Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Элдики - элге болсун!

Кен байлыктар - эл ырыскысы,
эл аны уурдатпоого тийиш
Бир эле Талас районунда бүт республикага аты белгилүү болуп калган "Жерүй", "Талды-Булак", "Андаш" кендери бар. Бул кендер элдин кызыкчылыгын эске алуу менен туура ишке берилсе мамлекетибиз үчүн чоң пайда алып келмек. Аталган алтын кендеринин ичинен "Жерүй" кени ушул кезде эң көйгөйлүү маселеге айланды. Мүмкүн азыркы өкмөт кандай гана болбосун бул кенди иштетебиз деп турса керек. Бирок, элдин талаптары аткарылмайын кен иштеп кетүүсү күмөн. 1990-жылдардан бери ушул кезге чейин кеминде 74 тонна алтын кору бар "Жерүй" кени токтоп турганы бекеринен эмес.

Себеби, айрым алдым-жуттумдар ушул кезге чейин баш салып келгенинен улам, азыркы тапта жергиликтүү эл, эл ырыскысын алардын алаканына оңой-олтоң эле салып берип коюуга жол бербейт. Биздин билишибизче, кенди казып алуу иштери улантылып кетпей жатышынын эң негизги себеби, мындан мурдагы жетекчилердин коррупциялык иштеринин кесепетинде ар кайсыл компаниялар менен мамлекетке жана элге пайдалуу боло тургандай иштерди жасай алышпагандыгы болгон. Ал эми азыркы өкмөт дагы "Жер үй" кенине салкын эмес мамиледе болгону менен алардын ич ара ар кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп өзүм билемдик менен эски чабылган арыктын нугуна түшүп алдыбы, ал белгисиз. Эл менен болгон өкмөттүн ою бир жерден чыгабы жокпу, эл койгон талаптарды азыркы өкмөт аткара алабы, буга чейин биздин коом көтөрүп чыгып, атайын Инвестициялык кеңеш түзүлүп ага жергиликтүү кен чыккан аймактын, керек болсо калыстык үчүн ар бир уруудан экиден Инвестициялык кеңештин комиссия мүчөлүгүнө бекитүү талабы аткарылабы, баары табышмак бойдон калууда. Бирок, биз өз кенибизди мамлекет жана эл үчүн ак иштетип алууга, аларды көзөмөлгө алууга толук кудуретибиз жетет. Бул жагдайдагы иштерди токтотпостон президентке, өкмөткө, министрликке кат аркылуу бир канча ирээт кайрылганбыз. Өкүнүчтүүсү эч биринен жарытылуу жооп ала алган жокпуз. Тоо-кен тармагына инвестиция тартууда чоң каталар буга чейинки мамлекеттик чиновниктердин билип-билбей кетирген каталарынын негизинде болуп келгени баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү министр Эсенамановдун аракети менен деле иш алдыга жылат деп айтуу кыйын. Эми кандай болот, негизги көйгөй ушул. Инвестор тандоодо же бөлөк мүмкүнчүлүктөрдү тандап алууда жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын эске албай коюуга болбойт. Убактылуу мамлекеттик экономикалык кыйынчылыктарды чечүү бул, негизги маселе эмес. Негизги маселе - Кыргызстандын эли. Кен байлыкты он, он беш жылда казып бүтүрөбүз, элибиз түбөлүктүү. Кыргызстандын экономикасын өкүтүрүүдө тоо-кен тармагы негизги тармактардын бири. Эми ушул тармакты мамлекетти жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө туура пайдалана албасак, анда башка тармактарыбыздан жыргап кетээрибизге көз жетпейт. Буга чейинки кетирген каталарыбызды кайталабай инвестор тандоодо же башка жолдор менен иштетүүдө жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү эске алып иш алып барганда гана тоо-кен тармагын бийик деңгээлде өнүктүрө алабыз деп ойлойм. Ал эми эл өз ырыскысын уурдатпай, кендерибизди дыкат көзөмөлүнө алаарына терең ишеним бар.
Кубанычбек Молдобеков,
"Каратал-Кушчу" (Кутчу)
коомунун төрагасы




