Улуттук лизингдин өзгөчөлүгү:
эртең менен алдым,
кечинде тандым
РТК-Лизинг компаниясынын каты Мегакомду банкрот кылуунун таржымалын ачууда.
Мегакомдун мыйзамдуу кожоюну Serpeus Inc. компаниясына жолдогон катында маалым болгондой, "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын ("Мегаком" соода бренди) мурунку ээлери - бакиевдик Fronteck менен Реймандык Eventis 2007-2008-жылдардын аралыгында 80 миллион доллар суммасына барабар жабдууну лизингге алууга РТК компаниясына заказ кылып, бирок, жыйынтыгында лизингдик оператор бул сумманын жарымын да ала алган эмес.
"Бүгүнкү күндө лизингдик төлөмдөр боюнча макулдашууну аткарбагандыктан, 2008-жылдын ноябрынан 2011-жылдын апрелине чейин төлөмдөр 33.554.256, 46 долларды түзүп, алдыда төлөнүүчү сумма - 17.510 560, 76 АКШ долларын түзөт. Ошентип, "РТК-Лизинг компаниясынын "БиМоКом" ЖЧКсына карата карызы айып жана пеняларды кошпогондо 50 223 772, 42 долларын түзүп турат" деп жазылган аталган катта.
Ушул фактынын өзү кызык, анткени, Penwell Business Limited уюлдук операторду өз чөнтөгүмдөн инвестиция жасагам деп көчөдө кыйкырып жүргөнү менен бул билдирүүнүн чындыгынын күмөн экенине шектенүү жаралышы мүмкүн. Маселен, "Альфа Телеком" ЖАК өткөн жуманын аягында орустардын инвестиция жөнүндө көчөлөргө илген жарнамалары уюлдук оператордун ишине эч кандай тийиштиги жок деп ырасмий билдирүү жасашты. Андан дагы Penwell Business Limited компаниясынын MegaCom операторуна жумшаган инвестиция маселеси талашты жаратып, соттук териштирүүдө каралууда.
Андан тышкары, сөзүбүз курук болбос үчүн чыр-чатактын таржымалын эсиңиздерге салгыбыз келет. 2007-жылдын ноябрь айында, лизингдик келишим боюнча кезектеги төлөмдөрдү төлөө үчүн акча керек болуп турганда, орустар бир нече ай мурда кол койгон кошумча макулдашууну бузуп, БиМоКомдогу өзүнүн үлүшүнүн ээсин алмаштырат. Мына ушундай жоругу үчүн Максим Бакиев Мегакомдун 51% үлүшү бар ишенимсиз өнөктөшүн "жазалап", уюлдук оператордун жалгыз кожоюну болуп калат. Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин ал компанияны Serpeus Inc. инвестициялык компаниясынын кол алдындагы "Ермен-ТОО Холдинг" ААКка сатат. Эч нерседен шеги жок Serpeus уюлдук оператор үчүн 195 миллион доллар төлөп, Кыргызстандын бюджетине 851 миллион сом чегерет.
Ошондо Рейман менен Огнянников өзүнүн дарбазасына өзүлөрү гол киргизген аңкоодой сезилген. Бирок, менчик ээсинин алмашышы, көптөгөн миллиондогон лизингдик иштерди эске алганда таптакыр башкача жагдайды элестетүүгө болот. Эки компоньон тең лизингдик компанияны жөн эле "сызга" отургузуу чечимине келгени чоң шектенүүнү жаратат. 50 миллион доллар канткен менен көп акча. Ошентип, "никелери" ажырап, орус "келинчек" куулгандан кийин, төмөндөгүдөй факт жүз берди. РТК-Лизинг Penwellге барып: "Балдар акча кайда? Биздин мөөнөтүбүз күйүп атат?" десе, Ал: " Менби? Менин ага тийиштигим жок. Силер Максим Бакиевден сурап көргүлө" дейт. Андагы лизингдик оператор Бакиевге кайрылып, өзүлөрү күткөн жоопту алышат: "Силер орустар менен келишим түзгөнсүңөр, (бардык лизингдик келишимдер чын эле Penwell менен түзүлгөн) ошолордон сурап алгыла" дейт. Кыскасы, "аңкоону" атаңа бар, энеңе бар деген көрүнүш.
