кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

п»ї

Кимисинин бети бет да, кимисиники эт?
Судьяларды тандоо Кеңеши "бысмылла" деп иш баштады. Алардын элегинен биринчи болуп Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьясы болчубуз деген 30дан ашуун талапкер 11 орун үчүн ат салышат. Баарысынын эле аттары күлүк, дымагы күч. Инсан катары бирине да мурдуң бучук, көзүң кылыр же аксак экенсиң дей албайбыз. Бирок адамга баа берүүдө анын кесипкөйлүгү, тутунган жарандык принциптери өң-келбетинен да маанилүү. Ушул өңүттөн алып караганда Конституциялык палатанын судьясы болот элем дегендердин арасында не деген гана "юристтер" жүрөт? 31 адамдын ичинде Болот Ногойбаев менен Бусурманкул Табалдиев деген эки генерал да бар экен. Адамдын эсине жара чыгып, өткөндү унутуп калышы мүмкүн, асти элдин эсине эч качан жара чыкпайт!
Болот Ногойбаев 2007-ж. ноябрдагы тынч митингдин катышуучуларын иттерге каптырып, газга ууландырып, боз үйлөрдү талкалап, жаштарды каматтырган милийсанын министри катары эсте калыптыр. Бусурманкул Табалдиев болсо Текебаевди Кыргызстандын башкы баңги ташыгычы кылабыз деген "матрешка" операциясында Баш прокурор болуп туруп, "бул ишти мага билдирбей жасашыптыр, ошондуктан бул кызматта отурууга моралдык укугум жок" деп кызматын таштап кетип калган генерал катары эсте калган. Анан ушул эки генерал кантип бир мекемеде судья болуп иштейбиз деп жатышат? Кимисинин бети бет да, кимисиники эт? Эл өзү баа берсин?
P.S. Гезит чыгууга даяр болгондо Болот Ногойбаевдин жыдып түшкөнүн маалымдашты.










??.??