Руслан Эшимов,
Россия Федерациясындагы "Манас" коомдук фондунун жетекчиси:
"Үч метрлик толкунду Мухтар көргөн жок"

Май айынын башында кыргыз коомчулугун суук кабар аралады. Тың чыкма жигиттердин бири, "Замандаш" партиясынын лидери, мигранттардын "атасы" Мухтар Өмүракунов Кубадан кайтыш болду деген жаман кабар...Кубага кошо барган досторунун бири - Руслан Эшимов окуя кандайча болгонун, кантип толкун Мухтарды сүрүп кеткенин, сөөктү алып келүү түйшүгүн айтып берип отурду.

- Адатта чоң-кичине дебей, бардык эле пляжда сууну кайсы бир чегине атайын белгилер коюлуп, кызыл линия тартып коюшат. Бул андан ары өтүп сүзүүгө тыюу салынат, адам өмүрүнө коркунучтуу дегенди түшүндүрөт. Жээгинде куткаруучу суучулдар көзөмөлдөп, кызыл линиядан өтүп баратканын артка кайтарып турушу керек эле. Мен муну өз тажрыйбаман билем. Анткени, бир учурда Ысык-Көлдүн түштүгүндөгү Тамга пансионатында куткаруучу болуп иштеп, бул эрежени бузгандардын далайын башка калак менен ургам. Кайыктарыбыз жээкте дайыма белен турчу. "Варадеро" курорттук шаарчасындагы "Солимар" пансионатынын пляжында мунун бирин да байкаган жокмун.
- Көл менен океандын жээгиндеги пляждын айырмасы чоң болсо керек?..
- Албетте, бар. Ошондуктан көлгө караганда океандын жээгинде эс алуучулардын коопсуздугуна эки эсе да эмес, он эсе көңүл буруу керек болуучу. Себеби, өмүрү деңиз менен океанды көрбөгөн, көрсө да анын жээгинде жашабаган адам анын сырын жакшы билбейт. Биз да ошолордун катарына киребиз.
- Эми ошол каргаша болгон күнгө кайрылсак. Силер жээктен канчалык алыс кеттиңер жана кандайча болуп толкунга кабылдыңар?
- Океандын жээги 60-70 метрдей тайыз болуп барып, анан тереңдей түшөт экен. Биз өз боюбузду көмүп-көмбөгөн жеринде бири-бирибиз менен сүйлөшүп коюп, сүзүп жүргөнбүз. Бир убакта бутумду жерге коёюн десем жетпей, улам тереңдеп чөгүп баратам. Океандын майда толкуну билинбей бизди тереңге алып кетиптир. Балдарга жээкке кеттик деп айтып бүткөнүмчө, мурдагыдан дагы бир аз чоңураак толкунга кабылдык. Ошондон кийин үчөөбүз тең жээкти көздөй сүзүп жөнөдүк. Аңгыча дагы бир чоң толкун келип, мен сууга какап-чакап калдым. Кадыр менен Мухтар менден аркада болчу. Толкунду жакшы кармап калганбы, Кадыр алдыга өтө түшүптүр. Мухтар болсо менден 10 метрдей артта келатыптыр, чамамда ал дагы суу жутуп алгандай, көздөрү алаңдап калыптыр. "Муке, жээкке карап сүзө бер, эч токтобо" деп кыйкырдым ага. Канчалык чабак урсам да ордумдан жылуу кыйын болду. Ошондо сууга чөмүлүп кирип, бутум менен жерден түртүлүп, күүлөнүп алайын деген ой келди мага. Бирок, жерге жетпей демим кыстыгып, суунун үстүнө кайра чыкканга мажбур болдум.
- Деңиз күүлөнүп баштаганда жээктен, жака-белден эс алуучуларга көз салып, жардамга келген куткаруучулар болгон жокпу?
