Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ынтымак бар жерде - ырыс бар!
Орозбек Молдалиев, саясат таануучу:
"Башка улуттун өкүлдөрүнүн
тайраңдашына өзүбүз күнөөлүүбүз"
Кыргызстандын түштүк аймагында болгон июнь окуяларынан соң биздин мамлекеттеги улуттар ортосундагы ынтымакка түрдүү ойлорун айткан чет элдиктер бар. Башкасын атабаганда да коңшу өлкөлөрдүн ичинде болуп жаткан күбүр-шыбыр кептер, ал турсун өзүбүздүн ичибизде да айтылып жаткан улутчулдук маселелери кимибизди болбосун түрдүү ойлорго түртөөрү белгилүү. Биз ынтымакты сүйгөн, меймандостугубуз бийик эл экенибизди эгерим эч ким тана албайт. Эл болгон соң түрдүү божомолдор айтыла берээри бышык. Эч кимисинин оозун тыя албайсың. Андыктан ашкере улутчул деп айыпталып жаткан айрым басылмалар, жетекчилер, депутаттар, ишкерлер, жазуучулар ал болгону өз өлкөсүн сүйгөн, сыйлаган атуулдар деп гана айтсак болот. Биздин өлкө - өнүгүүгө бет алган жаш мамлекет. Саясаты курч. Жаштары жалындуу… Мындай мамлекетте түрдүү ойлор, көз караштар, жалаа жабуулар, сын-пикирлер айтыла берет. Биз анткени өнүгүү деген өнөктөштүктүн чоң кемесинде эмеспизби…

- Орозбек мырза, келе жаткан Президенттик жарышка Россия мамлекети өзүнүн талапкерин таптап чыгарат. Эгер ал талапкери өтүп кетсе, мамлекет Россиянын көзүнүн агы менен тең айланып калат деген божомолдор бар…
- Россия Федерациясы биздин мамлекеттин парламенттик башкарууга өтүүсүнө ачык эле каршы болгон. Алар парламенттик жарышка түшөөрдө, биздин айрым саясий элиталар менен сүйлөшүп, "бизге 120 адамдын кереги жок. Бизге бир эле адам керек" деп айтышыптыр. Баягы СССРдин убагындай болуп 1-секретарь кылууга схема түзүп коюшкан деген сөздүн чындыгы да болушу мүмкүн. Эгер өзүлөрүнө керектүү маселе болсо, бир эле киши менен чечип коюу аларга иттен бекер болуп атпайбы. Ал эми парламенттик башкарууда, эгер алардын кызыкчылыгы бар маселе каралып калса, парламенттеги фракциялардын элегинен өтүп анын ичинен ар бир депутаттын көз карашын эске алып, ал ортодо өкмөттүн, Президенттин көз карашы менен талкууланып отуруп анан ал маселе чечилет. Мындай башкаруу аларга ушул жагынан жакпай жатканы белгилүү. Сен айткандай Президенттик жарышка өзүлөрүнүн таптап жаткан талапкерин алып чыгышат. Ал боло турган иш. Ал талапкери арабыздагы саясий элиталардын бирөө, а балким, эки-үчөө болушу мүмкүн. Азыртадан эле Президенттик жарышка камынып, өлкөнүн булуң - бурчун кыдырып жүргөн саясатчылар бар. Кээси өз акчасына, же тегерегиндеги колдогон саясатчылардын каражатына талапкерин коет. Ал эми андай колдоо таппаган, акча - каражаты чектелүү айрым саясатчылар, Россиянын айткандарына көнүп, алардын берген каражаты менен өз талапкерлигин көрсөтүп чыгуулары күтүлүү иш.
- Ошондой эле аламан жарышка өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушкан экс-президенттер дагы өз адамдарын талапкерликке көрсөтөт дешүүдө. Буга кандай көз караштасыз?
- Албетте, өлкөгө реабилитацияланып келиш үчүн, алар дагы аракетин күчөтөт. Айрыкча азыркы бийликтин улутташтыруу талабынан кийин, алар бир топ байлыгынан кол жууп калгандай көрүнүштө. Бир эле мисал, "Мегаком" компаниясынын тегерегинде кандай гана ызы-чуулу маселелер Чубакттын кунундай чубалып жатат. Алар мурдатан өзүнө жакыныраак кадрды камдап, ага оңбогондой акча каражатын жумшап, шайлоодон өтүп кетишине жанталашышат.
- Акыркы кездерде улутка, тагыраагы кыргыз эли туралуу жазылган макалаларды жазган гезиттерди "ашкере улутчул болуп жатасыңар" деп өзүбүздүн өкмөт өгөйлөгөнгө алса, чет элдик айрым ММКлар дагы төө бастыга алышууда. Сиздин пикириңизде кыргыз басылмалары чын эле аябай улутчулдукту көрсөтүп жатышабы?
