Айкын маек!

Искендер Айдаралиев, экс-вице-премьер-министр:
"Акаев менен да, Бакиев менен да иштешкем, бирок..."
- Искендер мырза, 7-апрелде Таласта болгон окуяга бийлик тараптан сиз да катышыпсыз. Сиз ал жерге кандайча барып калдыңыз эле?
- Өкмөттүн токтомуна ылайык жазгы талаа иштери боюнча атайын Таласка семинарларды уюштуруп, фермерлерге келечек үчүн көрсөтө турган материалдарыбыз бар эле, ошолорду көрсөтүү үчүн бир топ жетекчилер менен барганбыз. 5-апрелде барып 6-апрелде семинарды баштадык. Ушул күнү Манас районунда саат 10 до башталмак. Ошол чогулушта отурганда арабыздан эле айрымдар айтып калышты "бир топ адамдар чогулуп Талас облустук администрациясына көп эл кирип кетишиптир" деп. Мен чындыгында таң калдым. Андан мурунку эле күнү облус жетекчилиги менен сүйлөшүп чыкканыбызда эч бир сөз болгон жок эле. Эч үзгүлтүккө учуратпай чогулушубузду кечке өткөрүп андан соң практикалык иш аракеттер башталды. Мына ошол кезде Данияр Үсөнов телефон чалып калды. Ал айтты: "кечинде Акылбек Үсөнбекович учуп барат, Талас аэропортунан тосуп ал, калганын ошол жерден сүйлөшөсүңөр" деп. Мен дароо эле "жолугушуу эмне максатта болот" десем, "барганда Акылбек Үсөнбекович түшүндүрүп берет" деп телефонду коюп койду. Кечки саат чамасы 8 де вертолёт менен Акылбек Жапаров учуп келди. Экөөбүз жолугушуп, ал кишиден дароо эле эмне максат менен келгенин сурадым. Ошол кезде эл облустук администрация ичине кирип кетишиптир. Ал айтты "Максат администрацияны элдерден бошотуу керек, ОМОНдор менен келдик" деп. "Кантип бошотобуз, элди кантебиз, сабайбызбы эмне?" деп кайра сурап калдым. "Жок элди сабаганга барбайбыз, аны да кырдаалга жараша көрөбүз" деп Талас ОИИБсине келдик. Ал жерде ИИМ дин орун басары бир топ ОМОНдор менен олтуруптур. Ал жерде да акылдашып, айттык: "эртең оппозициянын лидерлери менен жолугушуп, тынчтык митингине катышалы, баарысын тынч чечели" деп. Болот Шер, Шералы Абдылдаев, Койсун Курманалиева, аксакалдар Дөөлөтбек Шадыбеков менен Оморбай Нарбековдор менен телефон аркылуу сүйлөштүк. Мен Болотко (Шерниязов) айттым болгон талаптарыңарды айткыла, биз чечкенге аракет кылалы деп. Ошентип сүйлөшүп жаткан кезде ИИМдин орун басары Жакыпбек Адиловго Данияр Үсөнов тигил жактан "давай киргиле, бошоткула, сабагыла" деп буйрук берип жатыптыр. Ал улам бизге чуркап келет. Биз "15 мүнөт коюп тур, жарым саат коюп тур сүйлөшөлү киргизбе" деп жаттык. Бир учурда тарс-турс этип эле ОМОНдор кирип кетишти. Сүйлөшүү да токтоду. Ошол кезде Акылбек Жапаров менен Данияр Үсөнов телефон аркылуу уруша кетишти. Талас ОИИБсине губернатор да келип калды. Шерниязовду камаганга алып кетишиптир. Эртеси дагы Койсун Курманалиева, Шералы Абдылдаев Акылбек Жапаров жана мен бир жерде отуруп сүйлөштүк. Алар эки шартыбыз бар дешти, биринчиси, эртең мененки саат 7ге чейин Шерниязовду алып келип бересиңер, экинчиси, Бишкектен келе жаткан ОМОНдун баарын токтоткула, кирбесин Таласка деди. Биз айттык, азыр түнкү эки болду, Шерниязовду кайда алып кеткенин билбейбиз 7ге алып келебиз деп убада бере албайбыз, экинчиси ОМОНдорду да токтото албайбыз, эгер