Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Алысты айныксыз, таасын көрсөткөн дүрбүнүн пайдасы да чоң. Мына ушул жөнөкөй эле буюм менен ыраактагы каалаган көрүнүштөрдүн баардыгын үтүр-чекитине чейин байкоого болот. А журналисттердин "дүрбүсү" - алардын калеми. Калем гана алыстагы нерсени жакындатып, маалыматтардын булагын ачык-айкын окурмандарга жеткирет. Демек, төмөндөгү "Дүрбү" аттуу рубрикабыз да сиз үчүн, окурман!

Бакиевчилердин башы кылтыят
"Кызыктын баары күзүндө болчу аш-тойдо" дечү элек. Эми ага Президенттик шайлоо да кошул-ташыл болуп, көрк кошмой болду. Кандидаттыгын койгондордун арасында "Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт" болгондор да жок эмес. Анча-мынча аты-таанылып, ага каниет байлагандар да тизмеден жолугат.
Баарынан да таң калычтуусу, Бакиевдин тушунда май талканда олтургандардын да дүбүртү чыгып, ар кандай божомолдордун башы кылтыя баштады. Айрыкча, Бакиевдин камчысын чаап, "Бөрк ал десе, баш алган" Элмурза Сатыбалдиев да тар чөйрөдө катуу мактанган экен. Анын айтымында, Президенттик шайлоодо ат салышса, колдоочулар четтен табылат . Болгону, аламан жарышка түшүшүнө үстүнөн козголгон кылмыш иши гана тоскоол болуп жатыптыр. Өзүн шер ойлогон Сатыбалдиев муну чындап айттыбы же ак моюндан жутуп алып, ысыкта кыйналып кеткенинен улам жөн гана кеп салып койгонбу, билип болбойт. Бирок, жел болбосо, бактын башы кыймылдабагандай эле Элмурза байбатча да бир нерсени билип айтып жаткандыр. Президенттик жарышка өзү катышпаса да, бакиевчилердин бирөөсүн колдоп чыгышы мүмкүн. "Үмүтсүз шайтан" дейт. Сатыбалдиев деле бир жерден орун таап, кызматтын ырахатын көргүсү келет да. Ал "Ат кайрылып, казыгын табат" болуп, кайрадан чоң постту ээлеши да толук мүмкүн. Азыркы шартта эч нерсеге таң калбай деле калбадыкпы.

Наргозуевде нааразычылык жок
"Ак жолчу" деп жеришкени менен өзүнүн үнү, позициясы бар Бегалы Наргозуевдин айланасындагы кызматка байланышкан түрдүү кептер желдей тарады. Креслого кимдер кызыкпаган…
"Жалал-Абад губернаторлугуна Бегалы мырза барса, ошол эле "ак жолчу" иничеги Азиз Турсунбаевден ашса ашып, кем калбай иштеп бермек" дегендер да бар.
Азиз Турсунбаев калдайып барып, Асановдун ордуна жайланышып, олтуруп калганына таң калгандар да жок эмес. Мындай улам, "Наргозуев нанын тарттырып жибергендей шалдайып олтуруп калды" дегендер жаңылышат экен. Бул маселе боюнча суроо салганыбызда, Бегалы мырза бизге өзү тастыктап, ачыктап берди. Январь айында Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулаймановдор Наргозуевге кайрылып, Жалал-Абад губернаторлугун колго алып, иштеп беришин сунушташкан. "Эгер менин чындап эле иштеп беришимди кааласаңыздар, мен башка эле чарбалык субьектилерге барайын" дегем. Экинчи жолу кайрадан ошол эле губернаторлук кызмат мага сунушталып, Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу болгон. Ал губернаторлукка менин кандидатымды Б. Төрөбаев менен А. Сулайманов сунуш кылганын айтып, "Иштеп бериңиз" деп сүйлөшүп, кол алышкан элек. Анан эле бул орун талашка түшүп кетиптир. "Б. Наргозуев "Респулика" партиясы үчүн кызмат кылган эмес" деген сөздөр болуптур. А чындап эле Азиз Турсунбаев "Республика" партиясы үчүн иштеп берген болчу. Жыйынтыгында, ал жигит губернатор болуп дайындалды. Ачыгын айтсам, менде эч кимге эч кандай таарыныч болгон жок… Мен баарын түшүнүү менен кабыл алдым" дейт Наргозуев.
Маселе мына ушундайча болгон. Аны апыртып, көбүртүп жибергендерге жол болсун.

