Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Сергей
Сукало,
"Serpeus Inc." директорлор
кеңешинин башчысы:
"Мен Бакиев менен тааныш эмесмин"
"Мен бул адам менен тааныш эмесмин жана бир дагы жолу жолугушкан эмеспиз. Мени "Серпеус" компаниясын Бакиев мырза менен байланыштырып күнөөлөө болбогон сөз. Андан калса, менин жана менин өнөктөштөрүм сатып алган ишканабызга башкаруу укугунан анын макулдугу менен ажыраганбыз" деп билдирди "Вести" интернет-басылмасына "Серпеус" компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Сергей Сукало.
"Серпеусту" сатып алардын алдында бул компаниянын "Мегакомдун" активине мыйзамдуу укукка ээ бекен, кылдат текшерип чыктык. Биз "Серпеустун" ак ниет сатып алуучу жана "Мегакомдун" мыйзамдуу ээси экенине ишендик. Сатып алып жаткан учурда эч кандай соттук дооматтар жана талаш-тартыштар болгон эмес." дейт өз маегинде.
"Серпеус" жана "Грекстон" компанияларынын юридикалык даректери бирдей болуп калышы бул жөн эле дал келип калуу. "Компанияны каттоодо ырасмий өкүлдүн же агенттин жашаган жери боюнча юридикалык дареги берилет. Бул агент аталган дарек боюнча катталган компания үчүн корреспонденцияны алып, ошол компанияга жана башка кызматтарды көрсөтөт. Биз ошондо, "Грекстон" компаниясы жайгашкан дарек боюнча юридикалык дареги катталган компанияны сатып алган болобуз. Ошондой эле, ушул дарек боюнча эки жүздөн ашык ишканалар катталыптыр. Мына ушул эки жүздөгөн ишкананын бардыгы бир эле адамга тийиштүү деп айтууга негиз жок деп эсептейбиз."
С.Сукало, жакынкы үч жылдын аралыгында операторду өнүктүрүү үчүн 250 миллион доллар жумшаларын тастыктады. "Серпеус" компаниясынын башчысынын сөзү боюнча, бул инвестициялар байланыштын сапатын арттырып жана Кыргызстандын бардык аймагын, жолдорун камтууну камсыз кылат. Ошондой эле абоненттер үчүн кызмат көрсөтүүнүн тизмеси олуттуу кеңеймекчи. Ошону менен бирге, оператордун кызмат көрсөтүү боюнча наркы арзандамакчы.
"Мегакомдо" мамлекеттин укугу жана кызыкчылыгы сөзсүз эске алынат. "Мегакомго" өзүбүздүн укугубузду калыбына келтиргенден кийин, Кыргызстандын калкы бюджеттик төлөмдөрдүн көбөйүшүнөн үмүт артса болот.", - деп билдирди С.Сукало. Ал ошондой эле ак ниет сатып алуучу катары укукту таануу - бул Кыргызстандын инвестициялык климатын баалоо үчүн эң маанилүү позитив болуп эсептелет. Бул "Кыргызстанга инвестиция жумшоого болот" деген эл аралык бизнес үчүн өзгөчө чакырык болот.
Орозалы Жоошбаев