жогору жактан ошондой команда болгон болсо айла жок деп ачык эле айттык. Эртеси министр Молдомуса Конгантиев дагы келиптир дегениң угуп Талас ОИИБге бардык. Акылбек экөөбүз кирип "элди жөн эл азапка салбайлык, элдин каары жаман" деп сүйлөшүп отурдук. Чын эле элдин айбаты күчтүү болуп турган. Көчөгө 10 миңден ашык эл чогулуптур. Конгантиевге дагы жогору жактан телефон чалуулар болуп, катуу эле команда болуп жатты менин оюмча. Ал киши да элге кантип ок атабыз дегендей кылып урушуп кетип жатты. Акырында айтты "менин эч кандай күчүм жетпейт, эшикте 20 миңге жакын эл, а менде болгону 400 ОМОНум бар, аянтты, администрацияны бошотуш үчүн мага жок эле дегенде 2,5 миң ОМОН керек" деп телефондон жооп берди. Элдин агымы улам көбөйүп Талас ОИИБни басып алууга миңдеген адамдар келишти. Ошол кезде солдаттар туруштук бере алышпай калды. Акыры айла жок качууга аргасыз болду. Конгантиев менен Жапаров бир тарапка кетишти. Мен жардамчым менен элдин ортосунда калдым. Эл Конгантиевди издешип калды. Ошол кезде мен аянтка келип сүйлө дешкендеринен чыгып "эл, силерге ыраазымын, 2005-жылы да силер менен болгом, эми дагы силер менен мин, рахмат мени сыйлаганыңарга" деп раазычылык билдирдирип "облус администрациясына тийбегиле, ал силердики, элдики" дедим. Анан эл мени сиз эми сый эле кете бериңиз деп узатып коюшту. Андан кийинки окуяларды телефон аркылуу угуп жаттым.
- Элдин арасында "Айдаралиев кетмен чапсам да эл менен биргемин деп айтып кийин бийликке сатылып кетти" деп Таласта күбүр-шыбыр кептер тарап кетиптир. Муну эмне себептен айтып жатышат?
- Ал 2005-жылы болгон ыңкылаптын учурун айтып жатышса керек. 24-мартта элдик бийлик орноду дегенден кийин эл кайра эле мени ордума алып келип коюшту. Элге рахмат. Элден коркуп эле ошол кезде бийлик мага көп учурда тийише алган жок. Көп учурларда "сен кызматтан кетишиң керек" деп кыр көрсөткөндөр чыкты. Айрымдар "бул Акаевдин куйругу, Майрам Акаеванын иниси" деп козутуп жаткандар да болду. Бир жыл иштеген соң Жалалабадга губернатор кылып которуп жиберишти. Жалалабаддын эли башында кабыл албай "киргизбейбиз" деп чыгышты. Бир жылда ар түрдүү 87 митинг болуп кетиптир. Мен элге чыгып айттым "эл, силерге рахмат, мени кабыл албай жатсаңар мен кантип иштемек элем, мен иштей албайм" деп Жалалабаддан кетип калгам. Эртеси Үсөн Сыдыков келип Жалалабад эли менен жолугушуп анан мага телефон чалып "тезинен келип кал" дейт, мен "баралбайм" дедим. Президенттин указы аткарылбаган жерге, мыйзамды сыйлабаган жерге барып иштей албайм дедим да кайра Таласка кетип, өз ордума 10 күн отуруп калдым. Ал учурда Жээнбеков Таласка келе элек болчу. Жалалабадда Жээнбеков революционер болсо эмнеге кызмат бербейсиңер деп митингдер болуп жаткан. Анда Таласта да митингдер болуп жаткан эле. Ошондо мен элге чыгып айткам "мен түшүндүм, президенттин указы аткарылбаса, эли кабыл албаса мен кантип иштейм ал жакка барып, кетмен чапсам да силер менен бирге болом" деп айткам. Ошол сөзүмдү эл айтып жүрөт. Мамлекеттик кызмат деген Президенттин указы чыкса ошол жакка барып иштөөгө аргасызсың да, аны туура түшүнүш керек.
