Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мамлекеттик башкарууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн реформалоо боюнча долбоор
Өкмөттүн учурдагы түзүмүнөн эки деңгээлдүү системага (министрлик, мамлекеттик агенттик же кызмат) өтүү сунуш кылынат, ал органдын статусун аныктоо үчүн бирдей стандартты киргизүү менен мамлекеттик институттарды жөнөкөйлөтүүгө, бир түргө келтирүүгө, мамлекеттик башкаруу органдарынын жоопкерчилик чөйрөсүн так аныктоого, алардын курамын жана иштөө механизмдерин оптималдаштырууга, бийликтин коррупциялануу деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.

Министрлик - ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөсүндө аткаруу-бөлүштүрүүчү функцияны аткаруучу мамлекеттик бийликтин борбордук органы катары мамлекеттик саясатты иштеп чыгуунун жана тиешелүү чөйрөдө иштеп жаткан администрациялык ведомстволордун ишин координациялоонун функцияларын аткарат. Министрликтердин алдында ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөлөрүндө министрликтин мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыра турган, башкаруунун өз алдынча органдары - департаменттер түзүлө алат.
Мамлекеттик агенттик же кызмат - тиешелүү чөйрөдө жөнгө салуучу, контролдук-көзөмөлдөөчү функцияларды аткаруучу, мамлекеттик башкаруунун органы, ал өз ишинде министрлик тарабынан иштелип чыккан жана ошол чөйрөдө колдонулуп жаткан тармактык саясаттын багыттары жетекчиликке алат.
Ошону менен бирге мамлекеттик башкаруу органдарынын бардык ченемдик укуктук жоболорун бирдей стандартка келтирүү керек. Ар бир түзүмгө аткара турган так функцияларды (саясат функциясын, жөнгө салуу функциясын, кызмат жана колдоо көрсөтүү функциясын, координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо функциясын) аныктоо зарыл.
Жогоруда айтылгандардан улам, жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик башкаруунун төмөнкүдөй түзүмү сунуш кылынат:

Мамлекеттик башкаруунун борбордук деңгээлдеги түзүмү
Мамлекеттик башкаруунун түзүмү чакан, кесипкөй жана мамлекеттин базалык үч функциясын жүзөгө ашырууга жөндөмдүү болууга тийиш:
- өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык багытын колдоо, ички жана тышкы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жүзөгө ашырылып жаткан саясатка өз учурунда түзөтүүлөрдү киргизүү;
- адам турмушу жана бизнести өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- мамлекеттик активдерди натыйжалуу тескөө.
Өлкөдө түзүлгөн жагдайлардан улам, макроэкономикалык, каржылык туруктуулукту камсыз кылуу жана укуктук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерине артыкчылык берүү менен бул этапта мамлекеттик башкаруунун төмөнкүдөй түзүмүн (ички жана тышкы шарттардын өзгөрүүсү менен каралып чыгышы мүмкүн) жүзөгө ашыруу жана жаңы Өкмөттүн курамын тажрыйбалуу кадрлардан, өз ишинин кесипкөй адамдарынан түзүү сунуш кылынат.
Түзүм:
Премьер-министр - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төрагасы
Биринчи Вице- премьер-министр - Финансы министри
*Салык кызматы
*Бажы кызматы
*Борбордук казыналык
*Финансылык көзөмөл агенттиги
Вице-премьер-министр - Ички иштер министри
*Миграциялык кызмат
*Баңгизаттарды контролдоо боюнча кызмат.
Юстиция министри
*Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Жазаларды аткаруу кызматы
*Сот аткаруучуларынын кызматы
Коргоо министри
Тышкы иштер министри
Улуттук коопсуздук министри
*Чек ара кызматы
Өзгөчө кырдаалдар министри
Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри
* Мамлекеттик мүлктү тескөө боюнча агенттик
*Мамлекеттик резервдер жана сатып алуулар боюнча агенттик
*Өзгөчө экономикалык зоналарды тескөө боюнча агенттик (жаңы)
Энергетика жана суу ресурстары министри
Транспорт, маалымат технологиялары министри
Айыл чарба жана айылдарды өнүктүрүү министри
Социалдык өнүктүрүү жана саламаттык сактоо министри
Билим берүү, жаштар жана илим министри
Маданият жана маалымат министри
Жаратылыш ресурстары жана экология министри
Министр - Аппарат жетекчиси
* министрликтерге караштуу өз алдынча түзүмдөр көрсөтүлгөн, башка башкаруу органдары тиешелүү министрликтердин курамына өтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу администрациялык органдар
Кыргыз Республикасынын Спорт боюнча мамлекеттик агенттиги
Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттик
Кыргыз Республикасынын Финансылык рыноктор боюнча мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча мамлекеттик агенттиги
Токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик
Президенттин жана Жогорку Кеңештин биргелешкен чечими менен түзүлүүчү башкаруу органдары
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы
Мамлекеттик башкаруунун аймактык деңгээлдеги түзүмү
Аймактык деңгээлдеги эки деңгээлдүү мамлекеттик башкарууга өтүүнүн башталган реформасын аягына чыгаруу сунуш кылынат.
Бул өзгөртүп түзүүлөр башкаруу системасын жөнөкөйлөтүүгө, анын сапатын жогорулатууга, аларды күтүүгө чыгашаларды кыскартууга жана эң башкысы мамлекеттин кызматын өлкөнүн жарандарына жакындатууга өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик башкаруунун облустук жана райондук деңгээлин кыскартуу жана алардын ордуна төмөнкү себептер боюнча аймактарды (кантондорду) түзүү сунуш кылынат:
- райондордо райондук администрация жетекчиликке алган мамлекеттик менчиктин объекттери, ошондой эле райондук масштабдагы атайын мамлекеттик программалар жок;
- райондук мамлекеттик администрация жеке жана муниципалдык менчикте турган ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин ишмердүүлүгүнө кийлигишүүгө укугу жок;
- райондук мамлекеттик администрация кадр саясаты менен иш алып барбайт жана жергиликтүү бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү процессине катышпайт.
Ошондуктан, бүгүнкү күндө райондук администрациялар, мамлекеттик бийликтин органы катары региондун туруктуулугун камсыз кылууда жана социалдык-экономикалык чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө олуттуу роль ойнобойт.
Өнүгүүнүн ушул этабында облустук мамлекеттик администрациялар дагы өздөрүнүн алсыз жактарын көрсөтүштү. Жеке бюджетинин, экономикалык, финансылык базасынын жоктугу, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык чачырандуулугу жана алыстыгы себебинде тескөөнү жана контролдоону ишке ашыруу боюнча аларга жүктөлгөн маселелерди чечүү аларга бүгүнкү күндө кыйын болууда.
Ушул жерден аймактарды башкаруу ишине зыян келтирбестен, башкаруунун бири-биринин ишин кайталаган, бардык ашыкча деңгээлдерин жоюуга мүмкүндүк берген, өлкөнүн администрациялык-аймактык түзүлүшүн оптималдаштыруу жана рационалдаштыруу маселеси келип чыгат.
Администрациялык округ - аймак (кантон) түрүндө облус жана район ортосундагы аймактарды башкаруунун төмөнкү модели сунуш кылынат. Биздин өлкөдө 1926-жылдан 1939-жылга чейинки ушул өңдүү аймактык башкаруу ийгиликтүү ишке ашкан, биздин көз карашыбызда бул схема бүгүнкү күндө колдонууга ылайык.
Курамына округдун жана ага жакын жайгашкан бир нече райондордун маданий-администрациялык жана экономикалык борборунун ролун ойногон бир шаар кирген аймак түзүлүшү керек. Эң башкысы, ар бир жаран ошол жерден бардык зарыл болгон мамлекеттик кызматтарды алууга тийиш, ал эми аймактын өлчөмү жаран өз иши боюнча борборго чейин барып, ошол эле күнү артка кайрылып келгидей болушу керек.
Эксперттик топ тарабынан сунушталган түзүлүштүн аймактык модели да бар, анда 13 администрациялык округдарды-аймактарды түзүү сунушталат, Бишкек жана Ош шаарларын эсепке алганда, республикада 15 аймак болот.
Ошентип, 7 облустук, 26 шаардык, 40 райондук мамлекеттик администрациялардын ордуна болгону 15 округдук мамлекеттик администрациялар түзүлөт. Ошону менен, 1280ге жакын облустук жана райондук бөлүмдөр жоюлат. Анын ордуна округдук деңгээлде 600гө жакын түзүмдөр түзүлөт, ошону менен аймактын бардык түзүмдөрү, анын ичинде салык кызматы, казыналык, соцфонд, социалдык жактан коргоо, милиция жана башкалар аймактын администрациясына баш ийет. Бөлүмдөрдүн жетекчи кадрлары (статистика, прокуратура, УКМ жетекчилеринен тышкары) тиешелүү Министрдин макулдугу боюнча аймактын Губернатору тарабынан дайындалышат. Аймактын калкы жеринде эле бардык зарыл болгон мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат.
Кыргыз Республикасынын сунуш кылынып жаткан администрациялык-аймактык бөлүнүшү
Курамына Кемин, Чүй, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондору кирген, Чүй округу, борбору Токмок шаары, 406 миң адам.
Курамына Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондору кирген, Жайыл округу, борбору Кара-Балта шаары, 366 миң адам.
Курамына Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо райондору кирген, Нарын округу, борбору Нарын шаары, 178 миң адам.
Курамына Жумгал, Кочкор райондору кирген, Жумгал округу, борбору Кочкор шаарчасы, 95 миң адам.
Курамына Тоң, Ысык-Көл райондору жана Чолпон-Ата шаары кирген, Балыкчы округу, борбору Балыкчы шаары, 118 миң адам.
Курамына Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондору кирген, Каракол округу, борбору Каракол шаары, 257 миң адам.
Курамына Талас облусунун бардык райондору кирген, Талас округу, борбору Талас шаары, 202 миң адам.
Курамына Токтогул, Ноокен райондору жана Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарлары кирген, Токтогул округу, борбору Кара-Көл шаары, 226 миң адам.
Курамына Сузак, Базар-Коргон райондору жана Көк-Жаңгак шаары кирген, Жалал-Абад округу, борбору Жалал-Абад шаары, 425 миң адам.
Курамына Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору жана Таш-Көмүр шаары кирген, Аксы округу, борбору Кербен шаары, 229 миң адам.
Курамына Баткен, Лейлек райондору жана Сүлүктү шаары кирген, Лейлек округу, борбору Баткен шаары, 199 миң адам.
Курамына Кадамжай, Ноокат, Араван райондору кирген, Кызыл-Кыя округу, борбору Кызыл-Кыя шаары, 434 миң адам.
Курамына Өзгөн, Кара-Кулжа райондору кирген, Өзгөн округу, борбору Өзгөн шаары, 275 миң адам.
Курамына Кара-Суу, Алай, Чоң Алай райондору кирген, Кара-Суу округу, борбору Кара-Суу шаары, 384 миң адам.
Ош шаары , 350 миң адам.
Бишкек шаары, 850 миң адам.
"Акшумкар" саясий
партиясынын лидери
Темир Сариев




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??