Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Асыл адамдар
КӨЗДҮҮ МОНЧОК ЖЕРДЕ ЖАТПАЙТ
Шүкүрбеков Райкан,
Шурудай тизип ыр жазган.
Таланты менен ал өзү,
Тарыхка тете сыр ачкан.
Райкан Шүкүрбеков /1913-1962-жж./ кыргыз жазма адабиятын түптөөчүлөрүнүн тунгуч муунунун таланттуу өкүлү. Ал 1913-жылы Талас жергесиндеги Кара-Буура районунун Ак-Чий айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинен эрте айрылып, өткөн кылымдын 20-жылдарынын башталышында Тараз /Жамбыл/ шаарындагы Балдар үйүндө тарбияланат. 1928-жылы Фрунзеге келип, татар мектебинде окуп, 1929-жылы Кыргыз педагогикалык техникумуна өтүп, аны 1933-жылы аяктайт. 1938-жылдан өмүрүнүн акырына чейин филармониянын адабият бөлүмүн башкарган. "Күрөш", "Бейит арасында", "Айдар", "Жапалак Жатпасов", "Менин айлым", "Акындын үмүтү", "Жашыл токой", "Белгисиз киши" аттуу пьесалары өнөр секисинде коюлуп, көрүүчүлөрдү маашырланткан.
"Жер жөнүндө терме", "Кыз-жигит", "Насыят терме", "Жинди суу", "Рахмат койчу чабанга" термелери Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин репертуарын байыткан. Райкандын чыгармачылык өнөрү көп тармактуу. Ал ыр, драма, легенда, аңгеме, тамсил, котормо жаатында, балдар темасында жетиштүү иштеген. Р.Шүкүрбековдун адабият мурастарынын бири - Атай Огомбаевдин чыгармачылыгы болгон.

АТАЙ

Менин атактуу Атайды биринчи жолу көрүшүм мындай болду.
1935-жылдын жай айлары аяктап калган кезде, азыркы Чалагыз комузчу, театрдын алдында отурсам келип, ээрчитип жөнөдү. Мен, комузчу, ырчыларга үйүр элем, "кайда барам?"- дегеним да жок. Ээрчип алдым. Чалагызды көрүп абдан кубандым, анткен себеби: буларды бир-эки айдан бери көрбөй калгам, жылда колхозго оюн коюшуп, эл шайырлары менен кошо жүрчү элем, быйыл бизди - "артисттик чеберчиликтен" - окуйсуңар деп окутуп койгон, ошондуктан Чалагызды көрүү мага абдан кубанычтуу болду. Аны көргөндө эле ак тышы бар чоң кара көрпө тебетейи бар Мураталы, сүлөөсүн тебетейин сеңселткен Карамолдо, эки жагын каранып өтө кайраттуу баскан Калык, коюу кара мурут Осмонкул, бала кыял Адамгалий, өлгөндү да күлдүргөн Шаршен, Көкөтөйдү көркүнө чыгара айткан Актан, кадимки Муса , белгилүү Саит жана башка комузчу, кыякчылар көз алдыма элестей түштү.
Мен, Чакемин үйүнө барат экенбиз го, анда эл акындары чогулуп отурса керек деген ойдо болдум. Ушул эле Кызыл-Октябрь көчөсүндө артисттер туруучу короо бар эле, ал дагы эле турат. Анда шаардагы дурус үйдөй көрүнүүчү, азыр шаардагы эң жаман үй ошол болсо керек. Эмнегедир ал үйдүн тушунан өтүп кеттик.
- Кайда барабыз, Чаке? -дедим.
- Жүрө бер, сени Мадыныкына алып барам, -деп койду. Чакемдин өңүн карасам, өңүндө кандайдыр бир кубанычтын белгиси бардай.
- Анда эмне бар, Чаке? -деп, кайра сурадым.
- Барганда көрөсүң! -деп койду.
Мады чалды билүүчүмүн, азыркы Московский көчөсүнүн Совет көчөсү менен кошулган жеринин чыгыш тарабында боз үй болор эле. Ошондо отурушкан го, деп баса бердим.
(Уландысы бар)
Райкан ШҮКҮРБЕКОВ.
О2.09. 60-ж.




"КӨЗДӨРҮ ЖҮЗ ПАЙЫЗГА КӨРГӨН МЕНЕН,
КӨӨДӨНҮ СОКУР БОЛУП КАЛГАНДАР КӨП"

