеринен алдыга карай утуп чыгуу реалдуу шансы бар деп ойлойсузбу?
- Азыр эми гезиттерди, сайттарды, рейтингтерди окусам шансы жоктой. Анткени башкалардыкындай миллион акчасы же күчтүү партиясы жок. Ушул жерден бир нерсени эске салайын, тээ илгерки заманда Толубай сынчы зымыраган тулпарларды карабай коюп, телпейген бир атты тандап алган. Бирок, кийин ал аты баягы зымырайган күлүктөрдөн ашкан тулпар болуп чыккан. Анысы сыңары, мен да Өмүрбек Суваналиевди тандап алдым. Жарышка чыккандардын үч - төртөө жакын досторум болуп чыкты. Маселен Ө.Текебаев үй - бүлөөлүк досум, Т.Сариев бала кезимден үчүнчү классыман бери досум. М.Султанов он беш жылдан берки жакыным. Анан мага аябай эле оор болду. Бирөөсүн тандасаң, бирөөсү таарынат дегендей. Бирок, мен болбой эле кыргыздын "Катанисин" тандап алдым. Себеби, бизге Путин сыяктуу аскер мүнөздөгү, өзү таза, темирдей тартип кармаган, коррупционерлердин сазайын окутам деген адам керек. Экинчиден жаңы Конституция боюнча укмуш күчтөр колунда бар. Башкы командачы. Армияны реформалоодон баштайт. Колунда СНБ, Генпрокурор бар. Генпрокурор коррупционердин баарын ийинине киргизип, тизгинин тартып койсо болот. Колунда Жогорку соттун төрагасы бар. Анан мамлекеттик Эсеп палатасы, Улуттук банк колунда. Президентке башканын кереги жок. Ушуларды бекем тизгиндей алат деп ишенем.
- "Аламан" сайты түздөн - түз сизге тиешелүү экени байкалууда. Чын эле сиздикиби?
- Бул - шакиртим А.Сартбаевдин мыкты таланттуулугу. Атайын "Аламан" сайтындагы макалалардын жазылышын Эшимкановдукундай стилге салып, көрүнгөндү сындап жазат да, анан мени бир четине, "Эшимканов кино тартып атыптыр дейт, Эшимканов ооруп калыптыр дейт, Эшимкановдун үйүнө Кулов келиптир дейт" деп жаза берет. Анан аягында "Аламан" сайты аркылуу жамандалып жазылып аткандардын жетимиш пайызы мага чалып таарынат. "Маке мунуң туура эмес да, жазбай эле койбойсузбу?" - дешип. Кээсине түшүндүрөм, кээсине тамашалайм. Ишенишпейт. Анан бир азга чейин мени жазбай калат да, кайра эле "аялы экөө бир жакка барыптыр" деп, сүрөтүмдү же видеомду бир жерине илип коет. Аягында Арсланга айттым, "сага айла жок экен, жазбай мени тартыптырсың!" деп.
- Маектешкениңизге чоң ырахмат…
Элдияр ЭЛЧИБЕК