Абдрахманов партиялаштарын таштабайт
Президенттик шайлоонун алдында түрдүү имиш кептер айтыла берет го. Кечээ жакында эле "Ата-Мекен" партиясынын ич ара ыркы кетти. Четинен партиядан мүчөлөр да чыга турган болуп, баш-бактап калды" деген ойлор чагылгандай тарады. Туура, чыр-чатак, келишпестиктер саясатта боло берүүчү көрүнүш.
Айрыкча, Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановго бир топ дооматтар тагылып, анын партияга кол шилтеп, басып кетээри айтылган. Бирок, сурамжылообуз тастыктагандай, Абдрахманов партияны таштабайт.
"Мен "Ата-Мекен" партиясынан чыгышым да мүмкүн эмес. Албетте, партиянын ичи-тышында коррупциялашкан топтор бар. Алар менин дарегиме карата чындыкка дал келбеген ар түрдүү ушактарды таңуулап, партиядан чыгарышканга аракет жасашкан. Бирок, "Чындык ийилгени менен сынбайт" эмеспи. Азыр баары ордуна келди…" деп баса белгилейт Өмүрбек мырза. "Кеп чынынан бузулбайт" да. Абдрахманов "Кетем!" деп коркуткан да эмес. Демек, кетпейт…

Шайлоонун шарапаты…
Күйүүчү майлардын көйгөйү чагылгандай "дүрт" этип, кайра басаңдап калгансыды. Ал бир гана шаар ичиндеги автоунааларга көйгөй жаратпастан, айыл чарбасына да тоскоолдук келтирээри анык.
Жамин Акималиевдин пикирине баам салсак, ал коомчулукта айтылып жаткан ойлорго кошулат. Экономист мына буларга токтолот. "Кандай механизмдер менен күйүүчү майлардын баасы кескин өсүп кетти, аны ачык айтуу кыйын. Бирок, шайлоого байланыштуу саясий оюндар да күч алып, анын негизинде жасалма түрдө проблема түзүлүп жатышы да мүмкүн. Ал эми жалпы жонунан алганда, муну Бажы союзуна байланыштырсак да болот. Эгерде биз Бажы союзуна кирсек, экономикабыз дагы эле ыйлагыдай абалга туш болуп, баалар эки эсе кымбаттайт. Ал гана турсун, эгемендүүлүгүбүздөн да ажырайбыз".
Кандай айтсак да, алтын таякчаларын кармап, жогорку постто олтургандар өзүлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн баарын жасашат. Бирок, кечээ эле эмне үчүн элдик толкундоолор болгондугун эстерине алып, тизгиндерин чактап тартышса гана болду.
Нурзада ОСМОНОВА