- Аккордеондо, гитарада, ямахада ойнойм, музыка жандуумун. Өзүм Ноокаттын Ак-Булак айылынан болом, -дейт бет алдыбызда кара көз айнек тагынып отурган жигит. - Көздөрүм ак менен караны жакындан ажырата алат…
Өзүн Асылбек деп тааныштырган жигит менен аңгемелешип отурдук. Кызамык оорусунан өтүшүп кетип, үч жашында ушинтип калганын айтып отурду ал. 2005-жылдан бери борбор шаарда жашап келет. 1-топтогу майып. Шаарда туруктуу пропискасы жок. Атайын комбинатка барып иш сураса, азыр иш жок деп жолго салыптыр. А эмне үчүн айылда калбаганын сурасак:
- Айылда жашоо татаалдашып кетти. Көздүүлөр жанын бага албай жатканда… биздейлерге өтө кыйын болуп калчудай. Айылда тойлордо ырдап жүрчүмүн. Беш бир туугандын экинчисимин. Бул жакка келгеним жакшы эле болду. Эл катары эле өтүп жатат жашоом. Дордойдо, Орто-Сай базарларында ырдайм.
- Жеке турмушуң тууралуу айтып берчи…
- Жеке жашоом деле башкалардыкындай өтүүдө. Биринчи аялым менен ажырашып кеттим. Эжемдер сүйлөшүп үйлөндүрүп коюшкан, бирок, келише албадык. Бир кыз, бир балам бар андан. Кызым 1-класска барып калды. Ал эми азыркы келинчегим менен эки жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп үйлөндүк. Үй-жайыбыз бар. Балабыз Бекболсун төрт жашка чыгып калды. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Бири-бирибизди сыйлап, түшүнүүчүлүк менен мамиле жасайбыз. Эң негизгиси, ортобузда бири-бирибизге деген сүйүү бар экенине ишенем.
…Өткөндө, жазган ырларымды бир гезитке алып барсам, менин тагдырыма өздөрү да кошуп жазып коюшуптур. "Суточный квартирада 50 сом төлөп жашап жүрчү" дешиптир. Бул мага катуу тийди. Ата-энем, бир туугандарым эмне деп ойлоп жатышат. Антпей эле бүт ыңгайлуулугу бар 5 миң сомдук квартирада жашачумун. Анан, "биринчи аялы колуна кол, бутуна бут болуп турчу" дейт. Андайы да болду, анын тескерисинче да болду. Бул дүйнөгө жаралган пенде болгон соң, ар кимдин башында бир тагдыр бар да…
…Мен бул жашоодон алчумду ала тургандыгыма ишенем. Консерваторияга тапшырганы даярданып жүрөм. Кудай буюрса, көөдөнүмдө көксөгөн максаттарым арбын. Ал максаттарыма акырындап жетемин го дейм. А тиги гезитте мени "жалындаган сезими өчүп баратат, сүйүүсү бүтүп баратат" кыязда сүрөттөгөнү таптакыр туура эмес. Мени алар таптакыр пессимист, байкуш кылып коюшканы натуура!..
Асылбектин сөздөрүн угуп отуруп, анын пикирине кошулбай коё албайсың. Ырас, ар кимдин башынан өтүп аткан пендечиликти айтып түгөтө да албайсың. Азыркы оош-күүш заманда кыйналбай жашап аткан ким бар экен? Түркүн тагдырлар кимдин башынан өтпөйт экен? Керек болсо, байлар да ыйлашаарын баарыбыз билебиз го.
Асылбектин сөздөрүн угуп отуруп, көптөгөн чындыктарга ынандым. Ыйман, ынсап издеп, өз каражаты менен жан багууга көнүп калган адамдарды кантип сыйлабайлы. Андан көрө, алты саны соо туруп, ансыз да жакырланып турган элдин мойнуна минип алып жан баккандарды не дейбиз?!
- Өзүбүздүн көкүрөгүбүзгө сактаган талантыбызды сыртка чыгарып ырдайбыз. Ошону менен алаксыйбыз. Ошону менен жашайбыз. Мен базарда эки колумду сунуп кайыр сурап жүргөн жокмун. Өзүмдүн өнөрүмдү көргөзүп тыйын таап жүрөм. Көрө албаган бузукулар муну бузуп айтат. Бул жагынан казак туугандар кайрымдуу келишерин баса белгилегим келет. Дайыма Алматыга каттап турам. Алар өнөр-шыкты баалашат. Ырдап атканда көкүрөктөгү нерселер чыгып кетет. Акчаны деле ойлобойсуң, ырдап аткан убакта…
…Асылбек сүйлөп отурду. Орундуу сүйлөгөн бул жигит отуз жашка толо элек. Жашоого, турмушка, ырга, музыкага, эл-жерине, балдарына, аялзатына болгон сүйүүсү толкуп-ташып, алды жагын зор үмүт менен карайт. Келечектен көп-көп нерсени үмүт кылган ниетиңен айланайын, иничегим! Бар бол! Балаң Бекболсун, өмүрлүк жарың менен бир болуп, бул турмуштун балдай даамынан тат… Кудайым, пендем десең, көөдөнү сокурлуктан сактасын!
Нурбүбү БӨДӨШОВА


ЫЙМАНГА ЖҮРӨГҮБҮЗ
ТОЛСО ЭКЕН
Ар түрдүү адамдарды жолдо көрдүм,
Артымдан, оң да көрдүм, сол да көрдүм.
Ар кимдин мүнөзүнөн ойго жыйнап,
Акырын, кылдат менен онго бөлдүм.

Ыймандуу,адептүүнү кез көрөмүн,
Ыймансыз, таш боорлорду көп көрөмүн.
Ыймансыз ошолордун мүнөзүнөн,
Ызадан арыла албай бөксөрөмүн.

Ак жүрүп, адал жүргөн тууру көрдүм,
Апыртып, алдап жүргөн кууну көрдүм.
Алсыздын капчыгына колун салып,
Адалсыз акча тапкан ууру көрдүм.

Баласын ата-энеси таштап кетип,
Баласы ата-энесин бакпай кетип.
Байкачы, ар тарабын байкап көрчү,
Баратат абийирибиз артпай кетип.

Кедейдин көңүлүнө санаа артып,
Керкейбе байлыгыңды ага айтып.
Кедей-бай, баарыбыздын жолубуз бир,
Кетээрбиз топуракка аралашып.

Көрүүнү арман кылган адамдар көп,
Көрсө да көрмөксөнгө салгандар көп.
Көздөрү жүз пайызга көргөн менен,
Көөдөнү сокур болуп калгандар көп.

Ар жаман адаттарды койсок экен,
Алланын азабынан корксок экен.
Ырымдын аягында тилегеним,
Ыйманга жүрөгүбүз толсо экен.

Асылбек НАРБАЕВ.







кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"









??.??