"МАНАС -
"КОПЫТО" ЭМЕС!"
(Уландысы. Башы өткөн санда)
- Дагы кайсы мамлекеттерде болдуңуз?
- Англиядан окудум. 2000 -жылы үч ай жүрүп специализациядан өтүп келдим. Он эки мугалимден ар бир күнү үч сааттан окудум. Ошентсе да, баары бир кемсингендей болосуң. Же бир сен европеец болбосоң, керек болсо, Африкадан келген кишилер сенден өйдө турушат. Бирок,бул сен сүйлөп баштагыча эле. Сүйлөй келгенде сыйлап башташат…
Ошол учурда Роза Отунбаева Англияда элчи болчу. Анын кеңешчиси Керимбекова Нургүл аркылуу Дайирмид Ганн деген поэзия боюнча сынчыга менин тогуз ырым жиберилген. Ал мактап, "англис тилин суудай билет экен" деп Нургүлгө кат жазып берген жана Шотландиянын борбору Эдинбургга чакырган. Бирок, үй-бүлөмө байланыштуу ал жакка бара албай калдым.
Англияга барып келгенден кийин бир жыл өткөн соң жолдошум балдарга бир жардам болсо экен деп Сибирге иштегени кетти, мен анын артынан кеттим. Ал жактан мектеп ача койдум - ПРО-АРТ деген. Сибирде төрт жыл жүрүп, кайра Кыргызстанга келдик.
- Сибирде аябай суук болсо керек…
- Ооба, ал жактын аба- ырайы өтө катал, өтө суук. Мындан мурунку революциянын алдында келдик да. Өлкөдө абал бир топ оор экен. Нанга тыйын калбай калып кыйналган кишилерди көрүп боорум ооруду. Ошондой күндөрдө менден окуп жаткан бир аял Малайзияны мактап калды. Анын мактаганынан улам ал жакка да барып көрөйүнчү деп Малайзияга сапар алдым.
- Жалгыз өзүңүзбү?
- Алгач, жалгыз кеттим. Чынын айтуу керек, Малайзия мага жакты. Бир университетине кирип сүйлөшүп, китептеримди көрсөттүм. Мени алар жактырышты. Ал жердеги кытайларга англис тилин үйрөтүп, өзүң да кытай тилин үйрөнүп аласың дешти. Бирок, мен бул жактан документтеримди, дипломдорумду толук алып кетпептирмин го…жөн эле көрөйүн деп баргам да. Кайра келгенимде жолдошумду ала кеттим. "Тим эле бейиштей жер турбайбы" деп жолдошум ыраазы болду. "Карыганда эми ушундай жерде жашайлы" деп кыялданды. Жай мезгили, пальмалар, тегерегиң тегиз жашыл…Сибирден келген кишиге аябай кызыктуу болду да. Паспортторду тууралап эле Малайзияга учтук.
- Аябай жаккан экен да…
- Жагарын го жакты, бирок, үч ай өттүбү, дагы эле баягы жай… Килейген кескелдириктер,, чоң-чоң көпөлөктөр, учуучу таракандар тынчыңды алат. Жамгыр төгүп, чагылган чартылдап, үйдүн ичине чейин кирип келет. Тропикалык өлкө да. Жери жакшы ,бирок, абасы мончо сыяктуу дем. Квартиралары, тамак-ашы арзан, жыргап эле жашай берсе болчудай. Бирок, климаты бизге туура келбеди. Акыры, баса бердик.
Ал жактан үй-бүлө, беш балам кайра көчүп келгенде, жашоо оңой болгон жок. Караколго, атамдын жерине бардык, Чолпон деген айылына. Каракол шаарына алгачкы жалпы билим берүүчү мектеп ачтым. Компьютердик курстарды ачып, кыргыз, орус, англис тилинде Алиппени чыгардым, өзүмдүн ыкмам менен окуттум.
- Сиздин окууңуздун өзгөчөлүгү эмнеде?
- Азыр англисче эч ким жазуу - пропись менен жазбайт дешип үйрөтөт бул жакта. Андай эмес, пропись бар. Арифметика, математиканы да англисче үйрөтүп, 1-класстан 4-класска чейинки предметтерди үч тилде окутам. Дагы баса белгилей турган нерсе, англис тилин муун-муунга бөлүп окутуу - дүйнө жүзүндө практикалана элек. А менин программамда бул негизги өзөктү түзөт.
Атап айтканда, Алиппе үч тилде, математика үч тилде жана жазуу үч тилде. Анан, балдарга илим боюнча жалпы түшүнүк беребиз.
- А сиз өзүңүз ыр же башка чыгармаларды жазасызбы?
- Англис тилинде ыр жазам. Анан, акыркы убактарда элде ырдалып келген кыргыздын эски ырларын англис тилине которуп, ырдоону жактырып жүрөм. Негизи, англис тили кыргыз тилине окшош жумшак. Ыр кайрыктарына салганда, тим эле жапжакшынакай болуп келишип созолонуп калат. Мага ошонусу кызыктуу. Максатым - кыргыз ырларын англис тилинде аткарыша турган ансамбль түзүп, дүйнө жүзүнө кыргыз ырларын жайылтуу жана таанытуу. Мага тилектеш боло турган адамдарды таба алаарыма ишенем.
- Өтө оригиналдуу ойлоруңуз бар экен. Ылайым, тилегиңиз ишке ашып, кыргыз ырлары англисче жаңырып, аалам араласын!

Маектешкен
Нурбүбү БӨДӨШОВА