- Балээнинби, куткаруучу дегендин дегеле карааны көрүнбөйт. Мен үнүмдүн болушунча "жардамга-а!" деп кыйкырып коём. Эч ким укпайт. Жээктеги эс алуучулар ар кими өзү менен өзү. Дагы бир аркамы караганда Мухтардын аркасында 3 метрдей бийик толкун келатыптыр. Ал өзү байкабай да калды өңдөнөт, мен ага кыйкырып коюп болгон күчүм менен алдыга сүздүм. Качан толкун келгенде ага аралашып суунун түбүнө кирип, кайрадан какап-чакап суу үстүнө чыктым. Сууну көбүрөөк жутуп алгангабы, айтор эки бутум иштебей, колум менен гана чабак уруп калдым. Анан "Каке-е, жардамга!" деп кыйкырдым. Кадыр келип жардам бергиче шайым кете түштү. Жээкке жакындагыча эсими жыйып-жыйбай, "Каке, Мухтар" дей бердим. Башка сөз айта албайм. Аңгыча бир кыз жардамга келип, Кадыр мени ошого таштап чуркап кетти. Тиги кыздын алы жетпедиби, же ошондой ыкма барбы, төрт аяктап турган мени ичиме тээп-тээп алганда оозуман суу кетип, кусуп жибердим.
- Кубанын ошол курорт шаарына путёвканы сени тапкан деп уктук, ошол кандайча болду эле?
- Путёвканы алгач Мухтар өзү караштырып мага, телефон чалган. Негедир баасы кымбат, мөөнөтү да биз белгилеген мезгилге дал келбей калыптыр десем, "сен Москвадасың, ал жактагы турфирмалар менен да кенен-кесири сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүгүң бар. Ошондуктан өзүң эле караштырбайсыңбы" деп калды. Анын үстүнө Кыргызстандын Куба менен эч кандай байланышы болбогондуктан, виза маселесин да Москвадан мен бүтүрө турган болдум. Турфирмалардан сураштырып атып, ошол эле Варадеро курорттук шаарына мурункудан кыйла арзан путёвка таап алдым. Мухтарга кеңешсем, "дароо ал" деди. Ошентип "Солимар" пансионатына келип калдык.
- "Солимарга" жогоруда айткан кемчиликтерди коё алдыңарбы анан?
- Мухтарды суудан алып чыккан пансионаттын куткаруучуларын, жээктеги күбө болгон эки киши жана бизди шаарга түшүнүк жаздыруу үчүн алып кетээрде "Солимардын" жетекчилиги келип бизге көңүл айтып, машина берген. Ошондо эртең мененки саат 9 да келсеңер документ толтурганга жардам беребиз дешкен. Шаардан түнкүсүн аябай кеч келдик. Эрте менен барсак эле "биз эч жардам бере албайбыз" деп калышыптыр. Анан мен кыйкырып-өкүрүп, эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылбаган кемчиликтерин санап, СМИге кайрылам деп айттым. Айла канча, анан өз алдыбызча аракет кылалы деп такси кармап, Гаванага чыгып кеттик.
- Бул 1-май күнү болгон окуя да?
- Ооба, 1-2-май майрам күнү болуп, иштешпейт экен. Мейманканадан орун алып, котормочу таап бергиле деп бизди жөнөткөн Москвадагы фирмага телефон чалдым. Ошол адрес боюнча котормочу келгенден кийин, аны менен моргго бардык. Андан мурда канча болгонун билбейм, бирок Мухтардан кийин Варадеродон дагы алты кишинин сөөгү келгенин айтышты ал жердегилер. Сөөктү алып кетүүнүн жол-жобосун сураштырсак, абдан татаал экен. Бүтүн моргдор баш ийген институттун жетекчисинин гана колу менен чыгат, ал болбосо чыгарбайбыз дешти. "Укугубуз жок" дешип анын да адресин, же телефонун беришпейт. Акыры анын айдоочусунун дарегин таап, ал аркылуу майрам күнгө карабастан директордун өзүнө чыктык. Көрсө, бул институт чет элдик жарандын каза болгондугу тууралуу жыйынтыгын Кубанын Тышкы иштер министрлигине берип, алар Кыргызстандын ТИМине жөнөтөт экен. Бул жактан сөөктү жибергиле деген жооп баргандан кийин, аны "200-жүк" жөнөткөн эл аралык компанияга бериши керек экен. Ал бизди жөнөткөн фирма аркылуу камсыздандыруучу компанияны таап, анан ал акчасын