Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Депутаттан демилге-Фестиваль!
2011-жылдын 8-9 октябрында Ноокатта Курманжан Датка жылынын жана Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдык мааракесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алтынбек Сулаймановдун колдоосу менен элдин сыймыктуу баатыр кызы, мамлекеттик ишмери УРКУЯ САЛИЕВАНЫН 100 жылдык юбилейине арналган республикалык кыз-келиндер арасында ыр сынагы өткөргөнү жатыптыр. Ыр сынагына катышуучулар Ош жана Бишкек шаарындагы сынакты өткөрүү боюнча түзүлгөн уюштуруу комитеттерине атайын кат менен кайрылышат жана күн мурунтан белгиленген тандоо сынагына катышышат. Тандоо сынактары Ош жана Бишкек шаарларында 2011-жылдын 16-17-сентябрларында ал эми, өнөр сынагы ушул эле жылдын 8-9-октябрь күндөрү Ош облусунун Ноокат районунда өткөрүлөт. Баш байге "S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы, ал эми Биринчи орун 100 000 (жүз миң) сом, Экинчи орун- 60 000 (алтымыш миң), Үчүнчү орун- 40 000 (кырк миң) сом коюлаары анык болду. Мындан тышкары эстрада жанры боюнча дагы сыйлыктарга Баш байге үчүн -"S-класс" маркасындагы "Мерседес-бенц" авто унаасы жана 100 миң сомдон 40 миң сомго чейин сыйлыктар ыйгарылмакчы. Ыр ышкыбоздору чамдаңыздар. Өнөрүңүздөрдү өргө чаап эл депутаты сайып жаткан байгеден кур калбаңыздар. Калыстар кара кылды как жарып калыс болушаар бекен же Куйручук олуянын фестивалындай машинанын баарын Курманжан энебиз менен Уркуя эжебиздин урпактарына берип коюшаар бекен, аны да алдыда көрө жатаарбыз. Өнөр баккан элге таасын таланттар таймашка катышат деген үмүттөбүз. Эскертме: ыр сынагына тиешелүү бардык суроолор менен Бишкек шаары боюнча (0312) 66-50-39, 0552 08 23 22, Рыскулов Илязга, Ош шаары боюнча (03222) 8-55-86, 0777 58 00 83 Жоробаев Жоомартка жана Курманжан Датка жылын жана Кыргыз Республикасынын көз кaрандысыздыгынын 20 жылдык мааракесин даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясына (0312) 900-443 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.


Кыргызстандын жаштары, бириккиле, түндүк-түштүк түшүнүктү түбүнөн кыйгыла!
Азыркы саясатчылар менен алыска бара албастыгын сезип азыртан эле алдыдагы шайлоолорго, азыркы коюп жаткан талапкерлерге ичтери чыкпай турган жаштардын саны арбын. Эки революцияны тең уурдатып койгону кимге ишенээрин да билбей турган карапайым калктын саны да күн санап өсүп баратат. Кыргызстан ким үчүн керек? Бейиштин төрүндөй жерибиз Кыргызстандыктардыкы болуп калууга тийишпи? Ооба! Муну кубаттаган жаштар миңдеп саналат. Анткени алмуздактан келе жаткан ата-мурас асылдыктарыбызды аздектеп сактап кала турган жаштар экени, кийинки турмуш туткасы да жаштардыкы экени белгилүү. Кимдин бакубат турмушта өмүр кечиргиси келбейт. Турмуштун туура мыйзамы менен таттуулугун сезбеген гана адам. Андайлар арабызда жок эмес. Бирок, өлкө үчүн өлүп берүүгө да даяр азаматтар арбын. Кийинки Кыргызстандын эки тизгинин колуна ала турган жаштар азыртадан ойлонуп иш алып баруулары керек болгон күн дал бүгүндөн башталат. Өлкө жарды, карызга баткан, бирине бири ор казган, көралбастык, трайбализм, кокту-колотко бөлүнүү күч алып турганда, журт жакшыларынын бири ушул маселелердин айланасында аталык акыл-насаатын, агалык кебин айта албаса анда ал күндү күтүүнүн кимге кереги бар эле. Алдыдагы шайлоо эң ыплас, түштүк-түндүк деген жаман түшүнүктүн айланасында өтө тургансып калды. Мунун арты кимге жакшылык алып келмек эле. Бул жолду бир гана жаштар бууй алат. Анда келгиле, жаштар биригип улуттун ынтымагы үчүн, түндүк-түштүк деген ыплас түшүнүктүн кендирин кесүү үчүн биригип бир канат бололу. Муну жасоо жаштардын гана колунан келет. Келечек жаштардыкы экенин, Кыргызстан жаштардын колуна өтөөрүн сезсек, дал ушул ыплас иштердин белин сындыруу жолуна аттаналык. Акыл айталык, акылсыздарга. Колуна кол, бутуна бут болуп кыргыз элинин ишенимине кирелик. Буга жаштардын эрки да, духу да, акылы да жетет. Асманыбызда Манастын духу айланып жүргөндө бул кайраттын канатын эч ким сындыра албас. Кыргызстан бүт улуттун достугун камсыз кылган күнөстүү өлкө болууга гана тийиш!


