Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Ала качууну мыйзам "тизгиндейт"
Ала качуунун кесепетинен ажырашууга барып такалган фактылар өтө көп. Бирок, ага чектөө коё албай, убарабыз. Бир гана үгүт иши жетишсиздик кылат. Акыйкатты, туура сөздү эч ким уккусу да келбейт. "Андыктан, аталган маселе мыйзам түрүндө каралып жатканы кандайдыр бир өз жыйынтыгын берээр" деген үмүт да жок эмес. Эми никеси расмий түрдө катталбаган жарандар жоопкерчиликке тартылат. Мындай демилге депутаттар тарабынан "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" мыйзам долбоорго киргизилиши сунушталып жатат. Мыйзам долбоордун демилгечиси Айнуру Алтыбаеванын айтымында, жаза тартуу менен өлкөдөгү ала качуу көрүнүшүнө чектөө коюуга болот. Бирок, аң-сезимге сиңип, калыптанып калган ала качуу адатын биздин чала иштелген мыйзамдар эле тескеп, тартипке салып коё алаарына жүз пайыз кепилдик берүү да мүмкүн эместей көрүнөт. Мында деле пара берүү жолу менен баары ич ара бүткөрүлө берээрин бөркүңүздөй көрө бериңиз.

Нурлан Шакиев өзүнө-өзү таш ыргытты
Маданият жана маалымат министри "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө дагы эле өзүн болуп көрбөгөндөй "сүттөн ак" кылып көрсөтүүгө далбастаган кезектеги актанууларын айтканына көпчүлүк нааразы. Ал көрсөтүүдөгү оппоненти КРнын Эл артисти Жумакадыр Каниметовдун орундуу айтылган сын-пикирлерине чычалап, министрлик деңгээлден түшүп, жаш балача кайым айтышка барганы кызык эле болду. Буга чейин эле министр мырза көктөн түшкөндөй же министр болуп төрөлгөндөй айыл чарба адиси экенин эске салгандарга ачуу бүркүп келгенин билебиз. Ал адатын дагы бир карматып: "Мен маданият тармагын жакындан түшүнгөн кишимин. Буга чейин мен массалык маалымат каражаттарын жетектеп келгем" деген таризде опурулуп алды. Бирок, эмнегедир "колдоочусу" болсо, Шакиевге окшогондор бардык тармакты жетектей берээрин эске алгысы келбеди. Анан да, "Театрдагы карыган артисттер ишке бир айда эки-үч жолу гана келип коюп, айлык алышат" дейт ал. Министр чындыкты качан көрөт болду экен?! Эми Нурлан мырза кыйынчылыкка карабастан, ак эмгектери менен иштеп жаткан артисттердин айлыгына көз артабы? Баарынан да таң калычтуусу, ал маданияттын төмөн деңгээлге түшүп кеткендигин мурдагы саясий системага оодара салды. Анда Шакиев кайда эле? Президенттин оң колу болуп, анын камчысын оңду-солду чаап, Пресс-катчылык кызматты аркалап жүргөнүн түш сыяктуу унутканбы? Ошондо сүйүктүү Ажосуна: "Итке минген маданиятка бир аз көңүл бураар бекенсиз?" деп эмнеге айтпады экен?..

Жапаров шайлоодон чочулап турат
Күзүндө боло турчу Президенттик шайлоо көпчүлүк саясатчылардын түн уйкусун бузуп аткан учур. Айрыкча шайлоо боюнча мыйзамга толуктоолор кирип, мурунку шайлоо ыкмалары алынып салуу сунуштары депутаттар тарабынан айтыла баштагандан бери айрым саясый күчтөрдүн чекесине чыккан чыйкан болуп, алардын "шайлоону бурмалоо" пландары ишке ашпай калчудай болуп калды. Жаңы мыйзамдын бекип калышына айрым бир саясатчылар бут тосуп жатканын кечээ "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров комитеттик жыйында баса белгилеп өттү. "Биз мурдагы жасалма, бурмаланган шайлоолорду болтурбоо үчүн, шайлоо боюнча мыйзамга толуктоолорду киргизишибиз керек. Бүгүн Кыргызстан таза жана калыс шайлоого муктаж. Болбосо баягы эле колунда бийлиги жана акчасы бар адамдар өтүп кетээринде шек жок" дейт депутат Акылбек Жапаров.