Андан кийин окшошконго жарашкан дегендей, "Ысык-Көлинвестбанктын" кредити, БиМоКомдун банкрот болушу, "эски" Мегакомдун бардык мүлкүнө ээ болгон "Альфа Телеком" ЖАКтын пайда болушу, бирок, кызыктай дал келишкен кырдаалда компаниянын карызын кимгедир калтырып кетишкен. Мына ушундай чиеленишкен жагдай, аткарган иши үчүн РТК-Лизинг компаниясынын аласасы бир жолу тындым болду го дегенбиз.
Үмүттүн шамы эми кайрадан жана баштады. "БиМоКом Лтд" ЖЧКнын жакында менчик укугуна ээ болгон кожоюну РТК-Лизинг компаниясынын уюлдук оператор боюнча дооматын кароого макулдугун берди. "Мегаком" уюлдук байланыш операторуна менчик укугун калыбына келтирип жана активдерди башкарууну колго алгандан кийин, "Мегаком" тарабынан кызмат көрсөтүүдөгү чындап эле алынган жана толук алынбаган эсептерди камсыз кылуу колубуздан келет. Жабдууларды ташып жеткирген тараптарга болгон карыздар боюнча, эгерде чын эле биздин кызыкчылыгыбызды жактабаган жабдуу келген болсо, анда бул биздин бизнес жүргүүбүздүн этикасына туура келбейт, деп жазылган Serpeus Inc компаниясынын кайрылуусунда.
Бакиев жана Реймандын лизингдик "чыгармачылыгы" боюнча, менимче, эми прокуратура менен сотттор катуу иликтеши керек.





Бишкек шаардык соту: Penwell компаниясынын уюлдук операторго жөнөтүлгөн дооматы негизсиз деп далилдеп чыкты
Бишкек шаардык соту үстүбүздөгү жылдын 9 июнунда Penwell компаниясынын пайдасына кабыл алынган кыргыз сотторунун чечимин жокко чыгарып, Penwell Business Limited компаниясы ЖЧК "БиМоКом Лтд" компаниясынын үлүшүнө талапкер болууга эч укугу жок деп токтом чыгарды.
Penwell "Fronteck Enterprises Limited" компаниясынын пайдасына чечилгендиктен ЖЧК "БиМоКом Лтд" (Мегакомдун соода бренди) компаниясынан 51% нан ажыраган Бишкек шаардык сотунун 2008-жылы 19-майдагы чечимин жокко чыгаруусун талап кылды. Мындай мүмкүнчүлүк Мегакомдун өнөктөштөрүнөн кошумча келишимди бузгандыгы, башкача айтканда өзүнүн үлүшүн башка компанияга макулдашуусуз өткөрүп бергендиги үчүн келип чыккан.
Ошондой эле кассациялык инстанция да Бишкек шаардык район аралык соттун 2010- жылы 5- августтагы чечимин жокко чыгарган токтом алып, анда кошумча келишимдин жараксыз экендиги жана Мегакомго кайтуусу айтылган. Шаардык соттун ою боюнча бул чечим процессулдык тартиптин одоно бузулушу менен кабыл алынган. Мындан сырткары, сот Penwell Business Limited компаниясы БиМоКом компаниясынын үлүшүнө талапкер боло албайт деп чечим чыгарышты.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту 22-апрелде ОАО "Ermen TOO Resourses" компаниясы (Serpeus Inc. холдингинин контролундагы компания - автордун эскертүүсү) ОсОО "БиМоКом Лтд" компаниясынын 100% ак ниет сатып алуучу деген чечим кабыл алган.





Бимоком жабдуу үчүн РТК-Лизингге $80 млн карыз
Апрелдин аягында "Эрмент-ТОО Ресурсес" ("Серпеус" компаниясына тийиштүү) компаниясынын дарегине "РТК-Лизинг" ААКтан ырасмий кат келип, анда, "Бимоком ЛТД" компаниясына берген жабдуулардан улам келип чыккан жалпы суммасы 80 миллион доллар карыз жөнүндө сөз болгон.
"РТК-Лизинг" ААКтын катына "Серпеус" компаниясынын ырасмий билдирүүсү
РТК-лизинг "Бимоком" компаниясынын мыйзамдуу ээси катары "Серпеус" компаниясын таанып жатканы үчүн, биз, РТК-лизинг компаниясынын жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
РТК-лизинг компаниясынын жетекчилиги белгилегендей, 80 миллион доллар суммасына барабар жабдуу алып келген 2007-2008-жылдары "Бимоком" компаниясын "Пенвелл" жана "Форнтек" фирмасынын өкүлдөрү башкарып турушкан. "Пенвелл" жана "Форнтек" компаниясынын өкүлдөрү РТК-лизинг компаниясынын алдындагы алган милдеттенмелерин аткарбай койгону, албетте, өкүнүчтүү.
