кыргыз тилиндеги гезит "Айкын Саясат"

  Жаштар неге нааразы?

"Bета Sтоrеsтеги" бейбаштыктар…
18-июнда эртең мененки саат 9.30-10.00 дор чамасында Чүй көчөсүндө жайгашкан "Bета Sтоrеs" соода борборунун алдында үч сааттан ашык убакытка созулган тынчтык акциясы болуп өттү. Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, алар өзүбүздүн кыргыз жаранынын укугун коргоо максатында нааразычылык ойлорун билдирип чыгышкан.
Буга чейин эле массалык маалымат каражаттары дал ушул биз сөз кыла турган окуя боюнча жазып чыгышканы маалым. Бирок, көндүм адат боюнча бийлик тараптан эч кандай реакция болбогондуктан жаштар бирдиктүү дем менен тынчтык митингине чыгууга аргасыз болушкан. Белгилей кетсек, ушул жылдын 16-апрелинде "Bета Sтоrеs" соода борборунда иштеген кыргыз жараны Чолпон Орузбаеваны Түркия жараны Гүнеш Йылмаз күч колдонуп, зордуктоого аракет жасаган. Ал каршылык көрсөткөн кызды аёосуз ур-токмокко алып, сабап салган. Натыйжада, жабырлануучу Чолпон Орузбаева оор абалда оорукананын реанимация бөлүмүнө эки күн жатып, операция болгон. Азыркы тапта да кыздын толук жакшы болуп, сакая электиги айтылат. Ал эми күнөөкөр тарап, тагыраагы Гүнеш Йылмаз эч кандай жаза албастан, Сот жоопкерчилигинин негизинде жоопко тартылбастан, Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул иш боюнча Соттун адилетсиз, кайдыгер мамилесине жана түрк жаранынын эч нерсени тоотпогон өзүм билемдиги, Кыргыз Республикасынын Конституциясын сыйлабагандыгы, а башкысы, адамгерчиликке сыйбас ишти жасап, бирок, абийир Сотунун алдында да жооп бергиси келбеген тоң моюндугу акциянын катышуучуларынын кыжырдануусун жаратып, бир топ нааразы пикирлер айтылды. Бул учурда жөн гана жолдон өтүп бара жаткан элдер да тынчтык митингине күбө болуп, өзүлөрүнүн калыс көз караштарын билдиргендер да болду. Дагы бир маанилүү жагдай, акцияга атайын алыстан ат арытып келген жаш лидерлер да катышып, намыска ширелген жалындуу ойлорун ортого салышты. Муну угуп турган айрым кыздар: "Эгерде агаларыбыз бизди ушундай орундуу сөзү, адамгерчилик мамилеси менен колдоп, коргоп турса, биз өзүбүздүн мекенибизде таза дил, жаркын үмүт, бекем ишенимдер менен жашайт элек…" дешип көздөрүнө жаш алгандарын да байкоого болоор эле. Ошол учурда ар бирибиздин дилибизде жалындаган улуттук бийик сезим, болоттой курч ар-намыс, адилетсиз басымга карата жалтанбаган каршылык ойгонуп турду…

Бул бир гана факт. А башка улуттун жарандары тарабынан ур-токмокко, одоно мамилеге кабылган күнөөсүз кыргыз кыздарынын окуясы жүздөп саналат. "Анын баары ачыкка чыкпай, жең ичинен бүткөрүлүп келе жатканы - биздин кечирилгис трагедиябыз" десек жарашат.
Мавльян АСКАРБЕКОВ, "Жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин лидери:

- Урматтуу туугандар! Биз чындыктын туусу желбиреп, акыйкат орноп, адам укуктары корголушун каалайбыз. "Bета Sтоrеs" соода түйүнүнүн ичинде биздин жапжаш кызыбыз - Чолпон Орузбаеваны түрк жараны ур-токмокко алып, зордуктаганга аракет жасаган. Мыйзамга туура келбеген ушундай терс көрүнүштөр орун алып жатса да, биздин укук коргоо органдары, Сот системасы башка мамлекеттин жараны жасаган кылмышты көрүп-билип туруп, аны мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартпастан, качырып жиберишти.
Бул эмне деген намысты тебелөө?! Эмне үчүн өзүбүздүн өлкөдөн өзүбүз сабалып, зордукталганга чейин жетишибиз керек?!
Бул боюнча биз расмий түрдө бийликке кайрылуу да жөнөттүк. Анда төмөндөгүдөй талаптар киргизилген:
- Түркия жараны Гүнеш Йылмаз кармалып, соттолуп, акыйкат жоопкерчилик тартмайынча, Бишкектеги "Bета Sтоrеs" компаниясына таандык соода түйүндөрүнүн баардыгы жабылсын!
- "Bета Sтоrеs" компаниясынын башчысы Юсуф Угур жоопкерчиликке тартылсын! Себеби, анын компаниясындагы биздин жаранды ур-токмокко алдырган жана анын укугун тебелетип, намысына доо кетирген.
- Жабырланган кызга "Bета Sтоrеs" компаниясы тарабынан компенсация төлөнүп берилсин!
- "Bета Sтоrеs" компаниясы жана соода түйүндөрүндө профсоюз комитеттери түзүлсүн! Ал профсоюз комитеттеринин курамына кыргыз жарандарынан да кошулсун!
- Түркия жараны Гүнеш Йылмаз кармалып, акыйкат Сот жоопкерчилигине тартылгандан кийин "Bета Sтоrеs" компаниясынын башчылары толугу менен жумуштарынан кетсин!
- "Bета Sтоrеs" компаниясынын башкаруу комитетине жана профсоюз комитеттеринин курамынын катарына кыргыз жарандарынан кошулсун!
Жеңиш МОЛДОКМАТОВ, Нарын облусунун Жаштар кеңешинин лидери:
- Биз Нарындан эмне максатта келип олтурабыз? Өзүбүздүн жерибизде башка улуттун өкүлдөрү тарабынан кордолуп жатканыбыз үчүн, укук коргоо кызматкерлери, Соттор өзүлөрүнүн жарандарынын укугун коргоп бере албагандыгы үчүн күйгөндөн келдик. Кыргыз элинин намысын тебелеп, алтындай кызыбыздын абийирине шек келтирилген мындай одоно мамилеге бийликтен эч кандай реакция болгон жок.
Бизден: "Кыргыз!" деп кыргыз жаранынын укугун мыйзам чегинде коргойбуз!" деп жатасыздар. Бул этникалык чыңалууну алып келбейби?" деп сурап жатышат. Жок, туугандар! Биз бөлүнгөн жокпуз. Биз өз өлкөбүздө адам укугу, мыйзам урматталышын гана сурап жатабыз. Эгерде айыптуу болгон Гүнеш жоопко тартылбаса, мына ошондо этникалык жарака пайда болот.
Улуттук каналдан биздин үнүбүздү, чындыгыбызды жалпы коомчулук укса болмок. Эмне, Кубат Оторбаев бул жерге бир өкүлүн жибергенге кудурети жетпейби? Ал кыргыз эмеспи?!
Кандай болбосун, биз кыргыздын ар-намысы, абийири үчүн тикебизден-тик туруп, акциянын аягына чейин чыгабыз!

Андан ары акция Жогорку Соттун имаратынын алдында улантылды. Жаштардын жалындуу деминен чоочулаган Жогорку Соттун орун басары, Соттор Кеңешинин төрагасы жана Соттор бөлүмүнүн башчысы чыгып, аталган маселе каралып, тийиштүү адамдар өз жазаларын алаарына убада беришкендигин билдик. Бул убада аткарылабы же ал жөн гана нааразы тарапты тынч алдыруубу, аны убакыт көрсөтөөр…

P.S. Кечээ вице-премьер-министр Шамил Атахановдун жетекчилигинде "Бета-Иншаат-Ятырымжылык" ЖАКнун башкы директорунун өкмөткө жазган кайрылуусун талкуулоо үчүн кеңешме болуп, кеңешмеде "Бета-Иншаат-Ятырымжылык" ЖАКнун башкы директору Салих Ердогду "бир адамдын кылган күнөөсү үчүн жалпы улутту күнөөлөгөнгө болбойт", деп айтты. Жабырланган Чолпон Орузбаевага материалдык жардам көрсөтөөрүн жана ал дарыланып жаткан учурда анын айлык акысын толук төлөй тургандыгын баса белгиледи. Ал эми бир жумага "Бета-Сторес" соода үйү жабылат деген жетекчи, кимди алдаганы белгисиз, соода түйүн айткандын эртеси эле иштей баштады. "Эгер жабылбаса биз кайрадан чыгабыз" деген жаш митингчилер эмнегедир дымып калды. Бул көпчүлүктү түрдүү ойлордо (акча алган деген таризде) күмөн санатууда. Бул тууралуу жаш лидерлер гезит аркылуу жооп берет деп ишенип туралы.

