Адис кеп!

Орозбек
Дүйшеев,
Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдорунун ассоциациясынын жетекчиси:
"Андаш" алтын-жез кени Кыргызстандын келечеги үчүн маанилүү"
- Орозбек агай, "Андаш" алтын-жез кенинин тегерегинде көптөн бери эле ар кандай талаш сөздөр болуп келе жатат. Тажрыйбалуу кен адиси катары бул маселелердин тегерегинде өз оюңузду бөлүшсөңүз?
- Кыргыз өлкөсү аябагандай кенге бай. Ошол кен байлыктарыбызды элибиз үчүн туура иштетсек ал мыйзамдуу эле нерсе. Эзелтен бери эле элибиз кен байлыктарын казып, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип эле келген. Бул Манас эпосунда да айтылат. Манастын атасы Жакып бай жакын адамдары менен Алтайга көчүп барганда кен-байлыктуу аймакка туш келишип, асылдарын казышып, байышып, курчунан жоо жабдыктарын дайындашып, 30-40 жылдын ичинде күчтүү урууга айланышып, кайра Кыргызстанга көчүп келишип, кыргыз мамлекетин ордуна келтиришкен. Кен байлыгы көп өлкөлөрдө бар кендерин казып, экономикасы кубаттуу, алдыңкы өлкөлөрдүн катарына киргендиги жөнүндө мисалдар өтө көп. Кудай буйруса Талас облусу дагы бул байлыктан куру калган эмес, анын бири "Андаш" кени, бирок ар кандай интригалык, бюрократиялык шарттар менен ишке кирбей тургандыгы бизге окшогон адистерди көп ойлонтуп, капа кылат. Кээ бир тоо-кен өндүрүшүндө түшүнүгү жок, өзүнүн гана кызыкчылыгы үчүн ой жүгүрткөн, элдин кызыкчылыгына каршы турган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, алардын бузукулук иштерин токтотууга убакыт жетти. Бул боюнча жергиликтүү бийлик органдары жооп берүүлөрү тийиш.
- Кен боюнча жалпы элибиздин кененирээк түшүнүгү деле болбогондугунан мүмкүн ошондой иштер болуп жаткандыр. Адис катары "Андаш" кени боюнча кененирээк айтып берсеңиз?
- Бул кен 1962-жылы Кыргызстандын геологдору тарабынан ачылып, 1982-88-жылдарда тереңирээк изилденип алтындын жана жез металлдарынын жетиштүү кору болжолу менен эсептелип, келечекте иштетүүгө мүмкүн экендиги аныкталган. Бул кенди иштетүү максатында 1994-1997-жылдары "Ала Тоо Голд Майнинг" компаниясы изилдеп чыгып рентабелдүүлүгү жетишсиз деген себеп менен иштебей кетип калган. Ошол кезде дүйнөдө алтындын баасы арзандап, арзыбаган акчага туруп калган болчу. 2004-2006-жылдары жеке-менчик ишкерлердин өзгөчө көңүл буруусу менен дыкат иликтенип, "тело №1" деген бөлүгүнүн кору такталып ал аймактагы алтындын кору 19 тонна, ал эми жездин бар кору 70 миң тонна экендиги аныкталган. 2004-2009-жылдар аралыгында "Курум Майнинг" деген англиялык инвесторлор алып, алар 2005-жылы "Андаш Майнинг Компани" деген ат менен ишкана түзүп, аталган кенди иштетүү боюнча көптөгөн иштерди жүргүзгөн. Алардын айтымында бул кенди ишке киргизгенге чейин эле 90 млн доллар коротулду деген маалымат бар. Кийинки жылдары бул компания коомчулук ортосунда келишпестиктер пайда болгонуна байланыштуу "Аурум Майнинг Компаниясы" өзүнүн "Андаш Майнинг" компаниясын "Кентор Голд Компанисына" сатып жиберген. Бул компания Кыргызстанда 1997-жылдан бери эле геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп келет. Ушундай максаттарда бул жылы көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, Кыргызстанга көрүнүктүү, ишенимдүү инвестор катары белгилүү.
- Сиз көп жылдардан бери Кыргызстандын тоо-кенчилер жана геологдорунун ассоциациясынын жетекчиси катары "Андаш" кениндеги элдин суроо-талаптары, карама-каршылыктары тууралуу кандай ойдосуз? Дегеле жергиликтүү элдин ал кенди иштетпөөсүнүн зарылчылыгы эмнеде турат?
