Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

КИТЕПКАНА



п»ї

Л€У…Р’Жђ

  Пай-пай Парламент!

Жоругу көп Жогорку Кеңеш
Кыргызстанга парламенттик системанын орношу менен коомубуздагы жаңыланган бир топ бурулуштар байкалбай койгон жок. Ошентсе да айрым саясий серепчилер парламенттик системанын орношун биздин өлкөгө али эртерээк кылаарын айтып келишет. Ал тургай коомчулук тарабынан да жылуу маанайда кабыл алынбаганы менен кыргыз парламенти айрым бир саясатчылардын тирешүүлөрүн күчөтүп, биринин жүзүн бири ачып берүү менен калайыкка кимдин - ким экенин даана билип - көрүүгө эң сонун жол ачып берди. Мурдагы парламенттик айрым фракциялар жалгыз бир адамдын этегине намаз окуп, жалгыз президенттин көз карашы менен гана чектелчү. Компроматтык согуштар дээрлик жок болчу. Азыр эми депутаттар бирин-бири айыптап, өкмөт башчыга талап коюу менен коомубуздагы саясий бурулуштар жаңы багытка күч алды. Маселен өткөн жумадагы парламенттик отурумда июнь окуясы боюнча депутат Т.Мамытов менен Ж.Жолдошеванын ачуу чындыкты көтөрүп чыгышкандыгы, андан кийинки отурумдарда Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековдун сотторго кысым кылганы, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Россия жараны экендиги, депутат Карганбек Самаковдун жерлерди мыйзамсыз менчиктеп алганы ачыктан - ачык айтылып, парламенттик чоң талкууга алынды...

Спикерге "таш" ыргыды...
Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков "Мегакомду" талашып жаткан "Серпеус" фирмасына жан тартып, сотторго күчүн салып, "Серпеустун" фирмасы деген чечим чыгарып бергиле" деген өкүм менен зордук кылган деп парламентте ачыктан - ачык эле айтылды. Бирок, чындыкты чыркыратып айтып, спикерди жарга такашканы менен "мунун чын - бышыгын такташ керек" деген гана жыйынтыкка келишти. Өлкөнүн тагдырын чечип отурган эл өкүлдөрүнүн төрагасы, бир жылдан бери "бакиевчил" партия деп айтылып келинген "Ата-Журт" партиясынын лидерлеринин бири кызматтан кыянаттык менен иш кылгандыгы чын болсо, анда ал дагы чоң жоопко тартылышы керектигин баса белгилеп өтүшүбүз керек. Болбосо, балык башынан сасып отуруп, куйругуна жетет. Депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айрым бир маалымат булактарына берген маегине караганда, азыр да мурдагыдай эле акчанын күчү менен Кыргызстанды Максим Бакиев башкарып жаткан имиш. Максим Бакиевдин "Мегакомго" болгон көз артуусу ансыз деле белгилүү. "Ата-Журт" партиясынын Максим Бакиев менен болгон карым - катышы бар деген сөзгө канчалык ишенбейли десек да, жогоруда айтылган "Серпеус" фирмасы жөнүндөгү кептер айласыз ынандырбай койбойт экен. Анткени ошол эле депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айтуусунда "Серпеус" фирмасы Максим Бакиевге тиешелүү" деген маалыматтар бар экендиги тууралу айткан кеби бар. Бир апта мурда Акматбек Келдибековдун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиевдин Орусиядан келген жеке менчик учак менен белгисиз жакка барып келгендиги да парламентте айтылган эле. Бирок, айтылган сөз айтылган жерде калып, эч кандай чара көрүлгөн эмес.
К.Кулматов Россия жараны, бирок, Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасы...
Мекендин жүгүн көтөрүп, эл үчүн иштеп берем деген эр азаматтарга ишенсек талаада калат окшойбуз. Алар калайман калк үчүн канын азык, каруусун казык кылып иштегендей образ калтырып келип, кокус өлкөгө коркунуч туулса, бир заматта Ата-Мекенин таштай качканга даяр. Анткени алардын кош жарандуулугу бар. Маселен, "Ар-намыс" фракциясы аркылуу Бажы кызматынын төрагасы болгон Кубанычбек Кулматов Орусия жараны экендиги белгилүү. Демек К.Кулматовдун мамлекеттик кызматта отурушу мыйзамсыз. Бул боюнча депутаттар тезинен чечим кабыл алышын талап кылып, өкмөт башчыга кат жөнөттү. Бирок, бул эбак эле аныкталган. Ошого карабай өкмөт тарабынан жооп, эч бир билдирүү болбой жатканын депутат Бөдөш Мамырова баса белгилеп өттү. Эсиңерге сала кетсек, Бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматовдун Орусия жараны экендигин "Республика" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров февраль айында эле айтып чыккан. Кийин бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөн эле. Ошондой эле вице - премьер министр Өмүрбек Бабановдун да кош жарандуулугу тууралу ар кандай кептер айтылып калат... Бирок, биринчи вице-премьер кош жарандуулугу жоктугун, бир кезде болгондугун тастыктап айтып чыккан жайы бар.

