Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Билим берүү тармагы кандай реформага муктаж?
Өлкөбүздүн билим берүү тармагы көңүлдөн сырткары калып, Жогорку окуу жайлардын, мектептердин билим берүү сапаты кескин төмөндөп, биздин мамлекетте мигранттардын, жумушсуздардын армиясы тарбияланып жаткандай жагдай түзүлүп келатат. "Келечек жаштардын колунда!" деп кан какшап канчалык айтпайлы, жаштардын билими жок болсо, мамлекеттин кийинки келечегин элестетүү кыйын. Батыштын жарым -жылаңач кийинген артисттери менен крим чөйрөнүн авторитеттерине таасирленген айрым жаштар, туура эмес тарбияланган жаңы муундун агымын алып келатышат. Бул - өлкө үчүн трагедия. Өткөндө "Азаттык +" жаштар программасы сыналгыдан "Мамлекеттеги окуу жайларды менчиктештирсек болобу?" деген жакшы маселени көтөрүп, бир топ эл өкүлдөрү менен ой бөлүштү. Биз дагы сырттан карап, жөн отурбастан, алардын айткан айрым кептеринен гезит бетине жарыялап, студенттерди, айрым мектептер менен ЖОЖдордун башчылары менен мугалимдерин да кепке тарттык.

Равшан Жээнбеков, "Ата-Мекен" партиясынын депутаты:
- Албетте, бир жылдын ичинде бүт окуу жайларды менчиктештире албайбыз. Бирок, мен ойлойм, элүү пайызын менчиктештирсек болот. Менчиктештирүүдөн атаандашуу жаралат. Ал эми атаандашуу жаралса, билим берүү тармагында өнүгүү жаралат. Дүйнөлүк практикаларды карасак мамлекеттик менен менчик окуу жайлар атаандаштыкты жараталбайт. Ал эми менчик окуу жайлар өз ара атаандашып, биринен - бири ашып билим берүүгө жан үрөшөт. Өнүккөн өлкөлөрдүн жеке менчик окуу жайларын алып карасак, алар аябай сапаттуу жана эң мыкты билим беришет. Ал эми ошол мамлекеттин өзүнө караган окуу жайлар менчик окуу жайларга жетпейт. Албетте, менчик окуу жайлар сапаттуу болгонуна жараша, акчасы да көбүрөөк болот. Ал эми мамлекеттик окуу жайлар арзаныраак келип, өлкөнүн бүгүнкү шартына жараша балдар көбүнчө арзан окуу жайга тапшырат. Ошон үчүн бул жагын да ойлонушубуз керек.

Нариман Түлеев, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Жогорку окуу жайларды менчиктештирүү замандын талабы. Бирок, баарын эмес. 41 пайызын менчиктештирүүгө берип, калганын мамлекеттин карамагына калтырыш керек. Мына эгемендүүлүктү алгандан бери жыйырма жыл өттү. Дагы эле билим берүү тармагынан аксап келатабыз. Биз эч нерседен коркпой туруп, билим берүү тармагына реформа жасашыбыз керек. Жаштардын билим алуусу оңолмоюн, өлкө эч убакта өнүкпөйт. Жаштар - келечек ээлери. Өзүңөр билгендей, мен шаардын Мэри болуп турганымда, калаанын көркүн чыгарып, башка нукка бурдум. Ошондо жумушка көпчүлүгүн жаштарды алгам. Алар көбүнчө жетекчилик кызматтарды аркалап, жигердүү иштешти. Биз жаштарды бийликке тарткандан коркуп атпайбызбы. Андан коркпош керек. Жаштар коррупциядан тазараак келишет. Ошентсе да жаштардын билим алуусуна өкмөт тараптан эч кандай шарт түзүлүп берилбей келет. Бишкек шаарындагы билим берүү тармактары бүтүндөй коррупцияга чырмалган. Шаардык мектептердин диреторлорун оңой менен кызматынан алалбайсың. Алар саясий "крышаларды" таап алышкан. Кандай гана бийлик келбесин, мектеп директорлор "крышаларды" таап алууга жан үрөшөт. Мен бир жолу аябай таң калдым. Бир университетте иштеген мугалим, мага зачёттук китебимди көтөрүп келиптир. Ичи толгон төрт - беш. Мен ал айткан окуу жайда эч убакта окуган эмесмин. Анан ал мугалим, "сиз бешинчи курсту аяктап атасыз" дейт. Анан мен, "ой эже, мунуңуз уят. Мен дипломду антип албайм" деп узатып койдум. Ушундай кызыктар бар экен, көрсө...

