Чындыктын учун издеп…

"Муз Ободогу" маңкуртчулук…
Көзгө басаар Коомдук 1-каналыбыз бар. Аны бишкектиктер берилип, кызыгып көрөөрү да күмөн туудурат. А айыл тургундары жадабай көргөнү да чын. Маалымат алуу жагынан алардын ишенгендери КТР. Ошол эле ишенген кожосу, тээ баштатан эле кара жашик аталып келген КТР кайсы бир губернатор, акимди байдын кызын мактагандай келиштире бир сүрөөнчүлүккө алып койсо деле "Аа, бул иштин көзүн билген мыкты адис турбайбы" деп баладай бое мүнөздөрү менен ага деле ишенип калышат. Же болбосо, Өкмөттүн жалаң бурмаланган, куру цифраларга жык толгон отчётун угуп калышса деле таза дил менен жүргөн карапайым адамдар кубанып, ага да үмүт байлап алгандары да чын.
Беш-алты саясатчыны олтуругузуп алып, (Ал лидерлерден эл да тажап бүткөн) кайталанма, супсак, өтө эле жадатма суроо-жооптор менен көрсөтүүлөрдү байма-бай уюштура берген жедеп көндүм болгон эски адат коомдук каналыбыздын кунарын учурса, ал эми көрүүчүлөрдүн куйкасын куруштуруп жатканы ачык кеп. Буга "Күндүн темасы", "Ачык Кыргызстан", "Жаңы башат", "Акцент" деген бир катар көрсөтүүлөр тикелей далил боло алат. Студиянын ичиндеги бир-эки декорацияны жаңыртып коюу менен же болбосо, эч кандай өзгөчөлүктү өз ичине камтыбаган сапатсыз программаларды эфирге чыгара берүү менен телеканалдын ишмердүүлүгүн арттырып, өсүштөргө карай кадам таштоо мүмкүн эмес.
Айрыкча, коомдук каналдагы оюн-зоок берүүлөрү көрүүчүнү эс алдырып, жакшы маанай тартуулабастан, тескерисинче, кыжырданууну пайда кылат. Алсак, мурда "Браво" деген ат менен эфирге чыгып жүргөн теле берүү кайрадан оңдолуп-түзөлүп, аталышы "Муз Обого" алмаштырылганын билебиз. Журналистикада профессионалдуу көз карашка багытталган түшүнүк да бар эмеспи. Эгерде кайсы бир программанын аталышы өзгөрсө, демек, анын өзөгү башкача айтканда, мазмуну да жок эле дегенде бир тепкич өйдөлөйт. Биз андан конкреттүү түрдө жыйынтык көрө алабыз. Бизде андай эмес… "Муз Обо" көрсөтүүсүндөгү маңкуртчулук көпчүлүктү ойлондурат. Бул программага көбүнчө тар түшүнүктөгү, тагыраагы, кругозору төмөн жаш "звездалар" чакырылат. Алар "Ырдап эле жүрө беребиз" дешеби, ким билсин, айтор, эң эле жөнөкөй суроого эбин таап жооп бере албай бушайман. Ал турсун, жүрүм-турум этикасын да көз жаздымда калтырышат. Мындай өтө эле адепсиз көрүнүшкө алып баруучулары да куштарлана күлүп олтурганына таң калбай коё албайсың. Буга "Окшошконго мушташкан" же "Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт" деген азыркынын аныктамасы дал келет. Сөзүбүзгө мисалдарды да кошо кетсек. Болбосо, "Чын чычалайт" эмеспи. Жакында эле көкүрөк-көөдөнүн керип, өзүлөрүн кыргыз эстрадасынын ханзаадалары катары сезген ырчылар Максат Бегалиев менен Омар "Муз Обонун" "мейманы" болушту. Алып