Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Байас Турал

КӨК АСАБА
Автордон: Бул макала дал ошол Туунун үлгүлөрү талкууга түшөр сессиянын алдында "Бишкек шамына" берилген болчу. Бирок тилекке каршы дэрлик 8 беттен ашык көлөмдөн турган бул эмгек чет өлкөдөгү кайсы бир окуяны баяндаган кыска маалымат сыяктуу гезиттин алакандын отундай жерине басылып чыгып, маани-мазмунуна көпчүлүк түшүнбөй калган. Анткени, "эмне үчүн "үч түстүү" тууну кабыл алыш керек" экенин чечмелеген ушул текст жарыяланган эмес. Ал эми Комиссияга берилген сүрөт (чынында сүрөт сыя калем (фломастер) менен тартылып, эки бетке жакын анын маанисин чечмелеген текст кошо берилген) "Туран" деген ураан менен конкурска жөнөтүлгөн. Бирок биз сунуш кылган Туунун ошол үлгүсү эмнегедир көргөзмөгө коюлбады?... Ал эми азыр биз кайра жарыялап жаткан ушул макала туу кабыл алынгандан кийин "ЭРК" гезитине кечигип (23.07.1992-ж.), "Көк асаба - асман асаба" деген ат менен басылып чыккан. Биз анын аталышын бул жолу "Көк асаба" жана "Асман түстүү асаба же анын үч түсү тууралу" деп оңдоп, кээ бир илимий негиздерин алымча-кошумчалар менен толуктап, эки бөлүп, кайра жарыялап жатабыз.
АЛГЫ СӨЗ
Биринчиден , элге чынында биздин идеябыздан мурун да (ал эми биздин идея А. Турсункулов тарткан сүрөттө берилди. Сүрөттү караңыз-Б.Т.) жок дегенде түстүк символиканы чечмелеген бир илимий макала керек болчу. Экинчиден, тандалып алынган эки-үч үлгү сөзсүз жалпы элдин талкуусуна салынууга тийиш эле. Негизги ката ушул жерден кетти. Үчүнчүдөн, күндү күндөй кылып эле нурларын түз чачыратып же жапан элиникиндей жөн гана диск көрүнүшүндө тартканда, эч ким аны " күн карамага " окшоштуруп же көзүнө " күйүп жаткан түндүктү " элестетип, ар кайсы сөздүн башын бир чубап, сөз кылышмак эмес.
Бирок "ойдун да, сөздүн да мистикалык күчү бар" деген кеп чын окшойт? Ага сүрөт менен музыканын да тиешеси бары шексиз. Мисалы, 20 жылдан бери өлкөбүз саясий-экономикалык "көз карандылыктан" такыр кутула албай койду. Эркин эл, эгемен мамлекеттин эң башкы атрибуту болгон Мамлекеттик тил ушул күнгө чейин өзүнүн статусуна толук ээ боло элек. Баш Мыйзамда анын "мамлекеттик тил" деген гана аты бар, бирок заты "мамлекеттик" эмес. Ал эми өлкө ичинде да, сыртта да анын расмий кызматын ушул күнгө чейин дагы деле орус тили аткарып келатат.
Саясатта болсо, башчы болгонго чейин баары эле " баатыр ", башчы болгондон кийин башын жерден көтөрүшө албайт. Эл катары эркин болгонубузга эчен жыл өтсө да, "эмне дейт" деп, дагы деле Россия менен Американын көзүн карашат саясатчыларыбыз. Өз алдынча ой жүгүртүп, Кыргызга кызмат кылар мыкты уулдарыбыздын баары өткөн кылымдын 1937- жылы, кийин 1953-жылдары кырылып жок болгон экен деп, башыбызды чайкап, бармагыбызды тиштегенден башка эч нерсе кыла элекпиз азырынча. " Бастыра албаган жол бузат, башкара албаган эл бузат " деп айтышкан ата-бабаларыбыз, эмне үчүн эки жолу адашып, "бастыра албаган адамдарга жол баштатып, башкара албаган адамдарга эл башкартып алдык" деп бири-бирибизди тиктейбиз. Эки жолу өз ордобузду өзүбүз талап-тоноп, эки жолу "күйүп жаткан түндүгүбүздү" жаңыртпай кайра көтөрдүк. "Калк айтса - калп айтпайт" дешкен, сыягы ушул туунун элге жакпаган көрүнүшүндө бир "кара дуба" бар окшойт?... "Ийик ийрий албаган ийик тандайт" деген да сөз бар. Бирок кантсе да, азыркы тууда биздин "улуттук белгилер" туура эмес тартылганы жана улуттук духубуз толук чагылдырылбаганы чындык.