"Серпеус" компаниясынын өкүлдөрү "МегаКом" уюлдук байланыш операторунун мүлкүнүн менчик укугуна ээ болгон "Бимоком" компаниясын 2008-жылдын август айында сатып алган күндөн бир нече айдан кийин, "Бимокомду" башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганын эскерте кетмекчибиз. Мына ошол учурда "Бимокомдун" эски менеджменти компанияны жалган банкрот кылууну уюштурган. Жыйынтыгында "Серпеустун" өкүлдөрү бул компанияны башкарууга чейин эле, уюлдук байланыш операторунун бардык мүлкү "Бимокомдон" чыгарылып кеткен. 2008-жылдын октябрь айына чейин "БиМоКомго" ээлик кылган жана "БиМоКомду" жалган банкрот кылган ниети түз эмес адамдардын кесепетинен "РТК-Лизинг" деле, Serpeusтай "курмандыкка чалынганы" кейиштүү.
Ошого карабастан, "МегаКом" уюлдук операторун өнүктүрүү үчүн берилген жабдууларды тастыктаган документтерди сунуш кылса, биз "РТК-Лизинг" компаниясына ыраазычылыгызды билдирер элек. "МегаКом" уюлдук операторуна менчик укугубузду жана активдерди башкарууну калыбына келтиргенден кийин, биз "МегаКомго" кызмат көрсөткөнү үчүн чындап эле төлөнгөн жана төлөнө элек эсептерди камсыз кылуу колубуздан келет. Жабдууларды алып келген тарапка болгон карыз боюнча, эгерде, жабдуу чын эле келген болсо - бирок, биздин кызыкчылыгыбыз үчүн келбесе, анда, бул иш биздин бизнес жүргүзүү этикабызга дал келбейт.





Эл өкүлү коомчулукту алдоодо
Кыргызстандын финансылык чалгындоосу Serpeusтун оффшордук компаниясы боюнча парламентке эч кандай маалымат берген эмес жана бериши мүмкүн эмес деп билдирди.
Кыргызстандын финансылык чалгындоо боюнча мамлекеттик кызматы, "Serpeus" оффшордук компаниясына байланышкан маалыматтарды Жогорку Кеңештин комитеттерине да, депутаттарына да берген эмес жана бериши мүмкүн эмес деп билдирди. Мындай маалыматты бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы ырасмий түрдө таратты.
"Ошондуктан, депутат Өмүрбек Абдырахмановдун финансылык чалгындоонун маалыматына таянып, MegaComго ээлик кылгысы келген "Serpeus" компаниясы Кыргызстандын каттоосунда турбайт жана эч салык төлөбөйт деген билдирүүсү эч кандай негизсиз." деп айтылган финансылык чалгындоо кызматынын билдирүүсүндө.
"Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жөнүндөгү" мыйзамына ылайык, козголгон кылмыш иштери боюнча ырасмий кат жүзүндөгү өтүнүчтүн негизинде, финансылык чалгындоо терроризмди каржылоо жана кирешелерди легалдаштырууга байланышкан жалпылаштырылган материалын тергөө органдарына, прокуратурага, сотко берет", - деп эскертет финансылык чалгындоо кызматы.
ИА 24.kg


"Альфа телеком": Penwell рекламалары чындыкка туура келбейт
Өткөн жумада Бишкектин көчөлөрүндө "Россиялык Penwell - MegaCom компаниясына бирден бир 100 миллион доллар инвестиция жумшаган компания" деген жарнамалар пайда болду. Бирок ЗАО "Альфа Телеком" уюлдук оператордун ишине аталган жарнамалардын эч кандай тешеси жок деген официалдуу арызы менен кайрылышкан.
Жада калса Penwell Business Limited компаниясынын MegaCom компаниясын инвестициялоо маселеси талаш пикирди жаратып жана соттун иликтөөсүндө турат.
Ушуга байланыштуу, ЖАК "Альфа Телеком" Penwell компаниясынын алдын ала билдирүүлөрдү кармануусун суранат, себеби, Penwell компаниясы таратып жаткан маалыматтар талаштуу жана MegaCom компаниясынын ишкердик абройуна зыян келтирүүдө.
ИА 24.kg