"Вечерний Бишкекти" түйшөлткөн "Айкын Саясат"
Гезитибиздин өткөн сандарында (?39. 20-июль) "Кыргызстан кимдин колуна өткөнү жатат?" деген аталыштагы чакан макалабыз жарык көргөн эле. Макаланын өзөгү азыркы учурда урунттуу жүрүп жаткан алдыдагы президенттик шайлоого аттанган азаматтар жөнүндө болгон. Кыргызстан азыр башынан эки революцияны өткөргөн, демократия жолунда изденүүдө жүргөн КМШ мамлекеттеринин ичиндеги жападан жалгыз мамлекет экенин эске алып, ал жолду тандоонун арты өлкө үчүн оңойго турбай, кандайдыр бир кызыкчылыктар менен кошо айрым өз мамлекетинин ички ынтымагын, улут катары сакталып калуу аракеттери чет элдик прессанын "улутчулдар", "жапайчылык" деген аттарды жабыштырып жаныбызды жыргатып турбаган колдоолор-коштоолор менен бирге бара жаткан азыркы Кыргызстандын акыбалын эске алып, дал ошол шайлоо өнөктүгүндөгү өзгөчө көңүл буруп коё турган бир гана жагдайды эске алып жазган макалабыз, дароо айрым чет элдик басылмалардын сынына кабылса, аны айрым кыргыз басылмалары да колдоп үн кошуптур. Ал Бишкек шаары сүйүп окуган сиздердин "сүймөнчүлүктүү" гезитиңиздер "Вечерний Бишкек". Макалада Кыргызстандын келечеги аныктала турган алдыдагы аламанга ат кошуп кайра талапкерлигин алып койгон Игорь Трофимов тууралуу кыпындай кеп козголбосо да көзү ачыктанып "Трофимов улутчулдарды чоочутту" орой айтканда "жүрөгүнүн үшүн алды" деп жазыптыр. "Вечерний Бишкек" гезитине жазылган макаланын анык аты "Трофимов напугал националистов" деп аталат. Ооба, макалада Трофимовдун аты аталбаганы менен "орус улутундагылардын" деп айтылган жайы бар. Антип жазуунун негизи "кыргыз тилинен мамлекеттик сынактан кантээр экен?" деген таризде гана берилген болчу. Ал тургай буга чейин кыргыз туруп бирок, кыргыз тилинде жарытып сүйлөй албагандар үчүн да шайлоонун кыл көпүрөсү бар болуп келгени берилген. Жалгыз орус улутунан аттанып турган Трофимовдун улутун сыйлап ушундай узун сабак ушак тарап кетпесин деп атын атабай койсок "вечерканын" сезимтал журналисти Бермет Маликова билип койду, атаңды көрү десе. Билгени курусун, ачыктан-ачык "улутчул" катары бизди көргөзгөнү менен акырында ал макаланын маңызын бурмалап жибербесе да, кайраштыруу бар сыяктуу көрүнөт. Кыргызда айтат "ушакты айткан эмес аны тараткан жаман" деп. Муну да эске алып коюш керек. Бермет Маликова таасын келтирип Конституциянын беренелерине токтолот, ал тургай окуган эмес го деп да кошумчалайт. Анда айтат: "акыркы 15 жылда өз өлкөсүндө жашаган, мамлекеттик тилде эркин сүйлөй алган, 35 жаштан 70 жашка чейинки ар бир Кыргызстандын жараны президенттикке талапкер болуп катыша алат" деп. Трофимовду Кыргызстандын жараны катары эмнеге эркин басылмалары сынга алууга болбойт? Ооба, Маликова келтиргендей Темир Сариевди калмак, Эмил Каптагаевди да калмак дешти, алар талапкерлигин коюп калса аларды да ар кандай ойлор менен эркин басылмалар дал эле анын улутуна асылып сындамак, сындап да жатышат. Демек, Кыргызстандагы башка улуттар жаран катарында президенттикке койсо тең укуктуу, үй алса, жер алса тең укуктуу, анан саясий чоң жарышта сынга кабыла турган аламанга түшкөндө анын укугу бир аз улуураак болуп урмат гана көрсөтүлүп унчукпай ооз басып калыш керек бекен? Туура, биз баардык улуттар менен ынтымакта гана жашашыбыз керек. Бирок, чындап эле кыргыз жараны катарында анын Кыргызстандын тагдырын чечүүчү күчтүн башына келе турганында ар кандай суроолуу ойлордун тегерегинде пикир бөлүшүп коюуга эмнеге болбосун. Же биз калмак деп талапкер Асанды сындасак гана, кытай деп Үсөндү айтсак гана улутчул болбой калабызбы? Кааласак ошол Асанды да, Үсөндү да ар түрдүү пикирде сындай алабыз. Анда аламанга кошулган башка улуттагыларды да келечек үчүн көкүрөк керип кызыккан ойлорубузду ортого салып бар оюбузду ачык айта алабыз. Мүмкүн жаман ойду, бузукулукту, улут менен улутту кайраштырып жатканды Маликова баштаган "Вечерний Бишкек" гезити баштап жүрбөсүн. Акыркы кезде дал ушул басылма улутчулдукту абдан көтөрүп ал тургай айрым учурда кыргыздарды кемсинткен макалаларды жарыялап жиберген учурлары да болду. Мындай аракеттерин биздин гезит аркылуу жооп ирээтинде макала да жолдошту, айрым жолдоштор. Бирок, тыйылган жок. Эгер мындай аракеттер боло берсе, улутчулдукту биздин гезиттен эмес, каймактары калкып калың журт ичинен чыгып калуусу мүмкүн. Аталган басылманын жанагыдай жагдайдагы макалалары үчүн бизге келген айрым окурмандар Бишкек мэрине кат жолдоп, кыргыздарды кордогон гезит борбордун атын алып жүрүүгө болбойт деген ойлорун айтышканы жатканын уккан элек. Бирок, кең пейил кыргыз эли 15 жыл оор турмушка чыдап акыры жарылып чыккан сыяктуу ачууларын оң колдоруна алды көрүнөт. Үчүнчү революция болбосун. Биз каалабайбыз. Эгер болсо баш калаанын атын алып жүргөн басылманын астанасынын алдына да айрым топтор барбай койбойт деп биз айта албайбыз.
Баймырза НАКАЙ







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"