Үгүт иштеринин үтүр-чекиттери
Шайлоо алдында талапкерлер үгүт иштеринин ар кандай жолдорун колдонуп жүрүшөт. Негизги үгүттүн жүрүшү массалык маалымат каражаттарынын айланасында жүрсө да, жолдордогу рекламалык шиттер (көчө жарнактар) да өзгөчө мааниге ээ. Ал дароо эле көзгө бадырайып көрүнөт да, адам аң-сезимине талапкердин бейнесин таасын чагылдырып турат. Айрыкча, былтыркы Парламенттик шайлоо жарышынын алдында партия лидерлери Орусиянын башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн жарнамалап, үгүт иштеринде кеңири пайдаланышканы маалым. Эл деген эл да. Алар баарына ишенет жана сүрөттөгү таасирге да алданат. Алсак, ошондо Медведев менен Куловдун бирге түшкөн сүрөтүн көрүшкөндөр: "Кулов Орусия менен "кент" экен. Анын ал жакта таасири чоң тура" деген сөздөрдү чыгарышкан. Көрдүңүзбү, жөн эле сүрөт. Бирок, ал өтө чоң пикирди жаратып койчу күчкө да ээ. Бактыларына каршы, быйылкы жылдагы Президенттик шайлоо күрөшүндө андай үгүт иштери колдонулбайт. Башкача айтканда, чет өлкөлүк саясатчылар, бийик даражалуу адамдар менен кол кармаша кучакташып түшкөн сүрөттөр, видеолор эми биздин талапкерлердин кызыкчылыктары үчүн пайдаланылбайт. Андан тышкары, Кыргызстанда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк телеканалдардын мазмуну да көзөмөлгө алынганы турат. Эми бул канчалык деңгээлде иш жүзүнө ашырылаарын айтып болбойт. Бирок, чет өлкөлөргө чуркаган биздин Президент болчу лидерлер үчүн бул кабар жагымсыз болоору турган иш.

Субаналиев да тим турбайт
"Саясатта бирде "жарк" этип көрүнө калган, бирде таптакыр эле дайынсыз боло түшкөн Субаналиев Президенттик креслону кыялданып, катуу ойлонуп жатат" дешет. Чын да, аты-жыты белгисиздер четинен чыгып жатса, Каттани тим турабы. Анан калса, көрүнгөнгө чөгөлөй бербеген намыстуу Каттанини тымызын сүрөөнчүлүккө алып, баш-бактагандар да бир топ экендигин кыйытышат…
А бирок, Өмүрбек мырза да оңой эмес да. Саясаттан четтей түшкөнгөбү, айтор, айланасын абайлай карап, "Алданып калбайын" таризинде узун кулак сүрөөнчүлөргө да этият мамиле жасап жатыптыр. Кантсе да, эстүүлүк кылып, "Дардалаңдап жатып, ара жолдо калбайын" десе керек.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




Яндекс.Метрика