Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Темике теминээр бекен?
"Акшумкар" партиясынын лидери Темир Сариев алдыдагы шайлоого аттанаар-аттанбасын ачыктай албай жаткан кези. Бирок, анын астанасын айланчыктаган адамдар дагы арбын. Жакында Оруссиянын өкүлчүлүгүнөн келген адамдар биздин өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн соң Темир Сариев менен да кол алышып жолугуп кетишкендиги айтыла калып жүрөт. Эгер сүйлөшүүлөр алдыдагы шайлоо жөнүндө болсо, анда аламанда Темике теминип чыгат, жок, такыр эле башка сөз болгон болсо, анда эле азыркылардын биринин арабасына атын чиркеп шайлоого чогуу аттанат. Сыягы ушул кезде Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин ортосунда кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп ага-инилер бир жыйынтыкка келише албай жаткан кездери. Алмаз мырза Темикеге көптөрдү "обешать" этип жатканы да ачыкка чыгып кетти. Жакында эле Сариев мэр болот экен деген кептердин тараганы да бекеринен эмес. Муну укканда азыркы мэр Иса Өмүркулов да Атамбаевдин акырлашы катары абдан капа болуптур. Кебетеси өкмөт башыга чейин барып арызданып да жиберген өңдөнөт. Азыр Атамбаевди дал ушундай ар кандай себептери бар кыйчалыш курчап турган учур. Ал эми Темир Сариев болсо "өз агамды агалай албай, бирөөнү сагалаймынбы?" деп кылдат карап же аттанаарын билбей же акшумкарчыларына актанаарын билбей турган учуру.

Айкөлдүн айкели борбордо…
Бишкектин чок ортосундагы "Ала-Тоо" аянтынан орун алган "Эркиндик" эстелигине кимдер гана кызыкпады. Башка деле орчундуу көйгөйлөр турса да, ошол эле эстелик айрымдардын көзүнө тикен сыяктуу көрүнө берди. Түндүк кармаган аялдын элесин чагылдырган айкелге бир катар сындар айтылып, карама-каршы ой-пикирлердин чордонуна айланган эле. "Асылган алып тынат" болуп, акыры эркиндиктин символун чагылдырган жансыз эстеликти да жыгып түшүрмөй болушту. Бирок, анын орду бош калбайт. Маалыматтарга караганда, ордуна Манас баатырдын айкели тургузулаары айтылат. Албетте, Манасты миң кайталап айтсак да, ага арнап, борбордун так ортосуна айкел тургузсак да, аздык кылаар. Бир бирок бар. Болгондо да Манастын айкели болгон соң, анын жасалгасы да эстетикалык бийик талаптарды өз ичине камтып турушу керек. Ага чебер скульпторлордун салмактуу эмгектери талап кылынат. Жөн эле "Манас!" деп ураан салып кыйкырып, бир нерсени эптеп тургуза койсок, анда эле уят болгонубуз ошол. Андыктан, эстелик тургузуу долбоорлору тереңден талданып, такталып, анан барып ишке ашса деген эле тилек.


