Мигрантаалы…

Жеңишбек Турдубаев:
"Россия - бир көзүмө жаш, бир көзүмө кубаныч тартат"

Жеңишбек Турдубаев 1997 - жылы Москва шаарына жумуш издеп барып, он беш жыл жашап келген. Бөтөн эл, бөтөн жерде он беш жыл ысык - суугун бирдей көргөн Жеңишбек мырза өзүнүн көргөн - билгендерин, Россия койнундагы кыргыздардын көргөн күндөрү тууралуу айтып берди.

Он беш жыл өмүрдү алган Москва
1997 - жылы үй - бүлөм менен чогуу Москвага барып заводго ишке орноштум. Мени менен чогуу иштеген балдардын кээси, ал тургай бригадир баш болуп уурулук кылып, заводдун оокаттары акырындан четинен жоголуп тураар эле. Уурдап тапкандарын бүтүндөй ичимдикке жумшап, айлык алаарда бүтүндөй бир бригада алар үчүн жооп берип калчубуз. Ал заводдун жетекчиси менен менин байкем жакшы болгондуктан, мага ал киши ишенээр эле. Бир күнү жетекчибиз заводдун ичине жашыруун видео камера коюп, ууруларды кылтакка илмей болду. Ошентип жашыруун видео камеранын жардамы менен арабыздагы уурулар кармалып, иштен айдалышты. А мени ошол жумушчу топко бригадир кылып шайлап коюшту. Бригадир болуп жүргөнүмдө, жумушчу топко жалаң өзүбүздүн кыргыз жаштарын алып, аларга тымызын колдоо көрсөтүп турдум. Ошондон тарта алты жыл ал заводдо бригадир болуп иштеп, кийин Москва шаарынын ички каттамына таксист болуп иштеп кеттим. Кыргызстанга он беш жылдан кийин келгенимде, тааныштар, "Ал жактан акчаны көп тапсаң, биякка эмнеге келдиң, жарандык алып биротоло жашап калбайт белең?" дешти. Менин айтайын дегеним, Россия - орустар үчүн, Кыргызстан - кыргыздар үчүн! Ал жактын жашоо шарты, атмосферасы, элинин менталитети мага жаккан жок. Кыргызстандан өткөн керемет жер жок экенин чет өлкөгө барганда сезет экенсиң. Жарандык күбөлүк алып, түбөлүккө жашап калабыз дегендер деле бир күнү болбосо, бир күнү мекенине кайтып келишет. Кыргыздардын Россияга барып иштеп, анан жарандык алуунун бир эле себеби бар. Алар кандай гана жол болбосун, акчаны көбүрөөк таап, бутунан турган соң Кыргызстанга кайтып келүү. Ал тургай Россиянын жарандыгы менен эптеп пенсияга чыгып, анан Кыргызстанга кайтып келгендер четтен табылат. Себеби, Россиянын пенсиясы биздин өлкөнүн пенсиясына караганда эки эсе көптүк кылат эмеспи.
Кыргызча сүйлөсөң - 500 рубль штраф…
Россиянын закону боюнча коомдук жайларда, кафе - ресторандардын ичинде кыргызча сүйлөсөң 500 рубль штраф төлөйсүң. Кызматчы болуп, кайсы гана ишкана же мекеме болбосун бир гана орусча сүйлөп иш кыласың. Тартип деген ал жерде ушундай. Башка улуттардын тайраңдашына алар жол бербейт. "Скинхет" деген терминди жакшы эле билип калсаңар керек. Канчалаган кыргыз жарандары ошол скинхеттердин курмандыгы болуп кетти…

Бир бөлмөдө 20- 30 бала жашайт…
Россиядагы кыргыздардын жашоосу өтө эле кыйын. Алар күнүмдүк жашоолоруна акчаны үнөмдөп колдонуп, тапканынын көбүн чогултушат. Мен үй - бүлөм менен Москвадан үч бөлмөлүү батирге чыгып жашадык. Үч бөлмөгө айына 40 миң рубль берип, свет, газ, суусуна да өзүнчө төлөйбүз. Албетте 40 миң рублди жалгыз өзүм төлөп жашаш акылга сыйбаган нерсе болмок. Андыктан мен үй - бүлөм менен бир бөлмөсүнө жашап, калган эки бөлмөгө кыргыз балдарды жана кыздарды квартирант кылып киргизип алгам. Ар ким өзү жаткан орундугуна үч миң рублден төлөп, 40 миң рублдин көбүн жаап кетишет. Мага окшоп, үч бөлмөлүү батирди алып, өзү бир бөлмөсүнө кирип, калган эки бөлмөгө жыйырмадан, отуздан балдарды квартирант кылып киргизип алган өзбек, тажиктер көп. Алардын батирине кыргыз балдар барышпайт. Себеби, кыргыз балдарга алар тынчтык бербей, ызы - чуу салып, күн көрсөтүшпөйт. Бир күнү эки кыргыз бала мен жашаган батирге келип калышты. Квартиранттар кирген эки бөлмө толуп, башка киргизүүгө мүмкүн эмес эле. Бирок, тиги балдар өзбек кишинин батирине чыдабай, мени угуп алып келишиптир. Аябай суранып туруп алышкан соң, эптеп батырып жаткырууга аргасыз болдум. Ошентип бир бөлмөдө балдар тыгылышып жатып эле калышты.