К.Самаков 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктештиргенби?
Парламентте фракциялар ортосунда гана тирешүүлөр болбостон, бир фракциянын ичинен эле депутаттардын тирешүүлөрү күч алууда. Маселен, жыйырма жылдык тарыхы бар, башка партияларга караганда өзүнүн багыты, өзүнүн көз карашы менен бир топ саясатчылардын башын бириктирген "Ата-Мекен" партиясы ичинен ирий баштаганы байкалууда. Сыртынан бир атанын балдарындай түр көрсөтүп келгени менен ичинен бөлүнүп - жарыла баштаган "Ата-Мекен" партиясы буга чейин партия ичиндеги араздашууларды жашырып келсе, эми ачык эле тирешүүгө өтүштү. Дегеним, "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахманов өз партиялашы, депутат Карганбек Самаковго айып тагып, Бишкектин айланасынан 262 гектар жерди мыйзамсыз менчиктеп алгандыгы тууралу билдирүү жасады. "Бул трансформацияны мыйзамсыз деп эсептеш керек. Анткени Курманбек Бакиевдин көрсөтмөсү менен Чудинов деген кол коюп берген. Биз ушундай жол менен 262 гектар сугат жерин, кыргыз элин келечекте бага турган жерлерди Самаковго окшогондорго бербешибиз керек. Ал буудай айдаса, кызылча айдаса, биз рахмат айтат элек. Бирок, ал болсо четинен үйлөрдү салып сатып, коррупциялык чайкоочулук кылып жатат" - дейт Өмүрбек Абдрахманов "Азаттыкка" берген маегинде.

Ж.Жолдошева парламенттеги "баатыр" депутат...
Өткөн парламенттик отурум коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуяларга туш болду. Анда Президент Р.Отунбаева баштаган А.Атамбаев, Т.Сариев, А.Бекназаров, Ө.Текебаев жана башка 7 - апрелден кийинки Убактылуу Өкмөттүн он төрт мүчөсүн айыптап, июнь окуясына кандайдыр бир күнөөлөрү бар экендиги баса белгиленди. Эл тарабынан "баатыр депутат" атка конгон Жылдыз Жолдошева чындыкты чыркырата айтып коомчулукка алып чыгып, аталган саясатчыларды чын дили менен элден кечирим сурап, кетирген каталарын моюндарына алышсын деген талап койгон. Апрель, июнь окуялары боюнча Жогорку Кеңештин токтомуна нааразы экенин айтып, чырылдап жүргөн депутаттын өзүнүн отчётунда чыныгы күнөөлүүлөрдү атап айтканга аракет кылгандыгы байкалат. Бирок, тилекке каршы, анын чыгарган жыйынтыгы кабыл алынбай, күнөөлүүлөр жазаланмак турсун, элден кечирим сураганга да жараган жок. Ошондой эле саясий элиталардын бири А.Акаев да бул окуяга түздөн -түз күнөөлү экендигин, ал 90-жылдары бай өзбек сепаратисттери менен жолугуп тургандыгын баса белгилеп өттү. "Албетте К.Батыров баштаган сепаратисттик топ бул окуяга эки жүз эсе күнөөлү болсо, алар менен соодалашууга барган айрым биздин саясатчылар жүз эсе күнөөлү" дейт өз сөзүндө депутат Жылдыз Жолдошева.
Даярдаган
Элдияр ЭЛЧИБЕК







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"




а ­е¦Є.НҐй«