- Тактап айтканда "Андаш" кенинде түзүлгөн акыбалга, эл менен келип жаткан инвесторлордун пикир келишпестиктерине бирден-бир күнөөлүү жергиликтүү бийликтегилер жана аткаруу бийлигинде тургандар десек туура болот. Бул оюмду кененирээк түшүндүргөнгө аракет кылайын. 2004-жылы "Андаш" кенинин №1-уютмасынын (участогунун) аймагы такталып, кабыл алынгандан кийин аны иштетүүгө лицензия берилет. Мына ушул маселени чечүүдө жергиликтүү элдин катышуусусуз чечишип, кенди иштетүүдө финансылык-экономикалык, социалдык маселелер жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Экологиялык жана техникалык маселелер боюнча толук изилдөөлөр бүтө элек кезинде жергилктүү тургундар арасында карама-каршылыктар туш-туштан пайда боло баштайт. Элдин бир бөлүгү айылда экономикалык оор акыбалдын негизинде жумушсуздуктун күн санап өсүшүнө байланыштуу бул кенди өздөштүрүүнү, тагырак айтканда тезирээк жолго салууну сунушташат. Мындай үндөшкөн каттар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтерине, жогорку бийликтегилерге жөнөтүшөт. Буга мисал катары: 2008-жылдын январь айында 370 адам кол коюлган Жогорку Кеңештин төрагасына жөнөтүлгөн кат, 17 баатыр энелер кол коюп жөнөтүлгөн 2008-жылы февраль айындагы кат, ошол эле убакта жөнөтүлгөн афган согушунун катышуучуларынын 36 мүчөсүнүн колдору коюлган кайрылуу каттарды келтирсек болот. Бул каттардагы негизги максат "Андаш" кенин тездетип ишке киргизип, жаңы жумуш орундарын уюштуруп, экономикабыздын өсүшүнө шарт түзүп, социалдык акыбалды жакшыртуу. Булар бүгүнкү күндөгү илимдин-техниканын жетишкендигин колдонуп, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү менен экологиялык жана техникалык коопсуздук толугу менен сакталаарына ишенишет.
Экинчи тараптар, кийинки мезгилде өз эмгеги менен же кандайдыр бир жолдор менен байышкан малдуу жарандар. Булар малдарды багууга адамдарды жалдашат, көпчүлүк убакта жумушчуларды жалдоо жөнүндө эч кандай документтер түзүлбөйт, айлык акыларын өз убагында төлөшпөйт, социалдык фондго жана доходдук салыктарды эсептешпейт. "Андаш" кени ишке кирсе арзан жумушчу күчтөн айрылышат, ошондуктан алар өз кызыкчылыктарын жогору коюшуп, ар кандай далиденбеген коркунучтуу окуяларды жергиликтүү элге таратуу менен бир топ тоо-кен иштери боюнча түшүнүгү жок жарандарды коркутушуп, аларды "Андаш" кенин иштетпөөгө үндөшүп, көптөгөн уюштуруу иштери менен алектенишип, кол чогултушуп, ар кандай инстанцияларга жөнөтүшүп, интригалык шарттарды жасашууда.
- Сиз айткандай бул маселе 2007-жылдан бери эле чечилбей келе жатат. Бул маселеге бийликтин да түздөн-түз кийлигишүүсү. Алардын жергиликтүү эл менен туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш алып баруулары керек эле. Бирок, мындай аракеттер байкалбайт. Дегеле, ушул багыттагы маселени туура жолдо чече турган бизде бийлик барбы өзү?