* * *
Тарыхый тажрыйбада ушундай: Тууда - боёктор менен Улуттун жүзү, Гимнде - обондуу ыр менен Улуттун үнү, Гербде - тотемдик белгилер менен Улуттун заты чагылып турат. Башкача айтканда, Тууда Улуттук дух түстөр менен, Гимнде Улуттук дух обондуу ыр менен, Гербде Улуттук дух тотемдик белги жана улуттук оймо-чиймелер менен сүйлөйт. Эң башкысы: Үч белги биригип, ал элдин эмне деген Эл экенин билдирип турууга тийиш . Анткени бул нерселер биз издеп жүргөн Улуттук идеологиянын негиздери болуп саналат. Дал ушул улуттук белгилерди окуп-түшүнүп, балдар тарбияланат жана дал ушул белгилерге карап, башка элдер бизге мамиле кылат.
Мен мындай деп айтып жатканымдын себеби - эгер белгилерди дагы туура эмес тандап алсак, анда элибиз дагы "өз жолун" таба албай кыйналат. Өз жолуна түшө албагандан кийин өнүгө албайт. Өнүкпөгөн улут эртеби-кечпи жок болуу коркунучуна кабылат.
Бирок биздин элдин " улуттук жүзү", "улуттук үнү" жана "улуттук духу" кандай белгилер менен белгиленерин же ал белгилер кандай экенин кайдан билебиз - маселе мына ошондо турат?
Аны башка элдердей эле биз да ата-бабалардын тарыхынан издейбиз. Аларды биз Кыргыздын ыйык китеби - " Манастан " табабыз. А чынында, "Манасты" билген адам - ата-бабалардын жолун билет. "Манасты" тааныган адам - ата-бабалардын духун тааныйт.
Манас - "Кыргыз" деген сөздүн синоними. Ошондуктан биз "Манас" эпосун окуп жатканда бир адамдын тагдыры жөнүндө айтылган эпосту эмес, бир элдин тарыхы тууралу баяндаган чыгарманы окуп жаткандай мамиле жасашыбыз керек. Ансыз биз аны түшүнбөйбүз. Бизге чейинки аны изилдеген окумуштуулардын "катасы" да дал мына ушунда. Дагы тактап айтсам, биз бул улуу эпостон атам замандагы байыркы бир доорлордо жашап өткөн Манас атабыздын өмүр баяны менен бирге түп атабыз Манастан бүгүнкү күнгө чейин басып келген Кыргыз элинин жолун табабыз.
"Манас" эпосунун сыры бул: эгер Манасты бир элге айлантсак, анда ал "Кыргыз" деген элге айланат. Эгер Кыргыз элин бир адамга айлантсак, анда ал "Манас" деген адамга айланат.
Эми ушул жерден аттын башын буруп, улуу эпосто Кыргыз туулары тууралу эмне маалыматтар айтылганын карап көрөлү.
Мисалы:
Ак асаба, кызыл туу
Асман жарган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу
Көк жаңырган улуу чуу -
деген сөздөр көп кайталанат эпосто. Көпчүлүк окумуштуулар асабаны - " чүпүрөк" ("асабасы жайылып"), тууну -"таяк " ("туу тигип", "туу сайып" ж.б.) деп түшүндүрүп келатышат. Мен бул пикирге тике каршы эмесмин. Бирок ошол эле учурда эпосто айтылган "үч түстү" талдоодо биз сөзсүз Кыргыздын Үч Канатына келип такаларыбызды белгилегим келет.
Менин жеке көз карашым боюнча, жогорку тексте асаба - "чүпүрөктү", туу - "таякты" эмес, Ак асаба - Оң канаттын, Көк асаба - Сол канаттын, ал эми Кызыл асаба -"туу " деген сөз менен берилип, Ичкиликтин башкы байрагы катары айтылып жатат. Бул жерде " асаба " менен " туу " синоним сөздөр жана башкы байрактардын жалпы аталыштары. Б. а. бири арабдын ("асаба") , экинчиси - кыргыздын ("туу") өзүнүн сөзү. Экөөсү тең эле башкы байрактын маанисин берүүдө. Кандай болгон учурда да эпосто " үч түс " жөн айтылып жаткан жери жок. Биздин оюбузча, бул улуу чыгармада сөз Кыргыздын Үч Канатын түзгөн Ак уул, Көк уул жана Кызыл уулдун башкы тууларынын түстөрү тууралу баратат.
