Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Кымызканадагы кызуу кеп

"Президент- маладес"
Ош базарында таң заардан кымыз, бээнин сүтү сатылчу жай бар. Айылдан келгендер ал жерге апкелген азыктарын өз баасында тапшыра салып эле кайра артка кетишет. Арзан кымыздын кынуусун алгандар таң эрте чөкө таандардай болуп, базардын ар тарабынан топтоло беришет. Чөкө таан адамдарга күн аралап мен да кошулуп калам. Ал жердин чөйрөсү башка, сөзү башка. Кымыздын, ысык нандын даамы да башка. Бирок ал жердин саясаты- бүт кыргыздын саясаты.

- Президент маладес кен, таңгөрү. Кыргыз тилин кичинекей класстардан окуша турган болдубу эми, тили буруулар?
- Ой, ал жөн эле чогулушта айтылган кеп да. Эмне, Отунбайеба Назарбайып болуп калыптырбы. "Казакча үйрөнөсүңөр" деп Назарбайып бир чогулушта эле айтып койгон экен, карачы казактарды. Орус, каристердин баарын казакча сүйлөтүп таштады.
- Туура айтат мобул. Бизде президенттер сүйлөп коё берет да. Аны аткарган ким бар. Башка элдерди мындай коюп, биздин Кулупту эле кыргызча сүйлөтүп бергилечи.
- Бирок Отунбайеба маладес кен. Чет өлкөгө барса эл түшкөн самолетко эле отуруп кете берет турбайбы. Барган жеринде кааласа англисче, кааласа прансусча, орусча аралаштырып сүйлөйт. Маладес.
- Ой, аның кеминче да сүйлөй алат.
Баарыбыз бир каткырып алдык.
Ысык нанга жиберген балабыз келип, кымызга жылуу нан малып, артынан кымызды кылкылдатып, бир топко чейин сөз токтоду.
- Өзүбектер менен уруш ырас эле чыгыптыр.
- Эмнеге? Аны Отунбайеба басалбай койду деп жанагы Жолдошеба деген семиз аял сотко берем деп жатпайбы?
- Сот ошону укмак беле. Сот, прокурорлордун баарысын Бекназарып коркутуп алган имиш.
- Ошто өзүбектер кыргызча сүйлөп калышыптыр деп Ноокатка барып келген Көлдүк бир абышкадан уктум.
- Өзүбегиң куу болот. Отунбайеба апамыз айтты деп 3-4 жыл кыргызча сүйлөмүш болот. Анан кайра эле колтукка кирип алгандан кийин карап тур- баягысын баштайт.
- Жок, жанагы Мелис деген баланы өзүбегиңди да, кыргызыңды да ийдире койчу бала дешет.
- Ой, өзбектер анын деле тилин таап алышат.
- Таңгөрү, менин жаш кезим болсо го...
- И-и, өзүбектен аял алмак белең?
- Өзүмдүн аялыма алым жетпей жүргөндө өзүбекти эмне кылам. Мен кыргыз эмес мектептерге кыргыз тилин киргизмекмин.
- Усубалиев жердешиң ошого макул болмокпу?
- Бирок анын көзүн жазгыргандар деле болгон убагында.
- Ассалом алекум, аксакалдар.
- Ой, кел, кел. Отур мындай, бир аз ары жыл.
- Сүйлө, баатыр.
- Кечээ филармониядагы Курултайда Отунбаева кыргыз тилин башка улуттар да кичинекей класстардан баштап окуйсуңар дегенде манасчы Уркаш сүйүнүп кетип, жүрөгү чыдабай кайтыш болуп кетиптир дейт.
- Ой тоб-бо, ошо чын бекен?
- Эне тилди башкаларга окутуш оңой бекен силерге.
- Отунбайева маладес кен анда.
- Эмне, Уркашты өлтүргөнү чүнбү?
- Келжиребечи, акмак болбой.
Көрсөтүп ичкен кыргыз кымыз менен көрсөтпөй ичкен орус "кымыздын" аралашып кеткени билине баштады.
Машакбай РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??