- Бар, болгондо да көп, бирок көп учурда алар өз иштерин туура эмес пайдаланып бирин-бири колдобой, ал гана эмес кээ бир убакта мындай турмушка керектүү, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ойлонбой, бюрократиялык жолго түшүшүп, өндүрүшкө, өлкөнүн экономикасына зыянын тийгизүүдө. Жогорудагыдай карама-каршылыктарды жөнгө салуу боюнча 2008-жылы Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Ал комиссиянын курамында ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, азыркы президент урматтуу Роза Исаковна дагы бар эле. Ал киши мына ушул иштер боюнча аябагандай активдүү иштеген. Чечилбеген түйүндүү маселелер боюнча ошол кездеги өкмөткө тапшырма берилип, коомдук уюмдар да активдүү катышкан. Иштин башын жогорудагы "Андаш" кенин ишке киргизүүгө каршы турган жарандардын , жалпы эле жергиликтүү бийликтин суроо-талаптарын кат жүзүндө беришин талап кылган. Андай кат айыл кеңешинин 14 депутатынан, ал жердеги "Айдың көл" деген коомдун 10 мүчөсү кол коюшкан суроо-талап келген, анда 13 пунктан турган алардын талаптарына Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия толук жооп берип , көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышы жөнүндө кеңири иш-чаралар сунушталган. Тилекке каршы ал каршы сунуштардын эң негизгиси бүгүнкү күнгө чейин аткаруу бийлиги тарабынан жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылбай келет. Маселен, Жогорку Кеңештеги сунушта айтылган "При утверждении Соглашения и иных договоров конкретно указать экономические обязательство Компании перед республикой, областью, районам и селом". Тилекке каршы үч жылдын ичинде өкмөт тарабынан келишим түзүлгөн эмес. Депутаттык комиссия андан ары төмөндөгүдөй сунуш киргизген: "разработать и утвердить общественный договор между местным кеңешом село Көпүрө-Базар и Компанией, в котором будут отражены все вышеуказанные требования , а так же следующие рекомендации". Бул сунуштар 7 пункттан турат. Жергиликтүү кеңеш бул сунуштар боюнча да иш жүргүзүүнүн ордуна ар кандай каршылык акцияларды уюштуруунун үстүндө иш алып барып жатканы түшүнүксүз. Акыйкаттык үчүн айтып коюшубуз керек, "Кеңтөр Голд Компаниясы" жергиликтүү элге жардам берүү максатында бир топ алгылыктуу иштерди жасашты. "2010-2011-жылдын кышында элди отун менен камсыз кылуу максатында 200тн. көмүр түшүрүп, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө бөлүп беришти . Ушул тапта кен чыккан аймакта 846 үй-бүлө бар экен. Ошолордун ар бирине, эгер кен ачылып кала турган болсо 1000 сомдон бере турганды макулдашууда бул сумма айына 846000 миң сом акча төлөп берген болот экен. Бул эмне деген акча? Дагы бир чоң маселе бүгүнкү күндөгү "Кумтөр" алтын комбинаты сыяктуу жылдык түшкөн товардык продукциянын (бул сумма 60,0-70,0 миллион долларды түзөт) бир процентин Талас областынын өнүгүү фондусуна которулат. (ал сумма 600-700 миң долларга барабар) Анын ичинен облуска канча пайызын, районго, айылга канча пайызын беребиз деп, ал сумманын айылга жылына 100 миң долларын берип туралы деп жатышат. Бул Кыргызстан үчүн пайдалуу маселеби? Албетте, ириде айылдарды көтөрүп алсак анын мамлекет да кубаттуу болот. Эсептөөлөр көрсөткөндөй "Андаш" кенинен түшкөн кирешенин 60%дан ашыгы Кыргызстандын карамагына калат, тагыраагы 507 млн доллар акча, ал эми 40%зы так айтсак 343 млн доллары компанияга калып, шаймандар кенди иштеткенге керектүү материалдарды чет элден сатып алууга жумшалат.
- Жергиликтүү элдердин бирден-бир коркуп жаткан маселеси, бул экологиялык коркунучтар. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Эч кандай экологиялык булганууларда коркунучтар болбойт. Алтынды бөлүп алууда атайын самындай көбүктөнгөн химикаттар менен эле колдонулат. Ал химикаттын адамга же өсүмдүккө зыяны болбойт. Дагы бир элдин коркуп турганы кен аймагында жардырганда эле үйлөрдүн баарына жарака кетип же кээ бир үйлөр урап түшүп калат дешет экен. Бул дагы туура эмес. Атайын адистер жардыруунун жер үстү менен кеткен толкунун эсептеп чыкса болот. Маселен, жардырган толкундун күчү 300 метрден ашпайт. Ал эми кен чыккан аймактан айыл кеминде 2 км алыстыкта жайгашкан. Кичинекей таш дагы учпайт. Ал жардыруу болгону топуракты казып алыш үчүн атайын жумшартуу үчүн гана колдонулат. Албетте, кандай гана болбосун иштин жүрүшү элдин көзөмөлүндө болуусу абзел, иштетүүнүн технологиясын бузууга жол бербеши керек.