Ташиев тиреши узакка созулабы?
К. Ташиевдин айланасындагы "чуулгандуу бурулуштар" дале өз күчүндө. Ал бүгүн же эртең эле басылып калчудай көрүнбөйт кыязы. Мындай саясий тирештер негизинен Чубактын кунундай узакка созулчу эле. Ташиевди колдоочулардын митингге чыкканы да мунун чет-жакасын далилдеп тургансыйт. Бул бери эле жагы. Дагы канча "сюрприздер" чыгат, ким билсин. Камчыбек мырзанын айтымында, ага бир гана саясий кызыкчылыкка негизделген атаандашуунун чабуулу башталган. Ташиев Б. Сулеймановдун артында кимдер турганын эң жакшы билээрин айтса, тескерисинче, Сулейманов бул ойду жокко чыгарат. Анын пикиринде, Ташиев бул жерде жаңылышат. Ал эч кандай саясий кызыкчылыктын куралы болбойт. Ал баарынан да жигиттик ар-намысын алдыңкы орунга коёт экен. Кызык жери, андай болсо, Бахадыр мырза Ташиев менен эмнеге сүйлөшүүдөн качат? "Эр чекишпей, бекишпейт" дейт кыргыз. Намыстуу жигит кандай маселе болбосун, арттан сөз ыргытпай, касташканына көзмө-көз жолугуп, тике карап, жигиттерче сүйлөшүп, компромисске бара билген…
"Кандай болбосун, Камчыбектин аракеттери анын жигитчилигинин дагы бир далили. Сулейманов коркоктук кылып, окуяны ырбатып жатат. Ал чийинге кирген суурдай болбой, адилет болбойбу!" деген ойлор да басымдуу кылат.
Буга карата бир гана суроо пайда болот. Кайсы "кеменгер" Баш прокуратурага Ташиевдин иши боюнча шилтеме кылды экен? Ал ким болсо да, мындай кадамы менен жылаандын куйругун басаарын аңдаса болот эле да. Бүгүн Ташиевдин кылычын сындырган менен эртең анын экинчи колундагы калканын оңой эле тартып алуу мүмкүн эмес го. "Бул Президенттик шайлоого гана кедергисин тийгизбесе экен" деген тилек…

Уркаш Мамбеталиев - унутулгус талант
Маданияттын нагыз каймактары удаалаш дүйнө салып, адабият казынасын томсортуп турган мезгил. Кечээ эле кыргыз адабиятында биринчилерден болуп, тарыхый жанрды дүйнөлүк деңгээлге чыгарган чыгаан жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков эли менен кош айтышса, ага удаалаш эле Манасчылык өнөрдүн мартабасын арттырып, анын баалуулугун даңазалап келген Уркаш Мамбеталиев да арабыздан кеткени кейиштүү. Кандай айтсак да, ажалдын улуктугуна каршы туруу мүмкүн эмес. Даңазалуу талант, айтылуу манасчы - Уркаш Мамбеталиевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Залкар таланттардын эмгеги эгерим унутта калбайт!


Кайрадан реформа…
"Сот" десе эле көзүбүзгө кадимки оттун өзү элестеши мүмкүн. А от коркунучтуу. Кыргыздар: "От менен ойнобо!" дейт. Эми ошол биз чоочулап, корккон оттор, ой, Соттордун ишмердүүлүгүнө карата реформалоо аракети башталгандыгын айтышат. Жакында эле Жогорку Сотто Кыргыз Республикасынын Сотторунун lХ кезексиз съезди болгон. Анда Сотторду реформалоо боюнча кабыл алынган мыйзамына ылайык Сотторду тандоочу Сот кеңешин түзүү максаты каралган. Баш мыйзамдын беренесине ылайык, Соттор кеңеши Соттор менен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлөт. Парламенттик көпчүлүк менен Парламенттик оппозиция Сот кеңешинин үчтөн бир бөлүгүн тандашат. Жакынкы аралыкта Жогорку Кеңеш Сотторду шайлай турган Соттор кеңешинин курамын түзөт.
Кептин баары эми: "Соттор кеңешинин курамына кандай адамдар келет?" деген суроого барып такалат. Биз эми койлорду карышкырга кайтартпасак эле болду. Анткени, биздин системада накта коррупционер гана: "Коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылабыз!" деп айтат экен…

Бековдун белин ким "сындырды"?
Өлкөнүн айыл чарбасы жыйырма жылдан бери өнүгүп - өсө албай, ара жолдо келатат десек жарашаар. Дыйкандар менен фермерлер эптеп эле өлбө жаным өлбө болуп, мамлекеттин жардамына муктаж. Жаңы өкмөттүн курамы менен Айыл чарба министрлигине келген Т.Беков өлкөнүн айыл чарбасына жигердүү салым кошуп, анын өнүгүп кетишине жол издейт деп турсак, кайран жигит теңирден тетири иш баштаганы туру. Ал Саламаттыкты сактоо министрилигинен уруксат алып, өлкөбүзгө ветеринарлык дары-дармек жасай турчу цехтерди ачууга максат кылып жатыптыр. Анын мындай сунушун жактырбаган эл өкүлдөрү, айрыкча депутат Д.Ниязалиева карама-каршы чыкты. "Бүгүнкү күндө дары - дармек жасоо оюнчук эмес. Ага кандайдыр бир деңгээлде жоопкерчиликти алыш керек. Эртең ал дарыңардан малдар ооруп, андан адамдарга да жукпай койбойт деп ким кепилдик берет?" -деп Д.Ниязалиева министрдин оозун жап кылды. Чындыгында башка иш калбай калгансып, Айыл -чарба министрлиги дары жасоо менен алек болуп калса, айыл -чарбанын башка муктаждыктарын ким жасайт? Дегеле, биздин мамлекет азыр дары жасай турган деңгээлде турабы? Жасап, мал оорууларынан арылтып жакшы жышананы баштап кетсе жакшы, акча бөлдүрүп алып "ап" этип кетсечи?


"АС-пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??