Марат Султанов, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
- Бир эмес, он дипломуң болуп, бирок билимиң төмөн болсо, эч бир жумушка алынбайсың. Чоң - чоң компаниялар, фирмалар жалаң билимдүү адистерди талап кылышат. Маселен,чет өлкөдө атагы чыккан Жогорку окуу жайлар бар. Ал окуу жайларды бүткөн студенттерди, айлык - акысы жогору, мыкты кесиптер күтүп турат. Биздин өлкөбүздүн Жогорку окуу жайларын эмне үчүн андай деңгээлге жеткире албайбыз? Ошон үчүн Жогорку окуу жайларды менчиктештирүүгө чыгарыш керек. Бирок, баарын эмес...

Нуркыз, студент:
- Өлкөнүн билим берүү тармагы реформалоого муктаж. Эгер чукул арада, жаштардын билим алуусуна жаңылануу кирбесе, анда мамлекеттин кийинки келечегин элестетүү кыйын. Дээрлик Жогорку окуу жайларда окуган студенттердин көпчүлүгү сабактарды жалаң эле акча менен бүтүрүп, билим алуу боюнча тегерек нөл болуп калышты. Чоң - чоң илимий изилдөөлөрдү эмес, жөнөкөй арифметиканы билбеген, өзүнүн аты-жөнүн туура жазалбаган студенттер да бар. Албетте, Жогорку окуу жайлардагы өркүндөп - өсүп кеткен коррупцияга студенттер өзү күнөөлүү. Окууга ынтызар болуп, билим алам деген студенттен эч убакта мугалим акча сурабайт.

Айзат, студент:
- Мамлекетибиздин билим берүү тармагы өтө начар, дүйнөлүк стандартка туура келбейт десем жаңылбайм. Окуу программалары студенттер үчүн туура эмес түзүлгөн. Андыктан билим берүү тармагына реформа жасашыбыз керек. Болбосо Кыргызстандын келечектеги тагдырын элестетүү кыйын болуп калат. Келечек жаштардын колунда деп бекеринен айтылбаса керек. Эгер биздин өкмөт жана парламенттеги 120 депутатыбыз балдарынын келечегине кайдыгер карабаса, анда биринчи ирээтте билим берүү тармагына көңүл бурушса жакшы болоор эле.