- Улутчулдуктун эки түрү бар. Биринчиси, ал улуттун духун көтөргөн, ошол эле маалда башка улуттарды кемсинтип, аларга туура эмес мамиле жасабагандар. Ал эми экинчиси - деструктивдүү улутчулдар деп аталат. Деструктивдүү - деп мисалы, Россияда "Россия - орус үчүн!" деген ураан менен башка улуттардын өкүлдөрүн сабап, ал тургай өлтүрүп койгонго чейин барып атышпайбы, ошону айтат. Германия деле деструктивдүү улутчулдуктун айынан фашизмди алып келген. Башынан эле биздин начар сапаттарыбыз бар. Аны мойнубузга алганыбыз эле оң. СССР убагында Брежнев бизге окшогон көз каранды мамлекеттин баарына улуттук тил - орус тили деп жар салган. Ошондо Грузиянын жаштары, "биздин улуттук тилибиз орус тили эмес, грузин тили" деп нааразычылык акциясына чыгышкан. Мына ошентип алардын Конститутциясына грузин тили кирген. Биз деле убагында ошентсек болот эле да.
- Өлкөбүздөгү айрым башка улуттун бизнесмендери, кыргыз кыздарына күн көрсөтпөй келишкендиги акыркы убакта ачыкка чыга баштады. Мындайларды кантип тизгиндесек болот?
- Туура, биздин өлкөдө бизнес кылган башка улуттун өкүлдөрү көп. Кептин баары өзүбүздө. Биздин өкмөт ортодогу келишимдерди туура эмес түзүшкөн. Алардын бизнестерин көзөмөлдөөчү органдар иштебейт. Жең ичинен гана соода кылышат. Мамлекетибизде мыйзам иштебесе, каалаганын кыла берүүгө шарт түзүлүп атса, акчасы бар бизнесмендер каалаганын кылып атышпайбы. Мындай маселелерди түп тамыры менен иштеп чыгыш керек. Башка улуттун бизнесмендери, кыргыздын жаштарын жумушка алаарда, "биз силерди үч айча бекер иштетебиз. Эгер жакшы иштеп кетсеңер, айлыкка отурасыңар, иштей албасаңар кетесиңер" деп айтышат экен. Анан кыргыз жаштары аларга эки - үч ай бекер иштеген соң, "иштей албай койдуң" деген шылтоо менен жумуштан айдап ийишет. Мындай мисалдар көп. Ошону үчүн биздин өкмөт мыйзамды күчтөндүрүп, ортодогу келишимдерди жең ичинен эмес, мыйзам түрүндө түзүшү керек.
- Түштүктөгү июнь окуясынан кийин, кыргыз-өзбек бир ынтымакка келди деп жатабыз. Мындай окуялар кайрадан кайталанып кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Этникалык кагылыштар болуп кетпеш үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Кээ бирөөлөр өзбектерди Өзбекстанга кетириш керек. Аларга жакшылык жарашпайт экен дешүүдө. Бул - туура эмес. Алар өзбек болгону менен Кыргызстандын жарандары. Улуттар аралык жаңжалды чыгарбоо бул - мамлекеттин милдети. Эми бул окуяда эки улутта тең күнөө бар. Калыс, адилеттүүлүк орногон жерде эч убакта уруш-талаш болбойт. Өзбектердин бизнесмендерин кордоп, алардын ишине жолтоо болгон уюшкан кылмыштуулук деген бар. Алар милицияга арызданса, милиция крим чөйрө менен бир табакташ, сотко барса дагы деле ошондой көрүнүш. Бул ачыктан - ачык көрүнүп турган факты да, туурабы. Албетте, ансыз деле ушундай кысымдардан улам араң эле турган улуттарды козутуп, ортого от жаккан сепаратисттик уюмдар оркоюп эле көрүнүп турат. Түздөн - түз ал уюмдар күнөөлүү экени айтпасак да белгилүү. Бирок, кептин башы өзүбүздө. Мыйзам так иштеген өлкөдө, мындай баш аламандыктар эч убакта болбойт. Экинчиден, маданияты бай мамлекеттерде эч убакта этникалык кагылышуулар болбойт. Маселен, батыш өлкөлөрүндө толеранттуулук деген бар. Эгер бирөө сенин аброюңа шек келтирген сөз айтса, сен ага унчукпай туруп басып кетесиң. Ачууңду ичиңе катып, өзүңдү сабырдуулукка чакырасың. Улут аралык кагылышууга жол бербөөнүн толгон токой жолдору бар. Маселен, мусулман өлкөлөрүндө, "сен кыргызсың же сен өзбексиң" деп бөлүнбөйт. Алар жалпы мусулманбыз - деп бөлүнөт. Демек улут аралык бөлүнүү жок. 2007-жылы мен аялым экөөбүз Афганистанга барып келдик. Ошондо бизди башка улутсуң деп бирөө айткан жок. "Мусулман баласы болот турбайсыңбы" дешип, тескерисинче аябай сыйлашты. Өздөрү болсо бири-бири менен согушуп атышат. Ал эми башка улуттарга кылган мамилеси жумшак. Ошону үчүн биз "сен өзбексиң, сен уйгурсуң" дебей, "Биз Кыргызстандыкбыз!" деген чакырык ташташыбыз керек. Анан эң негизгиси маданиятыбызды өнүктүрүү зарыл. Кыргыздын эң сонун каада - салты, маданияты бар. Ошолорду жана дүйнөлүк практикаларда колдонулган ыкмаларды пайдаланышыбыз керек. Мына ошондо этникалык кагылышуулар, улут аралык чатактар болбойт.