* * *
Сөздү башынан айталы. Тарыхый маалыматтарга караганда байыркы көчмөн уруулардын ар биринин өзүнө тиешелүү байрактары жана туулары болгон. Башка элдер ошол туулардын же байрактардын өңүнө жана анын бетине түшүрүлгөн белгилерге карап, ал уруунун кайсыл Канатка таандык экенин же кандай тектен чыкканын жана кимдер экенин аныктап билишкен.
Мисалы, белгилүү окумуштуу Плетнева шилтеме берген кытай жазма булактарында: "барстар" жана "бөрүлөр" келишти " деген маалымат учурайт. Тарыхтан "барстар" деп кытайлар кыргыз жоокерлерин, "бөрүлөр" деп алар түрк жоокерлерин айтышканы бизге жакшы маалым. Алтын-Көлдөгү жазууда да "барстын урпагы" деген сөз бар. Аны атактуу кыргызчыл окумуштуу В.Я.Бутанаев " кыргыз урууларынын биринин тотеми " деп түшүндүрөт.
Бирок, маселе чымын-куюн болуп, шаарды айланта каптап келаткан аскерлердин ичинен кимиси "барстар ", кимиси -"бөрүлөр " экенин кытайлар кантип билишкен" деген суроодо турат?
(Уландысы 12-бетте)
(Башы 9-бетте)
Аны боолгоп таануу кыйын деле эмес. Анткени, түрктөр алтын жип менен бөрүнүн башы саймаланып түшүрүлгөн Көк асабаны көтөрүп жүрүшсө, кыргыздар алтын жип менен барстын сүрөтү түшүрүлгөн Көк асабаны алып жүрүшкөн. Орхон-энесай жазмалары берген кабарларга караганда да кыргыз кагандарынын башкы тотеми - барс болгон. Улуу Кыргыз дөөлөтүн түзгөн Барс-бек кагандын ысмы да байыртан атак-даңкка ээ болуп келаткан ошол улуу тотемге байланыштуу аталганы шексиз.
Ошентип кытай эли, көчмөн аскерлер көтөрүп жүргөн туулардагы белгилерге карап, алардын кимиси - кыргыз, кимиси - түрк экенин оңой эле ажыратып билишкен.
Биздин кийинки кездеги илимий изилдөөлөрүбүз да көк түстөгү асаба Кыргыздын Сол Канатына тиешелүү болгонун, ошол эле учурда көк түстөгү туулар жалпы көчмөн элдердин (монгол-түрк-кыпчак) Сол Канатына тиешелүү уруулар түзгөн ордолордо желбиреп турганын айтууда. Бул боюнча белгилүү жазуучу жана тарых иликтөөчү Орозбек Айтымбеттин жазгандарынан башка да биздин көптөгөн далилдерибиз бар. Анын кээ бирлерин ушул макалада келтиребиз.
* * *
Эми жогорку сөзгө кайра келели. Эмне үчүн биздин пикирибиз боюнча Туу үч түстөн турушу керек? Ал "үч түс" жогоруда айтылгандардан башка дагы эмнени билдирет? Кыргыз элинин келип чыгышына же этнос катары калыптанышына ал үч түстүн кандай тиешеси бар?
Адегенде "көк асаба" көк түстөн башка дагы эмне маанилерди берерин иликтеп көрөлү. Көк асаба - " көк түстүү туу " дегенди гана түшүндүрбөйт. "Көк" деген сөз менен кыргыздар "асманды" да айтышат. Демек "көк асаба" деген сөздүн дагы бир мааниси - "асман асаба ". Ал эми Асман бир эле көк түстөн турбайт. Асман " төрт " түстөн турат: күндүзү - ак, көк, кызыл, ал эми түнкүсү - кара. Б. а. жайдын күнү Күн чыгып келатканда, чыгыш тарап - ак , күн төбөгө келгенде - көк, күн батып баратканда асмандын батышы - кызыл түскө боелуп турат.
Эгер көпчүлүк айтып жана жазып келаткандай: "биз байыркы бабалар көтөргөн Көк Асабаны көтөрөбүз" десек, анда анын "биринчи маанисине" караганда " экинчи маанисин" көбүрөөк эске алуубуз абзел. Башкача айтканда, Кыргыздын бүгүнкү Улуттук Улуу Туусу асман сферасын элестеткен формада (сүрөттү караңыз) сүрөткө түшүрүлүп, ал үч түстөн (балким төрт түс болор?) турушу керек. Эмне үчүн?