баруучулардын укмуштуудай "оригиналдуу" суроолоруна "звездалар" да ошондой эле болуп көрбөгөндөй "мыкты" жооп берип жатышты окшойт. Кызык мына ушунда… Көтөрүлүп көктү сүйлөгөн Максат Бегалиев быйылкы жылыбыз кандайча аталаарын да билбейт экен. Ал гана эмес, жаттап алганын да унутуп, төрт сап ырды тыңгылыктуу ырдай албай, (Болгондо да түз эфирден) кыйшактап олтурган "жылдыздарды" эмне деп атоого болот?! Же оозунан Америка түшпөй калган Омарыбыз да быйыл Курманжан датка жылы экендигин мындай коюңуз, ошол датка энебиздин ким экенин да билээри күмөн. Буга "Маңкуртчулук" дегенден башкача баа берүү да мүмкүн эмес.
Андан кийинки "Муз Обонун" "кадырлуу коноктору" Айбек жана Арсен болду. Булар да жаш "звездалар". Билим деңгээл, ой жүгүртүү жагынан бири-биринен кем калышпаган, ал турсун коёндой окшош тар түшүнүктөгү бул ырчылар кандай мектептен, кайсы университеттен окуганын билбейт экенбиз. Бирок, Алымбек датка ким экендигин билбей, дендароо болгондоруна таң калып, баш чайкоого аргасыз болдук. Анан да кызыгы, көрсөтүүнүн соңунда эркин микрофон берилсе, ошол эле жаш "звездалар" "Кыргыз элибизге" дешип, өзүлөрүнүн тим эле укмуштай каалоо-тилектерин айтып жатышат. Эми баам салып көрүңүз. Дасыккан талант ээси, КРнын Эл артисти Асылгүл Набиева күйүп-бышып айткандай, "Кыргыз элим!" деп сүйлөгүдөй алар ким?! Эмгеги сиңген атактуу маданият ишмериби же кадырлуу журт башчысыбы?! "Кагылайын, кыргыз элим!" деген улуу, бийик сөздү илгери кадырлуу аксакалдар, элдин эгеси болгон башчылар айтышкан экен. А булар өзүлөрүн кимге теңейт?! Түптүү тарыхыбыз болгон нарк-нускабызды билбеген азыркынын "жылдызчалары" ойду-тоону сүйлөсө да, оозубузду ачып, аларды кубаттап, кол чаап олтура беребизби?! Программаны даярдоодо жетекчилик эмнеге мындай орунсуз кадамдарга байкоо салбай, ага жол ачып берет?! Деги алар эмнени карашат?! Канчалаган таланттар - маданиятка эмгеги сиңген бакандай өнөрпоздор турса, "Бутуң кана?" десе башын көрсөткөн "звездалардын" маңкуртчулугун даңаза кылышат.
Ал эми "Муз Обонун" 17-июлдагы түз эфири туурасында сөз кылсак, жөн эле күлкү. Жаңы алып баруучулар, жаңы декорация… Бирок, баягы эле эски "адат-салт". Сүт менен эт аралашып кеткендей бири-бирине жуурулушпаган өтө эле тантык сөздөр. Карап туруп аргасыздан: "Биз чын эле теле көрсөтүү көрүп жатабызбы же адашып, базарда олтурабызбы?" деген ойго да жетеленесиң. Бул албетте, бир гана адамдын пикири эмес. Биз жалпы эле көрүүчүлөрдүн чындык үнүн чагылдырууну максат кылабыз.
"Төрдөгү каткырса, босогодогусу ырсаят" болбой, "Муз Обонун" алып баруучулары жана программанын редактору мына ушул айтылган жүйөөлүү сын-пикирлерди эске алышса. Катачылыктарды жоюу эч качан кеч болгон эмес…
Аида САДЫКОВА