  Жаңы конуштагы жайдак күндөр

Каттоосу жок таштандыдагы жашоо
Көп жарандар шаардагы таштанды ыргытылган жерди, көз алдына таштанды толуп, түтүн басып жаткан жер деп угуп келишет. Бирок, бул таштандынын алдында жашап, ал жерди өз үйүндөй көрүп келген адамдар да жок эмес. "Алтын Ордо" Бишкек шаарындагы легалдаштырылган жалгыз гана жаңы конуш. Бул аймакта 3000 жакын үй бар, аларда 1000 үй-бүлө турат. Жаңы конуш 4 кварталдан турат, бир кварталда 100 үй-бүлө жашайт. Көбүнчө бул жердеги үйлөрдүн кожоюндары башка областтардан келгендерге ижарага берип коюшат. Көбүнчө жаңы конуштардын жашоочулары Бишкекке акча табуунун артынан келген ички мигранттар болушат. Алардын ичинен азы гана шаарда участок жери же башка областта үйү болот. Мындан улам, элдер биринчи мүмкүнчүлүгүн жер алып, үй курууга жумшашат.
"Алтын-Ордо" конушунун тургундарынын бири мындай дейт: " Мен Бишкекке Токтогулдан келгем. 2005-жылдан бери тикмечи болуп иштеп келем. Үйдү ижарага алып жашачумун, бирок баары-бир жер алып үй тургузуш керек экендигин түшүнчүмүн. Бул жерде жер сатылып жатканын уккан соң, келип 20,000 сомго сатып алгам. Биз бул жерди басып алган эмеспиз. Бүт үй-бүлөбүздүн маңдай тери менен тапкан акча каражатыбыздын баарын берип бул жерлерди сатып алганбыз"
Бирок, бул жарандын сатып алган жерине эч кандай үлүш тууралуу документи жок экен. Жерди саткан адамда да мындай документтер жок экен. Бул жерлерди 2005-жылдагы төңкөрүш учурунда мыйзамсыз басып алгандар документин кийин аласың деп сатып жиберишкен өңдөнөт.
Тургундар ар кандай көйгөйлөрдү жолуктурганга чейин жердин документин анча деле байкашкан эмес. Алар өз балдарын мектепке бере албай же медициналык жардам алууда кыйналышкан.
"Биз эч жерде каттоодо турбагандыктан шайлоодо добуш бере албайбыз, врачтарга көрүнө албайбыз, ар консультацияга барган сайын 150 сом төлөйбүз. Ал эми балдарыбызды мектепке берүү үчүн андан да көп, 1000-3000 сом төлөчүбүз. Кээ бир балдарды мектепте орун калбай калгандыгы үчүн жана каттоосу жок болгондуктан кабыл албай койгон учурлары да болот." дейт ал жаңы конуштун жашоочуларынын бири.
Ушул күнгө чейин өкмөт жаңы конуштар тууралуу бир жолу да ойлонуп коюшкан эмес. Бирок, 2011-жылы кандайдыр бир инстанциядан жер тейлөө кабары менен келишкен.
"Биз бул жерге 2005-жылы эле келгенбиз. Ал эми алар үйлөрдүн баары салынып бүткөндөн кийин, бул жылы гана келип, үйлөр таштандыдан 500 метр, мазардан 1000 метр алыстыкта жайгашуусу керек деп маалымат берип кетишти" деп билдирди дагы бир жашоочу Айнур Султангазиева.
Мындай көйгөйлөрдү кезиктиргенден кийин, жаңы конуштун тургундары өз жерлерин легалдаштырып, өз мамлекетинин толук жараны болуу үчүн өзүн өзү камсыздоочу группаны түзүүнү чечишти. Бул жер бул адамдардын жалгыз жери, алардын үйү болуп эсептелет.

Наргиза Рыскулова




  Жарандарды каттоо.

Мигранттардын балдарын дискриминациялоо.
"Жарандарды каттоо. Мигранттардын балдарын дискриминациялоо"- деген темадагы тегерек стол өттү. Бул талкуу билим берүү жаатына багытталып, мигранттардын балдарынын билим алуусуна коюлуп жаткан чектелүүлөр жөнүндө болду.
Тегерек стол убагында катышуучулар, мигранттар жана алардын мектепке бара турган балдары каршылашуучу көйгөйлөрдү талкуулашты. Борбор Азиянын Эркин Маркет Институтунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынын кыскача презентациялары болду.
Эске сала кетсек, жарандарды каттоо системасы алардын көптөгөн социалдык кызматтарды алуусунда эбегейсиз тоскоолдук болууда. Эгерде буга чейин бул система окуучулардын санын каттоого жардам берип келген болсо, анда бүгүнкү күндөгү көрүнүш ага такыр туура келбейт. Бишкектин кайсыл гана мектеби болбосун ал жерде окуган окуучулар мектеп жайгашкан микроучастокко катталган эмес. Бул көрүнүш бизге каттоо институту мектеп окуучуларынын баарын каттоого албагандыгын билдирип, эффективдүү эмес экендигин далилдеп турат. Аны менен бирге эле бул институт постсоветтик системанын жарактан чыгып калган элементи болуп эсептелет.
Андан сырткары окуу жайларынын администрациялары мигранттардын өз укуктарын билбегендигинен пайдаланып, алардан балдарын мектепке орноштурууда кошумча акча талап кылышууда. Мындай окуу жайларынын негизги аргументи бул тапшыруучунун каттоодон өтпөгөндүгү болууда.
Тегерек столдун жыйынтыгында уюштуруучулар жана эксперттер жарандарды каттоо институтун биринчи жөнөкөйлөтүп, андан кийин такыр жоюп салыш керек деген бир жыйынтыкка келишти. Ошондой эле, бир нече уюмдар бул системаны реформалоого чогуу чара көрүүгө кызыктар экендигин белгилей кетишти.
Бул тегерек столду (CAFMI) Кыргызстанда каттоо институтун реформалоо суроосун көтөрүп чыгуу жана мындан ары иштей турган пландардын биринчи тепкичи катары эсептешти.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??