- Сизди Таласка кайрадан губернатор болуп барууга чоң аракет жумшап, Таласта ар кандай митингдерди уюштуруп азыркы губернаторго каршы иштеп жатат деген сөз тарады. Буга эмне дейт элеңиз?
- Бул жалган сөз. Кандай гана аракеттер болбосун "Айдаралиев уюштуруп жатат" деген ушактар тарап кетип жатат. Аны ошол эле өздөрүнүн айланасынан чыгып жатканын сезишип турса деле бизди каралап жатканын түшүнүп болбойт. Мындай сөздөр мурун да болуп келген азыр да болуп жатат. Менин башынан эле мүнөзүм, бирөөнүн ордун талашып же акчага сатып алып, митинг уюштуруп, бирөөнү каралаган эмесмин, андайды жасаганда эмесмин жана жасабайм дагы. Ошону уюштурган колуман да келбейт. Анткени биз мыйзамды сыйлаган, аны урматтаган кишибиз. Партиянын мезгилинен бери кызматтарда иштеп келе жатам, бир да жолу мыйзамсыз аракеттер менен кызматка барган эмесмин. Ооба, революция болгондон кийин көптөгөн адамдар өзүмө "кайра Таласка губернатор болуп иштеп бербейсизби" деп көчөдөн кармап алып да айтышып жатты. Мен айттым "эгер ишеним артып мыйзам жолу менен алып барсаңар, элге иштеп берүүдөн качпайм, приказ менен дайындаса колумдан келишинче иштеп берем" деп дайыма бир эле жоопту берем. Анан Таласта ар жерде ар кандай сөздөр болуп "Айдаралиев келип иштеп берсе болот эле" деген сөздөр болот, ал губернаторго жетет анан эле жанталашып чуркап жүрөт деп ушактарды чыгарышат. Бир дагы адамдын аркасынан кызмат сурап, бир кишинин артынан чуркаган жокмун.
- Жогору жактан атайын приказ менен болбосо да эл өзү суранып губернаторлукка чакырып калса эмне кылат элеңиз?
- Мага кайрылып ушул маселени коюп жаткандар болуп жатат. Айтып жатам, эгер чын пейилиңер менен кайрылып жатсаңар силерди президент, өкмөт деген угат. Эгер элдин көпчүлүгү ошондой колдоого алса, биз дагы чын-пейилибиз менен элге иштеп берүүдөн качпайбыз.
- Айдаралиев Таластын токоюнда элди чогултуп "мени губернатор кылып шайлагыла" деп үгүт ишин жүргүзгөн деп жатышпайбы…
- Айрым партиялардын өкүлдөрү менен жолукканымды танбайм. Бирок, мени элди чогултту дегендер жаңылышат. Ал жерге Талас облусундагы бардык партиянын лидерлерин, чакыртып ушул маселенин тегерегинде ийри отуруп түз кеңешели деген ойдо менин оюмду билүү үчүн чакыртышкан экен. Эгер ал жолугушууну мен уюштурсам ошол эле "Ата-Мекендин", "Ак шумкардын" СДПКнын балдары келбейт эле. Мен уюштурсам мүмкүн бир гана мени жактагандарды топтойт элем. Ал жерге партиянын баардык өкүлдөрүнөн тышкары өкмөттүн да өкүлдөрү, милициясы да катышып отурду. Чогулуш бир жактуу "сизди губернатор кылып шайлайбыз" деген ураан алдында эмес, "ар кандай сөздөр болуп жатат, губернатор болуп келет экен деп да жатышат, буга сиздин көз карашыңыз кандай?" деген ойдун тегерегинде пикир алышуу болду. Мурда кызматта турган кездеги менин айланамда болуп жүргөн ар кандай ушактар менен коштолуп келген ачуу-чындык сөздөр да айтылды. Анан алар мени чакырып жатса, өз элимден качып кетмек белем. Мен ал жерде да