Куурчак
/Уландысы. Башы өткөн сандарда/
- Жээкке айдачы,- деп суранган ошон үчүн. Өңү корккондой бозоргон Саулени тамашалай каткырып, кайыкты чорт бурганын билет! Кайыктан экөөсү тең ыргып кетти. Бири-биринен жарым метрдей эле аралыкта суу алдында тырбалаңдашып…
Сауле булаңгыр болсо да Темирди артынан көрүп турду. Анын артынан бир чубалжыган караан колундагы союл сыяктуу бир нерсе менен Темирди чапканга аракет кыла көтөрүлүп баратканда болгон күчү менен булкунуп, тиги караандын бутуна илээшип, ылдый тартты!
Бул - бир көз ирмемдин эле аралыгында өткөндөй болду.Темир көл үстүнө жанталаша чыгып, а Сауле болсо бул учурда тескерисинче, башына тийген соккудан улам каалгый ылдыйлап бараткан…Анын көкүрөгүндөгү акыркы ою - жаналгычтын колундагы союлу Темирине жеттиби-жетпей калдыбы?.. Бул ою да заматтын ортосунда күңүрттөнүп барып ың-жың этип жок болду.
Ошентип, Сауле байкуш акыркы деминде да Темиринин амандыгын тиледи. Анын тилегин Кудай берип, Темири аман калды, а өзү … бу жарыкчылыкта тапкан бар байлыгы балдар-кыздары менен кош айтыша да албай кете берди.
Ошол Саулесин жоктоп баратат Темир азыр. Канчалык жоктобосун, Сауле дал ушул өзү үчүн курман болгонун билген жок, эч качан билбейт да болучу… Кийин гана эс-акылын жыйып, ошол каргашалуу окуяны көз алдынан бир чубалжытып өткөргөндөн кийин гана кандайдыр бир кооптуу нерсенин учугу чыгып жатпайбы тигинтип.
ХХХ
Ал арада Арапбай көп нерселерди жасады. Булар тууралуу билген улам бир кишини таап чыгып, аны менен оозмо-ооз сүйлөшүп, кичинекей бир сүртүм болсо да, ошол окуя тууралуу эки барак чечимдин кагазын улам калыңдатып отурду.
Бир күнү анын бет маңдайында кыргыз десе, кыргыз эмес, башка бир улут десе андай да эмес бир жигит отурду.
- Атың ким?
Атын, фамилиясын айтты тиги.
- А сени эмне үчүн Шах деп коюшат?
- Аа,- деп күлдү жигит,- досторум ысмымдын башкы сөзүнөн улам ушинтип атап алышкан.
- А сенин бул жерде иштегениңе канча жыл болду?
- Көп деле эмес, эки-үч жыл болсо керек…Мен бул жакка жайында, сезон маалында эле келем.
- Ошондо, аткарчу милдетиң кайсылар?
Тике айтылган суроодон жигит жалтанып кетти. Башын чулгуп-чулгуп алды.
- А биздин иштер татаал деле эмес. Жээкте туруп, көлгө көз салып турабыз. Дагы бир группабыз моторлуу кайык менен көл үстүндө жүрүшөт. Эс алуучулар көлгө чөгүп кетпесин деп аракет кылабыз. А кокус, андай случайлар болуп калса, ошол замат жетип барып, аларды куткарууга аракет кылабыз.
- Өзүңдүн жеке практикаңда канча кишини куткардың?
- Билбейм, жылына төрт-бештен болот го…
- Мисалга, былтыр куткарган адамдарыңды билесиңби. Кандай кырдаалдар болду эле. Анан, сен куткарган адамдар сага келип рахмат айткан учурлар болобу.
- Болот. Бирок, көбүнчөсү катуу чоочуп, коркуп калгандыктан, эртеси эле шашылып, көлдөн жөнөп кетет.
- А чөгүп кеткендердин тууган-туушкандарычы?
- Алар сөөктү эртелеп таап бер дешет. Албетте биз да эртелеп тапканга аракет кылабыз.
- Ошондой адамдардан былтыр эсиңде калгандар барбы?
- М-мм, былтыр…кандай окуялар болду эле?..
Катуу ойлонуп калган жигиттин көз алдына Жанаргүлдүн элеси тартылды. Анан, ал санап берип жаткан акчалар эсине түштү.
Кыраакы юрист Арапбай каректери ойноктой түшкөн жигитти дал күрөө тамырдан кармай албай турду.
- Былтыр бир нече адамдар сууга чөгүптүр. Анын бири - бир келин…күйөөсү менен кайык минип жүргөндө, кайык коңторулуп кетип, каза болгон. Ал келинди сен алып чыгыпсың го, бирок, сөөгүн…
- И-ии, алар жаңы эле келген.
- Алардын кайыгы эмнеликтен коңторулуп кеткенине баам салдыңбы?
- Билбейм. Ал тууралуу ойлобоптурмун деле.
- Деги эле кайык ал жерден коңторулбаш керек эле дешип атат.
- М-мм, билбейм … ал окуя болоордо биз катер менен жакын жерде жүргөнбүз. Ошондуктан тез аранын ичинде жетип барып, сууга секирдим.
- Дал ошол учурда бир да куткаруучу катер ал аралыкта жок болчу деп жатышпайбы. А сен каяктан ал жакта пайда боло калдың?
(Уландысы бар)