которуп бергенден кийин сөөктү өрттөп күлүн, же сөөктү жеткизип берет экен. Бизде мындай болбойт деп, буга көнгөн жокпуз. Ыйлаган жерде ыйлап, сүйлөшкөн жерде шартыбызды туура түшүндүрүп, анча-мынча жерден акчаны аяган жокпуз. Төрт сутка кирпик какпай, күндүз Кубада тиешеси бар адамдарга чуркайбыз. Ал жакта түн киргенде бул жакта күндүз болуп, Москвага телефон чалабыз. Россиянын Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Москвадагы элчилиги тиешелүү кагаздарды тездетип, жакшы жардам беришти. 3-май күнү Кубанын Тышкы иштер министри менен Саламаттыкты сактоо министрине кирип, кагаздарга кол койдуруп чыктык. Ал документтерди котортуп, мамлекеттик нотариус күбөлөндүрүшү керек экен. Гавана боюнча бир эле нотариус болгондуктан, кезекти күндөп-түндөп күтсөк да жетчүдөй эмеспиз. Сураштырсак, анын ордуна Россиянын консулдугунун мөөрү жарайт дешти. Анан ошону бастырып, Мукемин сөөгүн Москвага алып учтук. Шереметоводон Кыргыз Республикасынын элчилигинен Болот Мукашевич баш болгон өкүлдөр, жакын санаалаш досторубуз тосуп алышып, Кыргызстанга узатып жиберишти. Ал күндү эскерүү канчалык оор болсо да, айтууга туура келет экен. Эмне дейбиз, Мукем тирүү болгондо 46 жаштын чайын ичип, нанын жеп отурмак. Ажалга баш ийбеске аргабыз жок экен!
Маектешкен
Абдыжапар Нурдинов




Жумакадыр Акенеев:
"21-июлга чейин бензиндин өзүбүздөгү запастарын колдонууга туура келет"
- 18-июлдан баштап Бишкектеги май куюучу жайларда А-95 жана А-92 маркасындагы бензиндин жетишсиздигине байланыштуу 10 литрден ашык өлчөмдө сатпоо боюнча чектөө киргизилди. Бул тууралуу Кыргызстан Нефтетрейдерлер Ассоциациясынын төрагасы Жумакадыр Акенеев жооп берет.
- Бүгүнкү күндөгү бензиндин жетишсиздигин себеби, Омскдеги завод бизге ташылып келүүчү А-92, А-93 жана А-95 маркадагы бензиндин Казакстанда да абдан чоң тартыштыгына байланыштуу казактардын Бажы Союзунун мүчөсү катары сурануусу боюнча аларга берип, 1-июлдан баштап бизге жүктөбөй жатат. Казакстан Омскиге жакын, темир жол байланышы да бар. Биз болсо башка заводдорго кайрылууга туура келди. Мунун негизинде Казань менен сүйлөшүп, бейшемби күнү 21-июлда чоң партиянын келишин күтүп жатабыз. Ага чейин колдогу запастарды колдонууга туура келет. Бейшемби күнгө жетиш үчүн А-92, А-93 маркасындагы бензинге убактылуу чектөө киргизүүнү чечтик. Ал эми А-80 бензин керектүү өлчөмдө бар, кирип жатат.
- Демек, 21-июлда бейшемби күнү бул чектөөлөр алынат?
- Азырынча буюрса деп туралы, кирсин анан көрөбүз.
- Буга Бажы Союзунун иштеп башташы таасирин тийгизген жокпу?
- Эми аны өздөрү айтышы зарыл. Алар үчүн биз айта албайбыз. Бажы Союзуна мүчө болгон Казакстанда учурда кескин түрдө баалар көтөрүлүп кетти. АЗСтер бүгүнкү күндө 60 пайыз тартыштык менен иштеп жатышат.
- Бензинди башка жактан алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатабы?
-Азыр башкалар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок Омск 10 күндүн ичинде кайрадан жүктөйт деген үмүттөбүз.
- Омскдагы завод өз келишимин бузду деп айтсак болобу?
- Кандайча келишим болушу мүмкүн?. Кыргызстандагы "Газпром Нефть-Азия" алардын компаниясы болуп эсептелет. Бул жерде келишим деп айтыш кыйын. Бизге мурун эч кандай акчасын алдын-ала төлөбөй, канча керек болсо ошончо өлчөмдө кирип жаткан. Эми азыр башкалар менен акчасын алдын-ала төлөп, темир жол маселесин чечип, ташый баштады. Бирок 21-июлда сүйлөшүлгөн бензин келсе, бизге керектүү өлчөмдө болот.
www.bulak.kg