  Эстутум

"Апакемдин элеси эстен кетпейт"
Аттиң, армандуу өмүр! Баарыбызды муңдуу күнгө туш кылган бул оор кайгы жан дүйнөмдү өкүнүчкө батырып, жабыркатып келет. Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Учкун айылынын тургуну ардактуу апабыз Сатыбалдиева Света Аскаровнаны үстүбүздөгү жылдын, тактап айтканда 2011-жылдын 30-майында 52 жаш курагында шум ажал арабыздан алып кетти. Үй-бүлө жана жакын ага - туугандары үчүн чоң жоготуу болуп өттү. Сатыбалдиева Света 1959-жылы 7-октябрда кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1967-жылы алгач мектеп босогосун аттап, 1977-жылы бүтүрүп, 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин математика факультетинен окуп, аны 1985-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Ошол жылдан ушул күнгө чейин Э. Токсобаев атындагы орто мектепте окуучуларга татыктуу билим берип, жыйырма алты жыл математика мугалими болуп эмгектенип, алдыңкы педагогдордун бири эле. Билимине таасирленүү менен бирге мектепке сиңирген ак эмгеги үчүн бир нече жолу Нарын раймамадминистрациясы менен Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн көптөгөн Ардак грамоталарга татыган, өлбөс-өчпөс из калтырды десек жаңылышпайбыз.
Айым катары мыкты эне, адамкерчилиги өтө жогору, колунан көөрү төгүлгөн, абийри таза, шайдоот-шайыр, жоомарттыгы жана мээримдүүлүгү менен атабыз Садыбакунга сүйүктүү жар, бир уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн өзгөчө бир жан эле. Кайталангыс мүнөзү менен бир көргөн адамды өзүнө тартып кайдыгер калтырбаган.
Апам мени калаадан окуумду аяктап ар убак барганымда саамайымдан сылап эркелетип, сүйүнгөнүнөн жүзүнөн нур төгүлө бирде жашып чексиз мээримге бөлөп терметээр эле. Ошол күндөр мен үчүн жашоодогу эң бактылуу, башкача айтканда алтынга алмашкыс мезгилдер экенин эми туюп жатам. Ишимдин аягына чыгып жайкы эс алууда жаныңызга жетип барарыма он күн калганда жүрөк титиреткен суук кабар жетелеп бараткан учур мен үчүн бир кылымга тете болду. Эч ишене албай "Апаке жылмайган жүзүңүздү көрүп калаар бекенмин деген үмүт менен келгенимде, жансыз жаткан муздак чекеңизден өпкөнгө араң жетиштим Апаке! Башыңызды жөлөп кош энеке деп айта албай калганым мен үчүн түбөлүк арман жаратты.
Алла Тааланын жазган тагдырынан эч ким баш тарта албайт тура. Жараткан да жүрөгү жумшак, көңүлү ак адамды "күнөөгө батпасын"- деп жете алгыс ааламга алып жөнөдү го деп өзүмө суроо берип алдап келем. Апаке, түш көрсөм баягыдай бактылуу күндөргө барып таманыныздан жыттап, бир эркелеп сырымды төгүп жатканымда чочуп ойгоном. Аттиң арман! Көзүмдү ачаар замат бөлмөлөрдөн карааныңызды издеп-издеп, бирок тилекке каршы таппагандыктан шалдайып калуу адатка айланып барат. Жалган жашоо кайра эле сизди күткөн томсоргон караңгы аалам өз кучагына арбап бараткансыйт. Билбейм, түшүмө да кирбеген кечээки кайгысы жок жүрөк , бүгүн сыздап калаарын ким билиптир энеке.
Шайыр күлкү аралаштыра үйдү көрккө бөлөп, ар дайым мейман күткөн жаныңыз бүгүн жер алдында түбөлүк ойгонбостон жатасыз. Булак дагы бир күнү соолуйт тура…
Тилеген тилек, ойлогон-ой максатына жете албай арманда жарык дүйнө менен кош айтышкан Апабыздын жаркын элесине муңканган балдары төмөнкү ыр саптарды арнашат.

Талыкпай эмгек кылып мектебинде,
Билимин аябастан берип келген.
Окуучум жакшы билим алсынчы деп,
Жүрөгү балдар үчүн согуп келген.
Балдар деп согуп келген ал жүрөгү,
Түбөлүк токтоп сого албай келет.
Ойлогон ой максатка жете албай,
Түбөлүк ойгонбостон жата берет.
Мемиреп күндөр сызып улам өтөт,
Үйүбүз кумсарып сизди күтөт.
Артында калган балдарың сенин,
Айлап бир жылдап сагынып жүрөт.
Апаке, сизсиз өткөн өмүр жалган,
Апаке, ачылып турган гүлдөр арман.
Апаке, шакта булбул сайрап турса,
Апаке, сизсиз көрккө келбеген өмүр жалган.

Колдон бир келбес иш экен апа,
Кайрып бир кармап албадык гана .
Багыштап сизге окуйбуз куран,
Курандын сообу тийсе деп улам.
Куранды окуп багыштап апа,
Жүрөлүк эми арга жок башка.
Кайрылып эми келбессиң кайра,
Курандан башка арга жок апа!!!
Энелик ак сүтүңүзгө жана таалимиңизге терең ыраазычылык менен таазим эткен уулуңуз Эсентур жана кыздарыңыз Жанара, Чынара жана Гүлнара.