Шору каткан кыргыз кыздары…
Россиядагы кыргыз кыздарга мен өтө нааразымын. Кыргыздын алдуу -күчтүү жаштары турса, кайдагы өзбек, татар, тажиктер менен жашап, алардан төрөп атышат. Көбү боюнан алдырып, көчөлөргө таштап кетишкенин көп эле жолуктурдук. Менин батиримде жашаган балдар, кыздар аябай ынтымактуу эле. Себеби, мен аларга бирдей көзөмөл кылып, ортого тартипти орнотуп койгом. Кечинде эрте жатышат. Көчөгө чыгып ичип, мушташпайт Биринин оокатын бири уурдабайт. Ошентсе да, түнкүсүн аларды кайтарып жаталбайт экенсиң да. Бир күнү бир кыздын боюнда болуп калса болобу. Кимден экени белгилүү болсо да, билмексенге салдык.

Ынтымак бар жерде - ырыс бар!
Алар мени "атабыз" деп тамашалап калышаар эле. А мен дагы аларды "уулум", "кызым" деп айтаар элем. Кыздардын экөө кымбат ресторанда иштешкен соң, кардарлардан арткан вино, коньяктарын бир бөтөлкөгө аралаштырып куюп келишет. Иштеген күндөрү батирдеги балдар ал экөөнү кеч болсо да, уктабай күтүп отурушаар эле. Анан алардын алып келген кымбат коньяк, винонун аралашмасын бир стакандан бастырып алышып, жыргап жатып калышат.

Кыр көрсөтсө кыргыз элчилиги, сүр көрсөтөт орус милициясы…
Россиянын күч органдары, милициялары аман эле болсун. Кокус алардын көңүлүнө жагып калсаң ( күнүң түшүп калса), оңбогондой акчаны берип атып, кутуласың. Алар бир гана "акча" деп турушат. Биздин Россиядагы элчилигибиз ташбоор, кайдыгер деп атасак куп жарашат. Кыргыздардын кыйналып, азап чегип атканын көрүп туруп, жылуу сөз менен сурап коюшканын көрбөдүм. Алтургай, аларга документ же башка бир иш менен кайрылсаң, уялбай - этпей эле акча сурап киришет. Алың жеткен сумма болсо жакшы, алың жетпеген сумманы сураганда күйбөгөн жериң күл болуп кетет.

Москва автобекетиндеги кыргыз бомждор
Москванын автобекеттеринде кыргыз жаштарынын кайырчы, бомж болуп жүргөнүн көп көрөсүң. Мурда жаңы барган кезимде, кыргыздар өтө эле аз эле. Балыкчы - балыкчыны алыстан тааныйт болуп, бири - бирибизге жөлөк болуп тураар элек. Ошондо бомж болуп жүргөн кыргыз балага жардам кылып, аны кийинтип, жууп - тазалап, поезд менен Кыргызстанга салып ийдик. Ал поезд экинчи станцияга токтогондо кайра качып кетиптир. Кийин кышында катуу суук болуп, куураган жигит бир бутун үшүккө алдырып, бир бутунан айрылып калды. Дагы жакшы, тез жардамды кимдир бирөөлөр жардамга чакырып, анын ал бутун кесип, өзүн аман алып калышыптыр. Кийин кайра автобекеттен балдакчан бир буту жок болуп жүргөнүн көрүп калдык да, экинчи жолу да жардам кылдык. Бирок, бул жолкусунда поездге эмес, учакка салып ийдик. Андан кийин эмне болду ким билет, автобекеттен ошол бойдон жолуктурган жокбуз.

Маектешкен
Мухтар уулу Кубанычбек