Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Куйручуктан куйкум кеп
КАШКАР БИЙЛӨӨЧҮСҮНӨ КАЯША
Бир жолу калың жыйын болуп калат. Ага Куйручук да катышат. Куйручукка кекенип, кадырын калк алдында түшүргүсү келип жүргөндөр да бар болучу. Ошондойлордун бири - Кашкардын бийлөөчүсү Түкбаш деген неме Куйручукту беттеп минтип ырдап турду:
Кулагы жок чунак Куйручук,
Куйругугу жок чолок Куйручук.
Өйдө чыкса өбөксүз Куйручук,
Ылдый түшсө жөлөксүз Куйручук.
Арка кылар элиң кайда?
Азык берер жериң кайда?
Түкбашты жан-жөкөрлөрү кыйкырып сүрөп, каткырып күлүп турушту. Куйручукту талуу жеринен кармаган немеге эми кантип жооп бермек эле деп табасы кангандар да болду, Куйручукка жаны тартып, жаны ачыган адамдар да болду.
Ачуу айтылган сөзгө ындыны өчүп, кабагы бүркөлүп калбай, тескерисинен жаадырап-жайнап, Түкбаштын жанына шайдоот басып барып, алдына сыңар тизелеп отура калып шарр эттире төгүп жибербеспи:
Кулагым чунак болсо шумкарлыгым!
Куйругум чолок болсо тулпарлыгым!
Кулагы узунду эшек дейбиз! Хыы..! -
деп сөөмөйүн соройтту.
Куйругу узунду ит дейбиз! Чык..!
Өбөксүз өйдө чыксам жүрөгүм таза,
Жөлөксүз ылдый түшсөм жүлүнүм таза!
Өбөк коюп өйдө чыкканды оору дейбиз,
Жөлөк коюп ылдый түшкөндү ууру дейбиз!
Арып-асып алыстан келдим,
Арка болчу мына бул эл ушул!
Тентип-тербип тегимден келдим,
Эне болчу жер ушул!
Жалгыз десең күнгө тилиң тийгени,
Жарык берген дүнүйөгө!
Жарды десең айга тилиң тийгени,
Шоола чачкан дүнүйөгө!
Көпсүнгөнгө көр бар,
Көп ичинен бөлүнөт.
Өйдөсүнгөнгө өр бар,
Өбөктөйт да жүгүнөт!
Куйручуктун мындай куюлушкан сөзүнө жүрөктөрү жараланып күйүт тартышып жүрүшкөн шордуу качкындар буркурап ыйлап жиберишет. Түкбаш башын ийкегилеп "жеңилдим" дегендей белги берет.

"ЭШИГИМ МЫНА, ТӨРҮМ ТИГИНЕ"
Чаектен Исабек менен Көчөрбай экөө аттанып чыгышкан. Алар Кочкордогу куда-сөөктөрүнө бара жатышкан болучу. Жолдо Куйручуктун айылына тие өтүштү.
Куйручук жети-сегиз киши менен отурган экен. Жай сурашып:
- Жигиттер, кайда баратасыңар?
- Кочкорго, кудаларга бараттык эле.
- Быякка кайрылып калыпсыңар?
- Кайрылдык, Кукемин эшик-төрүн көрөлү деп…
- Жүргүлө! - деп куудул тигил экөөсүн ээрчитип жөнөдү. Бир шойкомдуу иш болоорун баамдаган жанындагылар Куйручуктун артынан ээрчишти. Исабек менен Көчөрбай "коноктоп кой сойсо мынча киши тең орток болот го" деп ойлошту. Бирок, иш башкача болуп чыкты. Куйручук эшигинин алдына келип:
- Мына эшигим, жакшылап көрүп алгыла!
Каалгасын ачып:
- Тигине төрүм!- деди.
Ээрчигендер каткырып калышты.
Бир аз осолураак болуп калган Көчөрбай:
- Сиздин үйүңүзгө конуп кетели дедик эле,- деди жагдайды түшүнө сала.
- Ой, кокуй! - деди куудул, -бая эле ошентип айтпайсыңарбы? Ой байбиче! Конок келди. Конок камын жеп, төргө көлдөлөң сал! Чай кой, байбиче. Курсактары ачып келсе керек. Балдарды койго жибер! - деп кадимкидей күтүнүп, жакшылап конок кылып узатып койду.

АНЖИЯНДЫН ПАЛООСУ
Куудул Анжиянга барып калат. Куйручук жолдошу менен, төрт сарт болушуп, ашпозчуга бир табак палоо даярдатышат. Тамак алдыга келгенде Кукең палоодон чоң алып оозун кыйшаңдатып чайнап кирет. Аны байкап калган бирөө ыкшып жыгылып жолдошуна көргөзөт:
- Кыргызбай акеңин ашты кандай ашаганын караң! Хаа,ха! Кыххх!
Анысы мындай карай берди эле, көзүн тостойтуп оозун сол жагына кыйшайтты. Тигиниси да каткырып жыгылды. Төртөө тең ыкшып калышты. Бул убакта Кукең күрүчкө кошкон этти небак аймап койгон.
- Колуну караң! - деп бирөө дагы ыкшыды. Кукең култуюп кенебейт. Чыпалагын соройтуп ашка тийгизбейт.
- Чипоңуз нима болгон? Хаа-хаа!!!
- Жана заара ушатып жатканда малынып калды эле,-деди.
- Уа, өлө калың! - деп бирөө каткырып ордунан тура качты.
Калгандары да туруп кетишти. Чайканада ызы-чуу, каткырык. Көчөгө чыкканда да анын артынан эл ээрчип алышты. Куудул ансайын бирде кемпирди, бирде эркекти туурап коет. Ошентип, Анжияндан кеткиче, анын артынан эл ээрчип жүрдү.





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




Яндекс.Метрика