"Мен эле жыргата коем!" дегендер сороет
Билинбеген менен бир топ эле жыл болду. Экономикабыз тушалган аттай алга жыла албай, ташыркап, мүдүрүлүп, бир калыпта жорго салып, чуркай албай келет. Ага болбой кайран эл алдыга карай умтулуп, колдон келишинче тырмышып, жан үрөп, жанын багып келет. Алдыбыз да, артыбыз да коррупциялык жол менен бөгөлгөн. Баалардын баасы жыл санап, асман чапчыйт. "Мен эле жыргата коем!" деген лидерлердин желге таркаган келди-кетти сөздөрү тескерисинче, алсырап турган калкты туңгуюкка такаганын, ким жокко чыгара алат?! Айрыкча, жаштардын башы кошулган жерде эртеңине үмүт байлоо, жаркын тилектер менен алдыга карай кадамдоо байкалбайт. Баары эле иштөөдөн тажаганын, арзыбаган маяна алып, жарыбаганын, мүмкүнчүлүк болоор менен чет өлкөгө барып, бутуна туруп иштеп келээрин кеп кылышат. Жаш туруп алардын муңайган абалдары ойлондурбай койбойт. А чынында эле ким болсо да, стабилдүү иште эртеңинен коркпогудай болуп, туруктуу иштеп, баарына жетишкиси келет го. Болжолдуу эсеп менен алганда, Кыргызстандан 1 миллионго жакын адам көчүп кетүүнү каалайт. Алардын дээрлик көпчүлүгү Орусияны медер тутуп, ошол жакка ыкташат. Өлкөдө адилетсиздиктин кеңири кулач жайганы, тагыраак айтканда, мамлекеттик башкаруудагы калпыс саясат же система, кадрларды туура эмес пайдалануу да миграциянын жогорку көрсөткүчүн шарттайт экен. Ага кошумча жогоруда сөз болгон социалдык-экономикалык факторлор да себепчи. А бирок, тээ түпкүрдөгү ой ар бир кыргыз жаранын өз жергесинде таза суу ичип, ээн-эркин басып жашоого үндөп турат. Болбой эле жетишпеген турмуш көпчүлүктү мигранттардын кучагына тартат. Бардык жерде кор, кул болгон кыргыз… Ал эмес, өз өлкөсүндө да. Деги, качан жарыкты көрөбүз?!.

Спикер кантип "мыш" болду?
Саясаттагы дөө-шаалар ортосундагы маалыматтык согуш жандана баштагандай… Буга жакында эле Ажо тараптан анын басма сөз кызматы спикер Келдибековдун негизсиз айткандарына карата берген комментарийлери далил. Көрсө, Акмат мырза айткандай, Президенттин "5-каналда" маалыматтык саясатка таасири бар эч кандай деле тууган-туушканы жок экен. Спикердин маалыматында, Роза Отунбаева Сингапурга, Малайзияга жана Филиппинге иш сапарын пландаштырган. Бирок, Куала-Лумпур мындан сый гана баш тартып койгон имиш. Президенттин жанында жүргөнсүп, төраганын көзү ачыктык кылып саймедирегенине таң калгандар да жок эмес. Отунбаеванын маалымат кызматы бул айтылгандарды жокко чыгарат. Сингапурдун Президентинен биздин Ажого атайын чакыруу кагазы келген. Ал эми иш сапар айдын аягына белгиленген. Ошондой эле А. Келдибековдун "мамлекет башчысынын Малайзияга жана Филиппинге иш сапарлары пландаштырылган" дегени да чындыкка дал келбейт экен. Эгер Акмат мырзанын айткандары чындап эле төгүн болсо, ал кандай негизде мындай маалыматтарды таратты экен? Бул Президентке көө жабуубу же өзүнүн катачылыктарынан алдын-ала сактануубу? Айтор, "Өзүн Кыргызстандын "1-лицосу" катары санап алган спикер божомолдорду божурап, мыш эле болду" дешет...


Атамбаев айткан коррупция кайда, ал өзүнүн жанында
Премьердин баамында, бюджеттин киреше булактары жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 30 пайызга көбөйгөн. 50 эмес, 30 гана пайыз! Атамбаевдин айтканына ишенсек, башка мамлекеттерде "Бир жылдын ичинде бюджет 30 пайызга көбөйдү" деген сөз үч уктаса да түштөрүнө кирбейт экен. Тобоо! Андай болсо, Кыргызстан эле өнүгүп-өсүп, гүлдөө доорунда жашап жаткан экен да. Реалдуу карасак, кана эми ошол өсүш?! Анан да Премьер: "Тилекке каршы, чиновниктердин, саясатчылардын көпчүлүгү уурдамайга көнүп калыптыр" дейт. Муну да таң калуу менен айткансыйт. Коррупция гүлдөө доорунда өз өкүмүн сүрүп турганда деле Алмаз мырза бийик постторго келген. Баарын көрүп-билген. Ошол жемкор жегичтер менен кол алышып, кызматташкан. Анда эмнеге көрбөдү экен ууруларды?! Түштөн кийин эле ооз көптүрүп, кооз сөздөр менен айта берсе, окшошуп калат тура. Анын айтымында, ууруларды "кичине" колго алып жатышат. А чындыгында, ууруларды кичине гана колго албастан, түп-тамырынан бери жазалап, мамлекеттик структураларга аралаштырбоо керек. Өлкөнү талап-тоногондорго, жерибиздин байлыгын уучтап сатып, чөнтөктөрүн жашылбайларга кочуштап толтургандарга бирдей жаза колдонулганы абзел. Муну эртең "Президенттикке аттанам!" деген ар бир лидер эсине алса оң болоор эле.