Кыргызстандын келечеги үчүн-Митинг
Максаты: Жашыруун жүргүзүлүп жаткан коомдук-саясый маанилүү маселелер боюнча калкка маалымат берүү, Кыргыз Республикасынын ЖКне жана Өкмөткө талаптарды билдирүү
Формасы: Митинг түрүндөгү нааразылык акциясы
Кайда: 22-июнь 2011-жыл. Саат 10-00дөн 13.00 чейин. Бишкек шаарында Ак үйдүн алдында өткөрүлөт.
Митингди уюштуруучу: "Кыргызстандын Жаңы Күчтөрү" Элдик Бирикмеси

Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын эли эгемендүүлүк алгандан бери ушул күнгө чейин кыйын турмушту башынан кечирүүдө. Жыйырма жыл аралыгында жалпы элдин турмушун жакшыртууга чындап кам көрүлбөй, бийликтин кайдыгер мамилесинен улам, азыркыдай экономикалык оор абалга туш болдук. Башкаруучу чөйрөдөгү азганактай топ, сасык саясатчылар бир бүтүн кыргыз элин жеке кызыкчылыктары үчүн түндүк-түштүккө, урууларга бөлүп, паракорчулук, жердешчилик, казына уурдоо, зордук-зомбулук өкүм сүрүп келди. Бул көпчүлүк жарандардын пикиринде азыр да уланууда.
Расмий баа берүүлөр боюнча Кыргызстандын такталган жаратылыш ресурстары болжол менен 100 триллион АКШ долларына бааланган. Орточо ар бир жаранга 20 млн. долларга туура келген табигый кен байлык бар. Бирок биз дагы эле жакырчылыкта жашап, күнүмдүк тиричиликти сырткы карыздын эсебинен өткөрүп келебиз. Ал эми дүйнөнүн көп өлкөлөрү Кыргызстандын байлыгына ар кандай жолдор менен ээ болууну каалашууда.
Албетте, кен байлык элге иштеши керек. Бирок чет өлкөлүктөргө туш келди, пайдасыз шартта берүүгө таптакыр болбойт. Бирок, ага карабастан мурдагы бийлик да, 2010-жылдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген азыркы парламент жана Өкмөт дагы, кен байлыктарды иштетүү жана башка саясый жана экономикалык чечимдерди, мамлекеттин кызыкчылыгын жана калктын пикирин эске албастан, элге кеңешпестен кабыл алууда. Ал келишимдердин маани-мазмундары да элге белгисиз.
Биз, " Кыргызстандын Жаңы Күчтөрү" Элдик Бирикмесине баш кошкон, жигердүү аракеттеги коомдук уюмдар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөт башчысы төмөндөгү мүдөө-талаптарды аткаруусун талап кылабыз:
1. Кыргыз жарандарынын укугун өлкө ичинде жана сыртта толук түрдө коргоо боюнча тартип-көзөмөлдү күчөтүүнү,
2. Кыргыз - Кытай темир жолунун курулушун токтотууну,
3. Кыргызстанга куруу болжолдонуп жаткан биологиялык лабораториянын курулушун токтотууну,
4. "Кумтөр" алтын комбинатынын иштөө келишимин жокко чыгаруу жана бир тараптуу чечим кабыл алууну,
5. Стратегиялык жактан маанилүү мамлекеттик объектилерди сатууну таптакыр токтотууну,
6. Кыргызстан Бажы Биримдигине кирүүсүнө карата экономикалык кызыкчылыктары себептерин түшүндүрүүнү, эгер туура келбесе Бажы союзуна кирүүнү токтотууну,
7. Банктарга карыз адамдардын кредит төлөө мөөнөтүн узартууга, күрөөгө коюлган үйлөрдү тартып алууга жана айып төлөмдөрдү (пеня) төлөтүүгө мораторий киргизүүнү талап кылабыз. Өкмөт Улуттук Банк менен бирге "Банктар жана банк ишмердүүлүгү" мыйзамына "кардарлардын укуктарын коргоо" тууралуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун даярдасын!

"Кыргызстандын Жаны Күчтөрү" Элдик Бирикмеси
Кошумча суроолор боюнча "Кыргызстандын Жаңы Күчтөрү" Элдик
Бирикмесинин басма сөз кызматына кайрылыңыздар!
Тел: 0312 89-63-55. Эл.дарек: kjk_kg@mail. ru






кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??