Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Куйручуктан куйкум кеп
КУУДУЛДУН АДИЛЕТТИГИ
Куйручук он сегиз жолу балбанга түшүп, анын экөөнөн гана жыгылган. Бир жолку тойдо күрөшкө кармаганын кабыштырган чоң балбан түшүп калат. Буга кадимки Кожомкул эле болбосо, башка балбан даап чыкмак эмес. Балбан чыкпай жатканда Кукең жулунуп: "мен чыгам" десе болобу!
- Кой, кудай урган. Сени тигил улактай чаап салбайбы,- дешет айрымдар.
- Эй, чыгам, мени да эне төрөгөн-деп болбой чечинип чыгат. Бер жактан эле бука болуп мөөрөп, жер чапчып чыгат. Аны көргөндөр боорлору эзилгенче күлүп кыйрап жатышты. Ансайын Кукең төрт аяктай калып, жер челген болуп өкүрөт. Балбан кармайын деди эле, колтугунан булт берип кетти. Эптеп ошентип элди күлдүрүп жатып, балбан байкабай бир суурдун ийнине кептелген экен, көзүнө топурак чачымыш болуп жалтанганда камынтпай чалкасынан салып кетет. Балбан ыза болуп кайра күрөшөм деп чатак кылды. Ага эл болгон жок. Бирок адилет куудул: мен муну жыкканым жок, өзү жыгылып кетти. Мени небак эле жыгып коймок деп, көңүлүн оорутпай байгенин теңин бердириптир.

ЖУУРАТ
Нарын тарапта Касымалы ажы деген чоң манап болуп, дөөлөткө мас неме өткөн-кеткен жолоочуларды мазактап, кайрылып салам бербей кеткендерди карматып келип тепкилетип, кудайы конок болгону келгендерди шылдыңдап, жакпаса сабатып, "өзүнүкүн өзүнөн аяйт белем" деп, өз атын союп коноктоп, эртеси ээрин көтөртүп жөө айдоочу экен. Куйручук ошол манаптыкына барып калат. Эшиктен кирип салам айтып, алик албаган соң унчукпай төргө өтүп, тигинин оң тизесин баса отурат. Манап куудулдун чоо-жайын сурабай:
- Эй, ким бар? Конокко жуурат алып келгиле! -деп буюрат. Мырзасынын бир шойком жасаарын билген анын көпкөн жигиттери ыржактап күлүшүп, эки аякка толтура жуурат алып келишет. Тигил жуураттан улам ууртап жутуп, улам итче "ырр" деп Куйручукту карай берет. Кукең бир маалда иреңин бузуп, көзүн чакчайтып койду. Карап турган жигиттер боору калбай күлүштү. "Эй, чүчкүргөн кара текедей болгон кесепети. Шишиң толгон экен" деп, Кукең жуураттан чоң уурттап:
- Вафф, вафф, - деп тигинин бетине бүркүп салды. Өз төрүндө мындай ыза көрбөгөн манап мостойду. Жигиттери буйрук күтүп турду.
- Эй, бул эмне кылганың? -деп сакалынан куюлган айранды аарчыды манап.
- Эмне эле Алыбайдын ала букасындай көзүңдү чакчайтасың? - деп, кебетесин бузуп, көзүнүн үстү менен карап ормоюп койду эле Касымалы чындап ыза болду.
- Чоң кара дөбөтчө жууратты кызганып ырылдадың.мен Момунбайдын монтоңдогон кара күчүгү болуп борсулдап үрдүм! Оозум жууратка толтура кезде ыркыраган өзүң күнөөлүүсүң,- дегенде, сөз таппай калды. Дагы кудум күчүктөй кыңшылап, борс-борс үрүп койду. Буга манап да күлдү. Куйручуктан башка киши болгондо куп гана жазасын алмак.

"БУЛ КАЙДАГЫ ДОңУЗ?"
Касымалыныкына конгон Куйручукка өз атын союп коноктошот. Кечки конок маалында чоң чара этти колдошуп көтөрүп эки жигит кирет. Алардын артынан "май жукпас" деген бир эптүү жигит келип:
- Куйручук мырза, биздин манап ушундай март. Сизди куру жатпасын деп өз атыңызды союп коноктоп жатат. "Ачка жатпасын, өзүнүкүн өзүнөн аямак белем",- деди. Капа болбоссуз!
- Ой, оролмо тоонун котур текесиндей болгон кургурум. Билем! Манабың туура эле кылган. Эзели тоюнбай, жуурат жумуруна жукпай, канаты жулунган куштай, алкы араандай ачылып, ары өткөн-бери өткөнгө асылып, аты арык болсо да сойгузуп, сага окшогон залимдерди тойгузуп, мырзаң экөөң жолоочудан үмүт этип калыпсыңар. Туура эле кылдыңар,- дейт, ошол жердеги жигиттерди күлдүрүп. Касымалынын үнүндөй кылып тигини алып кел деп жигиттерди күлдүрүп отурду. Тышта тыңшаган жигиттери Куйручуктун сөзүн төкпөй-чачпай жеткирип турду. Сөзгө жагылган манаптан оозбасырык үчүн тогуз топоз, тору атын алмай болду. Касымалы тогуз байга тогуз жигитин чаптырып, түндө эле угары менен камдаткан, онунчу кылып карала топозду байлатты. Эгер Куйручук онун тең ала турган болсо, "ууру" деп өзүн токмоктоп, топоздорду кайра айдатып алмак болот. Кукең колуна чоң укурукту алып: "Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз. Бул кайдагы доңуз?" деп карала топозду сабап агыттырды. Көпкөн жигиттер бирин-бири карашты. Кокус тигил карала топозду кошо айдатса, кайра баарын тартып алышмак болчу.









кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??