Маектешкен
Элдияр ЭЛЧИБЕК




Жөнөкөй, кыргыздын мекенчил кызынын, "Мекен Туу" саясий партиясынын лидери Урматбек Барыктабасовго арнаган
ачык каты
Саламатсызбы, биз сыйлаган, ардактуу агабыз Урматбек Аскарбекович?!!
Кандайсыз, деги жакшысызбы, ден соолугуңуз кандай, айыктыңызбы? Сизге жолугууга эч мүмкүнчүлүк алалбадык, ошондуктан экинчи ирет кат жазып жатабыз. Биринчисин адвокатыңыздан, Сизге берип жибергенбиз.
Урмат байке!
Биздин үй-бүлө Сизди аябай баалайт, сыйлайт жана сүйөт, биздин Сизге болгон ишеним тоодой бийик. Сиз биз үчүн үлгүлүү инсан, үй- бүлөңүздө сүйүктүү ата, ага, жарсыз. Ошону менен бирге мекениңиз үчүн иштеп бере ала турган күчтүү экономист, терең ой жүгүрткөн, намыскөй, кыргыз эли үчүн боорукер, ак көңүл, акылман, жөнөкөй, жүрөгү таза жана күчтүү инсан экениңизди билип чоң сыймык менен карайбыз. Сиздин колуңуздан көптөгөн жакшы иштер келээрин билебиз. Сот учурунда да, бир дагы процессти калтырбай, ошол жердеги Сиздин ар бир айткан сөзүңүздү жүрөгүбүзгө сактап келебиз.
Биз "ишеним" деген эмне экендигин жакшы билебиз. Жакшы ишенимден көп жакшылыктар пайда болооруна көзүбүз жетип турат! Биздин элестетүүбүздө Кыргызстанды гүлдөгөн, өнүккөн, эркин, бай мамлекетти курууга Сиздин гана күчүңүз келет деген терең ишенимдебиз!!!
Ар бир атуул үчүн дайым ачык, көзгө тике карап калыс сүйлөгөн, эч кимден жашынып, жалтактап качпаган, өзүңүздүн ыйык жериңизде, элиңизде кааласаңыз автобус, троллейбус, электричка, метродо жүрө алган, бай болсоңуз да жөнөкөйлүгүн жоготпогон инсанды Сизден көрөбүз! Шаарыбыздагы бийик үйлөр, бир дагы бытыраган базарлары жок, жалаң заңгыраган супермаркеттер, кенен жолдор, көркөмдүү көпүрөлөр, балдар үчүн курулган парктар, көчөлөрүбүздүн көркүн ачып, ар бир адамга жылмаюуну тартуулаган декоративдүү бактар менен жайнаган кызыл-тазыл гүлдөр, жер алдында болсо метро......
Мунун баары жөн эле элестетүү эмес, эртеңки биздин жашоо деген ишеним. Биз ойлогондордун баарын иш жүзүнө ашырып, кыргыз элин көтөрө ала турган адам жалгыз гана өзүңүзсүз! Жерде эл, асманда кудай, Сизге сөзсүз жардам беришет. Ал эми азыр болсо көп нерселер туура эмес болуп жатканын биз жакшы түшүнүп турабыз. Бирок ошого карабай бийиктикке жана алдыга карай жөнөйбүз. Бул сыноону жеңип эл үчүн, жер үчүн, келечек үчүн акырына чейин туруш- бул биздин парз, милдет.
Сизге чексиз кайрат, чың ден соолук, акылмандуулук каалоо менен карындашыңыз Жаңыл-мырза Усупбаева ( Гүлжан)






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??