- Эми ошону кантип ишке киргизиш керек?
- Тез аранын ичинде атайын иштетүү боюнча өкмөттүн токтомун чыгарыш керек. Элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да маанилүү. Иштин жүрүшүндөгү эки жактуу келишимдердин баары ачык-айрым болуусу зарыл. Ошондо элге баары түшүнүктүү болуп калат. Ал жерде эч кандай коррупция ойнобойт. Элде кенди иштетүү боюнча ишеним жогорулайт. Мына ушундай туура түшүнүктүрдү элге жергиликтүү бийлик уюштурса жакшы болмок. Тез аранын ичинде өкмөт компания менен келишим түзүп, аны токтом менен бекитип, мыйзам ченеминде ишке киргизүү керек. Келишимде жогоруда көрсөтүлгөн экономикалык эсептөөлөр, социалдык жана келечектүү иштер, ошондой эле компаниянын милдеттери жана жоопкерчиликтери, жергиликтүү бийлик органдарын милдеттери жана жоопкерчиликтери толук көрсөтүлүүсү керек. Бул келишимди түзүүдө адистердин, коомдук уюмдардын суроо-талаптары толугу менен эске алынуусу тийиш.
- Жакында Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен "Андаш" кенин иштетүүнү токтотуу жөнүндө чечим кабыл алышты, ал жөнүндө да өз пикириңизди айтсаңыз.
- Жогорку Кеңештин бул алган чечими мыйзамсыз жана элдин кызыкчылыгына каршы түзүлгөн. Биринчиден, кыргыз мамлекетинде бийлик үч бутакка бөлүнгөн: мыйзам чыгаруу, аны көзөмөлгө алуу - Жогорку Кеңеш, экономикалык, социалдык өнүгүү - аткаруу бийлиги өкмөткө жүктөлгөн, акыйкаттык - сот бийлиги. Бул Конституцияда бекитилген. Кен байлыктарын иштетүү экономикалык маселе - өкмөттүн милдетине кирет. Экинчиден, мындай чечим кабыл алынаардан мурда бул маселе Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралып, сунушталышы керек эле. Үчүнчүдөн, бул чечим эч кандай илимий-техникалык эскперттерге негизделген эмес, демек каталык кетиришкен. Төртүнчүдөн, кен байлыктары жалпы элдик менчик болуп эсептелет, "Андаш" кенин иштетүү мамлекеттик маселе. Эгерде ар бир айылдын же ар бир топтун кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койсок, өлкөнү бөлүп жаруучулук, сепаратисттик саясатка туш болуп, демократияны анархияга айналтабыз, бул элибизди туңгуюкка алып келет. Өлкөбүздүн кен байлыктарын элдин кызыкчылыгы үчүн иштетүү элдик, мамлекеттик келечектүү саясат.
Бешинчиден, терең изилдебей, кээ бир түшүнүгү төмөн же өзүнүн кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон адамдардын суроо-талаптарына Жогорку Кеңеш чечим чыгарып, өндүрүштү токтото берсе, мамлекет өспөй, мамлекеттүүлүккө шек келтирилип, демократиянын ордуна анархия пайда болуп, экономикабыз туңгуюкка туш болуп, биримдүүлүктүн бузулушуна шарт түзүлөт. Анда Кыргызстандын келечегине балта чабылат.
Алтынчыдан, бүгүнкү күндөгү иштеп жаткан Жогорку Кеңеш мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин иштеринин улантуучусу болуп саналат. (право -преемника) Биз жогоруда келтиргендей мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш түзгөн депутаттык комиссия 2008-жылдын октябрь айында "Андаш" кени боюнча терең изилдеп, сунуштарын берген, демек ал изилдөөлөрдү жокко чыгарууга эч кандай далилдер жок. Демек, Жогорку Кеңештин июнь айынын аягындагы отурумундагы сунушу негизсиз, далилсиз. Депутаттар айылдан келишип, өзүлөрү бул чечимди жокко чыгарса туура болот. Кыргыз өкмөтү бул чечимге такталган жооп берээрине биз - адистер ишенебиз.
Маектешкен
Баймырза НАКАЙ