Сотторду электен өткөрөбүз
Кеменгер КЫРГЫЗ азыркы сот системасынын ишин кантип туура уюштуруунун принциптерин "демократия" деген түзүлүш Америка, Европага орной элек, жер каймактай элек кезде эле "Туугандуу бийде ыйман жок, ыймандуу бийде тууган жок" деген макал менен аныктап койгон экен. Ушул эки сүйлөмдү мамлекеттик символдорду, сот адилеттигинин атрибуттарын кошуп чыкыйтып жаздырып, кооз рамкага алдырып, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун 450дөн ашык жаңы шайлануучу ар бир судьясынын кабинетине, ошондой эле соттук отурум өтүүчү ар бир залга илдирип койсо - сотторго эң биринчи эскерткич ошол болбойт беле? Улуттук идеология жок деп алакан жайып эле келатабыз. Соттор үчүн мындан ашкан идеология барбы?
Жаңы дайындалган судьялар тууганы экенине карабай, Президент, Премьер-министр, Баш прокурор, Жогорку Соттун төрагасы же губернатор, тигил же бул министр же кылмыш дүйнөсүнүн ана башчысы экенине карабай, мыйзам чегинде гана иштеп берсе деген тилек миллиондогон адамдардын тилеги эмеспи.
Минтип безилдеп жатканыбыздын себеби - сотторду тандоочу Кеңешке берүү үчүн мыйзам бузуу менен чечим чыгарган Кыргызстандын 174 судьясынын тизмеси жана ал мыйзам бузууларга комментарийлер даяр болуп бүттү. 174 судьянын ичинен 5тен көп мыйзам бузуп чечим чыгаргандарынын саны - 12 судья экен. Алар - Ажибраимова А.М., Акназарова К.К.,Гафуров А.А., Джузенова С.А., Доспаева К.А., Закиряев О.Т., Крицкая С.М.,Кулматова Д.С., Салиев Р.А.,Сыдыков Э.Э., Фахритдинова А.Д., Эсенгулова Р.Э. Байкаган адамга булардын көбү Жогорку Соттун судьялары. Балык башынан сасыйт дегенге бул айкын далил эмес бекен?
4 жолу мыйзам бузуп чечим чыгарган судьялардын саны да - 12. Бул анализ тийиштүү документтер толук колго тийип, көз карандысыз эксперттердин элегинен өткөндөрү гана. Ал эми эл ичинде ак жерден күйүп, чындыкка жетпей, акчасы менен менчигин, малы менен сарайын, квартирасы менен машина, тракторун тарттырып сызга отуруп калгандар канча дейсиз.
Жергиликтүү соттордун судьяларын тандоо Конституциялык палатанын жана Жогорку Соттун судьялары дайындалгандан кийин башталат. Ошондуктан область, район, шаарларда таза судьяларды тандоо үчүн былык-чылыктары менен какмар-шакмарлары бар сотторду билсеңер биздин редакциянын телефонуна шыңгыратып же келип документиңерди көрсөткүлө. Болбосо Бишкектин С.Ибраимов көчөсү-108 дарегине сүзүп кире бергиле, эшик дайыма ачык.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"