* * *
Кыргыз санжырасы , Туран аймагында жашашкан биздин байыркы ата-бабалар адегенде "огуздар " деген жалпы ат менен белгилүү болушканын кабарлайт. Анан алар өз ара: "аздар", "уздар" жана "ичгуздар" же түстүк аттары менен айтканда "ак гуздар", "көк гуздар" жана "кыр гуздар" деп бөлүнүшкөн.
Иран арийлеринин ыйык китеби болгон "Авеста" көчмөн огуздарды - " турлар " деп атайт. Ал эми Геродот жазып калтырган маалымат боюнча алар - " скифтер ", иран булактарында алардын жалпы аталышы -"сактар ".
Кыскача айтканда, ошол заманда жашаган көчмөн элдердин Чыгыш канаты кытай тарыхына: " хун", "усун", "динлин" , ал эми Батыш канаты индо-иран жана грек тарыхына: " сак", "сармат", "скиф" деген аттар менен түшкөн.
Мына ушул элдердин "скиф" деп аталган бутагынан Геродот жазып алган эки миф бар. Анда ошол эки мифтин бирине көңүл буралы:
Скиф санжырачыларынын маалыматы боюнча, алардын эли башка калктарга салыштырмалуу жаш болгон жана өздөрүнүн келип чыгышы тууралу өздөрү мындай деп айтышкан: Илгери-илгери бир замандарда ээн, эч ким жашабаган алардын жеринде Таргитай аттуу биринчи адам жарык дүйнөгө келет. Анын атасы - "чагылган кудайы" Папай, энеси - Борисфен дарыясынын кызы Апи деген экен. Геродот Папайды - Зевс, Апини - Гея деп грек мифологиясындагы кудайлардын аттары менен алмаштырып жазат. Ошол биринчи адам Таргитай: Липоксай, Арпоксай жана Колоксай деген үч уулдуу болду.
Күндөрдүн биринде, асмандан алардын жеринде алтындан жасалган сырдуу буюмдар түштү. Алар: "соко, камыт, айбалта жана кесе " эле. Балдардын улуусу биринчи көрүп, жакын келди да алайын деп колун сунганда, ал алтын буюмдар жалындап күйө баштады. Экинчиси келгенде да ошондой болду. Таң калган экөөсү артка чегинип, үчүнчүсү колун сунганда алтын буюмдар эч нерсе болгон жок. Бул буюмдар аркылуу аларга асмандан сырдуу бир жышаан түшүп, артыкчылык инисине берилип жатканын сезген экөө кийин кызмат бөлүштүрүшкөндө башкы бийликти ага ыйгарышты.
Таргитайдын улуу уулу Липоксайдан - кийин скифтердин авхат , Арпоксайдан - катиарлар жана траспийлер , ал эми кичүүсү Колоксайдан - паралат деп аталган уруу тарады. Алардын баары, бул күндө атактуу бир ханынын ысмынан улам " сколоттор " деп аталышат. Ал эми эллиндер аларды "скифтер" дешет.
Дарий келгенге чейин скифтер, өздөрүнүн биринчи адам Таргитайдан келип чыкканын жана ошол күндөн ушул күнгө чейин " миң жыл " өткөнүн ушинтип айтышкан.
Жогорку алтын буюмдарды скиф хандары өтө катуу кайтарып сакташкан жана жылда бир жолу убагы келгенде аларга арнап түлөө өткөрүп турушкан.
...Скиф жери абдан кенен болгондуктан Колоксай өз кезегинде хандыгын өзүнөн тараган "үч уулуна" бөлүп берип, алардын бирин калган экөөсүнөн өйдө, өзгөчө укукка жана артыкча бийликке ээ кылды .
Бул мифтеги Липоксайдын ысмы - " тоо хан ", Арпоксайдын ысмы -"суу хан" , ал эми Колоксайдын ысмы - " күн хан " деген маанилерди билдирет.
Эң кызыгы Таргитайдын үч уулунун ысымдары менен орто кылымдагы огуз каганы - Угуз бабабыздын экинчи аялынан төрөлгөн үч уулдун ысымдарынын окшоштуктары бизди аябай таң калтырат. Алар айтылышы боюнча жана маанилери боюнча да бирдей. Мына, салыштырып караңыз: "Көк хан", "Таг хан" жана "Тенгиз хан" .