Төлөбек Абдрахманов, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору:
"ЖОЖдордун кээ бирин
менчиктештирүү керек"
- Төлөбек агай, өлкөнүн билим берүү тармагы өтө эле начарлап кеткендигин баарыбыз эле билебиз. Айтсаңыз, ушул билим берүү тармагына кандай жаңы реформа жасашыбыз керек?
- Өзүңөр билгендей ушул күнгө чейин өлкөнүн билим берүү тармагында 16 жаңы реформа жасалды. Негизинен 1998 - 1999 - жылдарга чейинки жасалган реформалар биздин билим берүү тармагыбызга аябай жакшы шарт түзүп берген. Ал эми 1999 - 2000 - жылдардан берки жасалган реформалар бир гана зыян алып келген. Натыйжада учурдагы билим берүү системасы өтө начар абалда. Бирок, бизде ВУЗдардын саны көп. Дүйнөлүк шкала менен карай турган болсок, сан жагынан биздин билим берүү тармагыбыз 3 - 4 - орунда турат. Ал эми сапат жагынан өтө начарлап кетти. Ал тургай Борбордук Азиядагы саналуу гана өлкөлөрдөн алдыда болбосо, калгандарына караандабай калат. Чын - чынына келгенде 1998 - 1999 - жылдары билим берүү системасына реформалоо боюнча алдыңкы саптарда болчубуз.
- Эми эмне кылышбыз керек?
- Азыркы А.Атамбаев баштаган өкмөт курамынын ишке кириши менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында чоң реформа башталды. Бул реформанын өзгөчөлүгү сандык жана сапаттык жагында. Мурунку жасалган 16 реформадан эмнеси менен айырмаланат? А.Атамбаев баш болгон өкмөт курамы монетаристтик реформа жасай башташты. Айырмасы ушунда. Дүйнөлүк саясий практикада монетаризм деген саясат бар. Бул сөз "монета" - деген сөздөн келип чыккан. Ал эми буга чейинки реформалардын баары популисттик негизде болгон. Тактап айтканда, сөз менен эле айтып келишип, иш жүзүндө аткарышкан эмес. Ошол А.Акаев, К.Бакиевдердин убагында сонун концепциялар айтылган. Анын баары аткарылган эмес. Анткени ал айтылган сөздү аткарыш үчүн материалдык база жетишкен эмес. Мектептерди компьютештиребиз жана жаңы китептер менен камсыз кылабыз дешкен. Эгерде компьютер алып беришпесе, жаңы китептерди басып чыгарышпаса, кантип анан жасадык деп айтышат. Ал эми монетористтик реформанын башталышы, мектеп мугалимдеринин айлык акысын бир нече эсеге көтөрүп беришинде. Ырас, айлык - акыны көтөрүп берген соң, коомчулук мугалимден балдарга билим берүү боюнча талап кылса болот. А мурун болсо, мамлекет мугалимдерге жарыбаган айлык берип койчу. Анан кантип мугалимдерден талап кылышат. Эгер талап кыла турган болсо, "мен мындай аз айлыкка иштебейм" деп жөн эле басып кетишмек. Ошон үчүн мектептерде мугалим жетишпей келген. Бир мугалим чет тилин дагы, кыргыз тилин дагы, географиясын дагы, кол эмгегин дагы, дене тарбиясынан дагы сабак берет. Химия, физика, англис тили, орус тили, математика аттуу татаал сабактар окулбай калган. Ал эми тишке жумшак сабактарды бир киши эле катары менен берип кете берген. Эми, Кудай буюрса монетаристтик реформа мектептерде башталды. Бул сөзсүз өз жемишин берет. Эмки кезек Жогорку окуу жайларга жетиш керек.
- "Мамлекетке караштуу Жогорку окуу жайлардын 50%ын менчиктештирүү керек" деп айрым эл өкүлдөрү айтып атышат. Буга кандай көз караштасыз?