Аида САДЫКОВА




"Ак Шумкар КУТ" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Айбек Бузурманкуловдун
Билдирүүсү:
"Кыргыз кызын кордогон Г.Йылмаз менен бирге жетекчи С.Эрдогду жана адилетсиз сот жоопко тартылсын"
Негизи "Бета Сторес" компаниясынын директорунун бүгүнкү кылган билдирүүсүндө аша чапкандык бар.
Биринчиден , уюштуруучулар баштан аяк провокацияга алдырбоо үчүн атайын сары байлам менен белгиленип коопсуздук чараларын көрүп турду, ошону менен катар эч кандай мыйзамга каршы иштелген аракет болгон жок. Эгерде андай аракет болсо жаныбыздагы ички иштер кызматкерлери жоопко тартмак. Бул боюнча бизде так видео материалдар да бар;
Экинчиден , ал эки эле кызматкердин ортосунда болгон окуя деп санап жатат. Биздин оюбузча, мындай кызматкерлерине карата жасалган зордук зомбулуктар көп болгон. Соода борборунун алдына чыккан жаштардын көбү ушундай дооматтары менен келген. Мындай уруп-согуу фактысын №7 ГОМго барганда дал ушул Салих Эрдогду кылмышкер Гүнеш Йылмазды бошотуп алган. Буга да далилибиз бар.
Үчүнчүдөн , бизди теңине албаган соода борборунун жетекчилиги, биздин талаптарыбыз тууралуу сүйлөшүүгө эч кимисин чыгарбай койгондо, жаштар директордун өзү менен сүйлөшүүнү сунушташты. Анткени улам бир жардамчысын жөнөтүп, алар келгенде бизди кагып согуп, урушуп, жемелеп провокация кылганга аракет жасап жатканы көпчүлүктү кыжырдантты. Ага карабай биз тынч сүйлөшүүгө чакырып, Салих Эрдогду менен жолугууну көздөп өздөрүнүн уруксааты менен кирдик.
(Уландысы 11-бетте)
(Башы 1-бетте)
Киргенде ал бизди теңине албай "бул эки кишинин ортосунда эле биринчи ирет катталып отурат, анчейин дел кооптуу иш эмес, биз Г. Йылмазды соттоого арыз жолдодук" демиш болду. Буга да видео далилибиз бар. Анда эмне үчүн 16-апрелде сабаган кызматкерди 1-июнда гана жумуштан бошотот? Ички органдарына оор жаракат келтирилген жумушчусуна ушуга чейин эч кандай дары дармегине да жардам кылган эмес.
Төртүнчүдөн , Бишкек шаардык сотунун үч судясынын бул кылмышкерди үй түрмө деп бошотуп жибергени анын качып кетүүсүнө шарт түзгөнү деп билсе болот. Анткени Жогорку соттогу бул иш боюнча болгон процесске Г.Йылмаз келген эмес. Анан түштөн кийин биз күч түзүмдөрүнө аны кармап жоопко тартуу тууралуу кабарладык деген С. Эрдогдунун сөзү даана көз боёмочулук экени белгилүү болуп отурат.
Ошондуктан "уурусу күч болсо ээсин доого жыгат" болуп өз өлкөбүздө туруп кайра өзүбүзгө атырылып, биздин өлкөнүн жаранынын укугун тебелеп, аял затына абийирсиз аракет кылып жатып дагы кайра өзүбүздү күнөөлөп жатканы бизди абдан тынчсыздандырды. Бул окуяга биздин ар аймактагы тарапташтарыбыз да тынчсызданып, кайра кайра чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырып жатышат. Кыргызда кыз намысы баарынан бийик дейт. Андыктан аялдын укугун кордогону үчүн Г.Йылмазды жоопко тартып жана ушундай кылмышкерди коргоп жатканы үчүн С.Эрдогдуну кошо жоопко тартуусун күч органдарынан суранат элек.






меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси

Яндекс.Метрика