Ал эми кыргыз санжырасында жогорку үч уул Кыргыз атадан тараганы баяндалат. Алардын ысымдары: "Көгөй бий", "Тагай бий" жана "Көлөй бий" .
Биздин айталы деген оюбуз да бул эмес. Биздин айталы деген оюбуз ал: кыргыз санжырасында жогорку үч уулдун "түстүк аттары" үч миң жыл мурун кандай аталса, бүгүн да дал ошондой бузулбай так сакталганында жатат.
Кайрадан скиф уламышын талдаган окумуштуулардын изилдөөлөрүнө көңүл бөлөлү. Илимпоздор жазгандай, чын эле "касталык катмарлардын түстүк белгилер менен белгилениши индо-иран салты үчүн бирдей көрүнүш" экени илимде алда качантан бери маалым. Мисалы, уламышта Липоксай төрөлгөндө эле " чачы аппак " болуп жарык дүйнөгө келгени баяндалат. Ал ошондой эле балдардын эң улуусу болчу. Үч бир тууган өз ара бийлик бөлүштүргөндө, улуусу Липоксайга дин бийлигин башкаруу укугу берилет. Ошондуктан кийин андан тараган авхат уруусу да мамлекеттик кызматтарда "билги", "бакшы" ("жрецтик") орундарын ээлешкен. Б. а. анын урпактары атасы - Ак уулдун (Липоксайдын - Б.Т.) жолун улантып, дин эрежелерин иштеп чыгышкан жана өлкөнүн идеологиясын жүргүзүшкөн. Липоксай жаш курагы боюнча улуу жана Дин бийлигинин башчысы катары дайым "ак түстөгү " кийим кийинип жүргөн. Бул салт кийин анын урпактарына мурас катары берилген.
Колоксайдан тараган паралаттарга хандык бийлик таандык болгондуктан, алар дайым "кызыл түстөгү " кийимдерди кийишкен. Окумуштулардын изилдөөлөрүнө караганда кызыл түс жоокерлерге тиешелүү түс. Мунун өзү хандар жоокерлердин арасынан чыкканын маалымдайт. Ошондуктан кыргыз санжырасында да хандар -"кызыл тебейтечендер" деп айтылган.
Окумуштуулар Арпоксайдан тараган - катиарлар менен траспийлер кандай катмарга таандык болгонун жана алар кандай түс менен белгиленгенин так айтыша алган эмес. Кыргыз санжырасы боюнча бул урууга "көк түс" таандык. Анткени алар скиф санжырасы боюнча Суу хандын (Арпоксай), огуз санжырасы боюнча Тенгиз хандын , ал эми кыргыз санжырасы боюнча Көлөй бийдин урпактары. Суу дээрлик дүйнө элдеринин баарында көк түс менен белгиленет. Биздин оюбузча бул тукумга байлык тиешелүү болуп, андан жер-сууну ээлеген байлар чыккан. Алар ошондуктан "көк" же "кара" түстөгү кийимдерди кийишкен.
Эгер байыркы индус арийлерине тиешелүү "касталык" бөлүнүү боюнча салыштырып кеп кылсак, анда Ак уулдун урпактарына -"жаратуучу ", Көк уулдан тарагандардын тагдырына - "топтоочу", "жыйноочу" кызмат тиешелүү болсо, Кызыл уулдун балдарына - " сактоочу " миссия жазылган. Бул атадан балага кан менен өткөн улуттук улуу милдет жана ыйык касиет. Анткени, жаралбаган нерсени топтой албайсың, топтолбогон нерсени сактай албайсың. Ал эми сакталбаган байлык - жок байлык.
Жогоруда айтканыбыздай, эң башкы окуя - ал, мындан үч миң жыл мурун түстүк белгилер менен белгиленген скиф адам аттарынын бүгүнкү кыргыз санжырасында да таң каларлыктай так сакталышы! Анткени, өйдөдө биз сөз кылган Таргитайдын үч уулунун түстүк аттары башка бир да элдин санжырасында кыргыз санжырасында айтылгандай так айтылбайт. Болгон айырмачылык: скиф санжырасындагы биринчи адам - Таргитайдын ысмы кыргыз санжырасынын биринде " Кыргыз ата " делсе, экинчисинде " Долон бий " деп аталганында гана.
Ошентип биз туунун бетине " үч түстү" түшүрүү менен унутулуп калган улуттук эс-тутумду кайра жаңыртабыз жана дээрлик " үч жарым миң " жылдык тарыхыбызды калыбына келтирип, аны жок болуудан сактап калабыз.
(Уландысы бар)







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??