- Туура. Кыргызда "жылкыңа карап ышкыр" деген кеп бар. Анын сыңары, мамлекеттин күчү жете тургандай, саналуу гана Жогорку университеттерди алып калыш керек да, калганын менчиктештирүүгө бериш керек. Толгон токой Жогорку окуу жайларды карамагына каратып алып, алы жетпей жатат. Мамлекет Жогорку окуу жайларга эки гана статья менен карайт. Биринчиси, адам тургай эшек күлө турган студенттердин стипендиясы. Экинчиси, бюджеттик мугалимдердин ит күлөөрлүк айлык акысы. Ал эми калган материалдык муктаждыктар кайдан келет? Студенттер менен мугалимдер отура турчу столдор, компьютерлер, светтин, жылуулуктун акчасы ата - эненин чөнтөгүнөн чыгат. Контракттык негизде окуган балдардын акчасы менен биз бюджеттик студенттерди камсыз кылабыз. Демек, мамлекеттин каражаты он окуу жайга жете турган болсо, онду алып калышы керек. Эгер мамлекет Жогорку окуу жайлардын жарымын менчиктештирүүгө берсе, өзүнө эки маселе менен гана алып калыш керек. Биринчиси, жогоруда айтып өткөндөй, каражаттын жетишине жараша. Экинчиси, биздин өлкөгө, биздин жашоо шартыбызга ылайыктуу кайсы адистер керек? Мисалы, тоо-кен адистери, гидро адистери, айыл чарба адистери керек. Ал эми космостук изилдөөнүн бизге эмне кереги бар? Же эмне бизден космоско кораблдер учабы? Ушундай өтө деле зарыл эмес окуу жайларды мамлекет каржылабай эле койсун. Аны керек десе, менчик окуу жайлар иштетсин, туурабы? Азыр билим берүү тармагында эң маанилүү маселе бул - менчиктештирүү. Союз кулагандан кийин көптөгөн тармактар менчиктештирилип кетип, бир гана Жогорку окуу жайлар менчиктештирилген эмес. Азыр Кыргызстанда 56 Жогорку окуу жай бар. Кыргыз мамлекети ашып кетсе 12 гана Жогорку окуу жайды каржылай алат. Муну мен айткан жокмун. Муну Советтер Союзунун мамлекеттик планы эсептеп чыккан. Демек, мамлекет өз карамагына 10-12 Жогорку окуу жайды калтырыш керек да, калганынын баарын тең менчиктештирүүгө бериш керек.
- Жогорку окуу жайлардын санын кыскартуу менен гана билим берүү тармагынын маселеси чечилип калабы?
- Каражаттын жетишинче Жогорку окуу жайларды алып калгандан кийин, Кыргызстанда билим берүү системасы түзүлүшү керек. Билим берүү системасынын эң биринчиси, жогорку окуу жайларга улуттук деген статус берилиши керек. Маселен, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университет сыяктуу И.Арабаев атындагы Улуттук Университети, Улуттук Айыл-чарба, Улуттук Техникалык, Улуттук Дене тарбиялык деп аталышы керек. Тактап айтканда биринчи категориясына улуттук деген статус бериш керек. Улуттук университеттерде иштегендердин айлыгын көтөрүш керек. Улуттук болуп аталгандан кийин жогорку деңгээлдеги университет болушу абзел. Экинчи категория бул - мамлекеттик Жогорку окуу жайлар болушу керек. Анан үчүнчү категорияга муниципалдык Жогорку окуу жайлар кириши керек. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин 60%зы Бишкек шаарында. А эмне үчүн Бишкек шаары бир ЖОЖду колуна алалбайт?
- Кийинки өсүп келаткан муун, ааламдашуу заманга туш келип, билим алууга анчалык ынтызар болбой калгандай. Мугалимдер канткенде окуучулар менен студенттерди окууга кызыктыра алат?
- Эгемендүүлүктү алгандан бери жыйырма жыл өттү. Дагы деле биз Союздун программалары менен балдарды окутуп келатабыз. Албетте, инновациялык жаңылануу бар дечи. Бирок, көпчүлүгү Союздан калган система. Мисалы, тарых сабагын алалы. Тарых сабагы баягы эле методика менен баягы эски Союздун китеби менен келатат. Муну менен Союздун системасын чанган жокпуз, биз дагы Европадай, Америкадай болуп жаңыланышыбыз керек. Пизада өткөн студенттер арасындагы сынакта биздин өлкөнүн студенттери эң акыркы орундарды алышты. Демек, биз чет өлкөнүн билим берүү тармагынан алда канча артта калганбыз. Ошону үчүн, балдарды билим алууга кызыктырыш үчүн, билим берүү тармагын жаңыртышыбыз керек...


Даярдаган Элдияр Элчибек








кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??