баарын ачык эле айттым, "мына ушул жерде болгон нерселер да жогору жакка туура эмес жетет, ар ким ар кандай түшүнөт" деп жанагыдай мыйзамдуу жол менен болсо гана иштеп берүүгө даярмын дедим. Ал жерде эртең эле элди чыгаралы, элди ташып көчөгө чыгалы деген сөз болгон жок. Азыр Кыргызстан өзү араңдан жаңы бутуна туруп келе жатса, жаңы башкаруу системасына өтүп өлкөдө түшүнүксүз абалдар болуп турса, анан кантип митингдерди уюштурат элең. Бул акылга да сыйбаган нерсе болуп калмак да. Анан аны облустук гезиттер ар кандай ушактар менен жазып киришти. Эгер менин жаман оюм болсо, чаңкайдын чак түшүндө токойго отуруп алып сөз баштабайт элек да. Ошону да туура эмес түшүнүп же түшүнгүлөрү да келбей "Айдаралиев Таласты экиге бөлүп, кушчу-саруу кылып жатат" деп гезиттерге чейин жамандатышты. Керек болсо мен губернатор болуп турганда эл экиге бөлүнбөй ынтымакта жашап, бийлик, эмгек, кызмат, дегенди жакшы билип жашаган. Аны эл жакшы билет. Ошентип айтып өздөрү бөлүп-жарып жатышкандыктарын сезбей жатышат. Эл муну билип турат. Акыры чындык калыстык тарабына келет. Эл баарын ордуна коюп коёт акыры.
- Сизди Акаевдин-Бакиевдин "куйругу" деп да күнөөлөп жүрүшөт…
- Акаев менен да, Бакиев менен да иштегеним чын. Танбайм… Жаман иштеген жокпуз. Бийлик алмашкан сайын ушул маселе көтөрүлүп турат. Акаев бийликтен кеткенде 7-кабатта отуруп алып да ушуну айткандар болгон. Ачык эле айтчумун: "Эмне сиз иштеген жок белеңиз Акаев менен" деп. Курманбек Салиевич менен жолукканда да, "азыркы 7-кабатта отургандардын кимиси иштеген жок, Үсөн Сыдыков иштеген жокпу, Садыркулов иштеген эмес беле, сиз иштеген жок белеңиз?" деп. Камчыны ким кандай чапты аны бир кудай билет, бир эл билет. Азыр деле ошол маселе… Эмне эртең дагы бийлик алмашып кетсе азыркы иштеп жаткан кызматкерлердин баары кызматтарын тапшырып кетиш керекпи? Бул бийликте деле Акаев менен Бакиев менен иштегендер кызматта отурат. Сен иштеген эмессиң деп кимисин бөлүп карайсың. Отунбаева, Атамбаев, Бабановдор эмне Акаев-Бакиев менен иштешкен жокпу? Же парламентте баары жаңы депутаттар бекен? Минте берсек Кыргызстан оңолбойт. Башка кылаарга ишибиз жокпу?
- Акыркы болуп өткөн парламенттик шайлоого тымызын бир партия менен иштеп Таласта үгүт иштерин аябай кылды деген сөздөр тарады. Мунун чындыгы канчалык?
- Чындыгы жок. Парламенттик шайлоого бир топ эле партиялардан сунуштар келип түшкөн. Бирок, бирөөсүнө да макулдугумду берген жокмун. "Айдаралиевге кызмат эле керек турбайбы, эми баланча партия менен чуркап жүрөт дебесин" деп, шайлоо бүткөнчө үйдөн эч жакка чыккан жокмун. Эгер кайсыл бир партия менен иштешкеним чын болсо, азыр Айдаралиевдердин бирөөсү бир кызматта отурбайт беле.
- Алдыда да Президенттик шайлоо жакындап келе жатпайбы. Мүмкүн бул шайлоодо сунуштар түшсө эмне кылат элеңиз?
- Аны учуру келгенде көрөбүз. Эгер чындап эле кыргыз элине ою түз, келечек пландары жакшы болсо эмнеге иштешүүгө болбосун.
Күнболот МОМОКОНОВ